"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o
Роза Отунбаева:
"Балдардын мыкты билим алышы үчүн кардиналдуу чараларды көрөбүз"
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева 1-февралда Ош облусуна болгон жумушчу сапарында Оштогу А.Макаренко атындагы мектеп-гимназиясында болду.

Мамлекет башчысы окуу класстарын кыдырып көрүп, окуучулар менен маектешти, окуу процессинин жүрүшүнө кызыгып, компьютер жана окуу китептери менен камсыз кылуу жаатында мектептин материалдык-техникалык базасынын абалы менен таанышты.
Президент окуучуларга облустун активи менен өткөн коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешме жөнүндө кыскача айтып берди. Маектешүү учурунда жогорку класстын окуучулары мамлекет башчысына компьютердик жабдуулар жетишсиз экендигин айтышты, өлкөдөгү абал боюнча пикирлери, Кыргызстандын келечегин кандай элестетээри жөнүндө ойлору менен бөлүшүп, Президентке жооптуу кызматында ийгилик каалашты.
Президент окуучуларды коомдо татыктуу орун ээлөө үчүн сапаттуу билим алууга умтулууга чакырды.
Андан соң мамлекет башчысы мектептин педагогикалык коллективи менен жолугушту. Президент коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.
Мугалимдер орто билим берүү жаатындагы проблемалар, окуу китептеринин жетишсиздиги, анын ичинде дүйнөнүн саясий турмушундагы орчундуу өзгөрүүлөрдөн улам алардын айрымдарынын мазмуну өзгөртүлүшү керектиги, ошондон улам алар моралдык жактан эскиргендиги туурасында сөз кылышты.
Роза Отунбаева жакында эле өткөрүлгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча эл социалдык-экономикалык проблемалардын чечилишинен мурун балдарына сапаттуу билим берүүгө көбүрөөк көңүл бура тургандыгы айкындалганын айтты. "Бул бизди билим берүү жаатына өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирет. Биз балдарыбыз мыкты билим алышы үчүн шарт түзүү боюнча кардиналдуу чараларды көрүшүбүз керек", - деп баса белгиледи Р.Отунбаева.
Педагогдордун ою боюнча, "Жаш мугалимдин депозити" мамлекеттик программасынын шаардык мектептерде натыйжасы аз болуп жатат жана ал орто мектепте иштегиси келбеген жаш мугалимдердин маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзө албайт. Ошондой эле алар орто билим берүү системасын реформалоо боюнча сунуштарды айтып, анын ичинде окуу программаларын түзүүнүн методологиясын, орто мектептерди каржылоо системасын өзгөртүүнүн зарылдыгына басым жасашты.
Жолугушуунун аягында Роза Отунбаева Бишкекке баргандан кийин айтылган сунуштар сөзсүз түрдө билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууланып, карала тургандыгын убада кылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы






Яндекс.Метрика