кыргыз элдик педагогикасынын тарыхынан

Кыз энеден үйрөнбөй өнүгө албас,
уул атадан үйрөнбөй сапар чекпес...
же "Коркут-Ата китебиндеги" элдик таалим-тарбия
"Коркут-Ата китеби" ("Китеби деде Коркуд") - түрк элдеринин көп уруулары жана тайпалары биздин аталардын калтырган мурасы деп сыймык менен айтып келе жаткан орто кылымдагы огуздардын бизге жеткен жападан жалгыз адабий эстелиги. Окумуштуулардын көбү ал чыгарманы ар тараптуу, эң биринчи салыштырма-лингвистикалык жактан талдап келип, огуз түрктөрүнүн (алар кийин соңу түркмөн, азербайжан, гагауз, анадолулук түрк болуп жиктелет) баатырдык эпосу дешет. Бирок муну башка түрк уруулары да бизге таандык деген пикирде. Айталык, башкорт (башкыр) урууларынын бир тобу Коркут-Атаны кубыз аспабын ойлоп тапкан йырау (төкмө) жана ал биздин уруунун башчысы болгон жана чыгарма ошол киши тууралуу деп айтышат. Ошол эле кезде казактар да, кыргыздар да, башка түрк уруулары да бул киши менен тарыхый тамырын түздөн-түз байланыштуу карашат.
Коркут - баят уруусунан чыккан Кара Кожо дегендин уулу. Ал болжолу IV-VI кылымдардын чегинде азыркы Сыр-Дарыянын Арал көлүнө куйганга жакынкы алабында жарык дүйнөгө келген жана ал Түркстанды бийлеген бир нече өкүмдардын кеңешчиси болгон. Ал кездеги окуя-баяндар көп доорлор бою эл арасында оозеки айтылып келип, болжолу IX-XV кылымдар аралыгында жазууга түшүп, "Китеби деде Коркуд" деген ат менен таралган. Ал китеп ар түрдүү урууларда бир аз башкача аталыштарга ээ болгонун да байкайбыз (азербайжанча - Kitabi D?d? Qorqud, анадолулук түркчө - Dede Korkut Kitab?, түркмөнчө - Gorkut-ata, казакча - ?ор?ыт ата кітабы).
Коркут-Ата тууралуу маалыматтар бизге үч түрдүү жол менен жетти: биринчиси, Коркут-Ата тууралуу аңыздар, уламыштар; экинчиси, санжыралар; үчүнчүсү "Коркут-Ата китеби". Мына ошолорго караганда Коркут-Ата агартуучу, ойчул, көзү ачык, ырчы, күүчү, комузчу, педагог болгон. Анын ойлорунда өлүм менен өмүр карама-каршылыгы жогорку даражада чагылдырылган. Уламышка караганда ал ак төө минип, жер кезип, төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып чыгат, кайда барса да алдында казылып жаткан гөргө кездешет. Гөркөөлордон "Бул жайды кимге казып жатасыңар" деп сурашса, бардык жердегилер эле "Муну Коркутка казып жатабыз" дешет. Ошондо Коркут өлүмдөн эч качан, эч жерден кутула албашын билет. Кыргыздар болсо ушул уламышты "Мамайдын гөрү" деген ылакап аркылуу туюндурган чыгарма бар.
Коркут-Ата турмушта жашап өткөн реалдуу киши болгон, ага алыс-жакындар акыл сурап атайын ат арытып барып турган, ал болсо элдик нускага сугарылган, белгилүү даражада тажрыйбада сыноодон өткөн, концентрленген, азыркы термин менен айтканда, этнопедагогикалык ой пикирин ортого салган.


