"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o

Эмгек акынын жаңы модели - өркүндөөнүн жолу
26-январда Билим берүү жана илим министрлигинде Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл областтарынын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы шарттарын түшүндүрүү максатында атайын кеңешме өттү. Ушундай эле кеңешмени аталган министрликтин өкүлдөрү кечээ Ош жергесинде өткөрүп кайтышты.
Кеңешмеде билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине аталган министирликтин кызматкерлери материалдык стимул берүүнүн негизинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнү өркүндөтүү жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан моделге кеңири түшүндүрмө беришти. Кеңешменин катышуучулары мугалимдердин айлык акысын саат менен эсептөө ыкмасына карата өздөрүнүн суроолорун берип, сунуштарын айтышты. Мисалы, кеңешмеге катышкандар мугалимдердин айлыгын айыл өкмөттөрү тарабынан эмес, борборлоштурулган эсеп бөлүмдөрү аркылуу төлөөнү уюштурууну суранышты. Себеби мектеп менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы ажырым чоң. Алар билим берүүнүн көйгөйлөрүн терең түшүнүшпөгөндүктөн каржы маселесине келгенде бир топ тоскоолдуктарды жаратышууда - дешти алар. Ошентип билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери айлык маянаны төлөөнүн жаңы ыкмасы менен толук таанышып, бул туурасында жер-жерлердеги мугалимдерге толук түшүндүрмө бермей болушту.
М.токторов.




  Юбилей

ИИМОП интегрируется в мировой образовательный процесс
25 января в большом актовом зале КНУ имени Ж.Баласагына состоялась республиканская научно-практическая конференция "Интеграционные и инновационные процессы в образовании и науке: состояние, перспективы" посвященная 15-летию ИИМОП.

Как известно Институт интеграции международных образовательных программ, возглавляемый профессором Николаем Бредихиным является одним из ведущих подразделений Кыргызского Национального университета, генератором многих инновационных идей. Здесь успешно внедряются такие новшества как: кредитная система в обучении, дистантное образование и электронные библиотеки. В своих каждодневных занятиях преподаватели широко применяют инновационные методы и Интернет технологии. Но, несмотря на это, преподавательско-профессорский состав института намерен усилить свою работу по интеграции ИИМОП в мировой образовательный процесс.
Об этом говорил в своей речи модератор конференции, директор ИИМОП КНУ им. Ж.Баласагына профессор Н.Бредихин. С приветственными словами выступили профессор А.Акунов, ректор КНУ им. Ж.Баласагына и заместитель министра образования и науки Б.Кубаев. Более 20 передовых сотрудников института получили из рук замминистра нагрудные значки "Отличник образования КР" и Почетные грамоты Министерства образования и науки. Затем работа конференции продолжилась в семи секциях. С интересными докладами выступили представители 18 вузов Кыргызстана, а также ученые из Казахстана и Турции. Среди гостей мероприятия были сотрудники посольств США, Франции, Ирана и многих международных организаций.

А.Алибеков,
"Кутбилим"






Яндекс.Метрика