Дене тарбия жана спорт академиясы: аракет арбын, каражат тартыш
Дене тарбия жана спорт академиясынын машыгуучу залдарынын абалы аянычтуу. Залдар ишке берилгенден бери капиталдык ремонттон өтпөй, каралбай калган. Учурда бул жерлерде окутуучулар эптеп сабак өтүп, студенттер машыгып келишет. Бул туурасында окуу жайдын ректору, педагогика илимдеринин кандидаты Иманалиев Токтобек "Кутбилимге" берген маегинде айтып берди.


- Биздин академия жарым кылымдан ашуун тарыхы бар, Кыргызстанда дене тарбия мугалимдерин жана спортсмендерди даярдаган бирден-бир чоң окуу жайлардын бири. Академиянын эки чоң окуу корпусу, сууда сүзүүчү бассейни, үч гектар жерде ачык спорттук аянты, Орто Азияда жок чоң футболдук манеж, шаардын сыртында туристтик лыжа тебүүчү спорттук комплекси жана эки чоң жатаканасы бар. Биз булар менен мактана да, сыймыктана да алабыз. Бирок, тилекке каршы, акыркы кездерде окуу жайдын материалдык-техникалык базасы өтө эле төмөндөп кетиптир. Болгону мындан төрт жыл мурун манежге пластик терезелер салынып, негизги окуу корпустун жылуулук системасы алмаштырылган экен. Андан бөлөк жарытылуу деле ремонт иштери жасалбаптыр. Айрым залдарыбыз курулгандан бери бир дагы капиталдык ремонттон өткөн эмес. Машыгуучу залдар, өзгөчө жуунучу, кийинүүчү жерлери аянычтуу абалда. Экинчи корпустун чатырынан аккан суу аудиторияларга түшө баштады. Сууда сүзүүчү бассейнибиз болсо 1997-жылдан бери ысык сууга кошулбай калган. Ал дагы каражаттын тартыштыгынан болгон. Ал күн жылыганда гана иштейт. Отоо чөп басып, топурагы сапырылып, каралбай калган стадионубуздун дагы абалы көргөн кишинин зээнин кейитет.
Учурда ушулардын бардыгын капиталдык ремонттон өткөрүп алуу үчүн мамлекеттен акча сурап жатабыз. Ушул окуу жылдын башында бюджеттен анча-мынча акча алып, манеждин чечинип-кийине турган жана жууна турган жайын ремонттодук. Буюрса жакында ишке кирет. Арткан акчага биринчи кезекте капиталдык ремонтко муктаж болгон оюн залын эптеп ремонттоп алдык. Бассейнди болсо Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бессейни кылалык деген максатыбыз бар. Бул тууралуу жакында эле билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана жогорку окуу жайлардын ректорлору менен биргелешип сүйлөштүк. Аны окуу жайлар аралык аскер кафедрасы сыяктуу эле окуу жайлар аралык бассейн кылабыз. Буюрса, бул аракетибиз ишке ашып калса, борбордогу окуу жайлардын бардык студенттери үчүн эшиги ачык болот. Ал эми каралбай каржалып калган стадионубуздун топ ойноочу талаасын жасалма чөп менен жасап беребиз деген инвесторлор чыгып жатат. Эгерде алар дагы бизге жардам берип, стадионубуз көркүнө кирсе борбордогу чоң стадиондордун бири болот.
- Бул академия учурунда дүркүрөгөн, атагы алыска тараган окуу жай эле. Бирок, тилекке каршы, азыркы материалдык-техникалык базасы аянычтуу абалга жетиптир. Өзүңүз билгендей, базасы начар окуу жайда билимдин сапаты да төмөн болот эмеспи.