Чыгарманын бизге эки нускасы жетти, бири Дрезденден табылган, ал 12 бөлүмдөн турат, экинчиси Ватикандан табылган, ал 6 бөлүмдөн турат. Эки нуска тең түпнуска эмес, кийин көчүрүлгөн. "Чынында эле VII-VIII кылымдарда Сыр-Дарыя бойлорун мекендеген огуз-кыпчак урууларынын турмушунан жаралып, көптөгөн жылдар бою урпактан-урпакка калтырылып, руханий бай казына катары бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн адабий, тарыхый, этнографиялык маанисин жоготпой жеткен бул чыгарма кыргыздарга да тиешелүү экендигинде шек жок" жана ал "баалуу эски кол жазма азыркы түрк элдеринин оозеки чыгармаларынын көпчүлүгүнө башат болгон" (И.Абдувалиев Кириш сөз / Коркут ата китеби: түрк элдеринин байыркы дастаны. - Б.: 2004. - 4-б.). Биз мындай пикирге кыргыздардын "Манас" баш болгон баатырдык дастандары, жомоктору, дидактикалык чыгармалары ж.б. фольклордук чыгармалары менен таанышып, аларды салыштырып чыккан соң, толук ынанабыз. бул чыгармаларда сюжеттик окшоштуктар, каармандардын образын ачууда типтүү каражаттар, поэтикалык жакындыктар кеңири кездешет. Андыктан да "Коркут-Ата китебиндеги" педагогикалык ойлор жалпы түрк эл педагогикалык мурастарынын катарында кыргыз эл педагогикасынын да асыл мурастары деп айтууга негиз берет. Коркут-Ата атындагы Кызыл-Ордо мамлекеттик университетинин магистри Жанагул Тлеуова мындай деп жазат: ""Коркут-Ата китебинде" эл башына кыйын-кысталыш күн түшкөндө калкын жоодон коргоп, эриш бузган тайманбас баатырлардын эрдиги, эл-журтуна акыл-насаат айтып, өз заманында эле уютку болгон акылгөй даналардын, оозунан кеби кумдай куюлган чечендердин өнөрү баяндалат. Ошону менен бирге эле аталган чыгармада таалим-тарбиялык мааниси чоң афоризмдер, учкул сөздөр менен устаздык кеңештер арбын кездешет. Мунун өзү баба китебинин тарыхый-этнографиялык чыгарма гана эмес, ошол доордогу тектеш түркий калктардын таалим-тарбиялык ой-пикирлеринин өзүнчөлүгүн чагылдырган педагогикалык туунду экендигин тастыктайт" (Тлеуова Ж.А. ?аза? этнопедагогикасындагы адамгершілі?-эстетикалы? т?рбиесі. - Педагогика ?ылымдарының магистрі академиялы? д?режесiн алу үшiн дайындал?ан диссертацияның рефераты. - Кызыл-Ордо, 2010. - 11-б.). Демек дал ошол педагогикалык туунду инсандарды кайраттуу, баатыр, акылдуу, зирек ж.б. оң сапаттарга ээ болууга тарбиялап келген. Коркут-Атанын мындай таалим-тарбиялык насааттарын карап көрөлү.


Жогорудагы элдик нуска сөзгө айланып кеткен Коркут-Атанын насааттарында акыйкатчылык, эрдик даңазаланат, кайыр-садага берүү адамдык парз экендиги насаатталат, элди-жерди коргоо ар бир мекенчил атуулдун мойнундагы жүк экендиги баштан-аяк кызыл сызык менен өтүп турат.
"Коркут-Ата китебинин" IV бөлүмү "Казанбектин баласы Орозбектин туткунга түшкөнү тууралуу ыр" деп аталып, анда бектер менен бийлер балдарын кандайча тарбиялагандыгы баяндалат, бул бөлүм байыркы түрк урууларынын педагогикасын көрсөтүп бергендиги менен кызыктуу. Ага ылайык 15-16 жаштагы балдарды аскердик өнөргө үйрөткөн, ар бир жигит колуна курал алып жоого каршы барууга милдеткер болгон, ата баласын согушууга көнүктүргөн, Казанбак да баласы Орозбекти аң-уулоого алып чыгат, өзүнүн жоону кандайча чаап-кыргандыгын, кайсыл жерде ким менен чабышканын айтып, баланын канын кызытып, жоого каршы туруу сезимин өстүрөт. Ата балага жоо менен кармашууда идеал-үлгү болот, бала атасын кандайча кармашып жатканын алысыраактан көрүп турат, ата "көк жал карышкырдай кан төгүп кыра баштайт". Ошентип ата салтын урматтаган балдар эрдик көрсөтөт, жоону жеңет, алардын урматына той берилет.


