presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

  Билим жана биримдик

Туура таалим - сабырдуулукка өбөлгө
7-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде "Билим берүү тутуму аркылуу жергиликтүү коомдоштуктарда сабырдуулукту бекемдөө" деген темада терегек стол өткөрүлдү.

Адегенде Крым шаарында "Интеграция жана өнүгүү" маалымат-изилдөө борбору менен Украинанын Улуттук илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Крым бөлүмү иштеп чыккан "Ынтымак маданияты" курсунун жүзачары болду. Курстун зарылдыгы, өзгөчөлүктөрү, мазмуну, кандайча жүзөгө ашырылып жаткандыгы, алгачкы натыйжалары жөнүндө Украинадан келген адистер М.Араджиони, О.Смирнов, Г.Коншина, И.Брунова-Калисецкая айтып беришти.
Албетте, мындай зор тажрыйба кыргыз тарапты абдан кызыктырат. Ошондуктан Европа коопсуздук жана кызматташтык кеңешинин, Улуттук азчылыктар иши боюнча жогорку комиссарынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү сектору Социалдык интеграция борбору менен биргелешип ушул жолугушууну уюштурду. Маселени талкуулоого Жогорку Кеңеш депутаттары, Президенттин аппаратынын өкүлдөрү, БИМдин жетекчилиги да катышты.
Алыстан келген кесиптештери менен баарлашып калуу үчүн республиканын ар кайсы аймактарындагы билим берүү мекемелеринин, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, билим жаатындагы көз карандысыз эксперттер да жыйылды. Алар украиналык усулчулардын сөзүн абдан кызыгып угушту, көптөгөн суроолорду берип, жообун алышты. "Ынтымак маданияты" курсунун жүзачары 8-10-февраль күндөрү биздеги окутуучулар, социалдык кызматкерлер, башталгыч жана орто билим берүүчү мектептердин усулчулары үчүн семинар-тренингдер түрүндө улантылды.


Кошумча маалымат: "Ынтымак маданияты" курсу боюнча Украинада 14 аталыштагы окуу китептер жана усулдук колдонмолор чыгарылган. Бул курстан сабак бере турган окутуучулар менен мугалимдер үчүн 54 сааттык семинар-тренингдер 60тан ашуун ирет өткөрүлгөн. Окуучулар жана студенттер менен эле чектелбей, чоңдор менен да бул багытта иш жүргүзүү ыкмаларын үйрөтүүчү курс өзүнчө жүргүзүлгөн.





Олег Смирнов, "Интеграция жана өнүгүү" маалымат-изилдөө борборунун төрагасы, Таврия улуттук университетинин доценти:
"Кыргызстанда ынтымак болсун!"
- Крымдын тарыхый тагдыры кандай оор болгонун билесиздер. Бүтүндөй этностор мажбурлап көчүрүлүп, алардын ордуна башка улут өкүлдөрү отурукташып, кийин СССР кыйраганда түпкү элдин өкүлдөрү ата-бабасынын жерине кайра келгени… мунун баары оңой болгон жок. Айрыкча соңку он-жыйырма жыл аралыгында өтө кыйчалыш кырдаалдар түзүлүп, коомдогу чыр-чатактардын алдын алууга ар бирибиз колубуздан келишинче салым кошуубуз керек эле. Көчүрүлгөн элди жаманатты кылган көз караш кеңири жайылтылган болчу. Крымдын көп улуттуу калкын мунасада жашоого көндүрүү зарылдыгы келип чыкты. Маселе славяндар менен мусулмандарга эле эмес, эгемен республиканын шартына орус тилдүү калктын ыңгайлашуусуна да байланыштуу чиеленишкен. Утурумдук, бир жолку иш-чаралар менен бул татаал маселени чечүү мүмкүн эмес. Андыктан биз илимий, педагогикалык, коомдук жамааттардын, бийлик органдарынын өкүлдөрү биргелешип, узак мөөнөттүү, системалуу чоң ишти баштаганбыз.
Украина формасы боюнча унитардык, бирок калкынын курамы боюнча көп улуттуу өлкө. Көп улуттуулук саясатта, билим берүү чөйрөсүндө эске алынбай келген болчу. Бактыга жараша, бизде улут аралык тирешүүлөр кандуу кагылышууга жеткен жок, ар кайсы жерлерде чыккан каршылашуулар убагында тынчытылып, чыр-чатактын алдын алууга жетишкенбиз.
Долбоорубуз негизинен билим жаатында жүргүзүлүүдө. Себеби чоңдордун калыптанып калган сенек көз карашын өзгөртө албайсың, айрыкча улут аралык кагылышууну баштан өткөргөн кишилердин жибиши кыйын. Балдардын аң сезими таза, тунук, тилди оңой үйрөнөт, көп маданияттуулуктун артыкчылыктуу жактарын кабылдоого ийкемдүү келет эмеспи. Биз учурдагы жагдайда жөнгө салуу менен чектелбей, алыскы келечекке карай ырааттуу иштешибиз керек экендигине көзүбүз жетет. Чыр-чатактуу кырдаалдардын эртелеп алдын алуу боюнча биздин тажрыйба башкаларга да пайдалуу болот деп ойлойбуз. Кыргыз достор долбоорубуздун жүзачарына абдан кызыгуу менен катышып, түркүн суроолорду беришти.
Мектепке чейинки билимден жогорку билим тутумуна чейин улантылуучу сегиз жылга ылайыкталган курс Крым Автоном Республикасынын окуу жайларынын теңинен көбүндө киргизилүүдө. Окуучулардын жаш курагына жараша түркүн усулдар иштелип чыккан. Максатыбыз жөн гана маалыматтарды берип коюу эмес, жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу болгондуктан, ийримдер, класстык сааттар, майрамдар сыяктуу түркүн иш-чаралар да бул курстун бирдиктүү тутумуна кирет. Көп маданияттуу, көп тилдүү чөйрөдө жашоо көндүмдөрүнө ээ болгон бала келечекте улут аралык чыр-чатактарга тукуруучуларга азгырылбайт, ар кандай жаңжалдуу кырдаалдарга аз кабылат. Биз иштеп чыгып жүзөгө ашырып жаткан курс башка аймактар үчүн да пайдалуу болот деп ойлойбуз. Дал ушул курс Макс ван дер стул атындагы эл аралык сыйлыкка арзыганы бекеринен эмес. Бул сыйлык Нидерланды королчулугунун өкмөтү тарабынан ар эки жылда берилет. Долбоорубуз Балкан аймагында, Украинанын башка аймактарында, мурдагы Советтер Союзуна кирген айрым республикаларда (мисалы, Молдовада, Приднестровьеде) тааныштырылды. Улут аралык тирешүү же кагылышуу болгон жерлерде биздин тажрыйбаны кызыгуу менен үйрөнүп жатышат. Кыргызстанга келгендеги биздин максатыбыз - ишибиз менен тааныштыруу. Биздин тажрыйба сиздерге канчалык ылайык келерин, кандай колдонуларын айтууга али эрте.
- Украина менен Россиянын тарыхы эки мамлекеттин окуу китептеринде эки башкача, дана улутчул же шовинисттик көз карашка сугарылган түрдө баяндалат дешет. Ушул сабактын мазмунун касташтыруучу маалымат вирусунан арылтуу боюнча демилге көтөргөн жоксуздарбы?
- "Тарыхты жеңүүчүлөр жазат" деген кеп бар. Тилекке каршы, ушундай кара мүртөздүк илгертен боло келген. Саясатташкандык, идеологиялашкандык азыр да сезилип турат. 90-жылдардагы окуу китептерде украиндер менен орустардын же крым татарларынын жүз, эки жүз жыл мурдагы чатактары жөнүндө өтө одоно жазылган жерлерин кездештирүүгө болор эле. Жана отурган эки улуттагы балдар өздөрүн кандай сезерин эч ким ойлогон эмес. 20 жылдан бери Украинанын тарыхы боюнча окуу китептер төрт ирет жаңыртылды. Тарых сабагынын мазмуну, окуу китебинин тили, маалымат берүү ыгы башкача болууга тийиш. Азыр бул багытта изденүүлөр жүрүп жатат. Биз бир жактуу эмес, көп түрдүү көз караштарды айтууга, талкуулоого шарт түзгөн усулду жактайбыз. Украинада "Тарых окуу китептериндеги сабырдуулук" аттуу чоң долбоор жүзөгө ашырылууда. Анын алкагында окуу китептердин мазмуну иликтенип, түркүн көз караштагы илимпоздордун пикирлерин жалпылаштырууга аракет жасалып жатат.
Биз кимдики туура, ким күнөөлү дебей, түркүн көз караштарды тартынбай айтууга шарт түзүшүбүз керек. Илгерки согуштарды сөзгө алганда, азыркы турмушта ошондой алааматтар кайталанбашы үчүн эмне кылуу керектигине көбүрөөк көңүл буруп, талкуу жүргүзөбүз. Ошондо сабырдуулук маданияты калыптанат.
- Орусча гезиттерибизди барактасаңыз, соңку мезгилде тил саясатына байланыштуу талаштар курчуп баратканын байкагандырсыз. Талаштын эң эле түйүндүү жери - мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүүбү же анын тил билгиси келбеген укугун сыйлоо керекпи дегенге такалат. Украинада украин тилин билбеген адам мамлекеттик кызматта иштей алабы?
- Мамлекеттик тилди билүү - бул мамлекеттик кызматкердин милдети. Мында эч кандай эки ача жагдай болбошу керек. Украинада президент бат эле көнүп кетти, премьер-министр украинчеден бир топ кыйналып жатат. Ырас, биздин Крым автономдуу республикабызда үч тилди расмий деңгээлде колдонуу жөнүндө да сөз болгон. Бирок жалпы мамлекеттик деңгээлде украин тилин ар бир чиновник билүүгө тийиш. Татар улутундагылардын баарын украинче билгиле деп кыстоо да анча туура болбойт. Мисалы, соттордо, чогулуштарда азчылыктардын тилин колдонуу укугу бекемделиши зарыл.
- Биздеги саясый жагдай кандай көрүнөт?
- Кыргызстанда болгон окуяларды баарыбыз абдан тынчсыздануу менен угуп турдук. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу эле эмес, досторубуз, кесиптештерибиз менен сүйлөшкөндө да колдон келишинче көбүрөөк билүүгө умтулдук. Бирок сырттан караган адамга көп нерсени түшүнүү кыйын. Биз берген баа үстүрт болуп калышы ыктымал. Бир гана каалаганым, сиздердин өлкөдө социалдык кыйроо кайталанбаса экен деп тилейм.

Жолдош Турдубаев




"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o