"Ар бир балага ноутбук"
долбооруна Кыргызстан кызыгууда
Кыргызстанда "Ар бир балага ноутбук" долбоорун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

"Ар бир балага ноутбук" долбоорунун өкүлү Жулия Дамико Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин чакыруусу боюнча 1-мартта Бишкекке келип, Кыргызстандын Билим берүү, Эмгек жана миграция министрликтеринин адистеринин жана башка кызыкдар тараптардын алдында "Ар бир балага ноутбук" долбоорунун пайдасын жана артыкчылыктарын айтып көрсөтүп берди.
Жулия айымдын айтымында, аталган долбоорду АКШдагы бейөкмөт уюм өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн балдарын арзан ноутбуктар менен камсыз кылуу максатында ишке ашырып жатат. Мектеп жашындагы окуучуларга эсептелген ХО аталыштагы ноутбуктардын видеокамерасы бар, суу өтпөс жана колдон түшүп кетсе сынбай турган сапаттары бар. Анын ичинде физика, химия, математика, музыка, программалаштыруу сыяктуу көп предметтер боюнча билим берүү программалары бар.
- Бул ноутбукту колдонгон окуучулар көп убакытты өз ара сүйлөшүүгө эмес, окуткан программаларга, жазууга, сүрөт тартууга, изилдөөлөргө жумшап жатканы көрүнүп турат. Алар Фейсбукта отуруп алып, көңүл ачып жатышкан жок, - дейт Жулия айым.
Аталган долбоор дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Парагвай, Уругвай мамлекеттеринде, Азияда, Индия жана Непалда ишке ашырылган. Бул программа балдардын билим деңгээлин гана көтөрбөстөн, жалпы өлкөдөгү социалдык процесстердин активдешине алып келген. Бул программага Жулия айымдын айтымында, мурдагы совет өлкөлөрүнөн Казакстан, Армения, Россия өлкөлөрү дагы кошулуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
"OLPC билим берүүнүн кыймылдаткыч күчү катары жаркын келечекке алпарчу жол", - дейт Жулия айым.
Кыргызстандагы мектептердин эки эле пайызы Интернетке кошулган, компьютерлер жетишпейт, 72 балага бир компьютер туура келет. Билим берүү министрлиги жыл сайын мектептерге компьютердик техника сатып алууга 100 млн. сомдон жумшап келатат, бирок андан өркүндөп кеткен жок. Мектептерди компьютердик техника, алдыңкы маалымат технологиялары менен камсыздоо боюнча бир топ пландар каралып жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү да белгилешүүдө.
"Ар бир балага ноутбук" долбоору Интернетти окуучу балдарга ээн эркин таштап койбой, аны билим берүүчүлүк максатта колдонууга ылайыкташканы билим берүү адистеринин чоң кызыгуусун жаратты. Анткени балдардын Интернет кафелерден чыкпай, түнгө чейин отуруп, мектеп жана үйдүн тарбиясынан өксүп жатканы өтө кейиштүү проблема болуп келатат.
"Ар бир балага ноутбук" долбоорун кыргыз адистери негизинен жактырышууда. Бирок, ошол эле учурда, бул программага кошулардан мурда анын пайда-зыянын кылдат изилдеп чыгуу керектиги да айтылды. Мисалы, үй-бүлө жана балалык боюнча көз карандысыз эксперт Гүлзат Шамсуддин балдарга эксперимент жасабай, аны ишке ашырардан мурда терең талдоо, экспертиза керектигин баса белгиледи.
"Ар бир балага ноутбук" программасы сунуштаган ноутбуктун баасы азыркы учурда 230 АКШ доллары. Кыргызстанда бир миллион жүз миңден ашуун окуучунун баарын аталган программа боюнча ноутбук менен камсыз кылуу үчүн бери дегенде эле 200-250 млн. доллар каражат керек. Бул каражатты Кыргызстан өзүнүн бюджетинен таба албаса, эл аралык каржы уюмдарынан сураса болот. Бирок азыр каражаттан биринчи маселе - бул долбоорго кошулуунун Кыргызстан үчүн пайда-зыяны канча деген суроо ачык турат.

Кубат Чекиров




  регламент обязателен всем

Районным, городским отделам (управлениям) образования
Министерство образования и науки Кыргызской Республики направляет в подведомственные учреждения письмо Первого вице-премьер-министра Кыргызской Республики О. Бабанова от 17 февраля 2011 года № 17-482:

В соответствии с Законом Кыргызской Республики "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике" республиканский бюджет составляется и исполняется Правительством Кыргызской Республики.
Деятельность Правительства Кыргызской Республики должна осуществляться согласованно и носить характер единой политики.
В целях координации деятельности министров и руководителей государственных органов на заседании Правительства Кыргызской Республики от 26 января 2011 года, при рассмотрении проекта Закона Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2011 год и прогнозе на 2012-2013 годы", Премьер-министром Кыргызской Республики было поручено не допускать обращений в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики по вопросам бюджета.
Однако, несмотря на это, имеют место обращения отдельных государственных органов в адрес профильных комитетов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики о дополнительном выделении денежных средств.
В связи вышеизложенным, прошу обеспечить строгое соблюдение Регламента Правительства Кыргызской Республики и прекратить практику обращений министерств, государственных комитетов, административных ведомств и местных государственных администраций в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики по вопросу о дополнительном выделении денежных средств на финансирование мероприятий, не предусмотренных в республиканском бюджете на соответствующий год.
В случае повторного нарушения Регламента к руководителям государственных органов будут приняты меры дисциплинарного характера, вплоть до внесения представления на освобождение от занимаемой должности.
О. Бабанов


