Адеп - адам күзгүсү

1-КЛАСС (34 СААТ)
1-чейрек (9 саат)
Адептүүлүк - адам көркү

Адам көркү - адеп. (1 саат)
Биз адеп сабагын эмне үчүн окуп-үйрөнөбүз? Адеп жана ыйман деген түшүнүктөр эмнени билдирет? Кандай баланы адептүү бала дейбиз? Биз эмне үчүн ыймандуу болушубуз керек? деген суроолордун тегерегинде маек уюштуруу. Окуучуларга үй-бүлөдө, мектепте, коомдук жайларда адептүү, ыймандуу болуу жөнүндө алгачкы түшүнүктөрдү берүү.
Саламдашуу, коштошуу адеби. (1 саат)
Биз эмне үчүн саламдашабыз? Биз эмне үчүн коштошобуз? Ата-энелерге, мугалимдерге, улуу-кичүүлөргө жана бири-бирине салам узатуу, алик алуу, саламдашуу, коштошуунун жол-жоболору. Ар кандай маалда (эртең менен, түштө, кечинде), ар кандай кырдаалда (үйдүн ичинде, көчөдө ж.б.) салам берүүнүн жана коштошуунун түрлөрү.
Өз ара мамилелешүү адеби. (1 саат)
Биз эмне үчүн ""сен" деген сенек сөз, "сиз" деген сылык сөз" деп айтабыз? Ар дайым сылык-сыпаа сүйлөгөнгө үйрөтүү. Сылык-сыпаа кайрылуу, чакыруу, өтүнүү сөздөрү. Сылык-сыпаа баш тартуунун жол-жоболору.
Мектепте жүрүү адеби. (1 саат)
Мектеп дегенибиз кандай жай? Мектеп окуучусунун эрежеси дегенибиз эмне? Эже-агайларга, мектепте иштеген башка кызматчыларга мамиле жасоонун эрежелери. Мектеп эмеректерине кандай мамиле жасоо керек? Мектептеги кыздардын жана балдардын адеби. Кыздар-балдар ортосундагы өз ара мамиленин адеби.
Жолдо, автоунаада жүрүү адеби. (1 саат)
Жолдо, автоунаада жүрүү эрежелери тууралуу түшүнүк берүү. Сылык-сыпаалыкка, этият болууга, улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызааттоого үйрөтүү. Жолдо жүрүү эрежелерин так сактоо боюнча практикалык көнүгүүлөр.
Коомдук жайларда жүрүү адеби. (1 саат)
Коомдук жайлар дегенибиз эмне? Биз эмне үчүн коомдук жайларда, көпчүлүктүн арасында жүрүү эрежелерин билишибиз керек? Ар дайым коомдук жайлардагы эрежелерди сактоо - бул башкалардын укугун, кызыкчылыгын, ой-пикирин эске алуу дегенди билдирет.
Сергек болуу адеби. (1 саат)
Сергектиктин жана дене тарбиясынын маанисин түшүндүрүү. Уйкучу болбоо, сергек болуу. Балдарды эртең менен эрте турууга көнүктүрүү, ар кандай гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоого, күндөлүк режимди туура түзүп, аны так сактоого адат алдыруу.
Тыкан болуу адеби. (1 саат)
Биз эмне үчүн тыкан жана бүйрө болушубуз керек? Мектеп окуучусуна бүйрө жана тыкан болуунун зарылдыгын түшүндүрүү. Бүйрө, тыкан болуу - сөзсүз жакшы окууга шарт түзө тургандыгын мисалдар менен көрсөтүү.
Мугалимдин ыктыярындагы саат. (1 саат)

