АРДАКТУУ МУГАЛИМ
Совет доорундагы алгачкы мугалимдердин бири Төлөнбай Данияров тирүү болгондо 100 жашка толмок экен. Ага арналган "Төлөнбай Данияров - ардактуу мугалим" деген китепти бир тууган карындашы, медицина илимдеринин кандидаты, 17 жыл бою ЖОЖдо сабак берген доцент, советтик-партиялык кызматкер, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу К.Орузбаева-Даниярова жазып, жаңы жыл алдында жарыкка чыгарды. Китептин бал каарманы Төлөнбай жана анын өрнөктүү жолун уланткан кийинки муундагы туугандары - илимий, педагогикалык чөйрөдөгү көрүнүктүү ишмерлер жөнүндөгү автордун баянына көңүлүңүздөрдү бурабыз.


Данияров Төлөнбай Бакирович 1910-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндөгү азыркы Көк-Ойрок айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айлында көп балалуу, малдуу-жандуу, кадыр-барктуу үй-бүлөдө туулган.
Алгач айылдык "көчмө" мектептерде билим алган. Атасы Бакир баласынын окуусун улантуу максатында 14 жашында иниси Базаркулга тапшырат.
Т.Данияров 1925-жылы октябрда ачылган Кыргыз агартуу институтуна кирип окуйт. Алдыңкы окуучулардан болуп, техникумда уюштурулган "Үмүттүү жаш", драма жана башка ийримдерге жигердүү катышкан. Студенттердин ийриминде койгон оюндарда сулуу жигит болгондуктан кыздардын ролун аткарчу экен. Ал жөнүндө бирге окуган замандашы, жолдошу мударис Зияш Бектенов жазып калтырган. "1925-1926-жылдарда окуучуларыбыз сахнага коюшкан майда-чүйдө пьесаларда аялдардын ролдорун (ал кезде бизде окуп жаткан бирин-серин кыргыз кыздары жаш болгондуктан) пьесадагы кемпирдин ролун Байсерке Калпаков жана Мукай Элебаев, келиндин ролун Абдылас Малдыбаев, кыздардын ролдорун Төлөнбай Данияров, Ташым Байжиев сыяктуу сулуу балдар аткарган учурлар болду…"
Төлөнбай Данияров өспүрүм кезинде эле Базаркул Данияровдун тарбиясында болуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн, социалдык маданий курулушту түптөгөн алгачкы интеллигенттердин чөйрөсүнө аралашат, билимдүү өсөт, орус тилин эрте үйрөнөт.
1929-1932-жылдары К.Тыныстанов, Б.Данияров кыргыз маданиятын иликтөөгө, ырчы, комузчулардын өнөрүн музыкасын нотага түшүрүүгө, элге жайылтууга көмөктөшкөн. бул максатта Москвадан профессор, композитор Затаевичти чакырткан. Ал Б.Данияровдун үйүндө акын Токтогул Сатылгановдун, кыякчы Жолойдун, Мураталы Күрөңкеевдин, комузчу Карамолдо Орозовдун күүлөрүн нотага түшүрүп, жаздырып, кыргыз музыкалык искусство тарыхына мурас калтырышкан. Ошондо Төлөнбай Данияров котормочу тилмеч болуп берген.
Төлөнбай 1930-жылы Т.Саманчин, К.Чукин менен чогуу Москвадагы В.И.Ленин атындагы пединститутка кирип окуган. 1931-жылы атасы Бакир кулакка тартылып Сибирге айдалгандыгына байланыштуу Москвадагы окуусун калтырып, энебизди, бир тууган ини, карындаштарын - бизди багуу үчүн Фрунзеге келген. Атабыз камалганда энебиз чиедей болгон сегиз баласы менен калган, улуусу Төлөнбай байкем эле.
Мугалимдик кесибин 1931-ж. Фрунзеде ачылган Кыргыз медтехникумунда кыргыз тил адабият сабагын окутуудан баштаган.