Министерство образования и науки Кыргызской Республики отмечает, что действие вышеназванного письма Первого вице-премьер-министра О. Бабанова распространяется не только на министерства и ведомства, но и на подведомственные организации, которые минуя наше министерство, зачастую непосредственно обращаются в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики, Правительство Кыргызской Республики, Министерство финансов Кыргызской Республики о дополнительном выделении средств.
Напоминаем, что такие обращения вышеназванными органами не будут рассматриваться, а нарушителям служебной дисциплины будут приняты строгие меры дисциплинарного характера, как определено в вышеназванном письме.

Статс-секретарь А. Абдрашев





Ош облусунда мугалим жаш жубайларга акчалай сыйлык берилмей болду
Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндө баш кошкон жаш мугалимдерге акчалай сыйлык берилет. Бул туурасында Ош облустук администрациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Баш кошкон жаш мугалимдерге акчалай сыйлык берүү чечими Кара-Суу райондук администрациясында өткөн мугалимдердин жыйынында кабыл алынды", - деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Батыр Аким мындан ары баш кошкон мугалимдерге 20 миң сомдон сыйлык берилет деп убада берген. А, эгерде мугалимдердин никеси кыргыз жана өзбек улутунан болсо, анда интернационалдык үй-бүлө 100 миң сом акчалай сыйлык алат.
Акчалай сыйлык Ош облусунун Сарай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп турмакчы.
"Мындан тышкары, Сарай айыл өкмөтүндө 23 жаш педагогдорго шык берүү жана колдоо үчүн, турак-жай куруу үчүн жер тилкеси да бөлүнүп берилди", - деп билдирди облустук администрациянын басма сөз кызматы.

Александр Ким, КирТАГ




Жаңжалсыз жашайлы
Ош мамлекеттик университетинде этникалык өнүгүүнүн жана саясый турукташуунун концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жана ОБСЕнин улуттук азчылыктар боюнча Жогорку Комиссарынын демилгеси менен уюштурулуп, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, чыгармачыл инсандар катышты.
Конференцияны ОшМУнун ректору, профессор Мухтар Орозбеков кириш сөз менен ачып, улуттар арасында мамилелердин бекемделишинин чоң маанисин белгиледи. Андан кийин КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Шухрат Сабиров, ОБСЕнин Оштогу өкүлү Росс Браун, Ош облусунун губернаторунун орун басары Ахмаджан Махамадов, Ош шаарынын вице-мэри Абдырахман Жолдошалиев, Президенттин Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары Абылабек Асанканов жана башкалар чыгып сүйлөшүп, Концепциянын долбооруна өз сунуштарын кийришти.
Концепцияны талкуулоо секцияларда да өткөрүлгөндөн кийин, бул мамлекеттик документти колдоо жөнүндө резолюция кабыл алынды.

Өз кабарчы




Чужих у нас нет
Недавно в областной библиотеке им. Т.Сатылганова г. Ош состоялся форум работников образования Ошской области в рамках Национальной инициативы "Добро пожаловать в школу", разработанный Министерством образования и науки при поддержке ЮНИСЕФ.
Этот форум, организованный Фондом поддержки образовательных инициатив, начинает второй этап проекта "Создание благоприятной социально-психологической среды в школах Ошской области". Здесь 57 школ получили гранты по 11800 сомов каждая. На эти деньги они должны провести мероприятия, способствующие сближению детей разных национальностей, возрастов и интересов.

Жить здорово
В Национальном центре детей и юношества "Сейтек" состоялся чемпионат по таомиксу школы Сунси УШУ "Чжун дао", посвященный 75-летию этого Центра.
Эти соревнования объединяют школы, различные стили и направления УШУ.
- Ушу в Кыргызстане существует уже 17 лет, за это время дети не только научились основам самообороны, но и научились творчески подходить к своей жизни. В чемпионате выступают около 40 команд. Наши ушуисты отличаются тем, что сами придумали технику работы с оружием и без оружия, - говорит Нещерет Наталья, заместитель руководителя школы "Чжун дао".

Э.Какиева, "Кутбилим"




Поздравления
Поздравляем директора Г.М. Джантаеву и весь коллектив СШ №21 с Международным женским днем 8 марта. Желаем Вам здоровья, успехов в работе и творческого долголетия. Пусть теплота и радость этого весеннего праздника подарят вам хорошее настроение, озарят ваши лица добрыми улыбками. Спасибо Вам за ваш благородный и нелегкий труд!

Аделина, Роза, Рыскан, Даулет.
Поздравляем весь коллектив СШ №6 с Международным женским днем 8 марта.
Пусть в этот день прекрасными весенними лучами
Вам улыбнутся люди и цветы,
И пусть всегда идут по жизни с Вами
Любовь, здоровье, радость, счастье и мечты.

Родители