жаш академиктер жана "Иллюминатордогу жер"
Билим берүү жана илим министрлигинин "Окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгын оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү жөнүндөгү" буйругуна ылайык, Балдардын инженер-техникалык "Алтын түйүн" республикалык академиясы бир жума бою "Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы" деген темада чоң иш-чара өткөрдү. Бул жумалыкка өлкөбүздүн булуң-бурчунан 450 бала келип, ар кандай сынактарга активдүү катышты.


"Алтын түйүн" академиясынын директорунун орун басары Кубанычбек Абыловдун айтымында, иш-чаранын максаты - окуучулардын технологиялык маданиятын жана чыгармачылык активдүүлүгүн өркүндөтүү, техникалык багыттагы сабактарга балдардын кызыгуусун арттыруу, ошондой эле мектептеги, мектепке чейинки жана жогорку окуу жайдагы билим берүүнү жуурулуштурууну (интеграция) көздөйт.
Советтер Союзу учурунда "Илим жана техниканын бүткүл союздук жумалыгы" деп өтчү. Анда ал кездеги он беш республикадан эң мыкты ойлоп табуучулар, чыгармачылык менен изденген окуучулар Москвага барып, өздөрүнүн иштерин көргөзмөгө коюп, тажрыйба алмашып келишээр эле. Л.Брежнев, М.Горбачев сыяктуу мамлекеттин биринчи адамдары, белгилүү космонавттар менен жолугушуп, сүрөткө түшүшчү.
- Ооба, ошол кездеги биздин тарбиялануучулар да Москвадагы ВДНХга барып калышты. Белгилүү адамдар менен түшкөн сүрөттөрү бар. Советтик система урагандан кийин бардыгы жоюлуп кетпедиби. Бирок 2006-жылы биз ушул иш-чараны кайрадан жандандырдык, - дейт К.Абылов. - Аны республикалык "Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы" деп атап, 2006-жылдан бери өткөрүп келатабыз. Жылда И.Раззаков атындагы КТУнун базасында жумалыкка старт беребиз.
Быйылкы жумалыкка рес-публика боюнча 450 бала келип катышты. Аталган иш-чара үч этап менен өттү. Биринчи күнү "Илим күнү" деп аталып, балдар окумуштуулар менен жолугушуп, техниканын өнүгүшү тууралуу кеп салышып, жогорку окуу жайлардагы кайсы факультеттер техникалык багытта кандай жана кимдерди даярдап жаткандыктары боюнча маалымат алышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясындагы эки мыкты лаборатория менен жакындан таанышып чыгышты.
- Жасалма кристаллдарды өндүрүү жана голограммаларды чыгаруу лабораториялары менен тааныштык. Балдар үчүн абдан кызыктуу өттү. Эң өкүнүчтүүсү, бизде өнөр жайлар жакшы иштебейт экен. Балдарды өнөр жай ишканалары менен тааныштыралы десек, тилекке каршы, айрымдары бизди ишканасына киргизбей коюшту. Ошентип, "Өндүрүш күнү" деген этабыбыз биз ойлогондой болбой калды, - дейт директордун орун басары.
Үчүнчү этап "Техника күнү" деп аталып, адам баласынын космоско учканынын 50 жылдыгына карата "Жылдыздар ааламы" аттуу көргөзмө менен ачылды. Окуучулардын "Космоско" арнаган сүрөттөрү илинип, көрөрмандардын кызыгуусун арттырды. Балдардын кыл калеминен жаралган сүрөттөрдү калыстар тобу карап чыгып, "Солнышко" студиясынын тарбиялануучусу Кирияк Мариянын жана "Жомоктор дүйнөсүндөгү" студиянын тарбиялануучусу Жаманкулова Каныкейдин иштерин сыйлыкка көрсөтүштү. Алар "Алтын түйүн" академиясынын диплому менен сыйланышты. Ошондой эле "Шаңдуу өнөркана", "Иллюминатордогу жер", "Космоско саякат", "Биз физиканы сүйөбүз", шайырлар жана тапкычтар сынактарына балдар абдан активдүү катышты.
