өрнөк бол, өрнөктүн мектеби!
Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында жаңы жылда жаңы мектеп ачылып, окуучулар менен мугалимдерди жана жалпы эле айылдын жашоочуларын чоң кубанычка бөлөгөн окуя болду. Аталган мектептин жетекчилиги жана мугалимдери "Кутбилим" гезитине жолдогон кайрылуу катындагы маалыматтарга таянып, бул мектептин чакан тарыхы жана азыркы күндөгү жетишкендиктери жөнүндө макаланы жарыялайбыз.


2006-2007-окуу жылында мектеп директорунун кызматына педагогикалык жамааттын ишеничине кирген алдыңкы мугалим Сулайманова Канышай дайындалып, окуу бөлүмүнүн башчылыгына Түлөбердиева Жыпаркүл бекитилген. Сулайманова Канышай жаш жетекчи болсо да, мугалимдер менен тил табышып, окуу-тарбия иштерин жакшы уюштурууда.


Союз тарап, колхоз-совхоздор да кошо тарап, колхозчулар жеке менчик чарбага өтүп баштаганда Куйбышев атындагы чоң колхоздун жашоочуларынын бир бөлүгү мурда ата-бабасы жердеген "Өрнөк" деп аталган эски конушка кайрадан көчүп келишкен. Жаңы конушта элдин саны 40 түтүндөн ашкандан кийин мектеп ачуу маселеси келип чыкты. Ошондуктан колхоздун талаа станынын имаратында 1998-жылы 11-ноябрда Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин филиалы катары башталгыч мектеп ачылат.
Өрнөк айылынын жашоочулары бара-бара көбөйүп, окуучулардын саны өскөндүгүнө байланыштуу, айыл тургундарынын талабы менен мектеп 2006-2007-окуу жылында өз алдынча толук эмес орто мектеп болот.
Айылдын аттуу-баштуу уулдарынын бири Баялиев Шарип айылга чоң мектеп куруу жөнүндө демилге көтөрүп, "Өрнөк-Берекеси" коомдук уюму тарабынан долбоор жазылып, айыл жашоочуларынын колдоосуна алынды. Долбоор боюнча 150 орундуу мектеп курууга мамлекет үч жарым миллион сом, АРИС 250 миң сом бөлдү, айылдыктар өздөрү 68 миң сом жыйнап беришти.
Жаңы мектептин имаратын куруу 2010-2011-окуу жылындагы планга кирип, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлдү. Жаңы мектептин ачылыш салтанаты 2011-жылдын 11-январында өтүп, бүтүн айылдыктарды кубанычка бөлөдү.
Мектепти жасалгалоого мугалимдер өз ыктыяры менен өздөрүнүн бир жарым айлык эмгек акыларын сарпташты. Мугалимдер берген 45000 сом, ата-энелердин демилгеси менен чогулган 20000 сом каражатка мектептин ички жасалгасы бүткөрүлдү.
Кыштын суугуна карабай күнү-түнү мугалимдердин жеңилин жерден, орун колдон алып, кошо иштешкен айылдык кеңештин депутаттары Өмүралиев Алмазбекке, Жумакадыров Орозбекке, ата-энелер комитетинин төрайымы Мамбетова Гүлбүбүгө, Имашова Гүлзатка жана жалпы Өрнөк айылынын тургундарына мектептин коллективи терең ыраазы.


Өрнөктөгү мектеп бул айылга эмгеги өткөн кадырлуу инсан Жакып Өмүралиевдин атын алып жүрөт. Жакып ата согуш мезгилиндеги оор жылдарда ушул айылда башкарма болуп иштеп, элдин түйшүгү менен жоопкерчилигин өз мойнуна көтөргөн экен. Өз жанынан 30000 сомду самолет курууга жумшап, ал үчүн 1944-жылы 10-августта Сталиндин өзүнөн "Ыраазылык кат" алган. Эл алдында өтөгөн эмгектери эске алынып, "Кызыл жылдыз", "Эмгек Кызыл Туу" ордени, "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланган.
Жакып атанын жубайы Арыкова Ишенбүбү апанын демилгеси менен алдыңкы окуучуларга "Жакып ата" атындагы стипендия берилип келүүдө.


Мектептин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Касаева Жумагүл жаш мугалимдин укугун коргоодо, насаатчы мугалимдердин эмгегин баалоодо тактыгы, калыстыгы менен коллектив арасында кадыр-баркка ээ. "Чыгармачыл мугалим -2008" райондук конкурста Касаева Жумагүл баалуу сыйлыкка ээ болгон.


Бул мектепте эң алгачкы мугалим да, жетекчи да болуп Кененбаева Бейшебүбү иштеди. Жети чакырым алыстыкка карабай, өз кесибин биринчи орунга койгон Бейшебүбү эжей бирде жөө келип, жөө кетип, бирде ат минип келип, аянбай чын жүрөгүнөн эмгектенди. Бейшебүбүнүн бул айылдагыларга Ч.Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестиндеги Дүйшөн агайдай эле баркы бар. Алдыңкы мугалим катары "Эл агартуунун отличниги" төш белгиси менен сыйланган.


"Таасирдүү сөз - тарбияга көмөктөш" дегендей, мектепте балдарга орус тилин 36 жыл иштеген тажрыйбалуу мугалим Ахметова Алтын окутат. Эже жаш мугалимдерге туура жол көрсөткөн, сүйлөгөн нарктуу сөзү бар насаатчы, ал эми педагогикалык чеберчилиги жана интеллектиси жагынан баарына өрнөк боло алат.


Мектепте "Жаш мугалимдердин депозити" программасы боюнча үч мугалим - Атыргүл Нааматова, Аида Байсакова, Мира Караева эмгектенишет. Алардын кесиптик даярдыгы жана чеберчилиги барган сайын жакшырууда. "Жаш мугалимдер - 2008" конкурсунда кыргыз тили мугалими Байсакова Аида "Баш байгени" жеңип алган. "Жаш мугалимдер - 2009" конкурсунда тарых мугалими Мамбетова Мирзат III орунга жетишкен. Математика мугалими Нааматова Атыркүл даярдаган эки окуучу олимпиадага барып катышып, алгебрадан Максат кызы Наргиза, физикадан Бакытбеков Камчы III орунду ээлешти. Окуучулар "Жаш таланттар" конкурсунда да алдыңкы орундарды бербей келишет. Мисалы, санжыра айтуу боюнча 7-класстын окуучусу Талип кызы Жазира райондук сынакта биринчи орунду жеңип алган, Манас айтуу боюнча Сүйүнбек уулу Аскар биринчи орунду алган.


"Кутбилим" гезитинин башкы редактору Кубатбек Чекиров февралдын башында Өрнөк айылындагы жаңы мектепке барып, Билим берүү жана илим министрлигинин атынан жана жеке өзү арнаган окуу китептерди тапшырып, мугалимдер жана окуучулар менен жылуу баарлашып кайтты.