Бала бакча - билимдин башаты
Советтер Союзу учурунда Кыргызстанда 1698 бала бакча иштеп, ага мектепке чейинки бөбөктөрдүн 35 пайызы тартылган. Кийин советтик система кулагандан кийин шылуун адамдар кичинекей бөбөктөргө тиешелүү имараттарды жеке менчикке чыгарып алууга киришкен. Натыйжада республика боюнча 2000-жылы 400 гана мамлекеттик бала бакча калган. Мына ушул кемчиликтерди четтетүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги акыркы жылдары бир топ жакшы алгылыктуу иштерди жасап жатат. Мыйзамсыз приватташтырылган бала бакчаларды кайра кайтарып алуу, нормативдик документтерди ирээтке келтирүү ж.б.у.с. маселелердин тегерегинде Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейин жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Александра Исаева "Кутбилимге" маек куруп берди.


- Александра Арапмаматовна, эки жыл мурда "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынды эле. Ага чейин "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыктыңар. Менин билишимче, ушул стандартты кайрадан карап чыктыңыздар. 2007-жылкы мамлекеттик стандарттан азыркы стандарт эмнеси менен айырмаланат?
- Чындыгында эле акыркы жылдары мектепке чейинки билим берүү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги көп иштерди аткарды. Маселен, 2009-жылы "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынды. Аны кабыл алганга чейин эле көп иштер аткарылды. 2007-жылы биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн ичинде билим берүү реформасын колдоо, билим берүү жана балдарды кароо сапатын жакшыртуу максатында министрлик тарабынан "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" (6 ай - 7 жаш) мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыккан. Бул стандарт Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясат министрлигинин, Саламаттык сактоо, Экономика жана каржы министрликтеринин жетектөөчү адистеринин, окумуштуулардын, педагог-практиктердин, бейөкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыккан. Айтып коюу керек, мамлекеттик билим берүү стандарты эл аралык жана ата мекендик тажрыйбаларды эске алуу менен иштелип чыккан.
Мамлекеттик билим берүү стандарты - мектепке чейинки билим берүүгө жана алты айдан жети жашка чейинки балдарды кароого бирдиктүү талаптарды койгон нормативдүү документ. Бул стандарт билим берүүнү уюштуруучу, юридикалык, медициналык кызматтарына жана мектепке чейинки тарбияны, окутууну жана балдарды кароонун, андан ары өнүгүшүн жана иштөөсүн камсыз кылуучу, мамлекет тарабынан жана башка кызыкдар субъект (жамаат, жеке адам ж.б.) тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларга коюлуучу талаптардын жыйындысы. Эми ушул даяр стандартты дагы карап чыгып, андан дагы күчөтүп, бир топ өзгөрүүлөрдү киргиздик. Эң башкысы, балдардын коопсуздугу боюнча. Эми бала бакчаны ачуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы талап кылынат. Анткени акыркы жылдары көп жеке менчик бала бакчалар ачылып кетти. Мейли бала бакча болобу, мейли борбор болобу, айтор, мектепке чейинки билим берүү мекемеси болсо "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" деп стандартта жазылды. Анткени 400-500 сомго гувернант деген патентти ала коюшуп, кызмат өтөп жаткандар четтен чыгат. Мисалы, биздин текшерүүнүн жыйынтыгы менен эки бала бакчанын ишмердигин прокуратурага бердик. Анткени бир бала бакчада эки бала тамактан ууланып (отравление), бирөө оорукчан болуп калды. Экинчи бала бакчада тарбиялануучуга спорттук гиря түшүп кетип, үч күн эс-учун жоготуп (комада) жатты. Ошондуктан жаңы стандарт боюнча лицензиясы жоктор патент алалышпайт.
- Лицензия кайсы учурда берилет?
- Биринчиден, билим берүүчү компоненттери болсо, андан соң өрт коопсуздугун сактоо боюнча, санэпидстанциядан, архитектурадан уруксат берилген документтердин негизинде гана лицензия берилет.
- Мектепке чейинки курактагы балдарды кароо жана билим берүү кызматын ишке ашыруучу педагогдорго, тарбиячыларга карата кандай квалификациялык талаптар коюлган?
