presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эскерүү

Сонунум сенден
айрылдым!
Солкулдап ыйлап кайгырдым,
Эжекем сенден айрылдым.
Эзилип ыйлап кайгырдым,
Уялаш сенден айрылдым,
Улутунуп кайгырдым.

Канча жашта экенимди билбейм. Соң-Көлдө Бел-Конушта экенбиз. Эжем Сонунбала биртоп кыздар менен Чоң-Ашуунун ичинен ышкын теребиз деп жөнөшкөн экен мени колумдан жетелеп алыптыр. Арабызда менден башка жетеленген бала жок. Чоң-Ашуу жакадан Шилбилүү капчыгайын өрдөп жүрүп отуруп, анан аябагандай бийик ашуу аркылуу Соң-Көлгө чыгышат. Шилбилүү суу аккан саз, баткак, кууш өрөөн. Чоң ашууну ашканда эле Бел-Конуш, анан Кызыл-Жар илгертен эле ата конуш жерибиз болгондуктан ошол жайыттарды жайлоочу экенбиз. Сонунбала эжебиз Ырсалынын эң улуу кызы, андан кичүүсү Келдибек, анан мен. Энекебиз Сайра үч жаштан төрөчү экен. Биринчиси жана экинчиси ымыркайында чарчап калыптыр. Үчүнчүсү кыз болуп, бизге бала сонун болуп калды деп атын Сонунбала коюшуптур. Ырымдап Таштанай деген жетим кемпирге бактырышыптыр. Сокиш болсо өзүнүн айтуусунда 1925-жылы 22-апрелде төрөлгөнмүн деп эскерчү.
Апабыз Сайра (кары-жашы Сайраке дешчү, этимологиясы - кичинекей) жайдыр-кыштыр үйдө жок болчу, себеби эл душманына кириптер болгон эки бир тууган Фрунзедеги чоң түрмөдөгү Солтонбеков Ырсалы, (күйөөсү) Солтонбеков Нуралынын (кайниси) аркасынан тамак киргизем деп Жумгалдан алыскы Чүйдө Поронзодо бир айлап, эки айлап жүрүп калчу. Жайлоодо менден башка, мен курактуу балдардын ата-энеси жанында, айылга барышса ата же энеси ээрчитип кетчү тура. Келдибек менден үч жаш улуу өзү курактуу балдар менен ойноп же чоң балдар жетелеп кетчү шекилдүү. Мен кичинекей болгонумдан чоң балдар мени ойнотпойт, кибиреген немени ким эрчитмек эле. Ошондуктан Сокиш эжем кайда барса да колумдан сүйрөп жүрчү.
Бул жолу да эрчитип ышкын тергени Чоң-Ашуунун түшө беришинде жүргөн экенбиз. Мени бир чоң таштын алдына коюшуп, кыздар шаракташып ар кайсы таштын түбүнөн ышкын жыйнап жүрүшөт, чуулдашкан үндөрү эле угулат. Бир мезгилде чурулдашып, терген ышкындарын туш келди ыргытып, мени көздөй дүргүп келатышканын көрүп калдым. "Карышкыр!.. Карышкыр!.. Тигине!.. Тигине куйругу көрүнөт", - дешет. Эжекем жүгүрүп келип эле мени коркпосун дегени көрүнөт, эки алаканы менен эки көзүмдү басып калды. Сол алаканы көзүмдөн жылбышып кеткен экен, карышкыр жүрөт деген жакты карасам, төмөнкү жар таштын далдасында булактаган саксайган сары куйругу көзүмө чалдыкты. Кыздар чурулдашып качып жөнөштү. Мени сүйрөп эжем артында. Белден чыга жөнөдүк, демиккен кыздар кужурашып токтой тыныга калышты.
Эмнегедир бизди карышкыр кубалаган жок, кууп жетип жара тарткан жок. Мени токтой калган жерге коюшуп кайра белдин ары жагына кетишти. Алдыда Сокиш эжем: "Кой эми бул кылыгыбызды эч кимге айта көрбөгүлө, жөн эле ойноп жүрдүк дегиле!", - деп акыл үйрөтүп кобурашып келишти.
