Тарых сабагы

I. Жалпы жоболор

1.1. "Республикалык олимпиадаларды өткөрүүнүн" жобосуна ылайык, тарых сабагы боюнча олимпиада 2 тур менен өткөрүлөт.
Биринчи тур - 10-11-класстардын окуучуларына арналат. Бул турда тестирлөө өткөрүлөт. Берилген тема боюнча жазуу иши аткарылат. Контурлук карталар менен иштешет. Тапшырмаларга жооптор жазуу түрүндө алынат.
Экинчи тур - 10-11-класстардын окуучуларына арналат. Тапшырмаларга жооптор оозеки түрүндө (билет алуу системасы аркылуу) алынат.
1.2. Окуучуларга берилүүчү тапшырмалар олимпиада өткөрүүнүн өзгөчө талаптарынын деңгээлинде, мектептин окуу программаларынын негизинде түзүлүшү керек жана алар калыстар тобуна өткөрүлүп берилгенге чейин авторлорго гана белгилүү болууга тийиш.
1.3. Тапшырмалар окуучуларга төмөнкүдөй түрдө:
- эки тилде (кыргызча жана орусча) толук жазылып берилиши керек.
1.4. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн калыстар тобу төмөндөгүдөй аныктайт:
Жазуу түрүндөгү - тесттин ар бир суроосунун туура жоопторуна 1 балл берилет.
Жазуу түрүндөгү тапшырмалар ар бир суроосуна 0дөн 10 баллга чейин бааланат.
Оозеки тапшырмалардын жооптору (билет алуу системасы аркылуу) 0дөн 15 баллга чейин бааланат.
1.5. Жекече биринчиликтин жеңүүчүлөрү топтогон баллдарынын санына жараша класстарга бөлүнүп аныкталат.
1.6. Жазуу түрүндө берилген тапшырмаларга жоопторду алуу үчүн 5 астрономиялык саат өлчөмүндөгү убакыт белгиленет.
1.7. Оозеки жоопторго даярдануу убактысы - 40-50 мүнөт өлчөмүндө каралат.
1.8. Жазуу түрүндөгү тапшырмалар тарых сабагынын программаларына ылайык түзүлөт.
1.9. Оозеки суралуучу суроолор дагы тарых сабагынын программаларынын негизинде даярдалат.
II. Талаптар
1. Олимпиаданын катышуучулары: тарыхый материалдардын мазмунун берилген суроолордун көлөмүндө толук ачып бериши абзел.
2. Тарыхый даталарды билүү менен бирге, болуп өткөн окуялардын мезгилин ырааттуу түрдө тизмектеп бергенге жарашы керек.
3. Тесттик тапшырмаларда берилген ар кандай варианттардагы жоопторду туура анализдеп, баамдап, алардын арасынан туурасын тандап алуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшү зарыл.
4. Тарыхый кубулуш, көрүнүштөрдүн, же сөз болуп жаткан окуяларды туура баамдап, жыйынтык жасоо үчүн тарыхый булактардан керектүү болгон негизги фактыларды ылгап алуу кудурети да талап кылынат.
5. Ар кыл доорлордо жашап өткөн белгилүү тарыхый инсандардын өмүрүн жана ишмердүүлүгүн тастыктаган фактылар менен бирге, алардын дүйнөлүк тарыхый дөөлөттөрдү өнүктүрүүдөгү ролун да аныктай билүүсү зарыл.
6. Карталар (контурлук карталар) менен да иштей билүүсү керек.

История


1. ОБЩЕЕ ПОЛОЖЕНИЕ
В соответствии с положением "о Республиканской олимпиаде школьников" по предмету история олимпиада проводится в 2 тура:
Первый тур - для учащихся 10-11 классов. Тест. Письменная работа на заданную тему. Работа с контурной картой. Ответы на задания даются письменно.
Второй тур - для учащихся 10-11 классов. Ответы на задания даются устно, форма проведения - билетная.
Задания должны составляться в соответствии со школьной программой, на уровне специфических требований олимпиады и до передачи их в жюри они должны быть известны только авторам.
Задания должны представляться в виде:
- полной формулировки на двух (кыргызском и русском) языках.
1.4. При определении победителей олимпиады жюри оценивает:
Письменные ответы (1 балл за каждый правильный ответ на вопрос теста).
Письменное задание (от 0 до 10 баллов за каждый вопрос).
Работа с контурной картой (от 0 до 10 баллов).
Устные ответы (билетная система) (от 0 до 15 баллов за каждый вопрос).
1.5. Победители личного первенства определяются раздельно по классам, по наибольшей сумме баллов.
1.4. Продолжительность времени для ответа на письменное задание определяется в объеме до 5 астрономических часов.
1.5. Время подготовки к устному ответу определяется в объеме 40-50 минут.
1.6. Вопросы для письменных заданий составляются по программе предмета история.
1.7. Вопросы для устного опроса составляются по программе предмета история.

Требования
1. Полное раскрытие содержания исторического материала в объеме заданного вопроса;
2. Знание исторических дат, умение систематизировать хронологию событий;
3. Умение работать с тестовыми заданиями, логически анализируя представленные варианты ответов и отыскание из них верного;
4. Умение работать с историческими источниками, извлекая из них основные факты, делая верные выводы о повествуемом событии или историческом явлении;
5. Знание фактов о жизни и деятельности известных исторических деятелей различных эпох, определение их роли в истории мировой цивилизации.
6. Умение работать с картами (с контурными картами).