- Азыр академиянын курамында үч факультет, сырттан билим берген бир факультет, ага кошумча кайра даярдоо факультети, магистратура, аспирантура бар. Күндүзгү бөлүмдө 800гө жакын, сырттан окуган жана жогорку билимдин базасында кайра даярдоо факультетинде окуган 400дөн ашуун, жалпы 1300 чамалуу студент билим алууда. Аларга 121 профессор-окутуучулар сабак берет. Бирок булардын көпчүлүгүн, тактап айтканда, 47% жөнөкөй эле окутуучулар түзөт. Жаш курагынан алганда мугалимдердин 23% отуз жашка чейинкилер, 22% 60 жаштан өйдө, 48-50% алтымыш жашка чейинки мугалимдер түзөт. Акырындык менен мугалимдердин курамын жаш мугалимдер менен толуктоого аракет кылып жатабыз. Бирок окутуучулар курамынын тез-тезден алмашып жатканы биз үчүн чоң проблема болуп жатат. Анын бирден-бир себеби - айлык акынын төмөндүгү. Жакшы эле жаш мугалимдер келишет дагы, биринчи же экинчи айлыгын алгандан кийин кетип калышат. Кээ бир сабактарды өтүүдө аябай кыйналып жатабыз. Өзгөчө чет тилдеринен. Чет тилин билген адистер биздин аз акчага келбей жатат. Ошондуктан ар кайсы окуу жайлардан окутуучуларды жарым ставкага болсо дагы иштеп бер деп суранып, иштетип жатабыз.
Учурда өкмөттө мугалимдердин айлыгын көбөйтүү боюнча жакшы иш башталбадыбы, эгерде ал ишке ашып калса бизге дагы жакшы болмок. Себеби мугалимдерди айлык акынын аздыгынан кармай албай жатабыз. Өзүбүздүн эсептен айлыкка кошумча акча кошуп берели десек, бюджетибиз өтө эле аз. Атайын эсебибизде болгону 13 миллион сом бар. Бир жылдык тапкан-ташыганыбыз ушул. Анан анын 20% салыкка төгүп берип салабыз. Учурдан пайдаланып айта турган нерсе - эгерде ушул 20% салык маселеси чечилип калса биз үчүн абдан жакшы болмок. Себеби тапкан акчабыздын 20 пайызын ичпей-жебей эле өкмөткө төгүп берип жатпайбызбы. Ал салыктан кийин калган он миллион сом биздин эч нерсебизге жетпейт. Мисалы, ал акчага окуу китептерин, компьютер алып, ремонт иштерин жүргүзүп, мугалимдерге айлык беришибиз керек. Анан дагы мурун коммуналдык төлөмдөрдү окуу жай төлөчү эмес. Азыр болсо алардын бардыгы өзүбүздүн мойнубузда. Ошол төлөмдөрдүн бардыгын төлөй келгенде, өзгөчө кышкысын бир топ каражатыбыз кетип калууда. Ушулардын бардыгынан ашкан акча менен материалдык-техникалык базабызды чыңдашыбыз керек. Бирок бул болбогон акчадан ашмак түгүл жетпей калып жатпайбы.
Дагы жакшы жери, биз залдарыбызды ижарага берип жан багып жатабыз. Эгерде алар болбогондо такыр отуруп калмакпыз. Ошол ижарадан түшкөн акчаны кошуп эсептегенде араң бюджетибиз 13 миллионго чыгып жатат. Анан кайдагы заманбап материалдык-техникалык база, кайдагы сапат?
Билимдин сапатын артка тартып жаткан дагы бир чоң себеп - студенттердин мектептеги билим деңгээлинин өтө төмөндүгү болууда. Бизге келген абитуриенттердин даярдыгы өтө начар, бул биздин тынчыбызды алууда. Балдар мектептен билим жагынан да, спорттук жагынан да даярдыксыз келип жатышат. Мурункудай бардык жагынан даяр келген абитуриенттер жокко эсе. Анын үстүнө эмнегедир бизге келгендердин көбү башка окуу жайларга өтпөй калгандар болот. Бөлөк окуу жайлардын эшигин сүзүп, анан такыр болбой калганда бизге келип жатышат. Башкача айтканда, экинчи сорттогу окуу жайдай эле болуп калдык.
Анын үстүнө биз абитуриенттерди Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эмес, ички сынак менен кабыл алабыз. Бюджеттик группалар толугу менен толот. Бирок контракттык группаларга студенттерди топтоо кыйын болуп жатат. Анын үстүнө бизде башка окуу жайлардагыдай чоң конкурс деле болбойт. Бир орунга көп болсо эки бала тапшырат. Андан ашпайт.
Биздин мындай абалга кептелип калганыбыздын себептери да бар. Менимче, биринчиден, буга үгүт иштеринин начардыгы себепкер. Каражаттын тартыштыгынан жер-жерлерге үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бир дагы киши чыкпай калган. Буюрса бул жылы кызматкерлерди, окутуучуларды 4-5 күнгө кичи мекенине үгүт иштерин жүргүзүп келүүгө жөнөтөлү деп жатабыз. Практикага чыккан студенттерди дагы барган мектептерине көргөзмөлүү оюндарды көрсөтүп, окуучуларды спорт менен машыгууга чакырууга үндөөдөбүз. Бирок мындан алгылыктуу жылыш болбой жатат.
- Окуу жайга тапшырууну каалаган абитуриенттер аз болуп жатса, эптеп эле орун толсо болду деген ой менен тапшырган балдарды билим деңгээлине карабай кабыл ала бербейсиздерби?
- Бизге жөн эле каалаган бала келип окуй албайт. Академияга тапшырган балдардын ошол эле музыкага болгон жөндөмү сыяктуу кандайдыр бир деңгээлде спортко болгон шыгы болушу керек. Аларды биз жөн эле орун толтуруу үчүн кабыл алып алсак, алар эртедир-кечтир окуудан чыгып калышат. Ошондуктан биз баланын билимине, анан шыгына карап кабыл алабыз. Ошого да карабастан шыгы жок балдар келип калат, бирок алар акыры сүрүлүп отуруп сыртка чыгып калышат. Бирок, тилекке каршы, бардык жагынан даяр, төп келген балдар азыраак болуп жатат.
- Азыр эмнегедир жаштардын мугалим болгусу келбейт. Жылда миңдеген педагогдор окууну бүтүп жатканы менен республикада мугалимдердин тартыштыгы жоюлбай келет. Дене тарбия сабагынын мугалимдери дагы жетишпейт. Силер студенттерди бюджеттик негизде акысыз окутуп жаткандан кийин, алардын кайра мектепке мугалим болуп барышын талап кыласыздарбы?
- Биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусу көйгөйлүү маселелердин бири болууда. Студенттердин көпчүлүгү бюджетте окушат. Аларды биз бүтүп жатканда жолдомо менен жер-жерлердеги мугалим жетишпеген мектептерге жөнөтөбүз. Бирок мектептер аларды көпкө кармай албай жатат. Балдар алгач бөлүнгөн жагына барып, бир, эки ай иштеп, айлыгын алгандан кийин качып кетишүүдө. Анткени алга-күчкө толуп турган жаш балдар ал акчага ыраазы болушпайт. Алар ичиши, эл катары кийинип, ары-бери басышы керек, үй-бүлөлүүлөр болсо үй-бүлөсүн багышы керек. Анан мектептен алган акчасы ага жетпей турса кетип калышат да. Эгерде мугалимдердин айлыгы көбөйсө биздин дагы студенттерибиздин саны көбөйүп, окуткан балдарыбыздын жумушка орношуусу жолго коюлмак. Себеби мугалимдин айлыгы 7-8 миңге жетсе, айылда эң көп акча алган мугалимдер болуп, алардын кадыр-баркы көтөрүлүп, мугалимдер мектепке кайтып келишмек.
Бизге келгенде балдардын бардыгы оптимист болуп, мен мугалим, тренер болуп иштегим келет деп келишет. Бирок, иш жүзүнө келгенде, андай болбой жатпайбы. Бирок мыкты чыккан спортсмендерибиз көп. Студенттерибиздин көпчүлүгү Кыргызстандагы спорттун түрлөрү боюнча курама командаларынын мүчөлөрү.

Маектешкен
Чолпон Кийизбаева,
"Кутбилим"