…Ошол эле Бел-Конушта экенбиз, кыздар чогулушуп төштө жөргөмүш теришет, уй мүйүз тегерете отурушуп сүйлөшөт. Сокиш эжем аларды тыйган болот, жакылдабай, жаакташпай, бириңерди экинчиңер угуп жай сүйлөшпөйсүңөрбү деп коет. Эжем ошол кыздардын улуусу көрүнбөйбү. Кыргызда 15 күн эрте төрөлсө, ошол улуусу болот эмеспи. "Эжени көрүп сиңди өсөт" дейт карылар.
Айылдын аксакалы үйрөткөн: "Жаткан ташты аңтарып койсоңор сообу тиет, себеби үстүңкү бети күн көрөт, алдыңкы бети караңгыда, ошондуктан алдыңкы бети да күн көрсүн, жаткан жеринен ала салдырып жүргүлө", - деп. Жайлоодо жаткан тоголок таш кемде-кем өтө сейрек учурайт. Мен болсо жаткан ташты көрөр замат аласалдырууга ашыгам. Бир күнү таш аңтарып жүрсөм, кыздар алыс кетип калыптыр, борчуктун алдындагы сазда балдар, төөнүн тапанындай тарпайган тикенек кемирчектерди казып жыйнап жүрүшөт. Жандарына барсам, нары жакка барып ойно деп коюшту. Карасам тоо боорундагы куюлган кара шагылда жалпак таштар ого эле көп экен, мен "сооп тапканы" таш оодарып кеттим. Таш оодарып жүрүп туура жаткан узун жалпак ташты эки колдоп ача койсом астында балчайган бака жатат. Көзү жыландын көзүндөй бозорот, бака экен десем, тритондун куйругундай кыска куйругу бар экен. Куйруктуу бака баткандай таштын ички бетинде чуңкуру да бар. Бир чети коркконумдан, анан таң калганымдан шал болуп ката түштүм. Куйруктуу бака араң көзүн ачып жумуп, кыймылсыз жатат. Ташты эки колдоп жантайтып кармап турам. Бака менен менин көз аралыгынын ортосу чоң кишинин кере карышчалык. Ошондуктан ал курбаканы дааналап көрдүм. Эсиме келе калды көрүнөт, жалпак ташты куйруктуу баканын үстүнө этият жаптым. Таш туура жабылбаса, байкуштун буту, колун басып калат да. Ташты ордуна коёр менен кылчактай карап артка жүгүрдүм. Жүрөгүм түрсүлдөйт, оозума кептелет. Кемирчек казган балдарды аралай чу койдум. Дагы эле кылчактап куйруктуу бака жаткан ташты жалт карап келатам. Балдар шексигенсип мени карап калышыптыр. Акыры аркы бетте ойноп жүрүшкөн Сокиш эжемдерге барып кошулдум. Эмне эле энтиккенче жүгүрүп жүрөсүң деп, эжем колдон алып жетелеп, дагы нарыраак кеттик. Каякка барбайлы куйруктуу бака жаткан жалпак кара таш күн нуруна чагылып жаркырап көрүнүп турду. Куйруктуу бака көргөндүгүмдү ошол күндөн бүгүнкүгө чейин эч кимге, эч качан айткан жокмун.
