presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



3-КЛАСС (34 СААТ)
I чейрек (9 саат)
Өз ара алака-мамиле

Киришүү. (1 саат)
Этика жана этикет түшүнүктөрүнүн маанисин чечмелөө. Аларды адептүүлүк, ыймандуулук деген түшүнүктөрдүн мааниси менен айкалыштырып, кеңейтип түшүндүрүү. 2-класста өтүлгөн урунттуу темаларды эске түшүрүү жана кайталоо. "Адеп күндөлүктөрүн" ачуу, аны алып баруу эрежелерине токтолуу.
Жакшы деген эмне? Жаман деген эмне? (1 саат)
"Жакшы деген бир ат бар, кууса жеткис, жаман деген бир ат бар, жууса кеткис". Макалдын мааниси эмне жөнүндө? Эмне үчүн "жаман бала жок, жаман мүнөз бар" деп айтышат? Жаманатты (жаман аттуу) болуу - адепти, тартипти сактабоодон башталат. Тартип - убакытты үнөмдөйт, жүрүм-турумду калыпка салат, эркти чыңдайт. Өзүнүн үйдөгү жана класстагы жүрүм-турумун, ишин иреттүү уюштуруу - жакшы аттуулукка багыт берет.
Менин биринчи тарбиячым. (1 саат)
Менин биринчи адептик тарбиячым ким (мисалы, агай-эжейим, ата-энем ж.б.)? Мен алардан кандай адептик тарбия алдым? "Агай", "эжей" деген сөздөрдүн адептик маанисине токтолуу (мугалим окуучулар үчүн "агасындай", "эжесиндей" эң жакын адам). Окуучулар да аларга - агасына, эжесине жасагандай ыйбаалуу, урмат-сыйлуу мамиле жасоосу керек. Агай-эжейлердин туулган күнүн билүү жана аларды куттуктоо. "Мугалим - окуучу" өз ара мамилесинин эрежелери такталат.
Ата салтын сакта, эне адебин бил. (1 саат)
Баланын төрөлүшүн жана өсүп-торолушун коштогон элдик салттуу жөрөлгөлөр тууралуу маалымат берүү (оозандыруу, азан чакырып ат коюу, кыркын чыгаруу, жентек, бешикке салуу, тушоо кесүү ж.б.). Аларда балага арнап берилүүчү батанын маанисин ачып түшүндүрүү. Ошондой эле алкыш, бата, куттуктоого карата баланын кайтаруучу сөздөрүн үйрөтүп, маанисин таалимдөө.
Улуу-кичүү менен мамилелешүү адеби. (1 саат)
Эмне үчүн "Адамды сөзүнөн тааны" дейт? Сүйлөшүү учурунда сылык болуу. Сүйлөшүп жаткан адамдын сөзүн кунт коюп угуу, сөзүн бөлбөө. Бирөөнүн башкача пикирин сыйлоо, талаш-тартышта сабырдуу, токтомдуу болуу. "Сөз билбеген муштуму менен коркутат". Өзү эле сүйлөй бербей, сөздү конокко берүү, өз оюн бирөөгө таңуулообо. Сүйлөшүп жаткан адамдын оюн түшүнүүгө аракеттенүү.
"Уялбагандан өзүң уял". (1 саат)
Бул макалдын мааниси эмне тууралуу? Уяттуулук - ар дайым адептүүлүктүн белгиси болуп эсептелет. Уяттуу адам - берген убадасын өз убагында, так аткарат, айткан сөзүндө турат, ууру кылбайт, ушак сүйлөбөйт ж.б. Уятсыз адамды кылган ишинен, сүйлөгөн сөзүнөн гана эмес, кийген кийиминен да байкоого болот. Өзүн сыйлабаган адам башкаларды да сыйлабайт. Сөзүнө турбай, уят болгон бала жөнүндө ролдуу оюн.
"Ак чөп башта". (1 саат)
Эгер адам сөздөн жаңылса же туура эмес иш жасап алса, "ак чөп башта" деп, сөздү кайра ала билүү же кечирим суроо - адептүүлүктүн белгиси. Адамдын жакшы жагын көрө билип, аны колдоп, сүрөп мамиле жасоо - өз ара алака-мамиледеги ийгиликтин ачкычы. "Ачуу тил - жыландын заары, таттуу тил - жүрөккө дары".
Терс сапаттардан кантип арылуу керек? Практикалык сабак (1 саат).
Турмуштук кырдаалдарды чагылдырган ролдуу оюндар аркылуу тентек, орой, көйрөң баланын образын түзүү. Аларды оңдоонун практикалык жолдорун сунуш кылуу.
Мугалимдин ыктыярындагы саат. (1 саат)

