КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ДИН ТААНУУЧУЛУК БИЛИМ БЕРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ
Жалпы орто билим берүүнүн окуу планындагы жаңы предмет
Кыргыз Республикасынын билим жана илим Министрлигинин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасында дин таануучулук билим берүү концепциясы иштелип чыкты жана ал акырындап, этап этабы менен дин тууралуу билимдерди Кыргызстандагы диний эмес (светтик) билим берүүгө интеграциялоо максатын коет.

Мазмуну
Киришүү
1. Жалпы жоболор
1.1. Жалпы билим берүүчү уюмдардын окуу пландарына "Дин таануу" предметин киргизүүнүн социомаданий жана укуктук негиздери.
1.2. "Дин таануу" предметин киргизүүнүн максаттары жана принциптери.
1.3. "Дин таануу" предметинин мектептик окуу планындагы орду жана форматы.
1.4. "Дин таануу" предметинин мазмуну жана структурасы.
1.5. "Дин таануу" предметин окутууну уюштуруу.
1.6. "Дин таануу" предмети боюнча окуучулардын билимдерин көзөмөлдөө жана аттестациялоо.
1.7. "Дин таануу" предмети боюнча мугалимдерди окутууга жолдомо берүүнүн шарттары.
2. "Дин таануу" предмети боюнча билим берүүнүн мазмуну жана аларды стандартташтыруу.
2.1. "Дин таануу" предметинин мазмунун стандартташтыруунун баяндамасы.
2.2. "Дин таануу" предметинин мазмуну жана аларды стандартташтыруу.
2.3. "Дин таануу" предметин окутууну окуу-методикалык жактан камсыз кылуу.
3. Жаңы "Дин таануу" предметин жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына киргизүү боюнча иштерди пландаштыруу.

КИРИШҮҮ
Кыргыз Республикасы азыркы күндө өз тарыхындагы кыйла карама-каршылыктуу жана татаал этапты башынан өткөрүп жатат. Коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, идеологиялык кайра куруулар коомдун жана мамлекеттин жашоосунун бардык чөйрөлөрүндө, ошонун ичинде, диний кырдаалга олуттуу оңдоп-түзөтүүлөрдү жана өзгөрүүлөрдү киргизди.
Диний уюмдардын статусун жаңы мыйзамдар менен бекемдөө, өлкөдөгү мамлекетттик-конфессионалдык мамилелердин радикалдуу өзгөрүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Динге жана жарандардын динге ишенүү же ишенбөө эркиндигине тиешеси бар, "Кыргыз Республикасынын "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" (1991-ж.) Мыйзамы, Конституциянын жоболору жана бул чөйрөгө тиешеси бар, башка мыйзам актылары, мыйзамдык базаны эл аралык укуктук нормалар менен шайкеш келтирди.
Жакынкы эле мезгилдеги, динге коомдун өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган, саркынды көрүнүш, "элдин башын айландырган апийим" катары караган официалдуу мамиле, аны маданий-тарыхый феномен катары таануу менен алмашылды.
Бирок, республикадагы мамлекеттик-диний мамилелердеги ашыкча либерализм, коомдун конфессионалдык структурасынын олуттуу өзгөрүүсүнө алып келди. Дүйнөлүк диндердин өкүлдөрүн гана эмес, мурда белгисиз, ал гана эмес чет өлкөлөрдө тыюу салынган коомдордун, деструктивдик деноминациялардын жана оккульттук диний ишенимдердин, алардын арасында, кубаттуу финансылык саясат жүргүзө алган: Кришнанын (Вайшнаванын) аң сезими Коому, Мун бирикмесинин Чиркөөсү, Фалунгунь, Ак бир туугандык, Махаришиге сыйынуу, мормондор, сатанисттер ж.б. пайда болушуна алып келди. 2008-ж. республиканын аймагында, 30 деноминацияны жана диний багытты бириктирген 2158 диний бирикме жана уюм официалдуу аракеттенген, алардын 80% исламдык конфессия түзөт.
Мындан тышкары, официалдуу булактардын маалыматтарына ылайык, республикада дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 1544 чет өлкөлүк миссионерлер (алардын ичинен, христиандык багыттагы 1097 үгүтчү) келип кеткен, алардын активдүү ишмердиги прозелитизмдин негизиндеги көп сандаган чыр-чатактын пайда болушуна алып келген. Натыйжада, мамлекет 2009-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон, "Кыргыз Республикасынын "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" жаңы Мыйзам кабыл алды.
Жалпы эле коомдогу терең руханий кризистин, мамлекеттик деңгээлдеги идеологиянын иштелип чыкпагандыгы, экономиканын кыйрашы жана мамлекеттин ичиндеги социалдык чыңалуунун өсүшүнүн фонунда, өлкөдөгү үстүртөн караганда стабилдүүдөй көрүнгөнүнө карабастан, диний идеологдордун жана экстремисттердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн болгон, көптөгөн ички жана тышкы факторлор сакталууда. Диний билим берүү проблемасы, ошондой эле, бир катар учурларда, диний эмес партияларга караганда, массалардын аң сезимин жана жүрүш-турушун манипуляциялоонун кыйла натыйжалуу механизмине ээ болгон, "Хизб ут-Тахрир аль Ислами", "Өзбекстан Ислам Кыймылы" ("ИДУ"), "Акромия" сыяктуу, тыюу салынган партиялар жана кыймылдар аркылуу саясий исламдын активдешүүсү тынчты алууда. Ата мекендик дин илиминин көп жылдык традициясынын, коомдун турмушуна аралашуу тажрыйбасынын жоктугунун шартында, диний факторду саясий, меркантилдик максаттар үчүн колдонуу кызыгууну пайда кылууда.
Этникалар ортосундагы жаңжал эң эле гумансыз жана кайгылуу формада өтүп, дүйнөлүк коомчулукта зор резонансты жараткан, 2010-жылдагы Ош окуясы баарыбызды капа кылууда.
Болуп жаткандардын мааниси, жарандардын коомдук жана саясий жүрүш-туруштарына диндин бир жактуу эмес таасир тийгизип жаткандыгында турат. Анын практикалык баалуулугу, түрдүү социалдык жагдайларда коомдогу стабилдүүлүктү камсыз кылууга көмөктөшө ала тургандыгы менен да, ошондой эле, белгилүү бир жагдайларда ал коомдогу баш аламандыктын, пикир келишпестиктердин жана деструктивдик процесстердин булагы болуп калган, постулат менен да аныкталат. Ал бир мамлекеттин аймагында эле, кырдаалды ар кандай көз караштан баалоону, көз караштардагы жана позициялардагы айырмачылыктарды, демек анын эл аралык саясатка таасирин да айкындайт.
Калктын, өзгөчө жаштардын арасында диний көз караштардын активдүү өсүп жаткандыгына карабастан, азыркы учурда Кыргызстанда динге ишенгендердин сандык өсүшү менен, алар алып жаткан диний билимдердин сапаттык деңгээли көңүл бурууга арзыйт. Жогоруда көрсөтүлгөн коркунучтар, ошонун ичинде, ар кандай укук бузуулар, динчилдердин радикалдашуусу, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу, наркомания, этникалар аралык кагылышуулар, коррупция, Кыргызстандын стабилдүүлүгү үчүн коркунуч туудуруп, Кыргызстандагы диний билим чөйрөсүн модернизациялоо маселесин, бүгүнкү күндөгү кыйла актуалдуу маселелердин катарына кошууда.
Жалпысынан коомдо, анын түрдүү катмарларында жана топторунда, ошонун ичинде, динге ишенбегендердин арасында да динге, анын тарыхтагы, маданияттагы жана коомдун турмушундагы ролуна кызыгуу өстү. Мындай кызыкчылык, жалпы маданий таанып-билүүчүлүк мүнөзгө ээ болгон, дин тууралуу объективдүү илимий билимдерге муктаждыкты пайда кылды. Бул муктаждык мамлекеттик мектептерде дин тууралуу билимдерди берүү системасы, ошондой эле, маданий-агартуу мекемелери жана массалык маалымат каражаттары аркылуу канаттандырылат.
Коомдогу дин тууралуу билим берүүнү жолго коюуга муктаждык, диндин жана диний уюмдардын коомдун турмушунда, улуттар аралык мамилелерде, мамлекеттик курулушта олуттуу роль ойногондугу менен да шартталган. Ошондуктан, диний факторду мыйзамдарды иштеп чыгууда жана өркүндөтүүдө, коомдун түрдүү чөйрөлөрүн башкарууда, мамлекеттик бийлик органдарынын коомду баш коштурууга, социалдык, этностор, конфессиялар ортосундагы тынчтыкка жана ынтымакка жетишүүгө багытталган бүткүл ишмердигинде эсепке алууга тийиш. Бул саясий жана коомдук ишмерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин, чарбалык жетекчилердин, маданият, билим берүү жана күч структураларынын органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин кеңири чөйрөсүнө дин тууралуу билимдерди жетиштүү көлөмдө берүүнү талап кылууда.
Эгерде азыркы учурда Кыргызстанда белгилүү деңгээлде диний билим берүү болсо, дин тууралуу билим берүү, азырынча калыптануу баскычында гана болуп, айрым жогорку окуу жайлардагы дин таануу кафедралары жана айрым мектептердеги дин таануу курстары менен гана чектелүүдө. Мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги диний эмес билим берүү принцибине шек келтирген же аны эске алгысы келбей коюу аракеттери да жасалууда.
Коомчулукта дин тууралуу, ошондой эле, диний билим берүүгө муктаждык, алардын чөйрөсүн, мазмунун жана функцияларын так чектөө маселесин актуалдуу кылууда. Ушул эле учурда, диний феноменди таанып-билүү менен байланышкан билим берүүнүн тигил же бул түрү, динге ишенүү же ишенбөө эркиндигин жүзөгө ашырууда чоң мааниге ээ болот.
Ошентип, алдыга коюлган проблемалардын жогорку социалдык маанилүүлүгү жана курчтугу, аны тез арада чечүүнү талап кылат.
Ушуга байланыштуу, жогорудагы коркунучтарды профилактикалоо жана алдын алуу үчүн, мамлекет жалпы орто билим берүү боюнча окуу планына дин таануучулук билим берүү боюнча жаңы предметти киргизет.
Дин таануучулук билим берүү системасы коомдогу мамилелердеги ийкемдүүлүктү, толеранттуулукту калыптандыруунун өзөгү болуп калууга тийиш. Республиканын диний эмес (светтик) жана динчил бөлүгүнүн ортосундагы көз караштык ажырым, өз ара ишенбөөчүлүктү пайда кылып, ал өз кезегинде, бир улуттук мамлекеттин ичинде, бири-бирине ишеним артпаган, эки коомдук-саясий - динчилдер жана динге ишенбегендер жамааттарынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Ошондой эле, негизинен "диний" сабатсыздык жана диний эмес калктын дин жөнүндөгү маалыматтарынын өтө төмөнкү деңгээли менен шартталган, "диний эмес" радикализмдин пайда болуу тенденциясынын ачык-айкын байкала баштагандыгын да белгилөө зарыл. Булардын бардыгы, ар кандай укук бузуулардын, өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун, наркоманиянын, коррупциянын, экстремизмдин, улутчулдуктун күчөшүнө, б.а., биздин коомдун руханий-адептик маданиятынын жардыланышына алып келди.
Ошондуктан, коомдун ичиндеги гармониялуу мамилелерди, руханий-адептик өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн ушул концепция сунуш кылынууда. Бул жаш, өсүп келе жаткан муундардын чоң адамдардын жашоосуна сабырдуулук, адептүүлүк, патриотизм, чынчылдык жана адилеттүүлүк рухунда кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Анткени, дин баары бир коомдогу кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрүнө каршы профилактикалык чараларды көрүүнүн, ошонун ичинде, ар кандай деструктивдик, экстремисттик жана террористтик идеологиялардын таасиринен коргоонун натыйжалуу ыкмасы катары кала берерин, адамзаттын тарыхы көргөзүүдө. Ошондуктан, эксперттердин тобу тарабынан аталган Концепция иштелип чыгып, ал дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясына, ошондой эле дин тууралуу Мыйзамга шайкеш келет.
Аталган концепцияны жүзөгө ашыруу динге ишенген жана динге ишенбеген адамдардын ортосундагы ишенбөөчүлүктөрдү нейтралдаштырууга шарт түзүп, өз ара ишенимди бекемдөө жолундагы алгачкы кадам болуп калат. Аталган концепция боюнча план ченемдүү иштердин натыйжасында, методикалык материалдар, жаңы окуу китептери иштелип чыгат жана кандайдыр-бир деңгээлде материалдык база чыңдалат.