…Кызыл-Жардабыз. Алдында ары мөңгүдөн келген чоң суу жайылып агат. Илгерки ата-бабаларым Кызыл-Жардын тегерегине көчүп жай чилдесин өткөрүшчү экен. Жайлоодо көзү өткөн ага-туугандар, бешинчи атабыз Байыт да ошол мүрзөлөрдүн арасынан орун алыптыр. Бизди Байыт уулу дешет. 1951-жылы университетте окуп жүргөн жылдары, жайкы каникулда, үйдөгүлөр ага-тууганың менен учурашып кел деп жиберишкендеринен Соң-Көлгө чыксам, жакын туугандарыбыз Коко ата Ырсалы (Коко моюн Ырсалы), кайниси Беки экөө колхоздун жылкысын кайтарышат экен, үйү суунун берки өйүзүндө. Күндүзү суудан ары өтүп, жардын кырында жүрсөм, алыста жылкы айдап жүргөн Ырсалы ата берки өйүзгө өтүп аттан түшүп келип, мени жанына алып, мүрзөнүн желкесине отуруп: "Бул жерде сенин ата-бабаң жатат", - деп арбактарга куран окуду. Ошол мезгилде Коко ата жетимиштерге барып калган улгайган киши. Тетиги сол жак четиндеги эски мүрзө, үстүнөн үч таш көрүнүп турат, ошол Байыт бабаңдын мүрзөсү деп анын арбагына өз алдынча куран окуду. Мүрзөлөр болгону ончакты, эскирген, үймөгү басырылып жепирейген, араң байкалат. Кийин бул кабрстанга майыт коюлбай калды. Эгерде бирөө жарым көз жумса жакага, Жумгалдагы чоң мүрзөгө жүктөп барып коюп келишет деп Коко атабыз түшүндүрө сүйлөдү.
"Дайыма Соң-Көлгө келип калганыңда, ушул Кызыл-Жардын желкесинде жай алган ата-бабаңа куран окутуп жүргүн. Ушулардын арбагы сени колдоп жүрсүн", - деп мага алакан жайып бата берди.
Өкүнүчтүүсү ошол Соң-Көлгө, жайлоого экинчи чыгышка мага тагдырым буюрган эмес экен. Менин балдарымдан Сыргак, Асылбектер барып жайлоодогу ага-туугандарына жолугушуп, учурашып келген учурлар болгон.
…Жаз чыгып, күн биринчи күркүрөп жамгыр жааганда, адамдар чылапчынды, дагараны калдыратып, боз үйдү тегерене жүгүрүп, "жер айрылып чөп чык, желин айрылып сүт чык" деп дамбыр таш өткөрүшөт. Бирок үйдү толук айланбайт, сол капшыттан чыкса оң капшытта токтойт.
Биздин үйдө Сокиш эжем чоң каптын түпкү учун бири-бирине кийгизип, аны башына жапкычы бар плаштай жамынып, чоң дагараны кычкач менен даңгыратып "дамбыр таш" өткөрүп, нөшөрлөгөн жамгыр алдында үйдү тегерене жүгүрүп жүрчү. Айылыбызда дамбыр ташты Сокиш эжем эле өткөрсө керек. Сокиштин дамбыр ташын уктук деп чоңдор күлүп калышчу.
Уй тууганда биринчи уузу менен Сокиш эжем музоону кылоолойт. Бышкан буламыктай болгон сап-сары ууздан кашык менен сузуп алып улагада жаткан музоонун башы-көзүнө, денесинин бардык жерлерине тийгизе шыбап, "өйдө чыксаң карышкыр жейт, ылдый түшсөң ууру алат, орто жолдон чыкпай жүр. Кылоо!.. Кылоо!" деп эки-үч сыйра кайталайт. Мышыкты өзгөчө жакшы көрчү, кичинекей мыйын таап келип кулагынын учун көзөп, ага иттин жүнүнөн эшип, шурудан сөйкө салып көтөрүп жүрчү.
Айсыз караңгы түндө чоң балдар, кыздар чогулуп "ак чөлмөк", "түмбүлдөк", "жоолук таштамай", "токту сурамай" ойношот. Биз булардын биринен да калбайбыз. Бардыгына катышабыз.
