Иш сапар

Ат-башыда айтылган ак тилектер
Президент Роза Отунбаева 21-февралда Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жайгашкан Ой-Терскен мектебинде болуп, 2010-жылдын апрель окуяларында каза болгон Канатбек Чынгышевдин эстелигине гүл койду жана аталган райондун орто мектептеринин директорлору менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жолугушуу учурунда өлкөдөгү саясий абал, элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн жүргүзүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди. Ошондой эле Өкмөттүн өзүнүн кыска мөөнөттүү милдеттерин ишке ашыруусу, ал эми бийлик системасына парламенттик республиканын режимин калыптандыруусу үчүн убакыт берүү керектигине басым жасады.
Президент мурунку авторитардык режимди калыбына келтирүүгө жол жок экендигин белгиледи. "Мен жолугушуулар учурунда мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарымды узар-тууну сунуштаган адамдарга ыраазычылык билдирип кетким келет. Ошону менен бирге эле баарыбыз мыйзам алдында бирдей экендигибизди унутпасак деп, келерки шайлоо учурунда талапкерлигимди койбой тургандыгымды айткым келет. Биз референдумда чечилгендей, мыйзам алкагында бийликти тынч жол менен өткөрүп беришибиз керек", - деп баса белгиледи Р.Отунбаева.
Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү туурасында маселеге кайрылып, мамлекет башчысы Өкмөт ушул жылдын 1-майынан тартып бул процессти ишке ашыра баштамакчы экендигин белгиледи.
Президент мугалимдерди 1-марттан каршылык акцияларына чыгууга үндөп жаткан күчтөр бар экенин, бул жерде жеке кызыкчылык көбүрөөк болуп жатканын белгилеп, агартуу кызматкерлерин майга чейин чыдап турууга чакырды.
- Азыр калп эле бирөөлөр чыгып жатат, "болбойт, тиги-бу" деп, карап көрсөң, анын артында өзүнүн кызыкчылыгы жатат. Ишенбегиле андай демагогдорго! Өкмөт чоң жоопкерчилик менен 1-майдан эмгек акыны эки-үч эсе көтөргөн жатат. Ошого чыдап берели, - деди Роза Отунбаева.
Мамлекет башчы Ой-Терскен мектебине окуу китептерди жана алты компьютерди тапшырды. Аталган мектепте компьютердик класста алты компьютер бар экен, президент тартуулаган алты компьютер менен 12 болуп көбөйүп, колдору узарып кубанып калышты. Р. Отунбаева ар бир мектеп интернетке туташмайынча компьютерлер басма машинкадан айырмасы жок болуп каларын айтып, алдыңкы маалымат технологияларын билим берүү процессинде активдүү колдонууга чакырды.
Президент ошол эле күнү Ат-Башы айылындагы балдар билим берүү борборунда болуп, сүрөт тартуу, ырдоо, информатиканын негиздерин, англис тилин жана фольклордук чыгармачылыкты үйрөнүү ийримдеринин иши менен да таанышты.
Р.Отунбаева ийримдин катышуучулары менен англис тилинде баарлашып көрүп, алардын англис тилин жакшы билгендигине ыраазы болду. "Мындай билим берүү борборлору айылдык балдардын талантын жана шык-жөндөмүн аныктоо үчүн абдан маанилүү. Ушундай борборлорго барып жүргөн балдардын социализациялануу деңгээли башкалардыкына караганда жогору болот", - деген Президент облустун губернаторуна мектептерди Интернет-байланыш менен камсыздоо үчүн бюджеттен тышкары каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырды.
Сүрөт тартуу боюнча ийримдеги балдардын мольберт кармап, сүрөт тартып жаткандыгына мамлекет башчысы өтө ыраазы болду. "Респуб-ликанын алыскы райондорундагы балдар живопись искусствосу менен жакындан таанышканга мүмкүнчүлүгү бар экендиги кубандырат. Бул абдан туура иш, балдар кичинесинен тартып сулуулукту баалай билиши керек", - деди Р.Отунбаева.
Президент ошондой эле чет тилдерин үйрөнүүнүн зарылдыгына басым жасады жана бул сапаттуу билим алуунун мыкты мүмкүнчүлүктөрүнүн бири экендигин белгилеп, балдарга ден соолук, бакыт-таалай жана окуудагы ийгиликтерди каалады.

Ой-Терскен мектебиндеги мектеп директорлору менен болгон жолугушууда мамлекет башчысы менен билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков дагы бирге болду. Министр мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы модели, педагогдордун социалдык абалын жакшыртуу, окуу китептеринин сапатын көтөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана башка маселелер боюнча маалымат берди.
Министр эмгек акынын көбөйүшү менен катар билим сапатын көтөрүү боюнча дагы министрлик пландап жаткан бир катар иш чараларды айтып өттү. Маселен, мугалимдерди аттестациялоонун жобосу кайрадан иштелип чыгууда. Анда жалпы республикалык тесттин материалдары боюнча мугалимдердин билим деңгээлин текшерүү каралган. Тест сынагынан ийгиликтүү өткөндөргө мектепте окутуучулук ишин улантууга мүмкүнчүлүк берилет, ал эми сынактан начар көрсөткүчтөргө ээ болгон мугалимдер мектептен сый-сыпаа чыгарылат.


КР Президенти Роза Отунбаева Ат-Башы айылындагы билим берүү борборунда окуучулар менен баарлашты.
Президенттин басма сөз кызматынын фотосүрөттөрү.