Дин тууралуу билим берүүнүн программаларын "унификациялоонун" ийгиликтүү саясатын жүргүзүү үчүн, көңүл борборун жалпы (бардыгын бириктирүүчү) кызыкчылыктарга топтоштуруу зарыл. Ушуларга таянып, жалпы орто билим берүүдө дин тууралуу билимдерди берүү үчүн жалпы стандартты, окутуу программаларын жана окутуучулардын ишмердигин баалоонун критерийин иштеп чыгуу зарыл.
Мында дин тууралуу билим берген окутуучу, руханий сапаттарга ээ, интеллектуалдык жактан өнүккөн, активдүү турмуштук позициясы бар, билимдүү, эң жаңы илимий жетишкендиктерге дайыма умтулган, өзүн ар тараптан өркүндөтүү менен алектенген, түгөнгүс интеллектуалдык изденүүчүлүк менен жашаган, күндөлүк тиричиликтин түгөнгүс суроолоруна заманбап жана оптимисттик жоопторду бере алган окутуучу болууга тийиш экендиги эсепке алынууга тийиш. Экинчиден, традициялык конфессиялардын көз караштарына карама-каршы келбөөсү үчүн адабият сабагынын мазмунун да кайра карап чыгуу зарыл.
Жогоруда белгиленген проблемаларды анализдөө, дин тууралуу билим берүүнү модернизациялоо, калктын динге ишенген да, динге ишенбеген да бөлүгүнүн диний ой жүгүртүүсүн өзгөртө жана толеранттуулуктун денгээлин жогорулата алат. Башкача айтканда, мусулман калкы көпчүлүктү түзгөн диний эмес (светтик) мамлекеттин шартында, коомдогу социалдык жана руханий-адептик проблемаларды чечүүгө карата диний көз карашты "азыркы заманга" ылайыкташтырат.
Ошондуктан, аталган концепцияда жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартына, жаңы "Дин таануу" предметин киргизүүнү сунуш кылат, ал:
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, билим берүү процессиинин бардык катышуучуларынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын камсыз кылууну;
- билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик органдары тарабынан жалпы билим берүүчү уюмдарда динди, диний маданиятты окуп-үйрөнүү боюнча мурда даярдалган маалыматтык-методикалык материалдардын мазмунун эсепке алуу менен иштелип чыкты.
Концепция азыркы көп көз караштуу жана көп конфессиялуу кыргыз коомундагы окуучуларга руханий-адептик билим берүү проблемасын чечүүнүн социомаданий, илимий-педагогикалык жана уюштуруу жолдорун ачып берип, ошонун ичинде, окуучуларды Кыргызстандын элдеринин салттуу диндеринин, Дүйнө элдеринин диндеринин тарыхый жана маданий негиздерине аралаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Концепция Кыргыз Республикасынын балдарына жана жаштарына жалпы орто билим берүү, аларды тарбиялоо жана коомго аралаштыруу процессинде, окуучулардын үй-бүлөсүнүн көз караштык жана маданий өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен, руханий-адептик билим берүүнү өркүндөтүүгө багытталган.
Сунуш кылынган Концепциядагы чечимдер, азыркы учурдагы коомдун руханий-адептик, ошонун ичинде, диний маданиятын системалуу үйрөнүүнүн салыштырмалуу мүмкүнчүлүктөрүнөн, жалпы билим берүүчү (диний эмес же светтик) мектептерде, окуучуларды өз үй-бүлөсүнүн, элинин руханий-адептик баалуулуктарына жана каада-салттарына жуурулуштурууга мүмкүнччүлүк берет.

1. Жалпы жоболор

Дин жөнүндөгү илимде бирдиктүү дин таануучулук тилдин, түшүнүктүк аппараттын, структуралоонун критерийлеринин жана изилдөө методдорунун жок экендигин эске алып, теманы баяндоону аларда колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн маанисине түшүндүрмө берүү менен баштоо максатка ылайыктуу. Бул биринчи кезекте, аталган түшүнүктөрдү колдонууда эки ача жана бир жактуу эмес түшүндүрмө берүүдөн качуу үчүн зарыл.
Дин - адамдын социалдык жана руханий ишмердигинин түрдүү жактары менен байланышкан көп аспектилүү феномен. Ошондуктан, түрдүү илимдин өкүлдөрү - философтор, тарыхчылар, социологдор, психологдор, этнологдор, культурологдор анын тигил же бул аспектилерин изилдөө менен алектенишет. Дин таануу бул илимдерден айырмаланып, диндин бардык аспектилерин бир бүтүн социомаданий түзүлмө катары, комплекстүү изилдейт.