Методикалык сунуштар


2011-жылы Кыргызстандын көз каранды эместик күнүнө 20 жыл жана Алай ханышасы - Курманжан датканын туулган күнүнө 200 жыл толот. Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы тилкеси башталды. Кыргызстандын 1991-жылы көз каранды эместикке ээ болушу, маанилүү окуя, ошол эле мезгилде, кыргыз элинин өз алдынча өнүгүүсүнүн башаты болуп калды.
Кыргызстандын көз каранды эместигинин күнүнө 20 жыл жана Алай ханышасы - Курманжан датканын туулган күнүнө 200 жыл толушуна арналган сабактын темасы, мугалимге конкреттүү класстын окуучуларынын муктаждыктарын, алардын жаш өзгөчөлүктөрүн, даярдык деңгээлин, буга чейин жасалган иштерди, жаңы окуу жылынын пландарын, мектеп жайгашкан жана окуучу жашаган жердин маданий-тарыхый контексттин, алардын үй-бүлөлөрүнүн жана мекендештеринин тарыхын эсепке алуу менен, сабакты өткөрүүнүн өз вариантын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстандын көз каранды эместигинин күнүнө 20 жыл толушуна арналган сабакты өткөрүү боюнча методикалык сунуш, жаңы окуу жылын ачкан сабакта эле колдонбостон, андан ары да пайдаланса болот. Анда билим берүү процессинин жүрүшүндө, түрдүү формаларда: класстык сааттарда, окуучулук конференцияларда, диспуттарда колдонууга мүмкүн болгон материалдарды камтыйт. Сунуш кылынган материалдарды, окуу жылы ичиндеги түрдүү сабактарда, биринчи кезекте, тарых сабагында колдонсо болот.
2011-2012-окуу жылдарында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде Дүйнөлүк жана Кыргызстан тарыхын окутуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004-жылдын, 23-июлундагы №554 токтому менен бекитилген жана Билим берүү министрлигинин 2005-жылдын 18-майдагы №251/1 буйругунун негизинде иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын (Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары. Бишкек. "Билим куту". 2006. Кыргыз Республикасында мектептик тарыхый билим берүү боюнча мамлекеттик стандарт 249-270-беттерде берилген) негизинде жүргүзүлөт. Тагыраак айтканда, окуу программасы өзгөрүүсүз калтырылат.
Жалпы билим берүүчү орто мектептерде тарыхый билим берүүнүн базалык курсун концентрдик моделде окутулат:
I концентр - негизги мектептеги башталгыч баскыч (5-класс),
II концентр - негизги мектептеги ортоңку баскыч (6-9-класстар),
III концентр - орто мектептеги жогорку баскыч (10-11-класстар).
Негизги мектептеги башталгыч класста Ата Мекендин тарыхына киришүү курсунда Кыргызстандын тарыхын окутууга жумасына эки сааттан бөлүнгөн; негизги мектептеги ортоңку баскыч жана ортоңку мектептеги жогорку баскычта тарыхый билим берүү экиге бөлүнгөн: "Кыргызстандын тарыхы" жана "Дүйнөлүк тарыхы" курстарынын негизинде окутулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу планынын варианттарына ылайык, "Кыргызстандын тарыхы" курсуна жумасына бир, "Дүйнөлүк тарыхы" курсуна бир же эки сааттан бөлүнгөн.
Курстун ичиндеги бирдиктүү мазмундук багыт, окутуунун жалпы принциптик уюштурулушу тынымсыз улануучулук принциптери тарабынан ишке ашырылат.

Тарыхты окутуу жөнүндө

1. Тарых предметинин окуу программасы
Тарых предметинин мазмуну, жалпы билим берүү программасы тарабынан ишке ашырылат:
o Негизги жалпы билим берүү программасы;
o Кошумча билим берүү программалары (профилдик, тереңдетип окутуу, автордук, эксперименталдык ж.б.).
Негизги жалпы билим берүү программасы Тарых предмети боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштеп чыгылат. Негизги жалпы билим берүү программасы Кыргыз Республикасындагы окутуу кыргыз, орус, ж.б. тилдерде жүргүзүлгөн мектептердин бардыгына милдеттүү түрдө киргизилет.
Тарых курсу боюнча кошумча жалпы билим берүү программасы мамлекеттик стандарттын чегинен тышкары мазмундук билим берүүнү ишке ашырат. Кошумча жалпы билим берүү программасына профилдик жалпы билим берүү программасы да кирет.
Мугалимдер Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өздөрү иштеп чыккан жогоруда аталган министрликтин талаптарына жооп берген автордук программасын колдонсо болот. Мугалим өзү иштеген мектептин жана окуткан класстын муктаждыктарын канааттандырган программаны тандап алууга укуктуу.