II чейрек (7 саат)
Үй-бүлөдөгү адеп

"Үй-бүлө - капкалуу шаар". (1 саат)
Макалдын мааниси эмне тууралуу? Үй-бүлө - бири-бирине каны-жаны бириккен, бири-бирине күйүмдүү, бири-бирине кам көрүп, бири-бирин коргоого, колдоого даяр турган адамдардын биримдиги. Үй-бүлө - өмүр башаты, адеп уясы, тарбиялык табигый жамаат. Адам "уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат".
Ата-эне - адеп өрнөгү. (1 саат)
Эмне үчүн ата-энени - адептүүлүктүн өрнөгү дейбиз? Ата-энесине болгон мамиле - баланын адептүүлүгүнүн көрсөткүчү. Ата-эненин туулган күнүн билүү жана аларды куттуктоо. Тилалчаак, элпек, илбериңки болуу - адептүү уул-кыздын белгиси. Ата-эне менен баланын ортосундагы ысык сезимдер тууралуу аңгеме. "Айым, күнүм - ата-энем" - ата-эне тууралуу ырлардын конкурсу.
Чоң ата, чоң эне, таята жана таяне. (1 саат)
Чоң ата, чоң эне, таята, таяне - биздин өмүр башатыбыз, баа жеткис сый-урматка татыктуу адамдар. Алардын баскан жолу, жасаган иштери, осуят-насыяты - неберелерге сыймык жана таасирдүү сабак. Чоң ата, чоң эне, таята, таяненин туулган күнүн билүү жана аларды куттуктоо. Муундар ортосундагы ысык мамилелерди бекемдөө.
Менин атым (ысымым) ким? Ал эмнени билдирет? (1 саат)
Адам төрөлгөндө эмне үчүн ага энчилүү ат коюлат? Биздин атыбызга (ысымыбызда туюнтулган каалоо-тилекке) затыбыз (кылган ишибиз, кулк-мүнөзүбүз, жүрүм-турумубуз ж.б.) шайкеш келеби? Ар бир окуучу өз атынын маанисин, ага бул атты ким койгонун, эмне үчүн койгонун билиши зарыл. Окуучуларды өз атына татыктуу адам болууга нускоо. Аларды бири-бирине кошумча ат койбой, аны өзгөртүп айтпай, өзүнүн жана бири-биринин атын так, туура айтуусуна көнүктүрүү.
Бир туугандар менен мамиле. (1 саат)
Бир туугандар деп биз кимдерди айтабыз? Уялаш, жакын жана алыс туугандар. Туугандык атоо сөздөрү. Бир туугандардын туулган күнүн билүү жана аларды куттуктоо. Ата-эне сыяктуу эле бир туугандар да баланын эң жакын адамдары экендигин, андыктан ар бир иште алар менен кеңешип, татаал маселелерди акылдашып чечүүгө кичинесинен үйрөтүү ("Аганы көрүп, ини өсөт, эжени көрүп, сиңди өсөт"). Өз билгенин бербөө, айткан акылды укпоо - бул бир туугандарды таарынтып коюучу терс сапаттар экендигин түшүндүрүү.
"Карысы бардын ырысы бар". (1 саат)
Эмне үчүн "Карысы бардын ырысы бар" деп айтылат? Кары, улгайган адамдарга бардык жерде ар дайым көмөк көрсөтүү керектигин түшүндүрүү. Алар өздөрүнүн бүткүл өмүрүн, күч-кайратын бүгүнкү турмуш үчүн, келечек муундар үчүн арнашкан. Алардын баскан жолу, кылган иши, айткан сөзү - урпактарга баалуу мурас экендигин таалимдөө.
Мугалимдин ыктыярындагы саат. (1 саат)