… Ошол Чоң Шордун төр жагына кекиртектеп барып конгон экенбиз. Кеч курун желедеги байланган бээлерди, кулундары менен агытып жиберишчү. Жылкы түз эле бийик кырды ашып, кыр үстүндө кеңирсиген. Сары-Көлдө отточу. Таң үрүл-барал сөгүлө баштаганда эле таң ашырып, суутуп мамыга байланган атты эр азаматтар минип Сары-Көлдүн үстүндөгү жылкыларды айдап келишке жөнөшөт. Бир күнү Сапам (Сапаралы - биздин айылдын аксакалы, кулунду бээлерди ошо киши чогултуп келчү) төшөктөн турбай калган экен. "Я, кокуй! Эми бээлерди ким айдап келет", - дешип кобур-күбүр боло түшөт. Ошондо Сокиш эжем ыргып туруп дароо кийинип, Сапамдын үйүнө жөнөйт. Анын керегеде илинип турган жаман чапанын шөлбүрөтүп кийип, башына чачын түйүп, кара көрпө чоң тебетейин баса кийип, белин көтөрмөнүн үзүндүсү менен курчанып, эркекче жазанып арыдан бери атты токуй салып, айт-уйт дегиче атка шамдагай минип, камчы менен тарса-тарса камчыланып, текирең таскактатып караңгыга сүңгүп кирип кетет. Айылда катын-калачтар чогулуп, бул эмне болот деп кооптонушуп, шок кыздын жоругуна кобур-собур сүйлөшүп, кыздын кеткен тарабынан көздөрүн албай, аман-эсен келсе болду дешип кужу-кужу сүйлөшүп калат. Бул кыздын кылган жоругу оңойбу, жайлоодо жылкы издеген көпкөн жигиттер толуп жатпайбы. Жылкы чогулткандардын ичинде бойго жеткен кызды көрсө, зордоп же алакачып кетмеги көз ачып жумганча. Бир убакта "Айланайындар келатат", - деген добуш угулары менен эшикке ыргып чыксам, күн тоонун башына чыгып калган экен, тээ алыстагы чоң кырдын узун кыясында жоонтоп жылкыны кууп айдап келе жаткан Сокиш эжемдин каргадай карааны көрүнөт. "Алдыңа кетип калайын, эркек болуп эле төрөлчү жан экен, эмне үчүн кыз болуп калды дейсиң", - дешип катын-калач Сокиш эжемди алкап жатышты.
Кийин качты кылып күйөөгө узатканда, болочок күйөөсү жолдоштору менен күлүк ыргыштаган аттарга минип келип алып кеткенде болочок күйөөсү Сокиштин чылбырын алып жетелемекчи болот. Сокиш чылбырды күйөөсүнүн колунан жулуп алып, алдындагы атка камчыны басып-басып алып бийик белден тике ылдый түшүп, эч кимисине жеткирбей көлдүн кылаасына чейин кирип кеткен экен. Күйөө бала жолдоштору менен Сокишке жетпей артта калып, Сокишти жоготуп да коюшат. Караңгыда издешип аябай убара болушат. Сокиш кыз чагында жалтанбаган, тайманбаган ыксыз кайраттуу жан болгон. Анан таң атканда араң таап кууп жетишет. Айылына барганда да Сокиш чылбырдан жетелетпей өзү эле топтун башында барат. Кийин эл Сокиш өзү болуңкурабаган жерге барган тура деген жоромол күбүр-шыбыр болду.
