Кыргыз тили - кечээ, бүгүн, эртең
Сабактын билим жана тарбия берүүчүлүк максаты:
Окуучулар кыргыз тили боюнча теориялык алган билимдерин тереңдетишет, аларды турмушта колдоно алуунун жолдорун, ыктарын үйрөнүшөт, сөз байлыгын, сүйлөө речин өстүрүп, кыргыз тилин сактоого, барктай билүүгө жетишүүгө аракеттенишет.
Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты:
Окуучулар өз алдынча билим алуу жөндөмдүүлүгүн, өз ой-пикирин билдире алышат, дүйнө таанымын, өз эне тилин сүйүүсүн өнүктүрүшөт.
Сабак өтүүнүн методу жана формасы:
Жетектөө жана өзүн-өзү жетектөө, өз алдынча иштөө.
Предмет аралык байланыш:
Адабият, тарых жана башка предметтер.
Сабактын жабдылышы:
Сабакка керектүү көрсөтмө куралдар, адабияттар, слайддар, техникалык каражаттар.
Пресс-конференция сабагын өткөрүүнүн тартиби:
1) Пресс-конференцияны алып баруучу окуучунун кириш сөзү. Пресс-конференцияга катышуучулар менен тааныштыруу.
Алып баруучу:
Урматтуу бүгүнкү "Кыргыз тили - кечээ, бүгүн, эртең" аттуу пресс-конференциянын катышуучулары, бүгүн биздин сөз кыла турган маселебиз кыргыз тилинин кечээгиси, бүгүнү, эртеңи жөнүндө болмокчу. Алгач бизге келген коноктор менен тааныштырып өтөйүн.
Алар:
1) Эриков Абдыкерим - тарых илимдеринин доктору,
2) Бороев Нурбек - социология илимдеринин доктору,
3) Урматбек уулу Байаман - филология илимдеринин доктору.
Ал эми залда ар түрдүү телеканалдардын, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттер жана окутуучулар отурушат.
Алып баруучу:
Урматтуу пресс-конференциянын катышуучулары, бүгүнкү конференциябыздын максатын дагы да так аныктап алуу үчүн Эсенгул Ибраевдин "Улут болсом, тилим менен улутмун" деген ырына баарыбыз көңүлүбүздү бурсак. ("Улут болсом, тилим менен улутмун" деген Эсенгул Ибраевдин ырына тартылган видеоклип экрандан көрсөтүлөт.)
Алып баруучу:
Урматтуу катышуучулар ырдан кийин бүгүнкү максатыбыз белгилүү болду окшойт. Сиздерге азыр окумуштуулардын жасай турган докладдарынын тексттерин таратып беребиз, таанышып, өз суроолоруңуздарды, пикирлериңиздерди, сунуштарыңыздарды даярдап отурсаңыздар. Ошондой эле бүгүнкү конференция тууралуу материалдарды газеталарга чогулта берсеңиздер болот.
Алып баруучу:
1) Анда эмесе, сөздү тарых илимдеринин доктору Эриков Абдыкеримге берсек.
Эриков Абдыкерим: - Эмесе, мен сиздерге кыргыз тилинин тарыхынан сөз козгоп берейин.
(Докладдан үзүндү).
Кыргыз тилинин тарыхынан
Кыргыз тили - кыргыздардын эне тили, түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет.
Кыргыз тили - түрк тилдеринин эң байыркыларынан экени белгилүү.
XI кылымда көрүнүктүү ойчул, тил билерманы, жердешибиз Махмуд Кашгари кыргыз тилин нукура, таза түрк тилдеринин бири катары баалаган.
Кыргыз элинин жана тилинин калыптанышы узак тарыхый мезгилди басып өткөн. Академик Б.М.Юнусалиев жалпы элдик кыргыз тилинин калыптанышын үч доорго бөлөт:
а) байыркы, б.а. IX-X кылымдарга чейинки кыргыз тили;
б) орто кылымдык, б.а. XV-XVI кылымдарга чейинки кыргыз тили;
в) жаңы кыргыз тили доору, б.а. XVI кылымдан баштап азыркы мезгилге чейинки кыргыз тили.
Кыргыз тили 1924-1927-жж. реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1941-жж. латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1939-жылы кыргыз тилинин алфавитин кириллицага өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, 1941-жылдан тартып кириллица жазуу системасы колдонулууда.
Адам укуктарынын жалпы декларациясынан үч алфавиттин үлгүсүндө берилиши:





1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында кыргыз тили мамлекеттик тили катары кабыл алынган.
2) Сөз социология илимдеринин доктору Бороев Нурбекте (Докладдан үзүндү).