III чейрек (9 саат)
Коомдук жайлардагы адеп

Баарлашуу адеби. (1 саат)
Биз эмне үчүн баарлашабыз? Эмне үчүн "Сөз атасы - кулак, суу атасы - булак, жол атасы - туяк" деп айтылат? Сөздү кантип баштоо керек? Сөздү уга билүү, айта билүү, баарлашуу адеби тууралуу кеңири түшүнүк берүү. Баарлашууда ар дайым сылык-сыпаа болуу зарылдыгын таалимдөө.
Дос болуу адеби. (1 саат)
Жолдоштук, курдаштык жана достук мамилелер тууралуу түшүнүк берүү. Кыздар менен кыздардын, балдар менен балдардын жана кыздар менен балдардын ортосундагы өз ара достук мамиленин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, алардын маанисин ачып түшүндүрүү. Достордун туулган күнүн билүү жана аларды куттуктоо.
Кичипейилдик. (1 саат)
Кичипейилдик - адамдын асыл сапаты. Эмне үчүн элде "Улук болсоң, кичик бол" деп айтылат? Кичипейилдикти көрсөтүүчү сөздөр. Кичипейилдикти көрсөтүүнүн жол-жоболору.
Элпектик. (1 саат)
Элпектик - жагымдуу жана жакшы сапат экендигин түшүндүрүү. Элпек болсоң дайыма алкыш, бата аласың. Элпектик, илбериңкилик - алкоого татый турган сапаттар экенин мисалдар менен көрсөтүү. "Адептүү бала - элпек, адепсиз бала - тентек".
Дасторкондо отуруу адеби. (1 саат)
Дасторкон - адамдын адебин көрсөтөт. Дасторкондо улуулата отурууга үйрөтүү. Дасторконду аттабоо, тамактан улуулата алуу, тамак-ашка сугалактык кылбоо. Тамактануунун алдында колду таза жуу жана тамак ичилип бүткөндөн кийин бата кылуу, ыраазылык билдирүү эрежелерин таалимдөө.
Меймандостук адеби. (1 саат)
Мейман тосуу жана мейманда болуу адебинин негизги эрежелерин түшүндүрүү. Мейманды кабыл алуу, сыйлоо жана узатуу адебине көнүгүү. Коомдук жайларда, улуу-кичүүлөр аралаш олтурган жерде адеп сактоонун эрежелери. Үй ээсине карата мамиле жасоонун адептик эрежелерин мисалдар менен түшүндүрүү.
Белек берүү жана белек алуу адеби. (1 саат)
Кандай учурда белек берүү керек? Белек тандоо. Үй-бүлө мүчөлөрүн жакшы иштери менен кубантуу, аларды жетишкендиктери менен куттуктоо - бул дагы белектин бир түрү. Өз колу менен ылайыктуу белек даярдоо жана тартуулоо - чыныгы белек. Белек тартуулоонун жол-жоболору.
Мугалимдин ыктыярындагы саат. (1 саат)
IV чейрек (9 саат)
Адептик алтын казына

Ата-бабалардын адептик мурасы. (1 саат)
Адептүүлүк, ыймандуулук тууралуу айтылган накыл сөздөр, осуят, насаат кептер, ыр, жомок, макал-ылакаптар - ата-бабалардын адептик мурасы. Алар ар бир жаш жеткинчек үчүн турмуштук жол көрсөтүүчү шам чырак экендигин түшүндүрүү.
"Атанын сөзү - акылдын көзү". (1 саат)
Уул жана кыз балдардын адептик жүрүм-турум сапаттары тууралуу макал-ылакаптардын маанисин ачып түшүндүрүү. Макал-ылакаптарда айтылган ойлордун түз жана өтмө маанилерин баамдай жана аңдай билүүгө үйрөтүү. Жаш жеткинчектерде элдик идеалга мүнөздүү адептик сапаттарды калыптандыруу.
Жомок дүйнөсүнө саякат. (1 саат)
Кыргыз эл жомокторундагы каармандардын жүрүм-турумунун, алардын иш-аракеттеринин негизинде окуучулардын ыймандык сезимдерин тереңдетүү, адептик түшүнүктөрүн кеңейтүү. Боорукерлик, кичипейилдик, адамгерчилик сыяктуу сапаттарды калыптандыруу.
"Эгер мен жомоктогудай сыйкырчы болсом…". Ой толгоо сабагы. (1 саат)
Окуучулар өздөрү тандап алган жомоктук каармандын ролун ойноп, мектепте, класста, көчөдө ж.б. жайларда кездешкен адепсиздиктин ар кандай көрүнүштөрү, алардын себептери жана аларды жоюунун жолдору тууралуу ойлорун ортого салышат. Жолдошторунун жүрүм-турумуна талдоо жүргүзүп, алар боюнча өздөрүнүн жекече тыянактарын чыгарышат. Оң жана терс сапаттарды так айрымалай билүүгө көнүгүшөт.
Манас атабыздын, Каныкей энебиздин насааты. (1 саат)
"Манас" эпосу (жомогу) жөнүндө кыскача маалымат. Манас атабыз - айкөл, эр жүрөк, баатыр адам болгон. Каныкей энебиз акылман, иштүү аялзаты болгон. Алардын уулу Семетей, небереси Сейтек да алардын адептик акыл-насааттарын так аткарган акылдуу, ар-намыстуу адамдардан болушкан. Биз да алардын адамдык асыл сапаттарынан таалим алып, адептик акыл-насааттарын аткаруубуз керек.
Мен адептүү адам болгум келет. (1 саат)
Айылдан чыккан атактуу эр-азаматтар, белгилүү кыз-келиндер, көрүнүктүү инсандар тууралуу маалымат берүү. Окуучуларда алардын өмүрү, жасаган иши сыймыктануу сезимин гана жаратпастан, өзүндө ошондой асыл сапаттарды калыптандырууга шыктануу сезимин ойготуу. Алардын айрымдары менен жолугушууларды өткөрүү.
Мен эмнени үйрөндүм? (1 саат) (Практикалык сабак).
Сабакта окуучулардын улуу адамдарга салам берүүнү, агай-эжейлер менен учурашууну, кыз балдарды сыйлоону, үйдө, мектепте, жолдо, көчөдө өзүн алып жүрүүнү көндүмгө айландырганын текшерүү, бышыктоо. Окуучулар ар түрдүү жагдайда адептүү жүрүм-турум эрежелерин аткара билүүнүн жол-жоболорун көрсөтүшөт. Бири-бирин оңдошот, мамилелешүү адебине көнүгүшөт.
Жыйынтыктоо сабагы? (1 саат)
Сабак жылдык жыйынтыктоо сабагы катары өткөрүлөт. Ар бир окуучу өзүнүн адеп сабагынан алган таалими жана таасири тууралуу ой бөлүшөт. Алардын үй-бүлөдө, мектепте, коомдук жайларда, ар түрдүү турмуштук кырдаалдарда, өз ара мамиледе ар дайым адептүүлүктүн өрнөгүн көрсөтүүгө даярдыгы аныкталат. Айрым терс сапаттарды, көнүмүш адаттарды, кулк-мүнөздү оңдоонун жолдору көрсөтүлөт. Окуучулардын адептүүлүк сапаттарга көнүккөндүгүнүн деңгээли текшерилет.
Мугалимдин ыктыярындагы саат. (1 саат)





Жылдын аягында окуучулар төмөндөгүдөй билгиликтерге (компетенттүүлүккө) ээ болууга тийиш:
Маалыматтык билгилик:
1. Адеп, ыйман деген түшүнүктөрдүн маанисин жана айырмачылыктарын билүү.
2. Адептүүлүк жана ыймандуулук тууралуу баяндаган ар кандай булактардын дарегин жана аларды таап алуунун жол-жоболорун билүү.
3. Сылык-сыпаалыктын жана жагымдуу жүрүм-турумдун негизги эрежелерин билүү.
4. Тийиштүү макал-ылакаптардын, жомоктордун, уламыштардын ж.б. мазмунун жана адептик маанисин билүү ж.б.
Коммуникативдик билгилик:
1. Өзүн сыйлай билүү, өз күчүнө жана чыгармачылык мүмкүнчүлүгүнө ишенүү, башкалардын да мындай өзгөчөлүгүн таанып, алар менен баарлаша билүү.
2. Дасторкон четинде, үйдө, класста жана коомдук жайларда адептүү жүрүм-турум эрежелерин сактап, башкалардын жана өзүнүн кемчиликтерин көрүп, оңдой билүү.
3. Башкалар менен баарлашууда жана мамиле түзүүдө "Адептик алтын эрежелерди" сактай билүү.
4. Башкаларга сылык-сыпаа, ачык-айрым мамиле жасоо ж.б.
Чечим кабыл алуу билгилиги:
1. Макал-ылакаптарды кырдаалга ылайык туура колдоно билүү, алардын адептик нускасын аткара билүү.
2. Өзүнүн күндөлүк режимин так сактоо, үйдө, мектепте жана коомдук жайларда өз жүрүм-турумун жана ишин туура уюштура билүү.
3. Тыкан жана бүйрө болуу. Мектепте жана үйдө өзүнүн иш ордун, айлана-чөйрөсүн, китеп-дептерлерин таза күтүү.
4. Өзүнө жана айлана-чөйрөсүндөгүлөргө жасаган мамилеси аркылуу ыймандуулуктун, адептүүлүктүн чыныгы үлгүсүн көрсөтүү ж.б.