presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Инсан жана доор

Көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана чыгармачыл ишмер, маданий курулуштун зор уюштуруучусу, жазуучу, көркөм котормочу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын Президенти Акун Токтосартов 2011-жылдын 15-мартында 70 жашка чыгат.

Акун Токтосартов:
"КӨЧ ТҮЗӨЛӨТ, ЗАМАН ОҢОЛОТ"
Жетимишке келгенине карабастан эл кызматын аткаруудан чаалыкпаган Акун аганы эки ооз сөзгө тарттык:
- Эки доордо тең маданият тармагынын жүгүн аркалап келдиңиз. Кечээки абалга салыштырмалуу коомубуздагы азыркы руханий кырдаалга кандай баа бересиз?
- Союз кыйрагандан кийин башка тармактарда кандай жоготуулар, кыйынчылыктар болсо, маданиятта да ошондой оор күндөрдү баштан кечирдик. Мамлекет бизге көңүл бура албай, китепканалар, клубдар, парктар кароосуз калып, көптөгөн объектилер менчиктештирилип кетти. Азыр батышчыл жеңил-желпи маданият үстөмдүк кылууда. Бир жолку (одноразовый) "жылдыздар" көп чыга баштады. Жасалма, мааниси тайыз, көркөмдүк касиети жок ырлар көп. Бирок бул да болсо өткөөл, арасат мезгилдин чагылдырылышы окшойт. Көч түзөлөт, маданият өз нугунда өнүгө берет деп ишенем. Буюрса, заман оңолот, оңолуп баратат. Уучубуз куру эмес.
- Сиз негиздеп, жетектеп келаткан "Руханият" ассоциациясын элге тааныткан негизги иштердин бири - бул жыл сайын коомдо белгилүү инсандарга сыйлык, наам ыйгаруу. Жакында маданият министри грамота, наам, сыйлык сурагандар өтө көп деп даттанды. Мамлекеттик жана коомдук сыйлык, наамдарга көрсөтүү, талапкерлерди тандап алуу жол-жоболорунда айырма барбы? Дегеле ушул жааттагы нааразылыктарды азайтуу үчүн эмне кылуу керек?
- Совет доорунда чыгармачылыкка болгон кызыгууну колдоо, күчөтүү максатында сыйлык, наамдар берилчү. Эң мыкты ийгиликке жетишкендерге ыйгарылчу. Азыр ошол өтө катуу кызыгуунун деми ого бетер күчөп, лауреат атануу өзүнчө эле модага айланды. Айрыкча соңку жылдарда бийликтин кадыры кетип, түз иштегендер жокко эсе болуп калгандыктан, сыйлык, наамдар калыс ыйгарылбай калды. Татыктуу инсандар албай, ортозаар эле немелер жулуп кетип жатты. Шылуундугу менен гана айырмалангандар акчага сатып алып жатты.
Мына өткөн жылы 2-ноябрда маданият ишмерлеринин майрамында Президент Роза Отунбаева чыныгы эмгеги сиңген ишмерлерге сыйлыктарды өз колу менен тапшырды. Ошондо катышып отуруп ыраазы болдук: ар бир талапкер мурдатан баарыбыз жактырган өнөр адамдары эле! Эми мындан ары да ушундай калыстыктан тайбай уланта берсе, нааразылар азаят.
- Чамасы чакталуулар сыйлыкка жутунуудан өздөрү эле тартынып калат дейсизби?
- Ооба! Коомдук сыйлыктарга келсек, аты эле айтып тургандай, талапкерлерди коомчулук өзү көрсөтөт, өзү сыйлайт. Мисалы, "Руханият" кеңешинин 47 мүчөсү бар. Ар бир тармак боюнча кимдер кандай эмгек сиңиргендигин жакшы билген, татыктууларды тандоодо жаңылбай турган калыс инсандар тандайт.
- Балким, мамлекеттик сыйлыктарга талапкер көрсөтүү, тандоо жана ыйгаруу ишин ачык-айкын жүргүзүү керектир?
- Албетте. Кимди кандай эмгеги үчүн кайсы жамаат көрсөтүп, ал кандайча кабыл алынгандыгын же өтпөй калгандыгын эл билип турушу зарыл.
- Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын сайтына талапкер көрсөтүүгө арналган чогулуштун протоколуна чейин жайгаштырып, татыктууларга бут тоскондор менен ортозаарларды сүрөгөн мансапкорлорду административдик жоопко тартса болобу?
- Болот. Мисалы, Маданият министрлигиндегилер көрсөтүлгөн талапкерлерди иргейби же баарын эле жибере береби өйдө жакка? Кимдердин документтерин жашырып же кечиктирип коет? Жогорку комиссияда кандай каралгандыгы да элге көрүнүп турса, коррупция азаят.
- Жыл сайын ар бир номинация боюнча бирден сыйлыкка орто эсеп менен канчадан талапкер көрсөтүлөт?
- Он чакты. Бирок бизде кезек күтүп калгандар да көп. Демек кийинки жылдарда кимдер алаарын болжолдой алабыз. Номинациялар бешөө: "Жылдын мыкты адамы", "Жылдын мыкты ишкери", "Курманжан датка", "Руханият" (негизинен жалаң чыгармачыл инсандарга берилет) жана "Элдердин ортосундагы тынчтык жана ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн".
- Сиздердин сыйлык - чапан, чепкен, камчы элеби же акчалай куну да барбы?
- Акчалай жок. Бирок ар номинациянын өзгөчөлөнтүүчү колодон жасалган айкелчеси (статуэткасы), күмүш медалы бар. Анан улуттук кийим беребиз.
- Ырас, мунун баарына, ошондой эле сыйлык тапшыруу аземин өткөрүүгө, концерт залын ижаралоого, буклет даярдоого, ЖМКга жарыялоого ж.у.с. деле кыйла чоң каражат керектелет. Нобель сыйлыгы айтылуу Альфред Нобель керээз калтырган капиталдын эсебинен берилет экен. Сиздер акчаны кайдан аласыздар?
- "Руханияттын" өзүнүн соода борборунун эсебинен.
- Сиз жетектеген ассоциация китеп чыгаруу, маданий, руханий маанидеги объектилерди куруу сыяктуу көптөгөн иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгилүү. Мындан аркы иштериңиздерге ийгилик, узак өмүр каалайбыз!
- Рахмат!