Кыргыз тили бүгүн


o Кыргыз тилинин өнүгүү шарттары соңку жылдары жакшырды. Мурдагы тарыхый шарттарга салыштырганда, азыр улуттук тилибизди колдонуубузга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылды. Кыргыз тил-адабияты боюнча мектептердин көбөйүшү, калктын жан-саны арбышына байланыштуу кыргыз тилинин чөлкөмү кеңейип баратат, эл аралык таасири да көтөрүлүп бара жатат.
o Кыргыз тили жакшы эле өнүгүп жатат. Азыркы күндө кыргыз тилиндеги теле берүүлөр көбөйүп, гезит басылмаларынын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде басылып жатат. Албетте, мындай жагдайлар тилибиздин өнүгүшүнө салымын кошпой койбойт.
o Өзгөчө ушул тапта глобализация доорунда тыш дүйнө менен тыгыз байланышсыз өнүгүп-өсүү. Ошол байланыш тил аркылуу жүрөт, жаңы маалыматтарга, жөндөмдөргө ээ болуу үчүн аларды түшүнүү керек эмеспи. Ушул себептен мындай суроо туулат, эмне себептен Кыргызстанда чет тилдерден маалыматтарды которуу маселеси аксап келатат.
o Бул совет доорунан бери келаткан дарт, оору деп эсептесек болот. Чындыгында, биз бүгүнкү күнгө чейин совет доорунда даярдалган окуу китептерин мектептерде, бала бакчаларда, жогорку окуу жайларында пайдаланып атабыз. Анткени окуу куралдары жетишпейт экен. Бул биринчи себеби.
o Биз маалыматты орус тили аркылуу алганга көнүп калганбыз. Бүт баары тең Орусиянын сайттарына басым жасап, ошолорго шилтеме кылабыз. Бул бүгүнкү күңдө көндүм адаттардын бири. Сиз айтып аткандай котормо маселелерин күчөтүш керек. Мунун түпкү себептери бар, бул билим берүү маселелерине байланышкан.
o Экинчиси, мамлекеттик камкордук сиз айтып аткан. Чындыгында, котормо маселелери жылда көтөрүлөт, өкмөттүн, президенттин деңгээлине чейин коюлган учурлар болгон. Биз өткөн жылы да сунуш кылып, атайын котормо борборун ачуу, котормочулук иштерди өкмөттүк деңгээлде колго алуу жөнүндө маселелер коюлган. Буюрса муну биз жаңы өкмөт менен дагы кайрадан иштеп, сунуш кылалы деп атабыз.
o Бүгүнкү күндө фильмдерди которуу маселесин биздин УТРК колго алып атат. Анимациялык фильмдер кыргыз тилинде чыгып атат, бул дагы бүгүнкү күндөгү жакшы көрүнүш деп эсептеш керек. Такыр эле эч нерсебиз жок, кур колбуз деп алаканыбызды ушалаган да болбойт. Бизде көптөгөн окуу китептери жаралды.
o Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен менен алдуу-күчтүү мамлекеттерге көп жагынан көз карандыбыз. Деги эле глобализация агымына кошулуу үчүн сөзсүз түрдө эне тилди, улуттук маданий мурастарды жээриш керекпи? Эгер айлана-чөйрөгө көз чаптыра турган болсок, Япония, Малайзия өңдүү мамлекеттер ата-бабасынын каада-салтын унутпай туруп эле дүйнөдөгү алдыңкы электроникалык өлкөгө айлангандыгына күбө болобуз.
o Кыргыз тилинин жоголуп кетүү коркунучу - азыркы биздин экономикалык маселелерибизге байланыштуу. Эң башкы маселе - дүйнө таануу дилгирлигибизде, ар тараптуу өнүгүү жолун издегенибизде.
o Япониянын 90% япон эли түзүп, калкы япон тилинде сүйлөшөт жана өнүккөн мамлекет болгондуктан тил коопсуздугу маселеси аларды ойлондурбайт. Исландияда калкынын саны бизден аз дагы, бирок бай калк болгондуктан, тил маселеси аларда дагы коркунучсуз абалда. Ал эми Россия менен Улуу Британияда тил коопсуздугу тургай, кантип өз тилдерин жайылтуу максатын көздөшөт.
o Бизди курчап турган айлана-чөйрөбүз, б.а. бир мамлекетте чогуу жашап жаткан улуттагы бөлөк жарандарыбыз, цивилизацияга умтулуу, дүйнө таануу аракетибиз, бөлөк элдер менен өз жерибизде жашап жатып, алардын тилинде ээрчиме болуп сүйлөшүүбүз, чет тилдерди өздөштүрүүгө болгон муктаждыгыбыз биздин тилди, биздин коомду түзүүбүзгө жол бербейт. Эгерде биз ушундай деңгээлде тил билүү зарылчылыгында турсак, 50-100 жыл аралыгында кыргыз тилин сактап турган жергиликтүү айыл калкы биздин шаар абалына тең келип, нукура кыргыз тили толук бойдон сүйлөнбөй, жок болуп кеткен латын тили менен барабар болуп калат.
o Андыктан, жогорку тараптын ийне-жип, баскычынан баштап, жаңы төрөлүп келе жаткан ымыркайга чейин кыргызчалаштыруу зарыл. Тил үйрөн, ал тургай илгертен эле 70тей тил билген Жедигер аттуу адам болгон деген аңыз кептер бар, бирок кыргыз тилин ыйык тутуп кыргызча сүйлө! Өз тилин сактап калуу ар бир атуулдун жеке колунда. Башка тилге муктаж болсоң да өз эне тилиңди алтындан кымбат тутуп, аяр мамиле жаса, анткени сенин тилиң, сенин дүйнөң жоголуп кетүү коркунучунда!