II чейрек (7 саат)
Үй-бүлөдөгү адеп

Ынсаптуулук, топуктуулук. (1 саат)
"Өзү тойсо да, көзү тойбойт" деген аныктама кандай адамдар тууралуу айтылган? Тамакка үзүлүп түшүп, сугалактык кылбоо. Тамактануу учурунда өзүн топуктуу кармап, адептик эрежелерди сактоо. Өзүндө бар нерсени баалап, аны жакшылап урунуп, башканын баалуу буюмуна, мүлкүнө көз артпоо. Ар дайым ынсаптуу, топуктуу, каниеттүү болуу.
Текеберчилик. (1 саат)
Текеберчилик жана ысырапкорлук - адепсиз сапаттарга жатат. Сүттү, нанды сыйлоо. Нандын күкүмүн жерге таштабай, чымчыктарга, тоокко чачып берүү. Тамактын калдыгын күчүккө куюп берүү. Эч бир тамакты текеберленип, ысырап кылып жерге таштабоо. Бар нерсени баалай билүү. Текеберчилик жана ысырапкорлук - жокчулуктун кабарчысы.
"Адам болуу аста-аста…" (1 саат)
Бул макал кандайча уланып айтылат? Алардын маанисин чечмелөө. Маанилеш макал-ылакаптардан, учкул сөздөрдөн мисал келтирүү. Өзүн-өзү тарбиялоо боюнча адептик осуят (девиз) иштеп чыгуу. Жума ичинде өзүн-өзү тарбиялоо боюнча жекече пландуу иш-чараларды аныктоо. Кийинки жумада аларды аткаруунун жыйынтыгын текшерүү. Айрым кемчиликтердин себептерин талдоо. Ийгиликтерди кубаттоо.
Улуттук дасторкон адеби. (1 саат)
Дасторкондо улуулата орун алуу. Уул жана кыз балдардын отуруу адеби (сыңар тизелөө, мандаш урунуу ж.б.). Колго суу куюу, чыны сунуу, табак тартуу адеби ж.б. Кайсы жилик кандай аталат, кайсы устукан кимге тартыларын билүү. Эт жасоону, тууроону үйрөнүү. Ыраазылык билдирүүдө, бата кылууда айтылуучу сөздөр.
Улуттук оюн адеби. (1 саат)
Улуттук оюндар - улуттун акыл жана адептик жүзү. Ар бир оюндун өз максаты, өз эрежеси бар (ордо, тогуз коргоол, улак тартыш, балбан күрөш, эр оодарыш, жоолук таштамай, топташ ж. б.). Аларды так билүү, эрежелерди туура сактоо, оюн учурунда адилет, калыс болуу - адептүүлүк. Улуттук оюндар - уул-кыздар билиши жана ойношу керек болгон сыймыктуу адептик дөөлөт-мурастарга жатат.
Мен эмнени үйрөндүм? (Практикалык сабак). (1 саат)
Сабак окуучулардын мектептеги жана үй-бүлөдөгү жүрүм-турум адебин бышыктоого арналат. Турмуштук ар түрдүү кырдаалдарда окуучулардын жогоруда аталган адептик сапаттарга көнүккөндүгү текшерилет. Тийиштүү адептик сапаттарды көрсөтүү боюнча ролдуу оюндар ойнолот.
Мугалимдин ыктыярындагы саат. (1 саат)