Мугалими Төлөнбай Данияров жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, КР Эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгеги сиңген врач, эмгек сиңирген илимий ишмер, медицина илиминин доктору, профессор эжебиз Рыскулова Какиштин эскерүүсүнөн: "Мен 1934-1938-жылдары медтехникумда окудум. Данияров Төлөнбай көрктүү, сулууча келген арыкчырай, маңдайы жарык, ак жуумал, жарашыктуу кийинген, көңүлү ачык мугалим болчу. Сабакты жакшы түшүндүрчү, капа болуп жүргөнүн көргөн жокмун. Бизди көргөндө андай-мындай тентек болбогула, таза-тыкан жүргүлө, аксакалдарды, улууларды көрсөңөр жылуу жумшак учурашып, саламыңарды жазбай айтып өткүлө деген акыл насаатын айтып калчу.
Сабакты, тапшырманы сураганда үнүн көтөрбөй токтоолук менен жооп алчу. Туура жооп бере албай калганыбызда муну окуп келгиле, кийинки сабакта сөзсүз сурайм, жообун аныктап, айтып берсеңер дегенде биз уялып калар элек".
Төлөнбай Данияровдун тажрыйбалуу, мыкты мугалим болгондугу жөнүндө медтехникумдун окуучусу, залкар акын, коомдук ишмер Тенти Жунушбаева-Адышева "Кылы үзүлгөн комузум" (2003-ж.) чыгармасында баса белгилеген. Бул чыгармада автор жаш мугалими биринчи сүйүү махабатын арнаганы жөнүндө сыймыктануу менен эскерет: "Биринчи болуп мага жүрөк сырын билдирген, көксөй колун сунган адам болду". Бирок Тенти жаш болчу, алдыга окуусун улантуу максатын койгон.
Т.Данияров мугалимдик эмгек жолун баштагандан тартып жаш болсо да билимдүү, кесипкөй (профессионал) мугалим эле. Ата-тегине, атасы Сибирге айдалгандыгына байланыштуу кызмат жолунда көтөрүлбөй, басмырланып келген.
Кыргызстан Эл агартуу комиссариаты адистик билимдүүлүгүн баалап республиканын облустук, райондук мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарына сабак берүүгө катыштырып турган. 1934-жылы июль-август айында Наркомпрос Каракол шаарында уюштурулган Ысык-Көл облусунун райондор аралык, мугалимдердин билимин жогорулатуу курсуна сабак берген (өздүк архивинде угуучулары менен түшкөн сүрөтү сакталган). Курста окутуучулардын бири Кусеин Карасаев болгон.
Бул жылдары Наркомпрос жаштарды билимге тартуу саясатын жүргүзөт. Т.Данияров Караколдон Жети-Өгүз аркылуу Фрунзеге кайтканда келечектеги жазуучу, котормочу, ветеринардык илимдин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Абдулхай Алдашевди 14 жашында жетим баланы Фрунзеге үйгө алып келип багып медтехникумга окууга киргизген, илимий, жазуучулук келечегине жол ачкан. Ал жөнүндө А.Алдашев "Улуу адамдар элесине бир сүртүм - 2.Х.1997-ж." кол жазмасында эскерген.
1937-жылы республикада саясый кандуу репрессия күч алып турган мезгилде агасы (атасынын иниси) Базаркул Данияров бай-манаптын тукуму, улутчул, Социал-Туран партиясынын мүчөсү деген күнөө менен камалганда, Т.Данияров куугунтуктоого алынат. Ошондо Казакстанга кетип, мугалимдик милдетин аркалап тапкан маянасын апабызга жиберип, бизди сырттан баккан. Мугалимдик кызматка орношууга жардам берген казак эл жазуучусу Мухтар Оморханович Ауэзов болгон. Бул адам 1929-1932-жылдары Базаркул Данияровдукуна келип, бир нече айлап үйүндө жашап "Манас" эпосун Сагынбай Орозбак уулунун айтуусунда жаздырып илимий иш даярдаган. Жыйынтыгында ал 1930-жылы Ленинградда кандидаттык диссертациясын коргогон.
Т.Данияров 1940-жылы саясый репрессиянын капшабы басылганда Казакстандан келип Кыргызстандын Мамлекеттик китеп палатасында тарых, тил адабият илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп орношот.