- Мектепке чейинки балдарды кароо жана окутууну ишке ашырган адам балдар менен дайыма контактта болууга жарамдуу экендигин аныктоо максатында текшерүүнүн бардык процедураларынан өтөт. Катталган адам, штаттык персонал мыйзам бузгандыгы үчүн соттолгон, психопатологиясы болбошу керек. Ошондой эле квалификациялык талаптары жооп бериши керек жана сөзсүз мамлекеттик стандарт менен тааныш болушу зарыл.
- Учурда республика боюнча канча бала бакча иштейт? Жеке менчикке өтүп кеткендерди кайра кайтаруу боюнча кандайдыр бир иштер жүргүзүлүп жатабы?
- Буга чейин 594 бала бакча иштеп келсе, бир жылдан бери үзгүлтүксүз иштөөнүн натыйжасында 734 бала бакчага жеткирдик. Биринчиден, буга чейин эл аралык долбоорлордун алкагында жамааттык (общинный) бала бакчалар ачылган. Бул проект жабылгандан кийин, жамааттык бала бакчаларды жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүп бердик. Ошондой эле жеке менчик бала бакчалар ачылды. Эң башкысы, мыйзамсыз приватташтырылып кеткен 464 бала бакчаны кайра мамлекетке кайтарып берүү үчүн Генералдык прокуратурага иштерин өткөргөнбүз. Учурда иш амалдары иликтенип жатат, өткөн жылы кыркка чукул бала бакча кайтарылды. Көбүнчөсү айыл жергесинде.
Азыр жер абдан кымбат. Ошондуктан жаңы бала бакчаларды куруудан көрө, үч-беш кабаттуу имарат куруп, салык инспекциясы болобу, сот болобу же каржы полиция мекемеси болобу, баарын ошол көп кабаттуу имаратка жайгаштырып, ал эми бала бакчага ыңгайлашып курулган имараттарды бөбөктөргө кайтарып берүү учуру келди.
- Менимче, айрым региондордо вариативдүү бала бакчалар ачылган. Натыйжасы кандай?
- Ооба, вариативдүү бала бакчалар типтүү эмес. Булар эртең мененки саат жетиден кечки жетиге чейин иштебейт. Мисалы, айыл жеринде үч сааттан келип ойноп, сүрөт тартып, окуганды, жазганды үйрөнүшөт. Бул бала бакча ата-энелер үчүн абдан арзан турат. Анткени тамак-аш, эс алуу каралбайт. Мындай бала бакчалар Алайда, Баткенде үч-алты жаштагы балдарга карата ачылган. Эң башкысы, ушундай ыкмага өтсөк көп бала камтылат эле. Мисалы, советтик системада 1700 чукул бала бакча болсо, ага болгону 35 пайыз гана камтылган, кийинки жылдары бул көрсөткүч бир топ төмөндөп кетти, т.а. 2003-жылы - 6,2 пайызга түшсө, азыр 14-15 пайыз гана балдар бала бакчага барышат. Ошондуктан балдарды көбүрөөк камтуу үчүн вариативдүү бала бакчаларды ачуу керек. Мындан сырткары, март айынан баштап бала бакчага барбаган балдарга мектепке даярдоо үчүн 240 сааттык бекер билим берүү программасы каралды.
- Буюрса, 1-майдан тарта билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогоруламак болду. Мугалимдер менен бала бакчада иштеген кызматкерлердин эмгек акысы жаңы модель боюнча бирдей эле төлөнөбү же кандайдыр бир айырмачылыктар барбы?