III чейрек (9 саат)
Коомдук жайлардагы адеп

"Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат". (1 саат)
Эмне үчүн билимдүү адам күчтүү болот? Илим, билимдин адам жана коом турмушундагы ролу жөнүндө кыскача түшүнүк берүү. Билимдүү, илимпоз, ойчул, көсөм ж.б. түшүнүктөрдүн маанисин ачуу аркылуу окуучуларды дилгирликке, ышкыбоздукка, чыгармачылыкка, өз алдынча ой жүгүртө билүүгө шыктантуу.
"Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө". (1 саат)
Бул макалдын мааниси эмне тууралуу? Аны талдоо аркылуу өз ара мамиледе ар бир адам өзүнүн айткан сөзүнө өтө сак болушу керектигин таалимдөө. Орунсуз айтылган бир сөз, жөнсүз салыштыруу, калпыс баа берүү, адилетсиз сын башка адамдын көңүлүн оорутуп, аны капа кыла тургандыгын мисалдар аркылуу чечмелеп түшүндүрүү.
Өз өлкөсүнүн атуулу болуу деген эмне? (1 саат)
Атуул деген ким? Атуулга мүнөздүү болгон адептик сапаттар жана касиеттер кайсылар? Үч башатын: ата-энесин, ата мекенин, эне тилин сүйүү, аларды ардактоо жана даңктоо - ар бир атуулдун мойнундагы ыйык парзы болууга тийиш.
Эл ичи - адеп кенчи. (1 саат)
Эл ичинде эзелтен айтылып келе жаткан адептик акыл-ойлор, макал-ылакаптар, санат-насыят, накыл, учкул сөздөр, айтымдар - адамдар үчүн адептик алтын эрежелер, өз ара мамиленин өрнөгү, жашоонун жазылбаган мыйзамдары болгон ("Биссимилла" деп баштоо, "Буйруса" деп коштоо, "Оомийин" деп бүтүрүү ж.б.).
Жомокчулар (манасчылар), акындар - элдин тарбиячылары. (1 саат)
Жайсаң ырчы, Тыныбек, Сагымбай, Саякбай жомокчулар (манасчылар), Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы тууралуу кыскача аңгеме. Элдик өнөрдүн учугун улаган класстагы кичинекей жомокчунун же акындын өнөрүн угуу. "Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген. Балбан болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн". (Токтогул).
"Ырыс алды - ынтымак". (1 саат)
"Ынтымак бар жерде - ырыс бар", "Ынтымак - достордун жолун ачат, ынтымак болбосо, ырысың качат", "Ырыс алды ынтымак, ынтымагың болбосо, алдыңдан таяр алтын так" деген нускалардын негизинде аңгеме жүргүзүү. Класстагы жана мектептеги ынтымактын жемишин көрсөтүү. Балдар-кыздар ортосундагы ынтымакты бекемдөө.
"Курама темир курч болот". (1 саат)
Макалдын мааниси эмне тууралуу? Өз элинин жана Кыргызстанда жашаган башка улуттардын маданиятын, тилин, динин, адат-салтын сыйлай билүү. Башка улуттардын адат-салтын, маданиятын, тилин, динин танбай, жерибей, тескерисинче, урматтай билүү. Өздөштүрүү - башканыкын өзүңө жуурулуштуруп алуу. Башкалардын адат-салтын, жөрөлгөлөрүн үйрөнүп, өзүнө сиңире билүү - адамдын, элдин рухий дүйнөсүн байытат.
Массалык маданияттын терс таасирлеринен сак болуу. (1 саат)
Четтен кирип жаткан массалык маданияттын начар жактары жөнүндө маалымат берүү. Китептерде, журналдарда, гезиттерде үгүттөлүп жаткан уятсыздыкка, телевизордон көрсөтүлүп жаткан "кандуу" фильмдердеги киши өлтүрүүлөргө, зордук-зомбулукка, мушташка, мыкаачылыкка, кайрымсыздыкка, жеңил-желпи жашоону, кумар оюн-зоокторун даңазалоого сынчыл баа берүү.
Мугалимдин ыктыярындагы саат (1 саат)

