Методикалык сунуштар

КЫРГЫЗ ТИЛИ
(Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде)


Жалпы билим берүүчү орто мектептерде кыргыз тилин эне тил катары окутууда тилдик, кептик жана социалдык-маданий компетенттүүлүктөрүн калыптандырууда эске ала турган маселелер төмөнкүлөр:
Биринчиден, эне тилин инсанга багыттап окутуу окуучулар тилдик көрүнүш, фактыларды талдоого, тилдик нормаларды оозеки жана жазуу кебинде колдонууга, кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүнө (угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу), карым-катнаштын ар кыл чөйрөсүндөгү кептик жүрүм-турум маданиятына ээ болууга жана өзүнүн кеп маданиятын, чечендик кебин, риторикалык ыкмаларын өркүндөтүүгө жөндөмдүү болуусу. Демек, окуучуну тилдик жана кептик нормаларга ылайык кептик ой жүгүртүүчүлүк ишмердүүлүккө ээ кылуу менен бирге эле маданий жактан да калыптануусун жөнгө салуу.
Экинчиден, эне тилин окутууга коммуникативдик-ишкердүүлүк мамиле - эне тилин окутуу процесси окуучулардын ой жүгүртүүчүлүк ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү, алардын кеп маданиятынын деңгээлин көтөрүүнү жөнгө салуу үчүн тилдин системасын, анын мыйзамдарын таанытуучулук мааниде гана эмес, функционалдык мааниде да өздөштүрүү зарыл. Демек, баарыдан мурда тилдик бирдиктерди окутууга карата мамиленин өзүн өзгөртүү менен грамматика грамматика үчүн эмес, грамматика текстке (кептин түрлөрү, стилдер) таянуу менен балдардын оозеки, жазуу байланыштуу кебин, кеп маданиятын, чечендик кебин риторикалык ыкмаларын өнүктүрүүгө кызмат кылуусу керек.
Үчүнчүдөн, грамматиканы текстке таянуу менен окутуу - тилдин структурасын, мыйзамдарын, тилдик системанын бардык элементтерин бириктирген бир бүтүндүк бул - текст. Текстте тилдик бирдиктер текст жасоочулук функцияга ээ болот. Функционалдык стилдерге (көркөм, илимий, публицистикалык, расмий иштиктүү стиль) ылайык тексттердин баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү түрлөрү пайдаланылат. Окуучу тексттин негизинде ар кыл турмуштук кырдаалдарга ылайык кептик жүрүм-турум эрежелерин, тилдин мыйзамдарын жана түзүлүшүн кебинде колдонот. Ушундан улам эне тилин мектепте окутуу иши төмөнкүдөй эки маанилүү багытта ишке ашырылат: "тилдин системасын таанып билүү жана ар кыл турмуштук кырдаалдарда кептик жүрүм-турумдун, карым-катнаштын нормаларын жана эрежелерин колдонуу". Текстти түзүү, жаратуу ыкмалары окууда, мектептен сырткары жана ошондой эле, окуучулардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө да колдонулат.

Секциялык иштерде талкуулана турган болжолдуу темалар:
- окуу планына ылайык календарлык планды тактоо, бекитүү;
- окутуунун жаңы технологияларын, жаңычыл инновациялык ыкмаларды, алдыңкы методдорду, интерактивдүү методду ыгы менен колдоно билүү;
- сынчыл ойломдун стратегияларын пайдалануу менен балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, проблемалуу кырдаал түзүү менен проблемалык окутуу, инсанга багыттап окутуу менен дифференциалдуу методду практикалоо;
- этнопедагогика, этнолингвистика, этномаданият багытында эне тилин кыргыз элинин алдыңкы үрп-адат, каада-салты, маданий мурастары менен тыгыз биримдикте окутуу;
- "Кеп маданияты", "Байланыштуу кеп", "Кептин стилдери", "Стиль жана стилистика", "Лексика жана фразеология", "Риторика" (Чечендик кеп) бөлүмдөрүн окутууда кептин тазалыгына, тактыгына, тууралыгына, көрктүүлүгүнө, орундуулугуна үйрөтүү менен максаттуу, натыйжалуу, сапаттуу билим берүүгө айрыкча көңүл бөлүү.
- аталган бөлүмдөрдү кыргыз тилинин системалык курсу менен ич ара тыгыз биримдикте коплекстүү окутуу;
- окуучунун оозеки, жазуу байланыштуу кебин, кеп адебин, кеп маданиятын, риторикалык ыкмаларын өнүктүрүүдө тилдик, кептик жана социалдык-маданий компетенттүүлүктөргө басым жасоо;
- окутуу ишинде кыргыз орфографиясынын соңку вариантын жетекчиликке алуу;
- текстти, кептин түрлөрүн (баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү), кептин стилдерин (көркөм, илимий, публицистикалык, иш кагаздарынын стили) окутууда байланыштуу кепти өнүктүрүүгө, коммуникативдик-ишкердүүлүк мамилеге, текстке таянып окутууга өзгөчө көңүл буруу;
- жогорку класстарда кесиптик билим берүүгө багыт алуу менен "Риторика" (Чечендик кеп), "Кеп маданияты жана стилистика" сыяктуу курстарды киргизүү жана окутууну пландаштыруу.
- жалпы республикалык тестирлөө боюнча ойлор жана сунуштар ж.б.
Окуу планындагы өзгөрүүлөр
2011-2012-окуу жылынын окуу планында 5- жана 8-класста мурунку жылкыдай өзгөрүүлөр бар. Бул боюнча "Кутбилим" газетасына (№37 (0399) 1-октябрь, 2010-ж.) "Жаңы окуу планындагы өзгөрүүлөргө карата сунуштар" аттуу темада төмөнкүдөй сааттар боюнча окуу материалдары сунушталган: 5-класста жумасына 4 сааттан, жыл бою 136 саат. Тактап айтканда: 1-чейрек 38 саат, 2-чейрек 28 саат, 3-чейрек 41 саат, 4-чейрек 29 саат. Ал эми 8-класста жумасына 3/2 сааттан (1-2-чейректе 3 саат, 3-4-чейректе 2 саат), жыл бою 85 саат. Демек 1-чейректе 27 саат, 2-чейректе 22 саат, 3-чейректе 20 саат, 4-чейректе 16 саат. Ошону менен бирге эле, ар бир класстын аягында кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдө окуучулар ээ боло турган компетенттүүлүктөр да көрсөтүлгөн.



Пайдаланыла турган окуу программа жана окуу китептери
Окуу программасы: Б.Өмүралиев, В.Мусаева, С.Рысбаев, С.Үсөналиевдер тарабынан оңдолуп, толукталган жана А.Сапарбаевдин материалдары толугу менен калтырылган (2006-ж., 2009-ж. "Билим") окуу программасы жетекчиликке алынат.
Окуу китептери:
5-класс. Кыргыз тили, авт: А.Осмонкулов, Б.Өмүралиев. Б:1998-2007;
5-класс, Кыргыз тили, авт: Б.Акматов, А.Мукамбетова Б: 2009;
6-класс, Кыргыз тили, авт: С.Үсөналиев Б:1999-2007;
7-класс, Кыргыз тили, авт: С.Үсөналиев, В.Мусаева. Б: 1998-2007;
7-класс. Кыргыз тили, авт: А.Сапарбаев, Н.Абдесов. Б: 1999 (вариативдүү);
8-9-класстар, Кыргыз тили, авт: Б.Өмүралиев. Б:1999-2007;
8-9-класстар, Кыргыз тили авт: Б.Усубалиев, А.Кайбылдаев, А.Иманов. Б:1999 (вариативдүү);
10-класс, Кыргыз тили, авт: А.Сапарбаев, С.Өмүралиева, Р.Эгембердиев, В.Мусаева. Б:1993-2007;
11-класс, Кыргыз тили, авт: А.Сапарбаев, С.Өмүралиева, Р.Эгембердиев, В.Мусаева. Б:1993-2007.
КРнын Эл мугалими Бектур Исаковдун төмөнкүдөй окуу китептери автордук программа боюнча альтернативдүү окуу китеби катары окутулат: Кыргыз тили 5-6-класстар. Б.: 2000. Кыргыз тили 7-9-класстар; Кыргыз тили 10-11-класстар үчүн. Б.: 2009.

Окуу-методикалык
колдонмолор:
1. С.Мусаев. Кеп маданияты. Б.:2004;
2. В.Мусаева. Байланыштуу кепти, кептин стилдерин окутуу. Б.: 2009. Кыргыз тили (Кыргыз тили таблица, чийме, схемаларда) 1-4-кл, 5-11-кл. Б.: 2009; Кыргыздын чечендери - мектепте.Окуу хрестоматиясы Б.: 2010;
3. Б.Исаков. Кыргыз тилин орто мектептин 5-11-класстарында натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмо. Б.: 2011;
4. А.Осмонкулов. Мектептерде фонетиканы окутуунун методикасы. Б.: 1967;
5. Б.Өмүралиев. Синтаксисти окутуунун методикасы. Б.: 1978;
6. А.Жапаров. Кыргыз тилинин синтаксиси. Б.: 1979;
7. В.Мусаева, А.Сманбаев. Баяндама жыйнагы. Б.: 2005-2009;
8. В.Мусаева, А.Сманбаев. Жат жазуулар жыйнагы. Б.: 2005- 2009;
9. С.Үсөналиев, Б.Өмүралиев Азыркы кыргыз тилинин таблицалары. Б.: 2003;
10. В.Мусаева, Т.Асанакунов. Окуп-үйрөнүүдөн күтүлүүчү натыйжалар. Кыргыз тили. 5-9-класстар. USAIDдин "Сапаттуу билим" долбоору. Б.: 2011;
11. Ж.Чыманов, Кыргыз тили: Сабактын теориясы жана практикасы. Б.: 2007; Кыргыз тили: Окутуу методдору.Б.: 2007; Кыргыз тили: Сабактын үлгүлөрү жана сабакты талдоонун методикасы.Б.: 2009;
12. Т.Асанакунов. Жөндөмө-лөрдү окутуу. Б.: 2010;
13. А.Озокеева. КРнын Эл мугалими Бектур Исаков (усулдук иштелмелер, изилдөөлөр). Б.: 2011.

В.И.Мусаева, п.и.к.






Кыргыз тилин окуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде мамлекеттик тил катары окутуу боюнча


Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары натыйжалуу окутуу үчүн төмөндөгү шарттардын да эске алынуусу тийиш.
Биринчиден, сабакта кыргызча сүйлөөгө муктаждык түзүлүүсү керек. Муктаждык болбосо, тилди үйрөнүүгө эч ким умтулбайт.
Экинчиден, тилди үйрөнүүгө балдарды кызыктыруу керек. Бул максатта тил үйрөнүүчүнүн жаш курагын, кызыкчылыгын, умтулууларын, билгичтиктеринин ар түрдүү деңгээлдерин эске алуу менен, теманы, текстти туура тандоо аркылуу жетишүүгө болот.
Үчүнчүдөн, сабактын натыйжалуулугун жогорулатууга мугалимдин кесиптик чеберчилигин арттыруу, инновациялык методдорго кызыгуу аркылуу жетишүүгө болот. Мазмундуу, окуучулардын ички муктаждыгына, кызыкчылыктарына ылайык тексттерди пайдалансак, аны менен тил үйрөнүүчүлөрдүн жигери, тилге кызыгуусу жогорулайт, өз алдынча ой жүгүртүүгө, сүйлөө практикасын өстүрүп, жекече оюн өз сөзү менен билдирүүгө өбөлгө түзөт.

Кыргыз тилин окутууда окуучулар сүйлөшүүгө багыт берүүчү коммуникативдик компетенциянын урунттуу үлгүлөрү төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Заттын ким же эмне экендигин сурап билүү; заттын бир жакка таандык экендигин билдирүү; заттын турган ордун айтуу; заттын санын, аз же көп экендигин айтып билдирүү; заттын бар же жок экенин сурап билүү; заттын иретин айтып билдирүү; жумалык күн аттары кандай айтыларын үйрөтүү, алдыда боло турган иш-аракеттерди сурап билүү; заттын кандай экенин айтып үйрөнүү; Ким кайда бара жатканын сурап билүү; ким кайда жашаарын айтуу, кантип таанышууга болот? Билбеген нерсе тууралуу кантип маалымат алууга болот? Нерсенин кайда экенин кантип сурап билесиң? Ким кайда окуйт? Ким кайда жашайт? Буюмдун кимдики экенин сурап билүү, керек болгон буюмду кантип сурап алууга болот? Буюмдун кимде экендигин сурап билүү; Буюруу иретинде кайрылуу; кимдин, эмне кылгандыгын айтуу; ким качан, кайда болду?.. ж.б.

Жаңы окуу жылында колдонулуучу окуу китептер жана окуу-нормативдик адабияттар:
1. "Окуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлүүчү мектептерде кыргыз тилин окутуунун концепциясы". Бул концепция КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен КББАнын Мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясында 2011-жылы түзүлгөн (түз: п.и.д., профессор С.Рысбаев, п.и.д., проф. К.Д.Добаев, ж.и.к. Б.Абдухамидова).
2. "КРнын окуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде кыргыз тили окутуунун мамлекеттик стандарты" (түзүүчүлөр: С.Рысбаев, А.Акматова, Э.Калманова, Б.Абдухамидова, К.Эсеналиева). Анда кыргыз тили орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде үйрөтүүнүн негизги көлөмү, өлчөмдөрү тууралуу сөз болгон. Ошону менен бирге, стандартта кыргыз тилинде окуучулардын теориялык-практикалык машыгууларын, билим деңгээлдерин баалоонун чен-өлчөмдөрү, окуу, жазуу, сүйлөө, угуу жана которуу сыяктуу кеп ишмердүүлүктөрүнүн бардык түрлөрү, окуу материалдардын берилиш багыттары, тематикалары жана баланын билим деңгээлин, ага коюлуучу талаптарын баалоо ж.б. проблемалуу маселелер камтылган.
3. Орус мектептеринин программаларында азырынча өзгөрүү жок. Тактап айтканда, орус мектептери үчүн 2009-жылы чыккан редакциясы (түз.: С.Рысбаев, А.Алымова, Э.Абдраева) колдонулат. Ошентсе да, аталган программа айрым толуктоолор жана бир катар мазмундук жаңыртуулар менен басмага тапшырылды.
4. Өзбек мектептеринин мурдагы 2-9-класстар үчүн түзүлгөн программасы (түзгөн: профессор Ашырбаев Т.) толук түрдө жаңыланып, 1-11-класстар үчүн ылайыкталып, Т.Ашырбаев, З.Тагаева, А.Акматова, С.Рысбаев, Б.Абдухамидова тарабынан өркүндөтүлүп кайра түзүлүп (2010-жылы) жарыкка чыккан.
5. Окуу китептери боюнча да эч кандай өзгөрүүлөр жок, мурдагы окуу жылында колдонулуп келаткан окуу китептер пайдаланылат.

Секцияда талкуулоого сунуш кылуучу болжолдуу темалар:
1. Мамлекеттик тилди үйрөтүүдө Сиз кандай методикалык проблеманын үстүндө иштеп жатасыз?
2. Куррикулумдун талаптарына ылайык, окуучулардын тилдик-коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн кантип аныктоого болот?
3. Окуучулардын теориялык билими менен практикалык машыгууларын баалоо (диагностикалуу, формативдүү, суммативдүү) технологиялары кандай жүзөгө ашырылууга тийиш?
4. Тил үйрөтүү сабагында грамматикалык материалдарды өтүүдө окутууну коммуникативдик багытта кантип уюштурууга болот?
5. Окуучулардын жазуу ишинин натыйжалуулугун көтөрүү боюнча Сиздин сунушуңуз кандай?
6. Тил үйрөтүүдө көп тилдүүлүккө, көп маданияттуулукка кантип багыт беребиз жана ал аркылуу улуттардын достугун кантип чыңдайбыз?
7. Бирдиктүү календарлык план түздүңүзбү?

С.Рысбаев, п.и.д,профессор, Б.Абдухамидова п.и.к.