Т.Данияров 1941-жылы август айында Кыргызстан Элге билим берүү министрлигинин жолдомосу менен Кочкор районуна жиберилет. Кочкор райком партиясы, райОНОсу райондун Кош-Дөбө айлындагы "Электр" мектебине, 1942-43-жылдары Кум-Дөбө 1943-1945-жылдары Кызыл-Дөбө, 1945-1947-жылдары Талаа-Булак мектептерине директор, кыргыз тил, адабият мугалимдик кызматка жиберип турган.
1947-жылы Т.Данияров Талаа-Булак мектебинде жетекчилик жана мугалим милдетин аткарып жүргөн мезгилинде эмгектик бактысына туш келет. Кол астында жаш мугалим Көкөбай Мамбеталиев табият таануу сабагын тың өткөрүп, окуучулары менен талаа-тоодон жан-жаныбарларды алып келип сабак өтүп жүргөндүгүн байкайт. Ал "жандуунун баары адамга шерик болот" дегендей Көкөбай Мамбеталиевге сабагына керек болуучу жаныбар бурчун (музейин) уюштуруу жөнүндө кеңешин айткан.
Көкөбай Мамбеталиев үзүрлүү эмгектенип тажрыйбалуу мугалим болгон. Республикада айыл мектебинде биринчилерден зоология музейин ачкан. Т.Данияров менен иштегенинен 20 жылдан кийин 1968-жылы Мамбеталиев Көкөбай окуучуларга билим берүүдө жана коммунисттик тарбиялоодогу зор эмгеги үчүн республикадагы мугалимдер чөйрөсүндө биринчи жана акыркы жолу СССР Жогорку Кеңешинин Указы менен Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына ээ болгон.
1947-жылы Т.Данияровдун Кочкор районундагы мектептердеги эмгектери жемиштүү болуп, Кыргыз ССР билим берүү министрлиги "Эл агартуу отличниги" төш белгиси менен сыйланат. Ушул жылы кичи мекени Чоң-Кеминдеги алдыңкы К.Маркс орто мектебине директор, мугалимдик кызматка дайындалган. Бул мектепте дагы жаштарга билим берүү, тарбия, уюштуруу милдеттери жогорку деңгээлде аткарылып, мугалимдер, окуучуларынын сый урматына ээ болгон.
Бул мектепке алты жыл эмгектенип, 1953-жылы өз айлына Кайыңдыга жети жылдык мектебине орус тили, адабияти мугалими болуп пенсияга чыкканга чейин эмгектенген. "Мугалим - мөмөлүү дарак" демекчи Т.Данияров 45 жылдык ыйык мугалимдик кесибинде миңдеген жаштарга билим берип, алар республиканын бардык булуң-бурчтарында жемиштүү эмгектенишүүдө. Ага саясый репрессиянын залалы тийсе да, катардан калбай мугалимдик кесибин туу тутуп, кадыр-барктуу, ардактуу мугалим катары бактылуу өмүр сүрдү. 1975-жылы дүйнөдөн өткөн.

Базаркул Данияров (1897-1942) тунгуч агартуучу өз мезгилинде мамлекеттик ишмерлер кыргыз билим илимине негиз салуучулар И.Арабаев, К.Тыныстанов, Т.Жолдошов, К.Юдахиндер менен тең чыккан.
1925-жылы Бишкекте ачылган, кийин 1928-жылы Борбордук кыргыз педагогия техникуму деп аталган Кыргыз агартуу институтунун окуу бөлүмүнүн башчысы, 1928-1931-жылга чейин директору. 1931-1934-жылдары Эл агартуу комиссариатынын окуу-методика секторунун башчысы, партиялык ячейканын катчысы. 1935-жылы Наркомпростун (азыркыча министрдин) милдетин убактылуу аткарып турганда "ылгоого" (репрессияга) кабылып, улутчул деген жалаанын негизинде ВКП(б)нын тизмесинен өчүрүлгөн да, Оштогу пахта-талаачылык техникумуна мугалимдик кызматка жөнөтүлгөн. 1937-жылы эл душманы, улутчул, Социал-Туран партиясынын мүчөсү деген негизсиз күнөө коюлуп 10 жылга кесилген. СССРдин Ички иштер министрлигинин Сибирдин түндүк батышында Свердлов облусундагы колониясы "Ивдел-"Н" лагеринде 1942-ж. каза болгон.