III чейрек (9 саат)
Адептик алтын эрежелер

Элдин адептик наркы. (1 саат)
Элдин адептик наркы тууралуу түшүнүк берүү. Жалган окууларга жана диний секталарга элдин адептик салтына, нарк-насилине жат нерсе катары карай билүү, алардын таасирине азгырылбай, ички ынанымы бекем болуу. Адамдык жана улуттук сыймыкты жоготпоо. Ыймандык-адептик ар-намысты бийик кармоо. Чет элдик моданын терс көрүнүштөрүнө сын көз менен карап, аларды сокур туурабоо.
Адеп башы - тил. (1 саат)
Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт" (Б.Сарногоев). Эне тил - адамдын да, улуттун да сыймыгы. Эне тилинде таза, көркөм, уккулуктуу сүйлөө, сабаттуу, туура, мазмундуу жаза билүү - эне тилди сүйүүнүн белгиси. Эне тил жөнүндөгү ырларды көркөм окуу, талдоо, өзү ыр жаратуу конкурсун уюштуруу. Бөлөк тилдерди үйрөнүүнүн маанисин, зарылдыгын түшүндүрүү.
"Эмгек - эрезеге жеткирет". (1 саат)
Эмгекчилдик - инсандын асыл сапаттарынын бири. Эмгектин кесипке байланыштуу түрлөрүнө (жумушчу, кызматчы, ишкер, өнөрпоз ж.б.) мүнөздөмө берүү. "Эмгек - эрезеге жеткирет", "Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү", "Аракет кылсаң, берекет" деген макалдардын мазмунун ачуу менен сабак-талкуу өткөрүү. Сабакка эмгек ардагерлерин чакыруу.
Ата-эне мээрими жана ашкере эркелик. (1 саат)
Ата-эне баласын, кызын абдан жакшы көрөт, эркелетет, бардык айтканын аткарууга аракеттенет. Бирок муну туура эмес кабыл алган балдар, кыздар да болот. Ата-эненин жакшы көрүүсүнөн пайдаланып ашкере эркеликке, ата-энени кыйноого, өз билгенин бербей, каалаганын жасоого берилип кеткен учурлар да болот. Окуучуларга мындай сапаттардан оолак болуу керектигин, анын залакасын түшүндүрүү.
Кечирим сура, кечире да бил. (1 саат)
Кээде таарынычтар да адамды тарбиялайт, каталыктар - калыптандырат. Турмушта баары эле ойдогудай боло бербейт. Каталык кетирген, бирөөлөрдү таарынтып алган учурлар болот. "Адашкандын айыбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң" дегендей, өз каталыгын сезип, кечирим суроо - күчтүү адамдарга таандык сапаттарга кирет.
Адеп - адам күзгүсү. Практикалык сабак. (1 саат)
Окуучуларга көчөдө, автоунаада, класста, мектепте, коомдук жайларда, конокто, бирөөнүн үйүндө, дасторкон четинде, оюн учурунда өзүн алып жүрүү, өзүн алып отуруу адебин, мамилелешүү адебин таалимдөө. Адеп-ыйманды сактабаган, терс таасирлерге азгырылган жеңил ойлуу баланын, тамеки чеккен кыздын элесин ролдуу оюн аркылуу сахналаштырып көрсөтүү жана талдоо.
Тамеки тартуунун, ичкиликтин зыяндуулугу. (1 саат)
Тамеки тартуунун, насыбай чегүүнүн, баңгизаттарды пайдалануунун, ичкилик ичүүнүн ден соолукка зыяндуулугун, адеп-ыйманга тийгизген терс таасирин турмуштук мисалдар, статистикалык маалыматтар, басма сөз каражаттарындагы материалдар аркылуу окуучуларга терең түшүндүрүү. Аларга өзүн өркүндөтүүнүн үзүрлүү, жеткиликтүү жолдорун сунуш кылуу.
Телевизор жана компьютер: пайдасы жана зыяны. (1 саат)
Телевизор жана компьютер - бүгүнкү күндүн керектүү маалыматтык каражаттары. Бирок телевизорду ылгабай, таңдан кечке көрүү, компьютерде түн киргиче тынымсыз баш көтөрбөй ойноо - көздү жана ден соолукту гана эмес, адамдын кулк-мүнөзүн да буза тургандыгын илимпоздор далилдешкен. Тескерисинче, китеп окуу - каармандар менен баарлашуу, өз алдынча ойлонууга, толгонууга, чечим кабыл алууга үйрөтөт.
Мугалимдин ыктыярындагы саат (1 саат)