Өмүр тууралуу:
Адам баласы кербен сыяктуу: токтоду, көчтү да кетти.
Ажал жетмей өлмөк жок.
Өлгөн жан кайра тирилбейт, чыккан жан кайра келбейт.

Топуктуулук, кайрымдуулук тууралуу:
Жигиттин Кара-Тоодо толгон-токой малы болсо,
Жыйып-тапкан насибинен ашыкчасын
Ар бир пенде аш кыла албас.

Текеберчилик кылбоо тууралуу:
Шаркыраган суулар ташып, деңиз болбос.
Текеберлик иш кылганды Теңир сүйбөс.
Кулан кудукка түшсө, курбака кулагында ойнойт.

Акылдуу, адамгерчиликтүү болуу тууралуу:
Көкүрөгү бийик эрде акыл болбос.
Уулдун күнү күн эмес - атадан мал калбаса,
Ата малы пул эмес - башта акыл болбосо.
Көңүлү чөккөн эрде дөөлөт болбос.

Адамгерчилик, боордоштук тууралуу:
Жат уулду канча баксаң, уул болбос,
Чоңойгондо кетип калар, бакканыңды билдим дебес...
Күл дөбө болбос, күйөө уул болбос,
Кара эшектин башына жүгөн катсаң, качыр болбос.
Карабашка тон кийгизсең да катын болбос.
Күңгө кымкап жапсаң да ханайым болбос.

Мезгил, убакыт тууралуу:
Жаба-жаба карлар жааса, жазга калбас.
Жалбырактуу жашыл гүлдөр күзгө калбас.
Эски пахта бөз болбос.
Карт душман дос болбос.

Тил тууралуу:
Айтар сөздү ойлоп айт.

Балдар тууралуу:
Уул - атанын сыры, эки көзүнүн нуру.
Кыз энеден үйрөнбөй өнүгө албас,
Уул атадан үйрөнбөй сапар чекпес.

Аял тууралуу:
Аял төрт түрдүү болот. Анын бири - ниети бузук аял, экинчиси - нысапсыз аял, үчүнчүсү - үйдүн куту болгон аял, төртүнчүсү - кесир аял. Аял бүткөндүн эң жаманы ошол.
Эненин көңүлү балада болот.

Төрт түлүк тууралуу:
Жайыт жакшысын жылкы менен кулан билер.

Аңчылык тууралуу:
Ийиндин оозун түлкү билер.

Байлык, дүйнө-мүлк тууралуу:
Канча байлык жыйсаң да буйруганынан артык жей албайсың.
Дүйнө-малың чачылбай "мырза" деген атак жок.

Пайда-зыян тууралуу:
Канча ташып-толбосун суу деңизди толтура албайт.
Канча калың жааган менен,
Ала жазда кар калбайт.
Гүл жайнаган гүлзар да,
Кара күзгө калбастыр.
Ат жебеген оттун чыкканынан чыкпаганы жакшы,
Адам ичпес суунун акканынан акпаганы жакшы.
Атасынын атын чыгарбаган жөнсүз уулдун туулганынан туулбаганы артык.
Конок келбеген кара үйдүн кулаганы артык,
Жалган сөздүн болгонунан болбогону артык ж.б.


Коркут-Ата акылман, ойчул катары адам жана анын өмүрүнүн максат-мүдөөлөрү тууралуу осуяттарды айтып, ар бир бөлүм аягында окуялардан тарбиялык, таалим берүүчүлүк ибараттарды чыгарат, акыл-кеңеш айтып, бата багыштайт.
Казактарда мындай бир элдик ыр айтылып келет:
Жыраудын үлкөн пири - Коркут Ата,
Бата алган бардык акын ашкан ата.
Таң калып журттун баары турар экен,
Кобыз менен Коркут-Ата күү тартканда.
Дал ушул ырдагыдай Коркут-Ата акындыктын пири, күүнүн атасы гана эмес, түрк калктарынын элдик педагогикасынын да улуу даанышманы катары эчен-эчен муунду тарбиялоого салымын кошуп келе жатат.


Абдыкерим Муратов, педагогика илимдеринин доктору