Аңгемелешкен Жолдош Турдубаев




ӨТӨЛГӨЛҮҮ ӨМҮР
Акун Токтосартов Ош облусунун Совет районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Көңдүк айылында төрөлгөн. Токмок шаарындагы Республикалык маданий-агартуу окуу жайын, Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.
1965-1977-ж.ж. Кыргыз ССР Маданият министрлигинин жооптуу кызматкери, 1977-1985-ж.ж. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин адабият жана искусство боюнча сектор башчысы, 1985-1991-ж.ж. Кыргыз ССР Маданият министрлигинин биринчи орун басары, маданият министри, 1992-1994-ж.ж. Токтогул атындагы Мамлекеттик филармониянын директору, 1994-1997-ж.ж. "Манас айылы" ишкер долбоорунун башкы директору болуп иштеген. 1992-жылдан ушул мезгилге чейин "Руханият" ассоциациясынын президенти.
Улуттук маданиятыбыздын бардык багыттарын ыкчам өркүндөтүү, мекендештерибиздин калың катмарына руханий байлыктарды кеңири жайылтуу Акун Токтосартовдун эң башкы иши жана жашоосунун маңызы болуп саналат.
Акун Токтосартовдун жетекчилиги астында борборубузда Жаштар театры, Куудулдар театры, Ош шаарында областтык филармония, куурчак театры, "Кыргызконцерт", "Кыргызреставрация", "Кыргызкультмонтаж" бирикмелери, Токтогулдун, Тоголок Молдонун, Алыкул Осмоновдун, Аалы Токомбаевдин, Гапар Айтиевдин, Семен Афанасьевич Чуйковдун, Абдыкадыр Орозбековдун мемориалдык музейлери ачылып, "Камбаркан" фольклордук ансамбли, "Насыйкат" камералык оркестри, "Ариет" эстрадалык ансамбли, бир катар элдик театрлар түзүлдү.
Ала-Бука, Ат-Башы, Сокулук, Жаңы-Жол, Ноокат райондорунун борборлорунда маданият үйлөрү, Бишкекте Республикалык куурчак театры, "Манас айылы" тарыхый-маданий комплекси, Таласта "Манас", Токтогул районунда Токтогулдун, Лейлекте Исхак Раззаковдун музей комплекстери курулду.
Музыка, театр жана сүрөт искусстволорунун тармагында А.Малдыбаев, М. Рыскулов, Г.Айтиев атындагы республикалык сыйлыктар, музыка ишмерлеринин, элдик таланттардын Союздары уюштурулду, Бишкекте СССР сүрөт академиясынын студиясы, Москва, Ленинград, Ташкент, Алматы шаарларында профессионалдык адистерди даярдай турган улуттук студиялар ачылды.
Акун Токтосартов негиздеген "Руханият" ассоциациясы Кыргызстанда рухий-маданий багытта жемиштүү иштеп жаткан бирден бир коомдук уюм болуп саналат.
Анын жетекчилиги менен "Руханият" ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мамлекеттик Туунун, Гимндин, Гербдин бет ачар аземин - презентациясын өткөрдү, "Тынчтык жана элдердин ортосундагы ынтымак үчүн", "Жылдын адамы", "Курманжан датка", "Руханият", "Жылдын бизнесмени" сыйлыктарын уюштурду, баш калаабызда эки кабат мечит жана медресени курду.
Биринчи жолу кыргыз тилинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагынын 8 томдугун, Исхак Раззаковдун 2 томдугун, С. Жусуевдин "Курманжан датка" романын, Ж.Мавлянов, К.Ташбаев, К.Сактанов, С.Шамбаев, Б.Ешмамбетов, Ш.Исмаилов сыяктуу авторлордун чыгармаларын, мемуарларын жарыкка чыгарды.