IV чейрек (9 саат)
Мен жана башкалар

Менин жакшы жана начар сапаттарым кайсылар? (1 саат)
Өзүн-өзү талдоо жана ой жүгүртүү сабагы. Мен кандай баламын? Адеп-ыймандуулугум эмнеде? Тарбиясыздыгым, кемчиликтерим кайсында? Сабак окуучулардын өзүнө-өзү сын көз менен карай билүү жөндөмүн өрчүтүү максатында ой толгоо сабагы катары өтөт. Алардын ар бири өзүндөгү жакшы жана начар сапаттар тууралуу ой толгоп, башкалар менен ой бөлүшөт, алардын оюн угуп, туура тыянак чыгара билүүгө көнүгүшөт. Өзүн-өзү талдоо, ой жүгүртүү сабагынан алган өзү жөнүндөгү оюн ар бир окуучу өзүнүн "Адеп күндөлүгүнө" жазат. Мугалим жыл аягында ар бир окуучуга адеп мүнөздөмөсүн түзүүдө буларды эске алат.
Адам тууралуу жакшы ойло. (1 саат)
"Пейил оңолбосо, адам оңолбойт" деген ойго кошуласыңбы? Адам тууралуу жакшы ойло, ошондо жакшы ойлоруң жакшы иштин башаты болот. Адамдагы жакшы сапаттар тууралуу, жакшылык жана жамандык тууралуу адабий каармандар менен баарлашуу. Ар нерсени акылга сал, бирок жүрөгүңдү угуп чеч. Башка адамдын абалын сезип, ага жардам берүүгө, ага жакшылык жасоого шашыл!
Сымбаттуу болуу - өзүңдөн. (1 саат)
Сымбаттуу болуу дегенибиз эмне? Биз эмне үчүн өз дене боюбузду таза күтүшүбүз керек? Тазалык - ден соолуктун булагы. Дене боюн ар дайым таза алып жүрүүнүн зарылдыгын түшүндүрүү. Ар дайым колду таза жууп, тишти таза күтүүгө, жанына жүзаарчы салып жүрүүгө үйрөтүү. Колдонгон буюмдарын, олтурган ордун, айлана-чөйрөсүн таза кармоого көнүктүрүү. Ден соолугун сактап, өзүнүн тулку-боюн, ой санаасын таза тутуу. "Тазалык - ден соолук негизи". Дене бойду чыңдоочу, акыл жөндөмүн өнүктүрүүчү көнүгүүлөрдү жасоонун ден соолук үчүн маанисин түшүндүрүү.
Туура тамактана билүү. (1 саат)
Көрүнгөндү жей берүү, туш келди, башаламан, бейубак тамактана берүү ашказанды бузат. "Топуксуздун курсагы тойбойт", "Соргоктун өзү тойсо да, көзү тойбойт". Адал жана арам тамак деген түшүнүктөрдүн маанисин чечмелөө.
Жакын адамдарга белек тартуулоо эрежеси. (1 саат)
Белгилүү күндөрдө, майрамдарда, жагымдуу окуяларда ж.б. жагдайларда ата, апаларга, чоң ата, чоң энелерге, досторго, урматтуу адамдарга белек тартуулай билүү - адамдын аруу сезиминин, анын ички маданиятынын белгиси. Окуучуларга кандай шарттарда, кимдерге кандайча белек берүү, аны кантип тапшыруу, кандай сөздөрдү айтуу керектигин түшүндүрүү, көрсөтүү. Кыргыздын наркындагы белек-бечкек тартуулоо салттарынан маалымат берүү.
Меймандостук. (1 саат)
Элдик салттагы мейман күтүү жана мейман болуу адеби жөнүндө баарлашуу. "Мейманда өз үйүңдөгүдөй отур, бирок өз төрүңдөгүдөй отурба" дегенди кандай түшүнөсүң? Меймандостук - кыргыз элинин байыркы жана дайымкы салты экендиги жөнүндө түшүнүк. Мейман тосуунун, мейманды сыйлоонун, мейманды узатуунун элдик салт-жөрөлгөлөрү боюнча маалымат берүү. Конок болуу, конокто өзүн алып жүрүү адебине көнүгүү.
"Иштебеген тиштебейт". (1 саат)
Макалдын мааниси эмне тууралуу? Жалкоолуктун ден соолукка жана ишке тийгизген зыянын туюнтуу. "Алма быш - оозума түш", "Ары жок - күлкүчү, санаасы жок - уйкучу", "Жалкоонун жаны таттуу", "Эмгеги аздын - өнмөгү аз", "Эмгексиз бакыт - тузу жок тамактай", "Сөзгө - баатыр, ишке - бакыр" деген макалдардын мазмунун мисалдар менен ачуу.
Үй-бүлөдөгү менин милдетим. (1 саат)
Ар бир окуучу өзүнүн үй-бүлөдө аткарган милдети тууралуу ой толгойт. Үй-бүлөдөгү күндөлүк режимди так сактоо. Ар убак ата-энесинин айткандарын так аткаруу. Кийим-кечегин, китеп-дептерлерин ордуна коюу, бут кийимин таза күтүү, үй ичин жыйноого көмөктөшүү. Кичинекей бөбөктөргө камкордук кылуу. Үй-бүлө мүчөлөрүн капа кылбоо.
Мугалимдин ыктыярындагы саат. (1 саат)

