presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тарбиялык саат

Курманжан Датка - алай ханышасы
(Датка энебиздин 200 жылдык мааракесине карата)
Сабактын максаты: а) Окуучуларга Датка энебиздин ким экендигин, кыргыз тарыхынан алган ордун, басып өткөн жолун кеңири түшүндүрүү.
б) Эркин сүйлөөгө, сөз байлыгын, ойлоо жөндөмүн өстүрүүгө көмөк көрсөтүү.
в) Эли-жерин, эне тилин сүйүүгө тарбиялоо менен бирге айкөлдүккө, боорукердикке, акылмандуулукка, намыскөйлүккө тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Датка энебиздин сүрөтү, Т.Касымбековдун "Кел-кел" романы, буклеттер, плакаттар, 50 сом акча, скотч, маркерлер.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Тил Гимнин музыканын коштоосунда ырдоо, саламдашуу, класс тазалыгына көңүл буруу, жоктоо.
Сабактын негизги бөлүгү:


Адегенде, силер Датка энебиз жөнүндө кандай маалыматтарды билсеңер жана эмнени билгиңер келсе, дептерге ББкБ таблицасынын 1,2-мамычаларын толтургула. Эң акыркы "билдим" деген мамычасы сабактын аягында пайдаланылат.
Билемин Билгим келет Билдим

Окуучулар өз алдынча иштешет. Жазгандарын окуп беришет. Андан соң мугалим окуучулардын "билгим келет" мамычасынын суроолору боюнча кошумча маалыматтарды берүү менен сабакты баштайт.
Мугалим: Балдар бул эмне?
Жооп: Бул акча.
Мугалим: Канча сом?
Жооп: 50 сом.
Мугалим : Кимдин сүрөтү тартылган?
Жооп: Курманжан Датка энебиздин сүрөтү.
Мугалим: Датка энебиз жөнүндө эмнелерди билесиңер?
Жооп: Бул энебиз Алай жергесинен чыккан, "Алай ханышасы", айтылуу Алымбек Датканын жубайы - бул Курманжан Датка.
Мугалим: Азаматсыңар, балдар! Анда эмесе, балдар, биздин бүгүнкү сабагыбыз силер айткан "Алай ханышасы" Курманжан Датка энебиз жөнүндө болмокчу.
Акылман десе акылман,
Курманжан кандай асыл жан.
Кошкон соң элин оруска,
Түштүккө кимдер катылган.
Хан таажысын кийбеген,
Хандан артык бийлеген.
"Ханике", "Датка" аталып,
Курманжан өткөн дүйнөдөн, - деген ыр саптарында айтылгандай Курманжан Датка ким экендигин, анын басып өткөн татаал жолун, кыргыз элине көрсөткөн камкордугу, эли-жери үчүн жан аябай иштеген мээнеткечтиги, алгачкы саясатчы аял экендигин, энебиздин сөзгө берген баасын, чечендигин, энелик тагдырын билүү максатында тарых барактарына назар салып көрөлүчү.
Эчен жылдан бери элинин эсинен чыкпай келе жаткан - бул асылзаада аял, чындыгында, ким болгон? Көрсө карапайым орокчунун кызы экен. Курманжан Кара-Суу районунун Мады кыштагында 1811-жылы "көптүн арасында, көчтүн карасында" жүргөн, аты белгисиз муңгуш уруусунун жапалак уругунан Мамытбай деген карапайым адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Жаштайынан тың, акыл-эси, ой-туюму башкалардан өзгөчө эле. Бири-бирине күйүмдүү калың журттун түйшүгүн, жашоо шартына, жакшы нускасына ылайык таалим көргөн. Курманжан он сегиз жашка толгондо, анын карапайым үй-бүлөдөн чыкканына карабай колунда бар Түрүгүл бий өзү куда түшүп, Кунсейит деген уулуна алып берет.
Эр деп эле этегин кармаган менен өмүрү текке өтөрүн сезген кыз салтка да карабайт.Себеби акыл-парасаты пас, эр көкүрөк деми жок Кунсейиттин "мал" болбосун сезген Курманжан тез эле күйөөсүн чанып, атасынын төрүнө кетип калат. Ал убакта күйөөсүнүн башын аттаган аял жокко эсе болгондуктан, энебиздин бул кылыгы эл оозуна алынып, жамандык эмес, эрдик катары "кыйын экен" дешип дүң кылышат. Курманжандын бул аңызы ошол кездин таасирдүү адамы Алайдын беги Алымбек Датканын кулагына угулат. Алымбек Датка Курманжандын зиректигине, акылдуулугуна, сыпайы мүнөзүнө көзү түшүп, ага жуучу жиберет. Анда Курманжан: "Датка, менин башым байлануу, никеден шарият боюнча ажыратмайынча сиз эмес, Кокон ханы да мага үйлөнө албайт", - деп жооп берет. Ошондо Алымбек Курманжандын башын ачуу үчүн никедеги күйөөсү Кунсейитти чакырып ажыратат да, өзүнө нике окутат. Ошентип 1832-жылы эл тагдыры үчүн жоголгон асыл адамдардын тагдыры ушинтип биригип баш кошкон. Алымбек Датка менен 29 жыл жашап, 5 балалуу болушкан. Курманжан акылдуу аял катары өгөй баласы Жаркынбайды да өз баласындай көргөн.




