Жаш таланттар

Байлыгыбыз да, сыймыгыбыз да - өнөрлүү балдарыбыз
Балыкчы шаарындагы Балдар билим борбору окуучулар бош убактысында ар түрдүү ийримдерге барып, өнөрүн өркүндөтүүгө көмөк көрсөткөн мектептен тышкаркы жалгыз мекеме. Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулук, тамеки, ичкилик жана рэкетчилик сыяктуу жаман жоруктардан алыс болуусуна борбордун салымы чоң.


Балдар борборунда 16 ийрим иштейт: фольклор, комуз, драма, куурчак театры, бий ийримдери балдардын өнөрүн таптап, арттыруу багытында иш алып барат.
Англис тили, кытай тили, жаш лидерлер, логопед, экология, компьютердик сабаттуулугу сыяктуу ийримдер балдардын билимин тереңдетүүгө салым кошсо, тигүү, кол өнөрчүлүк, гүл өстүрүү ийримдеринен балдар эмгекке тарбиялоо сырларын үйрөнүшөт.
Балдар билим борборунун директору М.Бейшееванын айтымында, Балыкчы шаарында өткөрүлгөн эстетикалык сынактар, олимпиадалар ушул Балдар билим борборунда уюштурулат. Борбордун бий ийриминин, куурчак театрынын жана фольклордук топтордун жаш таланттары шаарда өткөрүлгөн бардык майрамдык иш-чаралардын активдүү катышуучуларынан.
Акыркы жылдары борбордун кызматкерлери инвестиция тартуу багытында алгылыктуу ийгиликтерге жетише алышты. Бул жетишкендиктери шаар жетекчилеринин көз жаздымында калбай, 2010-жылы Балыкчы шаардык мэриянын жана кеңешинин, билим берүү бөлүмүнүн "Инвестиция тартуудагы жетишкендиктери үчүн" номинациясына ээ болушуп, акчалай сыйлыгы менен сыйланышып, сыймыкка бөлөнүп турушкан чактары.
Алсак, АКШнын Тынчтык Корпусунан "Теплица" долбоору боюнча 193 миң сом алышып, экология ийриминин окуу-тажрыйба участогу катары борбордун короосуна теплица курушту. Окуучулар экология мугалими Гүлай Абазованын жетекчилиги менен жашылчалардын, гүлдөрдүн көчөттөрүн өстүрүүнү тажрыйбадан өткөрүшүүдө. Жаш экологдор келечекте шаардык жашылдандыруу чарбасы мекемеси менен бирдикте жашыл карагайлардын көчөттөрүн өстүрүүнү пландап жатышат. Учурда борбордун короосундагы жапайы өрүктөрдү кыйыштырып, мөмө берүүчү бакчага айландыруу аракетин көрүшүүдө.

Өспүрүмдөрдүн бош убактыларын туура пайдалануусуна, ден соолуктарын чыңдоосуна шарт түзүү жана ошондой эле кылмыштуулукту алдын-алуу максатында Тынчтык Корпусуна жазган долбоорунун негизинде теннис аянтын салып бүтүштү. Буга 100 миң сом каражат жумшашты. Окуучулар сабактан кийинки убактыларында аймак ичинде анча тааныш эмес спорттун бул түрүнө тренери Ж.Мусаевдин жардамы менен машыгып турушат.
Жайкы каникул учурунда да мында балдар үнү жаңырып турат. Борбордун базасында жайкы эс алуу лагери уюштурулуп, жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 50 окуучу көңүлдүү эс алышат. Ага каражатты шаардык мэрия бөлүп берет.
- Балыкчы шаардык мэриясы, кеңеш жана финансы бөлүмү борбордун өнөрпоз балдарына өзгөчө көңүл буруп жатышкандыгын ыраазычылык менен белгилеп кетким келет. Жакында эле алар бизге 60 миң сомго заманбап музыкалык аппаратура, 30 миң сомго ансамблдин кыздар-балдарына костюм тиктирип беришти. Ошондой эле долбоорлор үчүн кошумча төлөмдөр шаардык бюджеттин эсебинен кетет.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, биздин балдар спорт ийримдери жана ар кыл өнөрдөн сырткары жагымсыз жагдайлардан оолак жүрүүгө үндөп, сергек жашоо образын пропагандалаган мекеме-уюмдар менен тыгыз иш алып барышат. Маселен, Тынчтык корпусунун волонтеру Марисса Вайсс ден соолукту чыңдоо боюнча иш алып барат. Ал окуучуларды англис тилинде эркин сүйлөөгө көнүктүрүү менен бирге өзүн туура алып жүрүү, өздүк гигиена, витаминдүү тамактар менен азыктануу, ден соолукка пайдалуу көнүгүүлөр ж.б. темаларда сабак өтөт. "СПИД - коркунучтуу дарт" долбоорунун алкагында СПИД дарты тууралуу маалыматты окуучулар аркылуу ата-энелерге, чоң адамдарга жеткирүүнү максат койгонбуз. Шаардык, облустук "Кызыл-Жарым-Ай" коомунун өкүлдөрү менен бирдикте бир нече семинарларды өткөрдүк. "Түшүн жана колдо" деген темада сүрөт ийриминин жетекчиси Алтынбек Рысалиевдин жетекчилиги менен шаардык мектептер арасында жыл сайын сүрөт конкурсу уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер, грамоталар менен сыйланышат. Мыкты деп табылган сүрөттөр борбордогу сүрөт көргөзмөсүнө коюлат. Ал эми кол эмгек ийриминин окуучулары кийизден вымпел, сувенирлерди жасашып, СПИДге каршы иш-чараларда катышуучуларга таратышат, - деп Балдар билим борборунун директору М.Бейшеева учурда аткарып жатышкан иштери тууралуу кеңири айтып берди.

