АДАШКАН КӨЧМӨН
же бурганакта буюккан көчкө жолчыракты ким жандырат?
Социализмден көргөн жакшылыгыбызды айтып келатабыз, мындан ары да айтабыз.
Бирок, СССРдин тушунда материалдык жана илим-билим жагынан жетишкендиктерибизге карабастан табиятыбыздын жана рухубуздун экологиясы булганып, улуттук генофондубузга коркунуч туулгандыгын тана албаспыз. Мына ушинтип, жаратылышыбыз да, жан дүйнөбүз да жабыркап, болочогубуз күңүрттөнүп, тоталитардык мамлекеттин алкагында шиши толуп кузгундап чыккан проблемаларыбызды, улуттук көйгөйлөрүбүздү ачык айталбай мукактанып, тилибиз байланып, алды жагыбыз, келечегибиз алда кандай болот деп сарсанаа чегип турган кезибизде, капысынан кайра куруу чыгып, андан соң "баркыт революциясы" ишке ашып, мунун натыйжасында күтүүсүздөн эркиндик алып, өз алдынча көз карандысыз, күнкорсуз мамлекет болуп түзүлбөдүкпү. Илгертен эңсеп келген мүдөөсүнө жетип, байыркы улуу Манастын туусун кайрадан колго алган кезде Ала-Тоолук ак калпак журттун үмүтү "дүрт" этип күчтүү тутанып, тилек-максаттары ого бетер жалбырттап жанып, алды жактан чоң жакшылыкты күткөнбүз. Өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүгө акылуу болгон кезибизде өйдө жактагы жер кыртышыбыздын жана ички дүйнөбүздүн бүлүнүүсүн токтотууга, өз илдеттерибизди өзүбүз дарылап айыктырууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү деп ар кимибиз сүйүнүп турдук. Жерибиздин да, рухубуздун да саламатчылыгы оңолор деген үмүт-тилегибиз зор болду.


Бирок ошондой болсо да, бүгүн бизге жаакты таянып, башты жерге салып катуу ойлонууга туура келет. Эркиндик, эгемендүүлүк деген өзүнөн өзү эле бакыбат турмушту камсыз этип, калайык-калкты бактылуу кылып жибербейт экен. Кеңири ачылган мүмкүнчүлүк көсөмдүк менен пайдаланылбаса турмуш чакчелекей будуң чаңга айланып, "башы жок бака, көзү жок көгөн" келип чыгат экен. Мунун бир себеби, максатка алып барчу жолдун дыкаттык менен алдын-ала чалгындалып, ар тараптан терең изилденип такталган, жети өлчөп бир кесилген долбоорунун түзүлбөгөндүгүндө, так, конкреттүү маршруттун жоктугунда. Чынын айтканда, жаңы жээкөөөке бет алганда чабак билбей туруп шар аккан дарыяга бой таштаган адамга окшоштук көрүнөт. Ураалаган демократиялык уу-чуунун шары менен капитализмдин маңдайдан "жаркыраган" маягын көздөп, кыргыз көчүнүн төөлөрүн базар экономикасынын көк жалтаң музунун үстүнө шашылыш күргүштөтүп айдап кирдик эле, эмне болду? Төөлөрүбүз дароо тайгаланып жыгылып, көк жалтаң муздун үстүндө оонап жатып калды. Өкмөт, партиялар тарабынан соңку учурларда муздун үстүндө тайрайып жаткан төөлөрүбүздү жөлөп-таяп тургузуунун, жаңы пландары түзүлгөнсүдү. Бирок дагы айталы, баары бир ошол "стратегиялар" менен "концепцияларга" скептиктин сынчылдыгы менен шектенип, кайра-кайра шыкаалап кароонун зарылдыгы бар...
Биз мындан ары карай ээрге түз отуруп жатабыз деп так кесе айтышка батына албас элек. Ушул жагынан алганда өзүн жаңылбастай, жаза тайбастай сезген жайдары оптимист болушка, эч нерседен кооптонбой алды жакка баладай бажырая караган романтикага али эртерээк дегибиз бар. Туура, көч бара-бара түзөлөт. Ошентсе да биз үчүн бүгүн илеп белгисине караганда суроо белгиси маанилүү болуп турат. Атактуу акын Алыкулдун философиялык акылман саптары куду бүгүнкү күн үчүн айтылгандай:
Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Из карайын, токтой турчу Ата-Журт!
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Жол карайын, токтой турчу Ата-Журт!
Ырас эле заман которулуп, жумурай-журттун тагдыры буруу-терүү бурганактуу жолдо таразага түшүп, бет алдың тумандап турган кыйын учурда кыргыз эли үчүн алды жакта басар жолго кадала кайгуул салып, жети өлчөп бир кескен даанышмандык, капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан илгерки акылман Бакай атабыздын олуялыгы менен көрөгөчтүгү бөтөнчө керек болуп жатат. Минтип тынчсызданып айтып атканыбыздын жөнү бар. Себеп дегенде, тереңден байкаган кишиге, ансыз да оор кеселдерге кабылган сыркоо рух экологиябыз дарыланып айыга элек чагында, күтүүсүздөн дагы да жаңы илдеттердин эпидемиясына чалдыгып, бара-бара чындап катастрофага учурап, улутубуз өз жүзү, өз үнү бар этнос катары жок болуп кетүү коркунучуна кириптер болушу мүмкүн экени жашыруун эмес. Эмне үчүн? Эмесе, мындан аркы сөз ушу жөнүндө болсун.
Кепти мындайраактан баштайлы. Ала-Тоодогу эгемендүүлүккө ээ болгон кыргыз этносунун бүгүнкү ал-жайына, эртеңки келечек тагдырына томолок жердин үстүндө, дүйнө мейкининде өтүп жаткан глобалдык процесстердин контекстинде карап, ой жүгүртүшкө туура келет.
Кансыз согуштун муздары эрип, идеологиялык тосмолор кыйрап, чек аралар ачылып, дүйнө бириктештик, кызматташтык жагына жол алган чак. Улуу Жибек жолунун тоомунда турган, базар мамилелери тарапка тизгин бурган Кыргызстан бүгүнкү адамзаттын жаңы негизде өнүгүп жаткан экономикалык мамилелеринин орбитасына активдүү түрдө тартылбай коймок эмес жана тартыла да баштады. Мына ушундай кырдаалда үмүттүү, сүйүнүчтүү сезимдерди баштан кечирүү менен, ошондой эле жүрөктү өйүгөн сарсанаалуу ойлорго кабылбай, астыртан беймаза болбой, кооптонбой койбойсуң. Дал ушундай жер бетинде ар түрдүү цивилизациялардын, күчтүү-күчсүз мамлекеттердин түздөн-түз алака-катышы күч алып, интеграциялык жана миграциялык процесстердин агымы каптап чыккан кезде, тогуз жолдун тоомунда турган, кыргыз этносунун тагдыры кандай болот, адат-салтынын, адеп-ахлагынын күнү эмне болот, руханий дүйнөсүнүн абалы не болот, ак калпакчан калк өзүнүн улуттук жүзүн, өз алдынчалыгын сактап кала алабы, же күчтүү техникалык цивилизациялардын кучагында тумчугуп, улуттук жышаанынан, кыртышынан ажырап, жок болуп кетеби? Мындай беймазалуу суроолор кооздук үчүн айтылган чечендик мүнөздөгү гана суроолор эмес экендигин бүгүн ойлонгон ар бир кыргыз түшүнөт деп ойлойбуз. Бул суроолор керек болсо, биздин тагдырыбыздын суроолору.
Же кыртышыбызга терең житкен, боосу бекем, түбү түптүү динибиз болбосо, буга чейин кылымдар бою топтолгон улуттук көрөңгөлөрүбүздү, асылнарктарыбызды пролетардык таптык идеология, "эскинин калдыгы" катары жерип-жектеп, тебелеп-тепсеген болсо, тоталитардык коом жарандарыбызды ал тарыхый тамырлардан оолак кармап, космополитон-сверхинтернационалист - Маңкурт кылып өстүргөн болсо, анан кантип биз четтен келген экспансияга туруштук бере алар экенбиз? Капыстан соккон күчтүү шамалга каакым сыяктуу үйлөнүп, такаат кыларга дарман жок, чоочун цивилизациянын стихиясына жутулуп кетебизби?
Азыр биз ачык эшик саясатын жүргүзүп жатабыз. Туура, бүгүнкү күндө буга альтернатива жок сыяктуу. Ансыз да, илгертен ата-бабалар чапкан улуу Жибек жолунун мыйзамы ушундай эмеспи. Бирок биз бүгүнкү опурталдуу заманда минтип ойлонуп турабыз. Жумуриятыбыздын менталитетинин баасы жалаң эле эшиктин ачыктыгы менен эмес, тыштан келип жаткан чоочун таасирлерге жана ички ыйман-жаныбызга, намысыбызга доо кетире турган агымдарга каяша айтып, каршылык кыла билүү касиети менен, академик Лихачев айткандай "Макул таппоо маданияты" менен да өлчөнүшү керек го. Биз - кыргыз улуту бүгүн ушундай сапатка эгедирбизби? Маселен, кандайдыр бир чет элдик модалуу идеянын, чоочун концепциянын, агымдын экспансиясына карата Кытай өлкөсү өзүнүн кылымдарды карыткан улуу маданиятын же өзүнүн буддасын каршы коет экен же Конфуцийдин окуусун көтөрүп чыгат дейли. Арабдар болсо арабдык-исламдык альтернатива менен каяша айтып чыгат дейли. Ал эми биз кыргыз жумурияты ичибизден өнүп чыккан кайсы улуттук идеяны, кайсы философиябызды бетке кармайбыз? Биздин үлүшүбүз - бөлөктөрдү ээрчүү, тууроо, көчүрүү, жетеленүүбү?
Биз азыр рухий, адеп-ахлак пайдубалыбызды чыңдоо жагын эстен чыгарып койгонубузду моюнга алышыбыз керек. Бизде азырынча ички бекемдикке жана туруктуулукка негиз болуп бере турган улуттук идея, тутуна турган идеал, ыйык көрүп кармана турган жалпыга орток моралдык абсолют, таяна турган рухий-маданий концепция, адеп-ахлак философиясы иштелип чыга элек. Ал эми жетектөөчү жогорку идеясыз жеке адам да, улут да жашай албасын эсибизден чыгарбасак. Мына ошондой карманган бекем багыты, сыйынган кудайы бар, айланчыктап турган "ат мамысы", тегеренип турган уюлу бар калк гана ачык эшиктен кирип жаткан жаман-жакшы нерселерди талдоонун, акыл-эстүү скептицизмдин сотуна коюп, керектүүсүн, ылайыксызын ажырата билип, зыяндуу, жат таасирлерге өзүнүн калканын тосууга жөндөмдүү келет тура. Жетилген калк бекем кабыгы бар жумурткага окшош болот экен. Бекем кабыкчан жумуртка ошол кабыгы аркылуу тышкы терс таасирлерден жакшы коргонот. Ичине чаң, ыплас нерсе, булганыч зат оңой менен кирбейт.
Ал эми биздин жаш жумурият, ачуу кеп болсо да айтып коелу, бүгүнкү күндө кабыгы жок жумурткага көбүрөөк окшошуп турат. Анын кабыксыз жумшак, солкулдак тулкусуна четтен келген көрүнгөн нерселер оңой жугуп, жабышып, ич жагы ого бетер бузулуу коркунучунда тургандыгын байкоо кыйын эмес. Жумуриятыбыздын туш тарабы ачык керегесинен коммерциялашкан Батыштын массалык маданиятынын арзан стандарттары эч тоскоолдуксуз басып кирип жатат. Жергебизде Батыш менен Чыгыш башаламан аралаша баштады. Тоталитардык системада улутсуз космополиттик духта тарбияланып, тарыхый тамырлардан ажыратылган көптөгөн жарандар коммунисттик идеалдын туусу жыгылгандан кийин, өздөрүнүн ичтен бекем тутунган улуттук табериги, туткасы болбогон соң, сырткы бөтөн таасирлердин тактекесине айланып, оозду ачып, көздү жуумп, ар жакка жетеленип, оңой-олтоң ишенип, арзан арбалып, чоочун стандарттардын жана идолдордун туткунуна түшүп берүүдө. Христиан динине өтүп жаткан жаштарыбыздын саны улам акырындап арбууда. Кай бир атуулдарыбыздын, газеталарыбыздын өз элинин салт-санаасын, психологиясын, этномаданий өзгөчөлүгүн эсепке албай, еврохристиандык турмуш образынын айрым уят-сыйытсыз жактарын үгүттөп, жарыя кылып жатышы өкүндүрбөй койбойт. Кино-театр экрандары эротикалык, боевик фильмдерге толду. Айылдарга секс видеофильмдери кеңири жайылды. Денесин саткан кыргыз кыздарынын катары күн санап көбөйүүдө.
Бүгүн жергебизде турмушка, адамга карата жаланып-жуктанган прагматикалык мамиле баш көтөрүп, караандай акчанын, коммерциялык-финансылык, материалдык ийгиликтин культу күч алып, ачкөздүктүн, дүйнөкорлуктун арааны ачыла баштады. Кандай каражат-курал колдоносуң, кандай айла-амал кыласың, иши кылып акча тапсаң, пайда тапсаң кишисиң деген "философия" турмушка кирип жатат. Пайда болгон идеологиялык боштукту адеп-ахлактык багытсыздык, моралдык релятивизм ээледи. Мынакей, идеалсыз, моралдык абсолютсуз, баардыгына тийиштүү жогорку жетектөөчү идеясыз жашоонун кайгылуу натыйжалары.
Эгерде жалпы баарынын тумардай тутунуп, ыйык көрүп сыйынган өзүнүн улуттук "Каабасы" болбой, ар ким каалаган жагына туш келди баскан бул процесс мындан ары карай ушу бойдон көзөмөлсүз, башкөзсүз жүрүп отурса, анда көп өтпөй биздин рухий экологиябыз ого бетер бүлүнүп-бүкшүп бузулары көз көрүнөө. Ички рухий турмушубуздун багытсыздыгынын шартында бөтөн цивилизациянын шамалдары улуттук очогубузду ого бетер жылаңачтап, кыртышыбызда али да болсо кармалып турган асыл топурагыбызды учуруп, кебетебизди өзгөртүп, түрүбүздү бузуп коюшу толук ыктымал.
Албетте, мындай ойдон улам бөтөн цивилизацияларды сөзсүз эле өгөйлөй карап, түндүк жабуубузду чүмкөй тартып, эшигибизди түшүрүп, керегебизди бекем кымтылап алыш керек деген жыйынтык чыкпоого тийиш. Аскердик авиацияда "опурталдуу жакындашуу" деген түшүнүк бар. Кеп бул жерде, алдагайда алдыга кетип калган топурагы башка, жосуну, салт-санаасы, тили, дини бөлөк цивилизация менен алды-артын карабай көздү жумуп, коюн-колтук алышуунун арты көп учурда кейиштүү болуп бүтөрүн тарых нечен ирет ырастаганын эске тута жүрүүнүн зарылдыгы тууралуу баратат. Бизге окшогон жаңыдан өнүгүп жаткан кечээки көчмөн этностун бүгүнкү кубаттуу машинелешкен, компьютерлешкен цивилизациянын алкымына оп тартылып кетиши анчалык кыйынчылыкка турбаса керек дегенибиз. Ооба, биз да дүйнөлүк илим-технологияны өздөштүрөбүз, келечекте биз да жетишербиз, өзүбүзгө материалдык комфорт түзөрбүз. Бирок ошол экономикалык жыргализм турмуштун сапаты, мазмуну кандай болор экен? Бир кезде улуу Достоевскийдин тынчын алган философиялык түбөлүктүү чоң суроо кайрадан айланып келип, бүгүн кыргыздардын да алдында туруп калгандыгын азырынча аңдабай жатат окшойбуз. Достоевский: макул, акыры жүрүп адам килемдин үстүнө отуруп калды дейли. Анан? Анан эмне болот? Андан аркысы кандай болот? - деп сураган эмеспи. Ошол килемдин үстүндө келечекте ким отурат? Диониспи же Аполлонбу, кош аяктуу шайтанбы же периштеби, Сабитжанбы же Едигейби (Чынгыз Айтматов), Бостонбу же ата-бабасы ыйык туткан бугу энесине каршы ок атып, аялуу бешигин, ата-конушун бүлүнтүү менен прогресске барган Орозкулбу, ким?
Эгерде коом экономикалык жактан, техникалык жактан өркүндөп алга жылган сайын адамдар адептик-ыймандык асыл сапаттарынан ажырап, кишилик касиеттеринен кагылып жүрүп отурса анда бул прогресс эмес, регресс. Акын А.Вознесенский туура айтат: "Все прогрессы реакционны, если рушится человек!" - деп. Демек адамзат дегеле өзүнүн адамзаада деген атын сактайм десе, ал илим-техника, экономика деп гана турмуштун бир гана жагына сыйынып, өсүүнүн бир гана тарабын абсолютташтырып, бир жактуу түрдө илгерилөөгө жол берүүгө тийиш эмес. Адам баласы илим -техника, экономика менен катар абийир, ыйман, рух жагынан өркүңдөп өсүүгө тийиш.