- Жок. Мектептеги башталгыч класстын мугалими канча алса, бала бакчанын тарбиячылары дагы ошондой алышат. Жүктөм сааты боюнча айырмачылыктар бар. Маселен, мектепте бир жумалык жүктөм 32 саатты түзсө, бала бакчада 36 саат. Бирок бала бакчада дептер текшерилбейт, класс жетекчилик деген жок. Негизги жүктөм азыраак, ал эми сабакка даярдоо, балдарга тамак-аш берүү, уктатуу дегендер кошумча эмгекке кирет. Ошондуктан айлык акы бирдей эле. Ушул жерден айтып кетейин, мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн "Жаш мугалимдин депозитин" киргиздик. Анткени бала бакчаларда жалаң гана бөбөктөрдүн кыял-жоругуна туруштук бере алган, балдарды жанындай көргөн эжейлер калды. Алар ардактуу эс алууга чыкканда ордун толуктоочу жаштар жок болуп жатат. Буга чейин мектепке чейинки билим берүү адистерин бир гана И.Арабаев атындагы КМУ даярдаса, эми региондогу жогорку окуу жайлар да даярдай башташты. Белгилей кетчү жагдай, тарбиячынын статусун мугалимдикине теңедик, бала бакчанын башчысына директор деген статус берилди. Өткөн жылдан баштап эс алуу 36 күн эмес, мектептегидей 56 күнгө узартылды.
- Баарыбыздын башыбызды оорутуп жаткан эң талылуу проблемалардын бири - коррупция. Канткенде коррупциялык механизмдерди түп тамырынан жогото алабыз?
- Ата-энелердин жардамысыз бала бакча жашай албайт. Аны туура түшүнүү керек. 2001-жылы өкмөттүн "Ата-энелердин ыктыярдуу взносу" тууралуу токтомун калтырганбыз. Шаардык ата-энелер бала бакчаларды колдоо максатында жылына 540 сом, айылдагылар 340 сом гана төлөйт. Эгерде ата-эне жардам бербесе бала бакча иштебей калат. Анткени эмеректеринин баары эски, чарбалык иштери көп. Мыйзамдын 3-4 гана беренеси иштейт. Шаардыктар баласынын бир күндүк тамагына 25 сом, айыл жеринде 18 сом төлөйт.
Дегеле бала бакча өзү кымбат болушу керек. Керек болсо, өнүгүп-өскөн өлкөлөрдө дагы социалдык чыгымдарды ата-эне төлөйт. Мектепке чейинки билим берүү милдеттүү жана формалдуу эмес. Конституцияда балдарга бардык шартты түзүп бериш керек деп жазылган, бирок бир дагы жерде билим берүү бекер деп жазылган эмес. Ошондуктан, менимче, келечекте биз үч саат окуткан программаны эсептеп чыгышыбыз керек. Кайсы бир бөлүгүн ата-эне төлөсө, кайсы бир бөлүгүн мамлекет төлөсүн. Ошондо ата-энелер үчүн жеңил болмок. Ушундай жолдор менен коррупциялык механизмдерди жоготсо болот. Эң башкысы көп бала бакчаларды куруу зарыл. Учурда Бишкек шаарын ала турган болсок, 1500 ата-эне бала бакчаларга кезекте турат. Ал эми иштеп жаткан бала бакчалардын ар бир тайпасында 50-60тан бала тарбияланат. Албетте, бул жерде санитардык гигиена, ар бир баланын укугу бузулуп жатат. Проблемалар дагы эле көп.
Билим берүү системасында мектепке чейинки билим берүү - эң маанилүү тепкич. Ушул куракта баланын социалдык-психологиялык түшүнүгү калыптанат, өзүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөө, туура алып жүрүү шыгы өнүгөт.
- Окуу куралдары менен кандай камсыз болгон?
- Бул жагынан жакшы. Анткени FTI проектиси алкагында республикадагы бардык бала бакчалар 30 аталыштагы окуу куралдары менен камсыз болгон. Ага Хан фонду, ЮНИСЕФ менен бирдикте балдардын адабий китебин иштеп чыгып, бекер тараттык. Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүдө эл аралык уюмдардын салымы зор. Маселен, ЮНИСЕФ, АБР, Ага Хан, FTI проектилери менен биригип, иш жасап жатабыз. Маселен, ким кандай иш менен иштеш керек деп бөлүштүрүп алганбыз. Бирок нормативдик документтерди жазганда, чогулуп келип жазабыз.
Белгилей кетчү жагдай, мыйзамда белгиленгендей балдарды мектепке кабыл алууда тестирлөө болбошу керек. Бирок, тилекке каршы, айрым мектептер мыйзамга каршы иштеп жатышат. Болбой эле 6-7 жаштагы балдарга тестирлөө өткөрүүдө.

Маектешкен
Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим"