Методикалык сунуштар

География
2011-2012-окуу жылында мектепте география предмети учурда окутулуп жаткан программалардын жана окуу китептердин негизинде окутулат. Бирок бул окуу процессин билим берүү системасында учурда болуп жаткан эч кандай жаңы багыттарды эске албоо керек дегендикке жатпайт. Ошондуктан жаңы окуу жылына методикалык сунуштардын мазмунун окуучулардын өткөн окуу жылынын жыйынтыктарынан келип чыккан окуу маселелерине, көйгөйлөргө карата сунуштарды берүүнү туура деп таптык.
Өткөн окуу жылынын жыйынтыктарына кайрыла турган болсок, география боюнча окуу программасында белгиленген талаптар окуу процессинде ойдогудай ишке ашпай, окуучулардын географиялык билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн, анын ичинен маанилүү болгон картографиялык көндүмдөрүнүн деңгээли төмөн болуп жаткандыгы жыл сайын өтүп жаткан окуучулардын областтык, республикалык олимпиадаларынын жыйынтыктары көрсөтүп жаткандыгы тынчсыздандырбай койбойт. Окуучулар бул сыноолордо географиялык ой-жүгүртө албастыгы, географиялык тилди сүйлөө кебинде пайдалана билбестиги, картанын легендасын, масштабын, тематикалык, контур карталар менен иштей албай, географиялык номенклатураны максатсыз эле жаттап алуу менен чектелишет. Аябай өкүнүчтүүсү окуучулардын контур карта менен иштөө тартибин, географиялык объектилердин жазуу ыкмасын, шарттуу белгилерди түшүрө албастыгы, башкача айтканда эң жөнөкөй элементардык картографиялык көндүмдөрдүн жоктугу болуп эсептелет. Биз бул маселе боюнча мектептин география мугалимдери менен аңгемелешип, сабактарына байкоо жүргүзгөн учурда, мугалимдердин өздөрүнүн картографиялык билимдеринин төмөн экендигин жана окуу процессинде окуучулардын картографиялык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча системалык окуу ишмердүүлүгүнүн жүргүзүлбөй жаткандыгында болуш керек деген ойду айтмакпыз. Жогорудагыларды белгилөө менен бирге, методикалык сунуштардын алкагында окуучулардын картографиялык көндүмдөрүнө басым жасоону туура көрдүк.
Мектепте география предметин окутууда окуучулардын картографиялык көндүмдөрүн калыптандыруу окуу программасына ылайык 6-класстын "Физикалык география" курсунда башталып, кийинки класстарда улантылат. Бул курсту окутуу "План жана карта" деген тема менен башталып, окутууга 12 саат каралган. Программада сунушталган 12 сааттын ичинде окуучу Жердин планын, анын сүрөттө, аэрофотографиялык жана космостон тартылган сүрөттө айырмачылыктарын, масштабын, шарттуу белгилерин билиши керектиги каралган. Мындан сырткары жердин планындагы абсолюттук, салыштырмалуу бийиктиктерин аныктай алышы, аны түзүүнүн жолдорун билүүгө, жердин анча чоң эмес жерин планшетке көз болжол менен сүрөткө түшүрүү жана ориентация жасоого практикалык иштерде машыгуулары белгиленген.
Ушул эле бөлүмдө географиялык карта жөнүндө төмөндөгүдөй билимдер, билгичтиктер, көндүмдөрдүн калыптанышы белгиленген: глобустагы жана географиялык картадагы градустук тор жөнүндө түшүнүк; аларда меридиандар менен параллелдердин түшүрүлүшүндөгү айырмачылыктарды айырмалай алуусу; географиялык координаталар - кеңдик жана узундук боюнча географиялык объектилерди аныктай алуусу; жарым шарлардын физикалык картасындагы шарттуу белгилерди жана масштабды окуй алуусу; өзү жашаган жердин географиялык координаттары жана анын деңиз деңгээлинен бийиктигин аныктай алуусу; карта боюнча тоолор менен түздүктөрдүн ээлеген ордун жана бийиктиктерин, айрым чокулардын географиялык координаталары менен бийиктиктерин аныктап, контур картага түшүрө алышы. Ал эми 7-класстын "Материктердин жана океандардын географиясы" курсунда картографиялык көндүмдөргө коюлуучу талаптар татаалданып географиялык объектилердин (материктер, океандар, тоолор, түздүктөр ж.б.) географиялык абалын, бийиктиктерин физикалык карта жана океандардын картасы боюнча көрсөтүүгө жана аныктай билүүгө; алардын контур картага түшүрүп аттарын жазууга; материкте мамлекеттин ээлеген ордун аныктоо; контур картада темада аты аталган мамлекеттердин чек араларын, борборлорун түшүрүү жана алардын географиялык координаталарын аныктоого; материктердин жана океандардын жаратылыш комплекстеринин ортосундагы өз ара байланыштарын карта боюнча ачып көрсөтүүгө жана схема түрүндө чагылдыруу белгиленген. Жогорку 8-9-класстарда окутулуучу "Кыргызстандын географиясы" курсунда окуучулардын тематикалык карталар (климаттык, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, экономикалык ж.б.) менен иштөө көндүмдөрү каралган. Тематикалык карталар менен иштөөдө окуучулар Кыргыз Республикасынын табиятынын кубулуштарын, процесстерин экономикалык кубулуштар менен байланыштарын карта боюнча аныктап, комплекстүү географиялык мүнөздөмө берип, себеп-натыйжа мыйзам ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтө алуу көндүмдөрдүн калыптанышы максаты коюлган. 10-класста окутулуучу "Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык" географиясын окуп-үйрөнүүдө окуучулар карта боюнча дүйнөлүк экономиканын тармактарынын жайгашуу, өсүп-өнүгүү багыттарын экономикалык карта боюнча аныктап, анын учурдагы моделдерин түзүү каралган. Географиялык карта менен иштөө өзгөчө 6-класста практикалык мүнөзгө ээ болушу керек. Анткени бул класста окуучулардын картографиялык көндүмдөргө кызыгуусу күчөп турган мезгил болот. Эгер бул класста картографиялык көндүмдөрдүн алгачкы элементардык көндүмдөрүн калыптандырууга жетише албасак, анда кийинки жогорку класста кыйыныраак болуп татаалдаша баштайт.
6-класта географиялык картанын жана жердин планынын айырмачылыктарын так аныктай алышы үчүн география сабагында окуучулар менен салыштыруу жүргүзүлүшү керек. Бул салыштыруу төмөндөгүдөй формада жүргүзүлсө болот: Географиялык карта Жердин планы

Жогорудагы таблица боюнча географиялык картанын, пландын айырмачылыктарын таап, анан окшоштуктары аныкталышы керек. Андан кийин окуучулардын өздөрү иштеп чыккан жоболордун негизинде географиялык картага жана планга өздөрү аныктама иштеп чыгышса, бул эки түшүнүк жөнүндө элестөөлөрү тагыраак болот. Мисал катары, анын аныктамасы төмөндөгүдөй болушу керек:
Географиялык карта - жер бетинин кичирейтилип, жалпыланып, математикалык жактан аныкталып тегиздикке түшүрүлгөн сүрөттөлүшү. Анда табигый жана коомдук кубулуштардын жайгашуусу, абалы жана өз ара байланышы, алардын мезгилге жараша өзгөрүшү, өнүгүшү жана орун которуусу чагылдырылат. Ал төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:
а) ээлеген аймагы боюнча: дүйнөлүк, материктердин, мамлекеттердин;
б) мазмуну боюнча: жалпы географиялык, тематикалык;
в) максаты боюнча: илимий-маалыматтык, окуу, туристтик;
г) масштабы боюнча: ири, орто, кичине.
Географиялык координаталар - кеңдик жана узундук боюнча жер бетиндеги чекиттин ордун аныктоочу чоңдук.
Жердин планы - жер бетинин шарттуу белгилер менен кичирейтилип кагазга түшүрүлүшү. Географиялык картадан айырмасы жердин планына анча чоң эмес участкалар (жемиш багы, айдоо аянты, үйлөр ж.б. түшүрүлөт.) Масштабы чоң болот. Мисалы, 1 см де 5 м же 1 см де 25 м. Мындан сырткары окуучулардын карта менен иштөө мезгилинде ар бир класста контур карта менен иштөөнүн төмөндөгүдөй алгоритмдери мугалим тараптан окуучуларга төмөндөгүдөй сунуштар берилиши керек:
o Контур картада аткарылуучу иштин аты, анын баш жагына жазылышы керек;
o Гидрографиялык (суу, дарыя көлдөр) аттардан башкасынын бардыгы кара түстөгү калем сап менен басма тамга түрүндө жазылат;
o Тоолордун аттары тоо кыркасынын созулуп жатуу багыттары, ал эми түздүктөр кеңдик багыты боюнча жазылат;
o Гидрографиялык аттардын бардыгы көк калем сап менен, дарыялардын агуу багыты, көлдөр жана деңиздердин аттары узундугу боюнча жазылат;
o Контур карталардагы номенклатуралардын аттарын ташууга болбойт;
o Эгер географиялык объектинин жанына аталышы батпай калса, анда номер коюп, картанын легендасына шарттуу белгилер менен жазылышы талапка ылайык.
Андан кийинки 7-8-класттагы географиянын курстарында жердин тектоникалык, геологиялык түзүлүшү менен рельефтин бири-биринен көз карандылыгын жана себеп-натыйжа, мыйзам ченемдүүлүктөрүн тематикалык, физикалык, географиялык карталардан окуп-үйрөнүп, талдап, өздөрүнүн илимий жыйынтыгын чыгарууга багытталышы зарыл. Ал эми 9-10-клаксстардагы географиянын экономикалык-социалдык география курстарында жаратылыш шарты, ресурстары экономиканын өнүгүшүнө түздөн-түз таасир берээрин тастыктоого багытталган окуу иштери уюштурулушу зарыл.
Окуучулардын картографиялык көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн окуу процесси окутуунун традициялык усулдары менен бирдикте эле окутуунун жаңы формаларын жана ыкмаларын айкалыштырып, окуучу географиялык атлас-карталар, контур карталардын тематикалык бөлүнүштөрү боюнча камсыз болуп, ар бир окуучу циркуль, линейка, карандаш менен иштей алгыдай шарттар түзүлүшү керек.
Окутуунун сапатынын төмөндөшүнүн дагы бир себеби болуп география предметинде практикалык иштердин төмөнкү деңгээлде өткөрүлүп жатышы. Анткени көпчүлүк учурларда окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн бышыктоого жана алган билимдерин аңдоого сабак учурунда убакыт жетишпейт. Ошондуктан окуучуларга берилүүчү практикалык иштер окутуунун коюлган милдеттеринин негизинде методикалык жактан негизделип, мазмуну жагынан системалуу, көлөмү жагынан рационалдуу болууга тийиш. Мындай жоболорго ылайык сабактарды экскурсия формасында ишке ашырылса деген ойду айтат элек. Сабактын экскурсия формасы окуучулардын теориялык билимдерин практика жүзүндө бышыктап, жалпылоого чоң түрткү берээрин унутпасак. Сабактын бул формасын пландаштырууда окутуунун максатын, милдеттерин, күтүлүүчү натыйжаларын так көрсөтүп, мугалим практикалык иштердин аткаруу алгоритмдерин окуучуларга конкреттүү түшүндүрүп, кандай жыйынтык чыгарып келээри жөнүндө айтуусу зарыл. Экскурсия бир эле табияттын мыйзам ченемдүүлүктөрүн окуп-үйрөнүүгө багытталбастан, өнөр жай ишканаларына өндүрүштүн тенхологиялык процесстерин, продукциянын даяр болуучу этабын көз менен көрүп түшүнүүсүнө, ал жерлердеги экологиялык маселелердин чечилишине, республиканын экономикасына пайда келтирүү жактарынын каралышына багытталышы зарыл. Ошондуктан практикалык сабактардын окуу-тематикалык пландары төмөндөгүдөй үлгүнүн пландаштырылышын сунуш кылабыз: № Практикалык сабактын тематикалары Сааты, мөөнөтү, өтүлүүчү жери Окуу максаттары, милдеттери Күтүлүүчү натыйжалар
Бул тематикалык планды мугалимдер болжолдуу түрдө пайдаланса болот.
Ал эми класстагы сабактын планын пландаштырууда окуу максаттарын, милдеттерин, мугалим менен окуучунун иш-аракеттерин так көрсөтүп, күтүлүүчү натыйжалардын негизинде пландаштыруу максатка ылайыктуу. Мындай пландаштыруу төмөндөгүдөй схемада болушу мүмкүн:
№ Мугалимдин иш-аракети Окуучунун иш аракети Күтүлүүчү натыйжалар


Сабактын жогорудагыдай өңүттө пландаштыруулары мугалимге жана окуучуга да окуп-үйрөнүүнүн күтүлүүчү натыйжалары ачык көрүнүп, ал натыйжаларды эки тараптан балоого да чоң жеңилдиктерди түзөт.
Август кеңешмелеринде география мугалимдеринин секциялык жыйындарында окуу материалдарын тематикалык пландаштыруунун жаңы ыкмаларына, окуу процессинде жаңы педагогикалык технологияларды пайдалануунун жыйынтыктарына, географиянын мектептеги ар бир курсун окутуудагы келип чыккан педагогикалык проблемаларга, мугалимдердин билимдерин жогорулатуунун маселелерине, окуучулардын предмет боюнча окуу-методикалык комплекс менен камсыз болушуна жана башка тематикалар менен өтсө болот.