Учурда Акун Токтосартовдун редакциясы астында Курманжан датка жөнүндө 2 томдук, Сүйүнбай Эралиевдин, Эстебес Турсуналиевдин, Аркадий Битюковдун, Мелис Шаршенбаевдин тандалма жыйнактары басмага даярдалууда, Чыңгыз Айтматов атындагы маданият жана илим музейин, балдар бакчасын, китепкана, поликлиника, турак жай, искусство мектебин куруу боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.
Акун Токтосартов "Рух чабыты", "Тагдырдын таржымалдары", "Мезгил жана Адамдар" аттуу китептердин автору. Анын орус тилинен которгон П. Кадыровдун "Жылдыздуу түндөр (Бабур)" романы, О. Бөкеевдин "Чагылган" аттуу прозалар жыйнагы басмадан чыгарылып, М. Зарудный, А. Абдуллин, П. Чеповецкий, В.Чичков, С.Шаймерденов сыяктуу драматургдардын пьесалары театрларда, телеберүүлөрдө коюлуп, радионун фондусуна жазылган.
"Руханият" ассоциациясынын сыйлыктары чет өлкөлөрдүн жана республикабыздын эң көрүнүктүү ишмерлерине ыйгарылып, сыйлыктарды тапшыруу аземи шаңдуу маанайда, салтанаттуу кырдаалда өткөрүлүп келет. Жыл сайын чыгармачыл, жолугушуу, эскерүү кечелери уюштурулуп, маданият кызматкерлерине, чыгармачыл жаштарга, калктын кыйналган катмарына материалдык, финансылык жардамдар дайыма берилип турат.
Акун Токтосартов - Кыргызстанга кеңири белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер. Ал Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин, Кыргызстан достук жана маданий байланыштар коомунун президиумунун, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын кеңешинин, Кыргыз совет энциклопедиясынын редакциялык коллегиясынын, Исхак Раззаков, Ататүрк, Султан Ибраимов фонддорунун башкармасынын мүчөсү, Кыргыз ССР Маданият министрлигинин коллегиясынын, "Кыргызстан - ГДР" достук коомунун төрагасы болуп шайланган.
Акун Токтосартов Бишкек шаарынын жана Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ардактуу доктору, Б. Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институтунун ардактуу профессору, Архитекторлор союзунун ардактуу мүчөсү, Чыңгыз Айтматов атындагы Коомдук академиянын академиги, республикалык Жазуучулар, Журналисттер, Театр жана Музыка ишмерлер союздарынын мүчөсү, "Кыргызстан-Сауд Аравия" достук коомунун президенти болуп саналат.
Акун Токтосартов "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "Манас-1000", "Эмгектин ардагери" медалдары менен сыйланган, ага "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы берилген, "Тынчтык жана элдердин ортосундагы ынтымак үчүн" Эл аралык сыйлык ыйгарылган.
Акун Токтосартов азыркы мезгилде Кыргызстандын маданиятын өстүрүүгө, анын жетишкендиктерин кеңири пропагандалоого, руханий баалуулуктарды байытууга, эл аралык жана улуттар ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө, элдик дипломатияны калыптандырууга, "Руханият" ассоциациясынын ишмердигин өркүндөтүүгө өзүнүн билимин, бай тажрыйбасын жана бардык күч-кубатын жумшап келет.

Эл аралык "Руханият"
ассоциациясынын басма сөз кызматы





"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o