Жылдын аягында окуучулар төмөндөгүдөй билгиликтерге ээ болууга тийиш:
Маалыматтык билгилик:
1. Мурда үйрөнгөн осуяттардын жана учкул сөздөрдүн маанисин туура туюмдап, орундуу колдонуу.
2. Адептүү бала кандай сапаттарга ээ болушу керектигин билүү.
3. "Адеп" сабагында окуган жомоктордун, аңыз, уламыштардын мазмунун турмуштагы окуялар менен байланыштыра билүү.
4. Достук, боорукерлик, кайрымдуулук ж.б. сапаттар жөнүндө макал-ылакаптардын адептик маанисин чечмелей билүү ж.б.
Коммуникативдик билгилик:
1. Өз ара пикир алышууда, телефон менен сүйлөшүүдө адептик эрежелерди сактай билүү.
2. Өз ара мамиле түзүүдө сылык-сыпаалыктын эрежелерин сактап, баарлаша билүү.
3. Аны менен макул болбосо да, башканын ой-пикирин сыйлай билүү.
4. Башканын кайгы-кубанычын тең бөлүшө билүү ж.б.
Чечим кабыл алуу билгилиги:
1. Дайыма адептик жүрүм-турум эрежелерин сактоо.
2. Өзүнө өзү сын көз менен кароо жана өзүн-өзү тарбиялоонун ыкмаларын иш жүзүндө колдоно билүү.
3. Айлана-чөйрөгө, жан-жаныбарларга жана өсүмдүктөргө камкор, аяр мамиле жасоо.
4. Жакшылык менен жамандыктын айырмасын ажырата билүү, адабий каармандардын жүрүм-турумуна туура баа берип, өзүн башкалардын ордуна коё билүү.
5. Өзүнүн жүрүм-турумунда адептик жакшы сапаттарды көрсөтүү ж.б.








"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o