"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/11/0311_1.htm on line 79

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/11/0311_1.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/11/0311_1.htm on line 79
п»ї
Кыргызстандын студенттери Орусиянын жогорку окуу жайларынан билим алышат
Кыргызстандын абитуриенттерине Орусиянын жогорку окуу жайларына тапшырууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу Кыргызстан билим берүү жана илим министринин орун басары Борис Кубаев билдирди. Анын айтымында, Орусияда окуган кыргыз студенттеринин окуусу Орусия федералдык бюджети тарабынан камсыздалат.
"Орусияда кыргыз студенттери орустар менен тең укукта эле билим алышат, аларга да стипендия, жатаканадан орун берилет. Жылына биз ушул шарттар менен 200дөн ашык студент жөнөтөбүз", - деп белгиледи билим берүү министринин орун басары.
Кубаевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын жарандарына техникалык окуу жайлар сунушталат.
"Бүгүнкү күндө биз машина куруу, туризм боюнча адистерге муктажбыз, ошондуктан абитуриенттерге ушул тармактагы окуу жайларды сунуштайбыз", - деп түшүндүрдү Кубаев.
Билим берүү министринин орун басарынын айтуусуна караганда, 2009-2010-окуу жылына Орусиянын 26 ар кыл окуу жайларына Кыргызстандан 130 студент жөнөтүлгөн.
"Жаңы окуу жылына биз престиждүү деп эсептелген окуу жайларга 135 студент жөнөтүүнү пландап жатабыз", - деди Борис Кубаев.
КирТАГ

А.Идрисов:
"Мектептерде айлык акы аз болгондуктан жаштар ал жакка барышпайт"
9-мартта Бишкек шаарында бош орундардын жарманкеси өттү. Республикалык жаштарды ишке орноштуруу биржасынын директору Азис Идрисовдун маалыматы боюнча ага баардыгы болуп 300гө жакын адам катышкан.
Алардын 80 пайызга жакыны иш орундарына жолдомо алышты. "Кече жарманкеге катышкан иш берүүчүлөр ордунда эле 20 адисти жумушка алышып, келишимдерге кол коюшту. Бүгүнкү күндө кызмат көрсөтүү жана соода сатыкта бош орундар көп, жаз, жай айларынын келиши менен дагы жогорулайт. Ошондой эле физика, математика мугалимдери жетишсиз, көбүнчө жаш адистер мектепке барып иштөөдөн баш тартышат", - деп айтты А.Идрисов.
Ал, мындан тышкары, жумуш берүүчүлөрдүн талабы жогору экендигин, ошол эле маалда ЖОЖдорду жаңы бүткөндөрдүн тажрыйбасы да жок экендигин баса белгиледи.
КАБАР





Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/11/0311_1.htm on line 116

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/11/0311_1.htm on line 116

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/11/0311_1.htm on line 116


а ­е¦Є.НҐй«