Биздин өлкө эгемендик алгандан бери кыргыз тилинин абалы жаман эмес. Бирок мындан да жемиштүү жетишкендиктерге жетишсек болот эле. Мисалы, өзбек, тажик, казак туугандарыбыз эгемендикти биз менен бирге эле алышпады беле. Анткени алардагы улуттук тилге болгон аяр мамиленин натыйжасында бир топ жетишкендиктерге ээ болушту. Мен өзбек менен өзбек, казак менен казак бири-бири менен башка тилде сүйлөп жаткандарын көрө элекмин. Бизде да ушундай улуттун кызыкчылыгын биринчи орунга кое турган адам болсо, мындан да жакшы болоор эле деген ойдомун.
Ал эми кыргыз эли адамзаттын жыйырма кылымдан ашкан тарыхында кантип башка улуттардын ичине сиңип кетпей, өз жүзүн сактап калды? Анткени ата-бабаларыбыз дайыма "Манас" эпосу баш болгон маданий мурастарды, каада-салтты жана эне тилин сактап, бийик тутуп келген.
Ошондуктан илим менен техника өнүккөн, адам баласынын акыл-эсин компьютер, робот өңдүү электрондук каражаттар алмаштырган азыркы учурда да кыргыз элинин асыл мурастарын сактап калуу максатында "Улут ордо" коомдук уюму түзүлгөн болчу. Мына ушул уюмдун уюштуруучуларынын демилгеси менен Бишкектеги Тарых музейинин имаратында белгилүү саясат, маданият кызматкерлери, ЖК депутаттары, студенттер жана башка элибиздин патриот уулдары чогулушту.
3) Сөз филология илимдеринин доктору Урматбек уулу Байаманда (Докладдан үзүндү).

Кыргыз тилинин келечеги
Президенттин жарлыгы менен 1989-жылы "Мамлекеттик тил жылы" болуп жарыяланган.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили" жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынганына быйыл 20 жылдан өтүп кетти. Бул жылдары эне тилибиздин кадыр-баркын арттырууга багытталган иш-чаралар арбын эле өткөрүлүп, жакшысы айтылып, кенебеген кемчилдик жактарыбыз да болуп, "киргиздер" деген жагымсыз термин жаралып, ал канткен менен мекенчил жүрөктөрдүн намысын козгоп келе жаткандыгы чындык.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында ар кандай марафон өткөрүлүп жатат. Алар мамлекеттик тилди окуу стандарттарын, программаларды, окуу китептерин жаратуу, оозеки сүйлөшүү жана көркөм поэтикалык тилден, билимдин, илимдин тилине айландыруу.
Ошондой эле "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү" бөлүмү дагы ачылды. Мурда бул окуу жайда расмий тилде көбүрөөк иш алып барган Окумуштуулар Кеңеши мамлекеттик тилде иш алып барууга өттү. Мунун өзү иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө мүмкүндүк ачылгандыгы эмеспи. Окуу жайда мамлекеттик тилди да, орус тилин да, ал турсун чет тилдерин да мыкты билген референттерди кызматка тартуу да келечек пландарда каралган.
Акыл сөз:
"Кыргыз тилинин душманы кыргыз, өз тилибизди өзүбүз сыйлабасак, башкалар сыйламак беле. Мамлекеттик кызматка талапкер болгон атуулдарды да алгач кыргыз тилинде сүйлөй да, жаза да ала тургандыгы эске алынуу керек"
Султан Раев
Макал:
Шумкар бололу,
Өз алдынча учкан, өз тилинде шаңшыган.
2) Журналист-окуучулардын суроолоруна окумуштуулардын берген жооптору.
(Суроолор берилип, жооптору алынат, пикир-сунуштар айтылат.)
3) Пресс-конференциянын жүрүшүн чагылдырып өз газета-журналдарына, радио-телекөрсөтүүлөргө материал даярдоо, "Экспресс-газета чыгаруу".
(Газета чыгарган журналисттер өз газеталарын илишет. Пресс-конференциянын катышуучулары газеталарда жарык көргөн бүгүнкү конференция жөнүндөгү маалыматтар менен таанышышат.)
4) Пресс-конференцияны жыйынтыктоо (каалоо, сунуштарды, ой-пикирлерди айтуу).