presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сыйлык-сыймык

Калыстык бар экен
Ат-Башы районундагы эң четки Өзгөрүш айылындагы мектепте 36 жылдан бери орус тили мугалими болуп иштеп келаткан Нурила Жумаканова 8-марттын алдында өзү өмүрү күтпөгөн белекке ээ болду.
Кыргыз президентинин жардыгы менен ага "Эмгек сиңирген мугалим" наамы ыйгарылды. Нурила айым жолдошунан эрте ажырап, беш баланы багып чоңойткон, бүт өмүрүн мектепке арнаган эле. Ал тууралуу "Азаттык" айтып чыккандан кийин жогорку бийликтер көңүлүн бурган экен. Нурила Жумаканова майрам алдында сыйлыгын алуу үчүн Бишкекке келгенинде атайын "Азаттыктын" кеңсесине баш багып, ыраазылыгын айтты.

"Азаттык": Сиз "Эмгек сиңирген мугалим" деген наамга татыктуу болгон экенсиз. Бул сиз үчүн күтүлбөгөн окуя болсо керек?
Нурила Жумаканова: Бул сыйлык мен үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Көп жылдан бери иштеп келе жаткандыктан, көп эле сыйлыктарга көрсөтүлүп, көп грамоталарды алып жүрдүм элем. Мисалы, мурдагы жыл, андан да мурдагы жылдары президенттин Ардак грамотасына көрсөтүлүп, алар ишке ашпай, акыркы күндөрү үмүтүмдү деле үзүп калгам да.
"Азаттык": Буга чейин канча жолу ушу грамоталарга тапшырдыңыз эле?
Нурила Жумаканова: Буга чейин үч жылдан бери эки-үч жолу болду. Мына тынымсыз өзүмдүн эмгегим менен өзүм чуркап, болгон иш кагаздарымды даярдап жөнөттүм эле. Былтыр, 2009-жылы да президенттин ардак грамотасына деп кетирдим эле. Анан мага күтүлбөгөн "Эмгек сиңирген мугалим" деген наам берилди.
Мен, биринчиден, "Азаттыктын" жамаатына рахмат айтам. Менин үйүмө чейин барып, иш тажрыйбам менен таанышып, айыл жеринде жашаган мугалимдердин социалдык абалын көрүп, акыбалыбызды сурап кеттиңиздер эле. Мен ойлойм, ушул "Азаттыкта" иштеген кызматкерлердин эмгеги тийди болуш керек. Анан жаңы өкмөттө калыстык бар экен деп ойлоп калдым, ушинтип карапайым адамдардын мээнетин баалашты. Буга чейинки эки бийлик тушунда канчадан бери грамота берилбей жүрүп, эми грамота эмес, дароо чоң сыйлыгын беришти. Адилеттик, калыстыкты туу тутат тура деп жатышат.
"Азаттык": Сизди пенсияга чыкканыңызга карабай, кайра мектепке чакырып келишкен экен. Эми сыйлык алгандан кийин мектептен такыр эле кеткиңиз келбей калат го?
Нурила Жумаканова: Бул - мен аздектеген кесип. Өткөндө ушул Жаркын Ибраева "Азаттыктан" барып интервью алганда, айттым эле, 2004-жылы өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн Бишкекке келип, ар кандай жумуштар менен алек болгом. Анан мындай байкап көрсөм, көрсө кадр жетишпегендиктен, айыл жерине жаштар барып, айыл жерине тургусу келбей жаткандыктан мен кайра бардым. Өзүмдүн кесибимди уланттым. Анан мына бүгүнкү күнгө чейин көп жылдан бери талыкпай эмгектенип келе жаткан ишимдин үзүрүн көрдүм.