Директордун айтымында, аталган борбордун кызматкерлери "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору, "Алтын-Түйүн" республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы жана Ысык-Көл облустук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору менен тыгыз чыгармачылык байланышта иш алып барышат. Алардын тарбиялануучулары да аталган борборлор өткөргөн ар түрдүү кароо-сынактарга активдүү катышып келишет. Алсак жакында эле "Балажандын" 25 жылдык юбилейине карата Бишкекте өткөн "Менин Мекеним" сүрөт көргөзмөсүнө катышып келишти. Бул көргөзмөнүн дагы бир максаты - былтыр апрель, июнь айларында болуп өткөн каргашалуу окуялардан кийин өспүрүмдөрдү сабырдуулукту сактоого, Ата-Мекенди сүйүүгө, жаратылышты коргоого жана ынтымакка үндөө жана ошондой эле балдардын психологиялык абалына жагымдуу жагдай түзүү болуп саналат. Сүрөт көргөзмөгө коюлган №2 мектептин окуучулары Медер уулу Дастан, Чынгыз Иманбеков, Анвар Бактыбеков, №4 мектептин окуучусу Улан Таалайбеков, №10 мектептин окуучусу Канат Маратов ж.б. жаш сүрөтчүлөрдүн кыл калеминен жаралган эмгектери мыкты деп табылып, көрүүчүлөрдүн зор кызыгууларын жаратты.

Борбордун сүрөт ийриминин жетекчиси, балдарга сүрөт өнөрү жана скульптура сырларын үйрөткөн Алтынбек Рысалиевдин өзгөчө орду бар. Анын окуучулары жыл сайын облустук, шаардык эстетикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп келишет. Алтынбек Рысалиев ар түрдүү кароо-сынактарга балдарды даярдоодон башка да драма, куурчак театры ийримдеринин спектаклдерине декорация, сахна жасалгасын окуучулары менен бирдикте даярдайт. Тажрыйбалуу дизайнер катары да окуу бөлмөлөрүн, имаратты жасалгалоодо жакындан жардамын аябайт деп борбордун педжамааты ага ыраазы.
Өнөрлүү балдардын башын бириктирген борбордун дагы бир сыймыгы - "Көл ыргактары" фольклордук ансамбли. Долбоордун жетекчиси Асанбек Жакебаев кесиби боюнча музыка сабагынын мугалими. Окуучуларга чоор, чопо-чоор, сыбызгы, така, кыл кыяк, аса таяк, комуз, ооз комуз, кыяк, шылдырак ж.б. аспаптарда ойноону үйрөтүп, "Көл ыргактары" фольклордук ансамблин түзгөн. Ансамблдин жаш таланттары "Кара өзгөй", "Сарынжы-Бөкөй", "Маш-Ботой", "Керөзөн" сыяктуу кыргыз күүлөрүн зор чеберчиликте чертишип, облустук кароо-сынактарга активдүү катышып келишет. Облустук "Ысык-Көл жылдыздары" конкурсунун Гран-При сыйлыгына бир нече жолу татышып, баалуу белектер менен сыйланышканын сыймыктануу менен айтышат.
"Көл ыргактары" фольклордук ансамблинин балдары жакында эле "Балажан" РЭТБОУБнун директору Дарья Мусинанын колунан май айында Түркияда өтө турган "Фольклордук топтордун интернационалдык фестивалына" жолдомо алышып, кубанычтары койнуна батпай турган чактары. 30 мамлекет катышкан бул эл аралык фестивалга катышуу окуучулардын шыгына шык, демине дем кошоору талашсыз.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим"