Жыртык тешикке күлөт
Кубанычтуу жаңылык эмес. Арданбаска айлаң жок. Кайрадан Эл аралык PISA уюмунун аныктоосу боюнча биз, билим деңгээлинин сапаттык көрсөткүчү боюнча 65 мамлекеттин ичинен эң акыркы орунду алыптырбыз. Маалымат үчүн айта кетсек, негизинен бул уюм аныктоого катышкан бардык мамлекеттердеги 15 жаштагы өсүпүрүмдөрдүн, математика, табигый илимдер жана окуу жөндөмдүүлүгү боюнча билим деңгээлдерин изилдеп аныкташкан. Айла жоктон ушул үч багытта тең артта калгандыгыбыздан, илимдердин паашасы болгон математика менен табигый билимдерди жөн коюп баарыбыз үчүн жеңилдей көрүнгөн окуу деңгээлибиз боюнча коңшуларыбыздын билим сапаттары менен өзүбүздүкүн салыштырып көрсөк төмөндөгүдөй: Россияда окуу боюнча билим деңгээлинин сапаты 72,6%, Казакстанда 41,3%, Азербайжанда 27,2% барабар болсо, биздин окуу сапатыбыздын деңгээли болгону 16,8% көрсөткүчтү берет экен.
Сөз чынынан бузулбайт, ачыгын айтканда өз ахыбалыбызды өзгөдөн сурабасак деле жакшы билебиз. Ушул эле уюмдун 2006-жылкы чыгарган аныктамасында деле биздин республика эң акыркы орунда болгондугу жалган беле. Анда деле баарыбыз ызы-чуу болуп, "кокуй, билим деңгээлибиз өтө төмөндөп кетиптир, тез чара көрбөсөк болбойт"-деп өткөн чакырылыштагы Жогорку Кеңештеги билим берүү комитетинин төрагасы, ал кездеги бийлике оппозициялык маанайда турган СДПК фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркүлов, депутаттар менен 2007-жылдын башында билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда ЖК депутаттык угууну өткөрүшүп, өкмөттүн алдына билим берүүгө байланышкан көптөгөн маселелерди белгилешип, тез арада билим реформасын ишке ашырууга киришээрин айтып чыгышкан. Аттиң десең, ал угуу отурумуна катышкан биз үчүн жакшы эле жылыштар болчудай болгондой болду эле бирок, жыйынтыгында эч нерсе болгон жок, айтылган сөз, ишке ашчу реформа ордунан козголгон да жок. Адатыбызча айтып-айтып кала бердик. Андан кийин болсо чоң саясаттын ызы-чуусуна кирип кетип агартуу маселесин эске алган деле жан болгон жок.

"Өсүш бар" деп айткандан өзүң уяласың

Калп айткан менен болобу, акыркы 3-4 жылда мүмкүнчүлүккө жараша билим берүү тармагына аз да болсо көңүл бурула баштагандыгын төмөнкү далилдерден байкаса болот. Бир эле фактыга кайрылсак, өткөн 2010-жылдын 1-сентябрына республика боюнча 24 жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, ага кошумча 27 мектептин курулушу ушул жаңырган жылда бүткөрүлүшү күтүлүүдө. Мамлекет тарабынан агартуучулардын айлык акы боюнча карызы толук жоюлган. Мындан тышкары Эл аралык уюмдардын дагы алгылыктуу жардамдарын эстен чыгарууга болбойт. Бул жылыштарда кимдин үлүшү канча экендигин окурман өзү талдап алар. Ал эми "башканы коюп Манасты айт" дегендей, баарыбызды түйшөлткөн билим сапаты боюнча айта кетсек, ошол эле PISAнын 2006-жылдагы ушул эле окуу абалы боюнча чыгарган жыйынтыгында биздин деңгээлибиз 11,8% болгон болсо, 2009-жылкысы 16,8% же башкача айтканда, мурункуга караганда 5% "кыйыныраак" болуп калыптырбыз. Бирок 5% жылыш кимибизди алымсындырып, кимибизди кудуңдатат? "Өсүш бар" деп айткандан өзүң уяласың. Мына ушундай жыйынтыктарды карап келип, "ким күнөөлүү? ким арданыш керек?"- деген мыйзамдуу суроо туулат. Албетте, "агартуучуларыбыздын берген билими ушул болсо, анан ким күнөөлүү болмок эле?"-деп тез эле жыйынтык чыгаруучулар четтен чыгат. Парадокс, жогорудагы айтылып кеткен 2007-жылы өткөрүлгөн Жогорку Кеңештеги депутаттык угууда катышкандардын эсинде болсо, ошол кездеги райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин атынан чыгып, "силер начар билим берип, мамлекетибизди уятка калтырып жатасыңар" - деп айылдык агартуучуларды айыптап чыгышкан депутаттарга кайрылып: "билим сапаты боюнча биринчи орунга чыккан финляндиялык мугалим менен акыркы орунда калган кыргыз мугалимине "жыгачтан баланын куурчагын жасагыла" - деп тапшырма беришсе, фин мугалими ар кандай электро кескич, көзөгүчтөрдүн, араанын, чоң-кичене лобзиктердин жардымы менен алеки заматта татынакай куурчакты жасап бүтмөк. Ал эми ошол эле учурда кыргыз мугалими, мокок балта менен эптеп куурчак жасаганга киришмек, ал эми ошол кыргыз мугалиминин керкиси эмес, балта курчутканга өгөөсү дагы жок, ошондуктан билим сапатыбыз үчүн уяла турган болсок баарыбыз: мугалимдер, ага тиешелүү шарт түзбөгөн өкмөт, министрлик бирге чогуу уялып, ардансак чогуу арданалы" - деп салыштырмалуу айтканым эсимде. Азыркы ахыбалыбыз деле андан ашып түшсө түшөөр, бирок эч кемибейт. Билим берүүнү жакшыртууда тоскоолдук кылуучу мүчүлүштөрүбүз өтө көп. Биринчиден, мектептердеги предметтик сааттардын сандык көрсөткүчүн ушул мезгилге чейин жөндөй албай келгендигибизге өкүнөм. Чындыгында көпчүлүк республикаларда бул жаатында көп өзгөртүүлөрдү киргизүүгө үлгүрүштү. Чет мамлекеттердин басымдуу көпчүлүгүндө 10 жылдык базисттик билим берүү, планга ылайык жылына 750 саат болсо, Россияда 893 саатты түзөт. А бизде жылдык планыбыз 1088 саат. Айырмасын байкап көргүлө. Баланы да, өзүбүздү дагы кыйнап жатканыбызды сезсек. Мектептердеги базистик окуу пландарын кайра карап чыгуу жаатында азыркы билим берүү министрлиги көп аракеттерди баштагандыгы кубандырат. Бирок, бул ашыкча сааттарды кыскартуу боюнча билим берүү министрлиги жаңы окуу жылынын башында кылган аракети агартуучулардын айлыгынын аздыгынан гана ишке ашпай калгандыгы жалганбы? Албетте, мамлекетибиздеги бюджеттик тартыштыкты биздин агартуучу агай-эжейлерибиз деле сезишет, бирок мамлекет жетекчилери дагы мугалимдердин оор ахыбалына түшүнүү менен мамиле кылышса. Жок дегенде базар баалары мурунку калыбында өз ордунда туруп турса да бир жөн эле, өкмөт базар баасын көзөмөлгө албаса болбой калды, баа боюнча монополияга каршы комитет эмне иш аткарып жаткандыгын билбейсиң.






Аракет болсо акча табылат

Ар качандан бир качан агартуучуларга келгенде каражат жетишпейт деп келебиз. Бирок, жакшылап бул эң негизги маселени көңүл борборуна алып аракет кылса, бул жагынан деле тунгуюктан чыгууга жол табылчудай. Мыйзам боюнча мугалимдерге коммуналдык жардам көрсөтүү жагы жергиликтүү бийлик ээлеринин милдети экендиги ачык көрсөтүлгөн. Кыргызстанда көпчүлүгү болбосо да колунда бар айыл өкмөттөрү өз аймагындагы мугалимдерине толук жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар, буга мисал катары Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтү өзүнө тиешелүү 6 мектепте эмгектенген 200 ашуун агартуучуларга жыл сайын 1,5 тоннадан кыштык көмүр менен бекер камсыз кылып келген. Азыр болсо, өткөн жылдагы апрель окуяларынан кийин ал жардам дагы берилбей калды. Буга кошумча ошол эле райондогу агартуучуларды Кумтөрдүн акчасы менен каржылоо жагын эмнеге чечүүгө болбойт? Бери дегенде районго, областка бөлүнгөн акчанын 50% агартуучуларга кошумча акы катары чечип койсо мамлекеттик бюджетке деле чоң жеңилдик болмок да. Көл жээгиндеги көпчүлүк айыл өкмөттөрүнүн бюджетине жайнаган эс алуучу жайлардан эмне деген гана каражаттар агып кирбейт дейсиңер. Алардын басымдуу бөлүгү мейман тосконго, той-топурларга чачылып кетип жаткандыгы жалганбы? Биздин республикабызда өзүнүн аймагында кирешелүү завод фабрикалары, чакан ар кандай коммерциялык ишканалары бар айыл өкмөттөрү көп эле эмеспи. Алардан түшкөн салыктык каражаттарды сары эсептик менен эсептеген эч ким жок. Бишкек шаарынын мугалимдеринин аз да болсо токпейил тартып тургандыктарынын себеби, аларга шаар мэрлиги кошумча айлык бергенден болуп жаткандыгы калппы? Бул жерде жакшылап акчаны туура бөлүштүрүү механизмин мыйзамдаштырып койсо, мамлекетке дагы бир топ жеңил болмок. Ал эми айласы куруган, акчасы жок бийик тоолуу жерлердеги айыл өкмөттөрүнө дотация катары мамлекеттик бюджеттен жардам берип туруу зарыл. Жаңы өкмөткө күчтүү экономисттер келди дейбиз, мына ошолор жакшылап изденип, бул көйгөйлүү маселени тез арада чечишпесе билим берүүбүздүн сапаты төмөндөгөндөн төмөндөй бермекчи. Андыктан "билим - деңиз, акыл - кайык, билимдүүгө дүйнө жарык"-дегендей биз, Билим "деңизинде" Акыл "кайыгы" менен чалды-куйду сүзө бербей, багытыбызды жакшылап аныктап, түндүк, түштүк кеңдиктеги координаттарыбызды тактап алып бара турган багытыбызды көздөй Жарык дүйнөгө ишеничтүү сүзүп кетишибизди Кудайдан тилейли. Болбосо, "жыртык, тешикке күлөт" болуп бири бирибизге сөөмөй кезеп шылдыңдышып жүрө берээрибиз бышык.


Мурат Жетимишбаев,
Ысык-Көл областы




"Алтын түйүндүн" филиалы ачылды
Республикалык балдардын "Алтын түйүн" инженердик академиясынын жаңы филиалы борбор калаабыздын 11-кичи районунда ачылды.

"Алтын түйүн" академиясынын директору Жаркын Бапанованын айтымында, шаардын борборунда жайгашкан академияга көп балдар алыс жашагандыктан келалбай калышууда.
- Биздин максат - академиядан алыс жайгашкан 5-6-7-8-9-10-11-кичи райондорундагы мектеп окуучулары үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Он беш жылдан бери кызматташып келаткан "Кыргызпатенттин" жетекчилиги 11-кичи райондо жайгашкан өздөрүнүн имаратынын жарымын бизге ижарасыз берди. Мындан сырткары, информатика кабинетине үч компьютерди белекке тартуулашты. Кыскасы, чыгармачыл балдардын өнүгүп-өсүшүнө жакшы шарттар түзүлдү. Биз жамааттын, балдардын атынан демөөрчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз, - дейт Ж.Бапанова.
Ачылыш аземине келген Билим берүү жана илим министринин орун басары Гүлжигит Соронкулов ойлоп-табуучулук менен алектенген балдарга өкмөт тарабынан колдоо керек экендигине токтолду.
- Чындыгында эле окуучулардын убактысын үнөмдөө үчүн жашаган, окуган жерлерине мектептен сырткаркы мекемелерди жайгаштыруу ыңгайлуу болмок. Балдар үчүн бардык шарттарды түзүп берүү зарыл, - деди министрдин орун басары.
Эми бул жаңы филиалда бери дегенде эле 200-300 окуучу үч ийримде, т.а. техникалык дизайн, информатика жана техникалык моделдештирүүнүн негизи деген ийримдерден билим ала башташат. Эң башкысы, азырынча окуучулар бекер окушат.
- Ачылган үч кабинеттен окуучулар кызыктуу техникаларды жасаганды үйрөнүшөт. Азыр бекер. Бирок балдарга керектүү жабдыктарды алып берүү үчүн академиянын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан кийин окуучулар айына 100 сомдон ашпаган каражат төлөшөт, - дейт "Алтын түйүн" академиясынын директорунун орун басары Кубан Абылов.

Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим".




Ала-Тоонун мөңгүсү - элдин кенчи
Өткөн жумада "Кой-Таш" комплексинде "Мөңгү" коомдук-экологиялык фондунун уюштуруусунда журналисттер үчүн коомдук - жаңылануу ынтымак эстафетасына арналган пресс-шерине болуп өттү. Пресс-шеринеде фонддун президенти Ү.Кабылбеков чыгып сүйлөп, аталган фонддун отчетун берди. Пресс-шеринени "Дордой" ассоциациясынын президенти А.Салымбеков каржылаган.

Г.Мерцбахер атындагы коомдук-экологиялык "Мөңгү" фондусунун алдында түзүлгөн "Тур! Улуу журт!" улуттук экологиялык кыймылынын келип чыгыш таржымалы төмөнкүдөй: Коомдук-экологиялык мөңгүлөрдү сактоо (мындан ары КЭМС) "Мөңгү" фондусу 2006-жылы Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинен расмий түрдө каттоодон өткөн. Фонддун эң башкы максаты - бул мөңгүлөрдү сактоо жана коргоо, сууларды туура жана сарамжал колдонуу жана ошондой эле Борбордук Азия регионунда экологиялык сабатсыздыкты жоюу менен бирге чырмалышкан каатчылык ахвалдан чыгарып, мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдап, боордош элдердин достугун, ынтымагын бекемдөө. Фонддун президенти акын, коомдук ишмер Үрүстөм Кабылбеков. Фонддун демилгечилери жана уюштуруучулары кыргызстандын таланттуу инсандары: Кыргыз эл акыны, Кыргыз эл баатыры, аксакалдар кеңешинин төрагасы С.Эралиев, КРСУнун ректору, академик В.Нифадьев, окумуштуу-катчысы И.Ашымов, КРСУнун өзгөчө кырдаалдар кафедрасынын башчысы, профессор К.Бозов жана Кыргызстандын климатологдору, гляциологдору, ошондой эле Борбордук азиянын тагдырына кайдыгер карабаган өлкөбүздүн мекенчил атуулдары. 2006-жылы фонддун программасы жана Борбордук Азия регионун чырмалышкан каатчылык ахвалдан алып чыгуу боюнча иш-пландар иштелип чыккан. 2007-жылы жазында Үрүстөм Кабылбековдун "Мөңгүлөр - Борбордук Азия регионундагы нымдуулуктун, ден соолуктун, энергетикалык кубаттуулуктун жана саясый туруктуулуктун кепилдиги" аттуу китеби жарык көргөн. Бул китепте "Жер бетиндеги жашоо үчүн" деген ат менен Борбордук Азиянын комплекстүү кризистен чыгуунун кыскача концепциясы сунушталган. Фонд кыска мөөнөттүн ичинде өзүнүн активисттеринин, окумуштуулардын, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле массалык медия өкүлдөрүнүн катышуусу менен экология жана мөңгүлөрдү коргоо маселелери боюнча бир нече тегерек столдорду, пресс-конференцияларды өткөргөн. Бардык материалдар жана макалалар Кыргызстандын жана Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көргөн. 2008-жылдын 6-ноябрынан 10-ноябрга чейин КЭМС "Мөңгү" фондусу КР Сүрөтчүлөр Союзу менен бирдикте "Тур! Улуу Журт!" аттуу чакырыктын алдында сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, Кыргызстан элине кайрылуу кабыл алынган. Ушундай эле кайрылууну "Ак шумкар Кут" жаштар бирикмеси да кабыл алган.
"Тур! Улуу Журт!" аттуу чакырыктын алдында ушундай эле кайрылууну 2009-жылдын 28-ноябрында Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзу, Сүрөтчүлөр Союзу, Архитекторлор Союзу, Композиторлор Союзу, Журналисттер Союзу тегерек столдо бир добуштан колдошуп, бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттарын жарыялашкан. Ошол КЭМС "Мөңгү" фондусу Борбор Азиянын, анын ичинде кыргыз элинин мөңгүлөргө, сууга болгон маселелерин кеңири талкууга алып, анын өнүгүү жолун мамлекеттик деңгээлде кароону сунуштап, бул иште коомчулуктун сыртта калбоосун чакырды.
(Өз кабарчы)