Сахна-сабак

Скобелев: - Келиңиз, урматтуу даткайым.
Курманжан: - Жараткандын калк ичинде ар түркүн миң аты бар, кайсы аты атап сыйынсак да баарыныкы бирдей. Ырас, бир адам атанын тукуму болгон соң, өңү-түсү, сүйлөгөн тили, тутулган дини, көнгөн адаты, малынын бөлөктүгүнө карабай түшүнбөй турган ой-санаа, келишпей турган кеп болмокпу, жылышпай турган иш болмокпу?
Биз келишер шартнааманын эртеңки өтүмдүүлүгүнө орустун өз баласы сиз, сизди гана карманабыз, урматтуу улугум.
Скобелев: - Кадырыңыз жан болсун, урматтуу Ханике айым. Ишендирип кетейин, Россия өз кол алдына караган калктардын жашоо тирилигине, тарткан динине кысым көрсөтпөйт, ал калктар империянын мүдөөсүнө каршы чыкпаса.
Автор: Курманжан Датка башын ийкеп, шартнааманы Скобелевге берет да:
Курманжан: - Окуңуз шартнааманы.
Автор: Окуйт, кол коет, Курманжан мөөрүн басат.
Скобелев: - Куп болот, урматтуу Ханике айым, сизге орус аскери, аскердик чин жана "Кара кыргыз Ханикеси" деген урматтоо ылайык табылганын көпчүлүк алдында жарыялоо өз вазифам деп эсептейм.
Курманжан: - Ыраазымын, урматтуу улугум, каны бир кыңырыкты таштаганым - куралымды таштаганым, жети ачкычты таштаганым - жети шаарлуу Коконду өзүңүзгө тапшырганым. Эми мага атак зарыл эмес, улугум! Ыйык шартнаамага ылайык, журтум тынч болсо деп гана тилеймин.
Автор: Скобелев Курманжанга ыраазычылыгын билдирип, кооз чапан жаап узатты.
Мугалим: - Мына, балдар, көрдүңөрбү, карапайым калктын таламын талашкан, өзүнүн жеке керт башынан элдин жашоосун, тагдырын жогору койгон "Ханике айым" Курманжан энебизди.






Энелик тагдыры

Аял - жар, аял - эне. Курманжан энебиздин дагы бир эл оозунда калган даңкы уулу Камчыбекке тиешелүү. Жалган жалаа менен орус жазалоочулары уулу Камчыбекти дарга асышат. Эл алдында Курманжан Датканын коштошоор сөзү: "Жашыба, балам, душманың сөз кылбайбы. Жашыды, майтарылды деп таба кылбайбы. Сал, сыйыртмакты моюнга!" - деген кайрат сөзү болуптур. Байкасаңар, сөздүн өзүндө канчалык энелик күйүт, сыймык жатат. Уулун дарга асканда аркан үзүлүп кетип, эч качан башы ийилбеген Курманжан: "Жараткан Алла өзү актап жатат! Баламдын күнөөсү жок! Жаза бир, өлүм бир. Баламды бошоткула!" - деп чыгат. Бирок талабы орундалбайт. Чыр чыгарчу болсо куралчан орустар аз сандагы кыргызды жайпап кетерин сезген Курманжан элин айланта карап алып айласыз токтогон экен. Бул энебиздин эли үчүн болгон дагы бир курмандыгы эле. Энелик курмандыгы болчу.
Мугалим: Мына, балдар, биз тарых барактарынан Курманжан энебиз жөнүндө бир канча маалыматтарды билип алдык. Эмесе, ББкБ усулунун үчүнчү "билдим" деген мамычасын толтургула. (Окуучулар ар бири жеке толтуруп жазышат.)
Мугалим: Балдар, сабакты бышыктоодо синквейн, кластер усулуна көңүл бурабыз.Окуучулар алдын ала даярдалган плакаттарга синквейн, кластер усулдарын доскага чыгып иштешет.





Алгачкы саясатчы аял

Адатта ал кезде аял очокту, тиричиликти гана билген. Бирок Курманжан тез эле элге алынып, Алымбек Датканын кеңешчисине айланат, башкача айтканда анын саясий ишмер болушуна Алымбектин таасири чоң. Ордо жана коомдук иштерге аралашып, өз жөндөмүн өзгөчө түшүнгөн. Нүзүп өлгөндөн кийин аталыктын ордун кыргыз элине Алымбек Датка талашып чыгат. Датканын элди имерип келе аларын сезген Курманжан өзү демилгечи болуп жөнөшөт. Ал тургай саткындардан мизи кайтып, тактан баш тартып келе жаткан Алымбектин тизгинин буруп, Курманжан айтат: "Элди ээрчиткен эрден баш калкалап кете турган болсо, беш тайпа журттун абалы эмне болот? Жүрөксүй тургандай артыңда эч кимиң болбосо бир жөн. Артыңда беш уулуң, эртеңки беш Алымбек турбайбы?", - деп кайра жөнөтөт. Мына аялдын акылынын тунуктугу, кашкөйлүгү. Бул коогалаңдуу так талашта 1862-жылы козголоңчулар тарабынан Алымбек Датка каза табат. Ал учурда Алымбек Датканын ордодогу ордун баса турган Кокон хандыгына таасирлүү адам жок эле. Аял экенине карабай Курманжанга Датка атагы берилет. Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Азиянын тарыхында биринчи жолу аялга саясий титул берилип жатышы эле. Ушундан баштап Курманжан Датка кыргыздардын ичинен Кокон хандыгына таасирлүү саясий фигуралардын бирине айланат. Ошентип 1862-жылдан баштап Алайды башкарууну Курманжан өз колуна алган. Курманжан Датка кыргыз элин өзүнүн акылдуулугу менен өмүрү өткөнчө башкарып, 1907-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Оштогу Сулайман тоонун этегине коюлган.





Курманжан энебиздин колдоочусу болгонбу?

Курманжандын колдоочусу кызыл жолборс болгон. Ал ар дайым Курманжан менен бирге жүрчү. Эгер уктаса аягына жатчу, отурса оң кол жагында отурат эле, жакшы адам менен сүйлөшсө унчукпай үргүлөп отура берчү, эгер ичи жаман кара ниет адам болсо, түктөйүп жинин келтирип карачу.
Кокон хандыгы кулагандан кийин жер жайнаган орустар бир толкуса кыргыздан тукум калбасын сезген Курманжан генерал Скобелевдин чакыруусуна көнүп, шартнаамага, азыркыча айтканда келишимге мөөр басат. Дал ошондой опурталдуу, айласыз калган учурларда дагы караңгыда көз таап, капилеттен сөз таап, кыргызды тарыхтын тар жол, тайгак кечүүлөрүнөн аман-эсен алып чыгып жүрүп отурду.
Анда эмесе, балдар, кыргыз элинде "Миң уккандан бир көргөн артык" деген сөз бар эмеспи. Азыр баарыбыз Т. Касымбековдун "Кел-кел" романынан Курманжан Датка энебиз менен орустун генералы Скобелев менен жолугушуп, элдин тагдырын ойлоп, кам көргөн сахна-сабакка көңүлүңөрдү бурамын.




Датка энебиздин сөзгө берген баасы

Кыргыздын башын кошуу үчүн түндүк уруулары ал кездин мыкты чыкмасы, атактуу Шабданды жесир Курманжан Датканын колун суроого жиберишет.Даанышман Датка айымдан сүрдөп кеткен Шабдан: "Саламатсызбы, апай" (апай айрым аймактарда эже маанисин берсе, айрым жерлерде эне дегенди билдирет) деп жибергенин байкабай калат. Сыпайы жылмайган Курманжан меймандарды коноктоп, алардын мүдөсүн угуп, мындай дейт: "Сөз - бул улуу нерсе. Кирип келгенде сиз мени апай деп атадыңыз. Эми экөөбүзгө никеге жол жок. Капачылык болбосун", - деп жылуу-жумшак сөз менен кайтарып жиберген экен.


Сабактын акырында: Мугалимдин жыйынтыктоо сөзүнөн кийин окуучулар Курманжан Датка энебиз жөнүндө ырды хор ырдашат.
Yй тапшырма: "Курманжан Датка - Алай ханышасы" деген темада эссе жазып келүү.

Мелисбек Матраимов,
Сузак районуна караштуу №71 Нышанбай Алыкулов атындагы орто мектебинин
кыргыз тили жана адабияты мугалими.





"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o