физика

Олимпиада проводится в два тура: теоретический тур и экспериментальный тур.

1-день - теоретический тур

1.1. Участникам предлагается задание из 5 задач.
1.2. Время работы над заданиями составляет 4 часа без перерыва.
1.3. Содержание задач соответствует школьному материалу изучаемых в 10 и 11 классах. Предлагаемые задачи повышенной сложности и содержат элемент сообразительности, придающий задаче особый олимпиадный характер.
1.4. Задачи составлены одинаковой сложности для углубленного и базового формы обучения.
1.5. Тексты предлагаемых задач расположены в хронологическом порядке изучения физики для данного класса.
1.6. Тексты задач представляются на русском и кыргызском языках.
1.7. Тексты задач предоставляются каждому участнику персонально.
1.8. Текст задачи дополняется рисунком, схемой графиком, таблицей, а также физическими величинами, взятыми из справочника.
1.9. После текста задачи указывается балл, по которым оценивается данная задача в случае ее безукоризненного решения (каждая задача оценивается в 6 баллов, максимум за первый тур 30 баллов).
1.10. Участники могут пользоваться обычным калькулятором, таблицей Брадиса. Во время олимпиады участникам запрещается пользоваться сотовым телефоном, заносить учебники, справочники.
1.11. В течение 15 минут после получения заданий участники олимпиады могут задать возникшие вопросы в письменном виде.
1.12. Участнику олимпиады во время проведения олимпиады выдается тетрадь, которую, выполняя задание, может использовать первую половину тетради как чистовик, другую как черновик. При оценивании работы, записи в черновиках не учитываются. Все записи по выполнению заданий ведутся исключительно в выданной тетради с печатями. Запрещается вырывать тетрадные листы.
1.13. Участники олимпиады, набравшие минимальные баллы по теоретическому туру не допускаются ко второму (экспериментальному) туру.

2-й день - экспериментальный тур

2.1. Предлагается одно экспериментальное задание и одна качественная задача. Максимальный балл за второй тур 20 баллов.
2.2. Продолжительность работы - 3 часа без перерыва.
2.3. Для выполнения экспериментальных заданий выдаются необходимые приборы и принадлежности для определения искомой физической величины.
2.4. При выполнении заданий участник должен использовать все предоставленные приборы и принадлежности. Если учащийся определил указанную в задании физическую величину без использования хотя бы одного прибора или принадлежности, или с использованием принадлежностей, не указанных в условии задачи, - задача считается частично решенной.

физика

Олимпиада эки тур менен өткөрүлөт: теоретикалык жана эксперименталдык тур.

1-күн - теоретикалык тур

1.1. Олимпиаданын катышуучуларына 5 маселеден турган тапшырма берилет.
1.2. Тапшырманы аткарууга 4 саат убакыт берилет (танаписи жок).
1.3. Маселенин мазмуну 10-11-класстарынын окуу программасына туура келет. Берилген маселелер жогорку татаалдыкта түзүлгөн жана олимпиадалык мүнөздөгү ой жүгүртүүлөр камтылган.
1.4. Маселелер тереңдетилген жана базалык окуу формалары үчүн бирдей татаалдыкта түзүлгөн.
1.5. Берилген маселелер физика курсун окутуудагы бөлүмдөрдүн тартиби боюнча жайгаштырылган.
1.6. Тапшырмалар кыргыз жана орус тилдеринде берилет.
1.7. Тапшырмалар ар бир катышуучуга өзүнчө берилет.
1.8. Тапшырмалар сүрөт, графика, таблица жана физикалык чоңдуктардын таблицалык маанилерин камтыйт.
1.9. Ар бир маселе 6 баллга бааланат, баардыгы - 30 балл.
1.10. Катышуучулар калькулятор, Брадистин таблицасын колдоно алышат. Олимпиада учурунда уюлдук телефон, китеп, справочниктерди колдонууга тыюу салынат.
1.11. Олимпиаданын катышуучусу тапшырма алынгандан кийин, 15 мүнөттүн ичинде пайда болгон суроолорду жазуу түрүндө бере алат.
1.12. Олимпиада учурунда ар бир катышуучуга дептер берилет. Дептердин биринчи жарымын чистовик, экинчи жарымын черновик катары колдонууга болот. Маселени баалоодо черновикте жазылгандар эсептелинбейт. Тапшырма берилген дептерде гана аткарылышы керек. Дептердин барагын жулууга болбойт.
1.13. Олимпиаданын теоретикалык турунан минималдуу балл алган катышуучулар эксперименталдык турга киргизилбейт.

2-күн - эксперименталдык тур

2.1. Физиканын ар кандай бөлүктөрү боюнча эки эксперименталдык тапшырма берилет (ар бир тапшырма 10 баллга бааланат, бардыгы 20 балл).
2.2. Экспериментке берилген убакыт - 3 саат.
2.3. Эксперименталдык тапшырманы аткаруу үчүн керектелүүчү приборлор жана куралдар берилет.
2.4. Тапшырманы аткарууда катышуучу берилген приборлор жана куралдардын бардыгын колдонуп, изилденүүчү физикалык чоңдукту табыш керек. Эгерде кандайдыр бир куралды колдонбой же берилген куралдардан башка нерсенин жардамы менен тапса, анда тапшырма толугу менен аткарылды деп эсептелинбейт.
2.5. Азиялык жана Эл аралык олимпиадага катышууга эң жогорку балл алган катышуучулар чакырылат.