- "Иллюминатордогу жер" аттуу сынагына кырк эки окуучу катышып, абдан кызыктуу жоопторду беришти. Маселен, айда учуп жүргөндө жер кандай көрүнөт деген суроого бир команда асмандан жер кооз көрүнөөрүн айтышса, экинчилери, сары, кызыл түстөрдү, үчүнчүлөрү, асманда жашоо бар экенин, учуп жүргөндө, керек болсо, жерде адамдар огороддорун сугарып жаткандарына чейин көрүшкөнүн айтышты. Ошентип, бул сынак боюнча 1-орунду №12 мектептин окуучулары, 2-орунду №5 УКГ жана 3-орунду "Алтын түйүндүн" тарбиялануучулары алышты, - дейт Кубанычбек Абылов.
"Космоско саякат" сынагына катышкан №62 мектептин окуучулары астрономия боюнча билимдери абдан жогору экенин көрсөтүштү. Демек астрономия мугалими окуучуларга жөн эле темаларды жаттатпай, терең билим берээрин тастыктады.
Жумалыктын акыркы күнүндө жогорку класстын окуучулары физика сабагы боюнча №5 компьютердик гимназиянын базасында КВН өткөрүштү. КВНде окуучулар шайырлыгы, тапкычтыгы, сценада өзүн алып жүргөндүгү, жүрүм-туруму менен башка сынактардан айырмаланып турушту. Маселен, командаларга күч, ылдамдык, убакыт, масса, атом, мектеп ж.б.у.с сөздөр берилип, окуучулар ушул сөздөрдөн аз убакыттын ичинде аңгеме жана ыр саптарын түзүп чыгышты. Бул жерде физика сабагын адабият менен байланыштырган ыкма пайдаланылды. Ошондой эле "Мен мектеп директору болсом же министр болсом эмне кылмакмын, кандай иштерди жасамакмын?" деген сынакта эки команданын капитан командалары өздөрүнүн келечекте жетекчилик, уюштуруучулук касиеттери бар экенин тастыкташты. Тапкычтыгын, шайырлыгын көрсөткөн №5 гимназиянын 11-классынын окуучулары, т.а. "Космос" командасы 1-орунга чыгышты.
Ошентип, жумалыкка катышкан балдар техника багыты боюнча билимдерин гана сынап көрбөстөн, ириде коомдо өзүн кантип алып жүрүш керек, кантип күнүгө адам болуш керек, ким менен кандай сүйлөшүү керек, кандай жолду тандоо зарыл, Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө кандай салым кошуу керек, кандай техникаларды ойлонуп чыгаруу керек деген суроолорго мугалимдерден, курдаштарынан жооп алышты.
- Балдар сынакта намыс-көйлүккө, эркин сүйлөгөнгө, өз оюн так айтканга үйрөнүшөт. Мен айта кетейин дегеним, ушул жумалыкты өткөрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги чыгарган буйрукту кээ бир мектеп жетекчилери аткарып да коюшкан жок. Бул иш-чарага кайдигер карашат. Ошондуктан мектептерде рэкет маселеси күчөп жатат, - деди Кубанычбек агай күйүп-бышып. - Эгерде бала сабактан кийин мектептен сырткаркы билим берүү мекемелерине келишсе, жаман жолго түшкөнгө убакыттары калмак эмес. Биз менен келишим боюнча иштеген аз эле мектептер бар. Алар балдарын бардык иш-чарага жөнөтүшөт. "Алтын түйүнгө" келген окуучулар ар кандай эл аралык сынактарга катышып, биздин эле эмес, мектебинин атын, даңкын чыгарып жатышпайбы.
Илим жана техника боюнча жумалыкка катышкан активдүү окуучулар "Алтын түйүн" академиясынын диплому жана грамоталары менен сыйланышты. Ал эми "Алтын түйүн" академиясынын мыкты тарбиялануучулары Эсенов Бекжан, Жумакаир уулу Бексултан, Юлдашев Азис, Ромашкин Илья, Цепилов Влад, Мусаева Айпери, Чекиев Арстан, Халмурзаева Айнура, Яхин Альберт "Жаш академиктер" деген наамды алышты.

Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"