2. Негизги жана орто мектептердеги тарыхты окутууда курстун түзүлүшү:
5-класс. Кыргызстан тарыхы боюнча маалыматтык курс;
6-класс. Байыркы Кыргызстандын жана дүйнө тарыхы (байыркы мезгилден - IX к. чейин);
7-класс. Орто кылымдардагы Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы (IX к. - XVIII к. ортосуна чейин);
8-класс. Кыргызстандын жана дүйнөнүн жаңы тарыхы (XVIII к. аягынан - XIX к. аягына чейин);
9-класс. Кыргызстандын XX-XXI кк. жана дүйнөнүн XX-XXI кылымдардыгы Соңку тарыхы;
10-класс. Кыргызстандын тарыхы: урунттуу учурлар (байыркы мезгилден XIX к. ортосуна чейин) жана дүйнөлүк тарых: урунттуу учурлар (байыркы мезгилден Европада капитализмдин орношуна чейин;
11-класс. Кыргызстандын тарыхы: урунттуу учурлар (XIX к. ортосунан- биздин күндөргө чейин) жана дүйнөлүк тарых: негизги окуялар (XIX к. ортосунан- биздин күндөргө чейин);

3. Негизги жана орто мектептердеги тарых сабагы боюнча окуу жүктөмүнүн көлөмү.
Мамлекеттик компонент базистик окуу планынын: башталгыч, негизги жана жогорку баскычтарында мамлекеттик билим берүү стандарты тарабынан тарых сабагы боюнча максималдуу окуу жүктөмү жылына 544 саатты түзөт.
Негизги (тогуз жылдык) мектепте башталгыч баскычтын (5-класс) базистик окуу жүктөмүнүн көлөмү:
5-класс. Кыргызстан тарыхы боюнча маалыматтык курс,
Жылына 68 саатты түзөт.
Негизги мектеп (тогуз жылдык) баскычта (6-9 класстар) сааттар:
6-класс. Кыргызстандын тарыхы (байыркы мезгилден - IX к. чейин), (жылына 34 с.) Байыркы дүйнө тарыхы (байыркы мезгилден - IX к. чейин), (жылына 34 с.);
7-класс. Орто кылымдардагы Кыргызстандын тарыхы (IX к. - XVIII к. ортосуна чейин), (жылына 34 с.), дүйнөнүн тарыхы (IX к. - XVIII к. ортосуна чейин), (жылына 34 с.);
8-класс. Кыргызстандын тарыхы (XVIII к. аягынан - XIX к. аягына чейин), (жылына 34 с.), Дүйнөнүн жаңы тарыхы (XVIII к. аягынан - XIX к. аягына чейин), (жылына 34 с.);
9-класс. Кыргызстандын XX-XXI кк. тарыхы, (жылына 34 с.), дүйнөнүн XX-XXI кылымдардыгы Соңку тарыхы (жылына 34 с.);
Жылына 272 саат
Толук орто метептин жогорку баскыч 10-11-класстардагы базистик окуу жүктөмүнүн көлөмү:
10-класс. Кыргызстандын тарыхы: урунттуу учурлар (байыркы мезгилден XIX к. ортосуна чейин), (жылына 34 с.), Дүйнөлүк тарых: урунттуу учурлар (байыркы мезгилден Европада капитализмдин орношуна чейин), (жылына 68 с.);
11-класс. Кыргызстандын тарыхы: урунттуу учурлар (XIX к. ортосунан - биздин күндөргө чейин), (жылына 34 с.), Дүйнөлүк тарых: негизги окуялар (XIX к. ортосунан - биздин күндөргө чейин), (жылына 34 с.);
Жылына 204 саат

4. Тарых курстарын окутууда класстык журналдардын толтурулушу
2011-2012-окуу жылында тарых предмети эки курстун негизинде окутулуу менен класстык журналдарга, сабактын жадыбалына, бүтүрүү аттестаттарына эки башка жазылат.

5. Тарыхты окутууда окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду колдонуу
Кыргызстандын жана дүйнөлүк тарыхты окутууда былтыркы жылы колдонулган окуу китептери колдонулат.
Методикалык колдонмо:
Кыргызстан тарыхын окутуунун методикасы. Авторлор: Козубаева Б.У., Мадумарова М.К. Б. 2010.

6. 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу аттестациялоо
Жалпы билим берүүчү мекемелердеги тарых боюнча Мамлекеттик экзамендерде Кыргызстандын тарыхы гана негиз болуп алынышы керек.
Кыргызстан тарыхы боюнча мамлекеттик экзамендердин суроолору ар бир окуу жылы үчүн Кыргыз билим берүү академиясынын тарыхый, коом-таануучулук жана эстетикалык билим берүү лабораториясынын адистери тарабынан иштелип чыгат.
Ар кандай түшүнбөөчүлүктөргө жол бербөө үчүн билеттердин берилишин жана билеттердин жоопторун төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча КБАнан гана алуу сунуш кылынат.

7. Окуу программасын түзүү жана колдонуу боюнча мугалимдерге сунуштар.
Азыркы күндөгү маалыматтык коомдогу интеграцияланган билим берүүдө тарыхчы мугалимдер көптөгөн маселелерге дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан өз ишин заманбап уюштуруу үчүн окуу программасынын төмөнкүдөй болжолдуу үлгүсүн берүүнү туура таптык.
Окуу программасын жекече жана топтор менен түзүп, администрация тарабынан бекитип, колдонсоңор болот.
Окуу программасы - педагогдун стандартта коюлган талаптарга жооп берүүдө, билим берүү процессинде алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө жана уюштурууда, анык бир класстын окутуунун мазмунун, формасын жана методун аныктаган индивидуалдуу каражаты.
Окуу программасынын түзүлүшү
1. Титулдук барагы
Окуу программасынын титулдук барагында:
- билим берүүчү мекеменин толук аталышы;
- окуу программасын бекиткен жана макулдашылган гриф;
- окуу предметинин аталышы;
- программага арналган класстын көрсөтүлүшү;
- сааттардын көлөмү, деңгээли (базалык, профилдик);
- түзүүчү мугалимдин фамилиясы, аты жана атасынын аты;
- шаардын, райондун, айылдын аттары жазылган жылдын көрсөтүлүшү талап кылынат.
2. Түшүндүрмө кат
Түшүндүрмө катта курстун актуалдуулугу жана өзгөчөлүгү, программанын мазмунунун жалпы мүнөздөмөсү, окутуунун максаты, милдети жана методу, билимди диагноздоо жана контролдоонун формасы, окуучулардын жаш өзгөчөлүгү жана билгичтиктери так көрсөтүлүшү; ошондой эле окуу программаны түзүүчү-мугалим конкреттүү предметти өздөштүрүү ишмердүүлүктө предметтик, метапредметтик жана жеке инсандар аралык жыйынтыктарга жетишүү деңгээлин анык белгилеши керек.
3. Программанын мазмуну
Курстун негизги теориялык жоболорун камтыган кыскача тезистик баяндамасы. Анын негизги критерийлери: илимийлүүлүк, түшүнүктүүлүк жана жаштык психолого-педагогикалык өзгөчөлүктөргө дал келүүчүлүгү ж.б.
4. Предмет боюнча окуучуларды даярдоого талаптар
Бул жерде окуучулар жетишүүчү компетенттүүлүктөр, билгичтиктери жана көндүмдөрү, б.а. күтүлгөн жыйынтыктар анык көрсөтүлөт.
5. Календардык-тематикалык пландаштыруу
Темаларды окуп-үйрөнүүнүн фактылык мөөнөтү камтылат, сааттар так көрсөтүлөт.
6. Адабияттардын тизмеси
Колдонулган адабияттардын тизмеси берилет.

Заманбап, маалыматтык коомдо алдыга коюлган максаттарга жетүүдө жогоруда келтирилген методикалык сунуштар педагогикалык ишмердүүлүгүңөрдүн жүрүшүндө жардам болот деп ишенебиз. Сунуштарыңар жана суроолоруңар болсо төмөнкү дарекке кайрылууңарды суранабыз:
Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, 720040
Эркиндик бульвары, 25
Кыргыз билим берүү академиясынын тарыхый-коом таануучулук жана эстетикалык билим берүү лабораториясы.
тел: + (0312) 62 23 53; 62 23 68. моб. 0777500406.
тел/факс: +996 (0312) 66 51 11
burulkosubaeva22@gmail.com.