Менин окуткан окуучуларым көп жерлерди аралап, ЕККУда, чет өлкөлөрдө, Италияда, Москвада, көп жерлерде жооптуу, жакшы кызматтарда иштеп жүрүшөт. Мен ушулар менен сыймыктанам. Көрсө, айыл жеринде жашап жатып, сабак берген кичинекей, көрүнбөгөн эмгегим балдарга чоң таасир берген экен.
"Азаттык": Мына сиз 36 жылдан бери бир мектепте иштеп келе жатасыз. Сиз да өзүңүзгө окшогон мугалимдерди тарбиялап коюшуңуз керек да. Бирок мектептерге жаштар келбейт дедиңиз. Жаш кадрлардын айыл жергесиндеги мектептерге келиши үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
Нурила Жумаканова: Жаш кадрлар келип, аларды көтөрүү үчүн эң биринчиден социалдык турмуштарын оңдоо керек да. Бүгүнкү күнгө чейин айыл жергелеринде спорт аянттары жок. Маданий, кызыктыруучу эч нерселер уюштурулбайт. Акыркы технологиялар менен жабдылбай жатпайбызбы. Анан жаштарыбыз кантип өсөт?
"Азаттык": Акыркы айларда мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт деп айтылып жатат. Балким, ушу айлык көтөрүлсө, жаш кадрлар айылга келет чыгаар?
Нурила Жумаканова: Туура. Биринчиден, айлыктан абдан кыйналгандыктан балдар кетип калып жатышпайбы. Эмгек акылар көбөйсө балким жаштар токтойбу деп ойлойм.
"Азаттык": Жеке өзүңүз мугалим катары маянаңызга канааттанасызбы?
Нурила Жумаканова: Кийинки жаш кадрларды, жаңы бүтүп келген мугалимдерди айлык үчүн эмес, сабагыңдын натыйжасы чыккыдай кылып сабак берүүгө, иштөөгө чакырат элем. Мен өзүм алып жаткан айлыгымдын, канча алдым, аз алдымбы же көп алдымбы деп эч качан өзүмдүн натурамда ушуну эсептегим келбейт да. Ар бир өтүүчү сабакка жоопкерчиликтүү даярданып, анан бүгүнкү сабагым натыйжалуу болдубу деген суроого жооп алышым керек да. Мен ошого чакырып кетет элем.
"Азаттык": Сиздин кесиптик чөйрөңүздөн өтүп, үй-бүлөңүз тууралуу билгим келип жатат. Жубайыңыздан эрте ажырап калган экенсиз. Сиз тарбиялаган уул-кыздарыңыз кандай ийгиликтерге жетишти? Сиздин ордуңузду баскандай жөндөм, шыкка эгедер болдубу?
Нурила Жумаканова: Ооба, мен Москва районунда Беловодск айылында төрөлүп чоңоюп, ошол жерден билим алгам. Орусча чөйрөдө өстүк, орусча билим алдык дегендей. Анан турмуш шартыма байланыштуу Ат-Башынын Өзгөрүш айылына туш келип калдым да. Анан, тилекке каршы, 36 жашында жолдошум кырсыктан каза болуп калды. Мен үч эркек бала, эки кыз менен калдым. Орус чөйрөдө өсүп, кыргызча нукура жашоого көнүп кетүү, бир жерден башка жерге которулуп, ал жердин жашоо-шартын үйрөнүү өтө кыйын болду. Анын баарын жеңдим го деп ойлойм. Атасы жок болсо да, балдарыма жүз болбосо да, сексен пайыз жакшы тарбия бердим го деп ойлойм.
"Азаттык": Сизге рахматыбызды айтабыз. Ишиңиз илгери, жолуңуз шыдыр болсун!

"Азаттык"
Кубат Касымбеков




"Мир означает поток любви в мировой семье"
Шри Чинмой
Рекомендации по преподаванию Уроков Мира
Дорогие работники образования
Кыргызской Республики!
Я, Светлана Александровна Хисамутдинова из Смоленска, мне 67 лет. 25 лет преподавала в физкультурном институте теорию и практику конькобежного спорта, сейчас вот уже 11 лет езжу по странам СНГ и дальнего зарубежья с пропагандой здорового образа жизни. Последний мой приезд в город Бишкек в феврале 2011 года был 387 городом, который я посетила. Я встречаюсь с детьми в школах, со студентами в ВУЗах и со взрослыми людьми в различных организациях и веду разговор в основном о мире во внешнем мире и как жить в мире с самим собой, т.е. о внутреннем мире.


Хотелось бы предложить несколько рекомендаций по преподаванию "Уроков Мира":
1. "Уроки Мира" не должны быть отдельным предметом; они не должны преподаваться только специалистами по этому предмету; они должны преподаваться учителями всех специальностей - математики, физики, химии, литературы и т.д.
2. Любой урок должен начинаться с разговора о мире, об общечеловеческих моральных принципах: не воруй, не делай зла, делай только добро, не претендуй на чужое добро, не критикуй внешний мир и окружающих людей и т.д. Урок надо начинать с пятиминутной концентрации на нравственности и духовных ценностях. Концентрация - это ключ к успеху в учебе и в любой человеческой деятельности. Каждый учитель должен учиться и научиться технике концентрации.
3. Общечеловеческие моральные принципы, письменно оформленные, должны быть вывешены на видном месте во всех учебных заведениях; реклама и СМИ должны постоянно говорить о них. Можно в школе и классах разместить лозунг "Цель - самосовершенствование".
4. Во внешнем мире, в окружающих людях мы должны видеть только позитивное, только положительные качества и не видеть, не концентрироваться на отрицательных качествах.
5. Необходимо учиться любить себя, любить всех без исключения людей, любить окружающий мир, любить Вселенную. Тема "Уроки Мира" - очень объемная тема. Если мы начнем разговор о мире, хотя бы с этих рекомендаций, это уже будет большой вклад в нашу воспитательную работу.
"Мир - это не просто отсутствие войны, а присутствие гармонии, любви, удовлетворения и единства".

С глубоким уважением к Вам,
Светлана
Хисамутдиновна
(кандидат педагогических наук, мастер спорта по скоростному бегу на коньках, член-корреспондент международной академии экологии и природопользования, участница многих сверхмарафонов в Швейцарии, в Нью-Йорке, 1000-мильного и 1300-мильного забегов)






Приказ Министерства образования и науки КР №171/1 от 10 марта 2011 года

Об объявлении конкурса на замещение вакантной должности
приказываю:

1. Объявить конкурс на замещение вакантной должности заведующего Токмокским городским отделом образования (срок подачи документов 14 дней со дня публикации в СМИ).
2. Управлению правовой, государственной и кадровой службы (К.Шадыханову) опубликовать объявление о конкурсе на замещение вакантной должности в газете "Кутбилим" и Веб сайте МОН КР и обеспечить процедуру проведения конкурса.
3. Контроль за исполнением данного приказа возложить на статс-секретаря А.Абдрашева.

Министр К.Садыков


Квалификационные требования к кандидатам:
o Высшее педагогическое образование;
o Знание Конституции Кыргызской Республики, Законов, а также законодательных и нормативно-правовых актов Кыргызской Республики по вопросам образования, охраны прав и интересов обучающихся и нормативных документов Министерства образования и науки Кыргызской Республики;
o Знание правил и норм охраны труда, конвенции о правах ребенка, национальных образовательных программ, достижений современной психолого-педагогической науки и практики, теорий и методов управления образовательными системами, организации финансово-хозяйственной деятельности организаций образования;
o Стаж государственной службы на младших должностях не менее 1 года или стаж работы по специальности не менее трех лет (в том числе директором и заместителем директора);
o Способность к аналитической и управленческой работе;
o Коммуникабельность и ответственность за принимаемые решения;
o Умение анализировать состояние дел в подведомственных организациях и обладание навыками работы на компьютере.
Для участия в конкурсе необходимо представить следующие документы:
o Личное заяление с указанием вакансии;
o Листок по учету кадров с фотографией;
o Резюме;
o Рекомендацию с места работы;
o Копию паспорта или документа удостоверяющего личность (оригинал паспорта или документа, удостоверяющего личность, предъявляется по прибытии на конкурс);
o Документы, подтверждающие необходимое профессиональное образование (диплом), стаж работы и квалификацию (копия (выписка) трудовой книжки, копии документов об образовании, о повышении квалификации, о присвоении ученой степени и ученого звания, заверенные нотариально или службами управления персоналом по месту работы).
Примечание: Конкурсанты обязаны предоставить документы в управление правовой, государственной и кадровой службы Министерства образования и науки Кыргызской Республики до 25 марта 2011 года. Документы представленные не полностью или не отвечающие квалификационным требованиям рассматриваться на заседании конкурсной комиссии не будут.

Для участия в конкурсе обращаться в Министерство образования и науки Кыргызской Республики (ул.Тыныстанова, 257), тел: 62-05-09, 66-47-19.







"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o