…Сокиш эжем ошол мезгилде аябай сабаттуу киши болсо керек, китепти көп окучу. Айылыбызда чоңдордон ким жакага (Жумгал, Жаңы-Арык) барбасын сөзсүз китеп алып келип Сокишке берише турган. Бир жолу бирөө чоң китеп алып келип берди. Аны Сокиш окуп чыгып, ошол китептин ичиндеги "Алтын көкүл Равшан" окуясы абдан жакканын, аны жазган киши өтө эл жаш жигит экенин айтып берип атканын кулагым чалганы бар. Анан "Тынч Дон" деген китепти окуп чыгып, автору 23 гана жашта экенин айтып, кайыш кур курчанган мурутчан кишинин сүрөтүн көрсөткөнү, мен талашсам колун жогору көтөрүп тытып коесуң деп бербей койгону эсимде. "Жолборс терисин кийген баатырды" окуганда өзүнчө эле уу-дуу болушкан. Кийин биздин жана кошуна айылдагы чоңдордун сабатсыздыгын жою "ликбез" мектебинин мугалими болуп иштегени эсимде. Чоң эле аялдар, мурутчан кишилер келишип, биздин үйдүн (дайыма айылдын башында кончубуз) жанына чогулушуп, чөбүн мал тепсебеген таза жерге отурушуп, чоңдор үчүн Алиппени окушчу жана Сокиш эжем бир нерселерди жаздырчу, ар-бирине окутуп текшерчү. Сабак (дарс) бүтсө керек, бир күнү Сокиш эжем Карыпбек бекен же Сактанбек деген мурутчан атаны аябай мактады. Бул киши аябай зээндү, айткан сөздү дароо көкүрөгүнө түйөт, ариптерди тез эле үйрөндү, өз алдынча кадимкидей ариптерден сөз курап жаза алат, жазгандарын шар окуйт. Ошондой эле китепти окуганга жарап калды. Бул кишинин сабатсыздыгы жоюлду деп эл алдында мактап салды. Биз кичинекей мадыра баштар мындайраак жерде боордоктоп жатабыз. Эжемдин берген сабагына көңүл бөлүп тыңшайбыз. Биздин катарыбызда чоң жигиттер деле жатат. Дарс аяктаганда жигиттер отура калышып, эжеме суроо беришет. Эжем ойлонуп туруп жооп берет. Омээй, менин суроомо туура жооп берип кетти, кыйын экен дешип өз алдыларынча кобурап калышчу. Кийин Жаңы-Арык орто мектебин аяктагандан кийин биздин айылдагы Айгыр жал башталгыч мектебинде кадыр эсе мугалим болуп иштеп жүрдү. Албетте зээндүү, чыйрак кыздар башка айылда деле толуп жатат дечи, бирок Сокиш эжем болгондуктан мага өзгөчө таланттуудай көрүнсө керек.
Сокиш эжем көп эле мугалимдерден таалим-тарбия алды. Бирок ошол мугалимдеринин ичинен Мусакожо Бектур уулун өзгөчө урматтоо менен эскерчү. Жаңы-Арык орто мектебинин абалкы жайы салынып бүтө электе Базартурук мектебинен окушчу экен. Биздин үйдөн Базартурук мектебине чейин 8-9 км. келет. Анын үстүнө чоң суунун аркы өйүзүндө. Биздин айылдын балдары алыска кээде барса кээде барышпайт. Жалгыз эле Сокиш такай барып окуп калат. Сабак бүтөр менен жалгыз Жараштардын айылынын этеги менен элеңдеп жүрүп калганда Мусакожо агайы атына минип, Сокиштин аркасынан акмалап, суунун берки өйүзүнө өткөнчө узатып койчу экен. Себеби Жараштын айылында кабанак иттер, ээнбаш балдар көп эмеспи. Сокиштин билимге ынтызар экенине жана ошончо алыстыктан коркпой билим алууга умтулганын түшүнүп, анын үстүнө өзү боорукер, кең пейил, ак-көңүл, адамга жакшылыктан башканы тилебеген адам болгондон кийин Сокиштин эс-тутумунда түбөлүк сакталды. Мугалимдер жөнүндө сөз козголсо болду, Сокиш Мусакожо агайын мактап сүйлөгөнүн көп укчумун.
…Үч-төрт жыл илгери абышкасы Шамбеталиев Аспек дүйнөдөн өтүп, сексен беш жашында курман айт күнү жерге берилген. Эми минтип байбичеси Ырсалы кызы Сонунбала (2010-жылы) 85 жаш курагында Курман айт күнү дүйнө салды. Буларды жалпы жонунан Барат уулу деп коюшат экен. Барат деген сөз качандыр бир заманда пайда болуп, анан унутта калган мусулмандардын майрамы.

Жакынынан айрылган кандай
кайгылуу, кандай өкүнүчтүү!

Б.СОЛТОНБЕКОВ



"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o