presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Натыйжалуу окутуу сабагы
(Кыргыз тили боюнча)
Жогорку Кеңешке,
Билим берүү жана илим министрлигине,
Билим берүү академиясына
Ооба, бул - чынжырлаша байланышкан ондогон окутуу тажрыйбаларынан түптөлүп, оожалып отуруп пайда болгон, калыптанган курам. Өзүнчө бирдиктүү тутум. Өзүнчө топтом, жыйынды, саресеп салып иликтенген, саргара жорткон мээнеттин акыбети катары жаралган, иштелип бүткөн жана сунушталып жаткан педагогикалык туундулар. Ал билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги кыргыз тили сабагын 5-11-класстарда натыйжалуу окутуу маселесин камтыйт. Натыйжалуу окутуу, демек, кыргыз тили сабагын үзүрлүү, майнаптуу окутуу дегендик. Натыйжасы көрүнбөгөн, бирок ооз толтура кеп кылынган, артыкчылыгы басма сөздө байма-бай жарыяланып турган реформалардын, илимий теориялардын, жоболордун, оболу, дүйнөлүк билим берүү стандарты делип, жогору бааланган, аздектелген окутуулардын да эгер артында из калбаса, окуучунун аң-сезиминде, жан дүйнөсүндө билим кут болуп орноп калууга орун таппаса, анда алардын баасы нөлгө барабар. Билим берүүнүн борборунда турган балага тикеден-тике кызмат кылбай, аны айланып өтүп кеткен натыйжасыз жана сапатсыз окутуунун кимге кереги бар. Демек, окутууга тиешелүү болгон бардык реформаларды, илимий иликтеп изилдөөлөр, жол-жосундар натыйжа берип, билим берүүдө из калтыргандыгы менен баалуу. Ошонусу менен гана алар керектүү жана зарыл. Ошол кызматына жараша аларды үйрөнүү, урунуу жана колдонуу коштоп жүрөт.
Биз сунуштап жаткан натыйжалуу окутуу курамы жаңы да, утурумдук байкоонун жана келе калган ой жүгүртүүнүн жемиши да эмес. Мектепте күн сайын сабак берүү менен өткөн кырк беш окуу жылын кучагына алат. Ток этер жери-ошончо жылдын ичинде кеп болуп жаткан натыйжалуу окутуу курамы калыптанып бүттү. Эми 2011-2012-окуу жылынын башталар алдында аны кыргыз тили мугалимдерине, билим берүү кызматкерлерине, педагогикалык коомчулукка - кыскасы, окутууга тиешеси болгондордун баарына жарыя кылып айтып берүү сааты келип отурат. Бул олуттуу маселеге билим берүү мекемелери, Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү академиясы, район, шаарлардагы билим берүү кызматкерлери, мектеп жана окумуштуу педагогдор, адис усулчулар, мугалимдер кайдигер карабайт деген ойдомун. Себеби натыйжалуу окутуу, анын үзүрлүү болушу ар бирибизге тиешелүү.

1. НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУНУН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ
Мындай окутуунун зарылчылыгы канчалык? Же бул кезектеги маселе көтөрүп чыгуубу? Жок! Ал кыргыз тили боюнча окутуудагы түпкү маселени күн тартибинде коёт. Чынында натыйжалуу окутууга кедерги болгон, сыртынан карасаң, туурадай көрүнгөн көнүмүштөрдүн бөгөтү аз эмес. Алардын бар экендигин жашырбай эле ачык айтууга туура келет. Маселен, мектептерде көпчүлүк окуучулар эне тилинде сүйлөгөндө оюн шар, жеткиликтүү айта албайт, "неметип", "неме болуп" деп мукактанып, сөзүнүн аягын жутуп, кекечтенип турат. Ал эми дилбаян жазууда аны окуучулардын дээрлик көпчүлүгүнүн башка эмгектерден көчүрүп алышы көнүмүш болуп калбадыбы. Бул башкалардын акыл эмгегин уурдап алуу да. Жат жазууда бир класстагы 4-5 окуучудан башкасы катаны жайнатып кетиришет. Грамматикалык жана фонетикалык талдоону жүргүзүүдө окуучулардын чамасы өтө эле чектелүү. Мындай абал көп жылдардан бери сакталып келүүдө. Муну ар бир тилчи мугалим билет. Же 2006-жылдагы ПИЗА эл аралык иликтөөсүнүн жыйынтыгына көңүл таштап көрүңүз, ага катышкан 57 мамлекеттин ичинен Кыргыз Республикасынын окуучулары 57-орунду ээлеген. Бул факты да өлкөбүздөгү окутуу абалынын деңгээли өтө төмөн экендигин тастыктап турат. 2006-2007-окуу жылында "Айылдык билим берүү" долбоорунун көмөгү менен уюштурулган Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун иликтөөсүндө 4-класста түшүнүп окуу боюнча 64,4%, 8-класста 73,5% окуучулардын билими базалык билимден төмөн экендигин көрсөткөн. Математиканы окутууда деле мындай төмөнкү деңгээл 62-84,3%, табият таанууда 64, 8%, химияда 88 пайызды түзгөн. Албетте, мындай аныктоого 4-класстын 3412, 8-класстын 3553 окуучусу катышса да, аларга таянып, мектептердеги базалык билим берүүнүн деңгээлинин өтө төмөн абалда экендигин болжоп билсе болот.
Ошентип, кыргыз тилин окутууда ири кем-карчтар баарыбызга тиешелүү. Ооба, баарыбыз ошондой өксүктөрдүн көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн авторлорубуз. Аларды жаратуу менен бирге кырк-элүү жылдап көрсөк көрмөксөн, билсек билмексен болуп жашырып, аксагын тың, ийрисин түз деп келгенбиз. Бирок мындай жалпыбызга тиешелүү кемчиликтердин далдасында жогорудагы саналган ири кемчиликтердин жаралышына өзгөчө түрткү болгон жагдайлардын ириси - кемчиликтердин жаралыш себебин терең изилдеп, кылдай иликтеп, илимий талдоолордон утуру өткөрүп, акты ак, көктү көк деп жарыя айтып турбагандык жана ошого ылайык билим берүүнү уюштурууда олуттуу чечимдерди кабыл алып, чечкиндүү кадамдарды өз учурунда жасабагандык. Ушундай аракеттердин аркасында пайда болгон, көп жылдар бою ийгиликтер менен ирегелеш жашап келген көптөгөн мүчүлүштүктөрдүн арасынан эки-үчөөсүнө гана учкай токтоло кетели. Биринчиси - кыргыз тили сабагынан окуучулардын керектөөсүнө төп келген багыттардын иштелип чыкпагандыгы. Алар кыргыз тилин өзүнчө сабак кылып окутуудагы түпкү мүдөө-максат болуп саналат. Мындай багыттар окуу программаларында чагылдырылат. Алар, биздин далилдөөбүз боюнча, төмөнкүлөр:
Биринчи багыт.
Кыргыз тилинин нечен кылымдап калыптанган байлыгын түркүн-түсү менен окуучуларга толук кандуу, оозеки жана жазма ишинде эркин колдоно аларлык деңгээлде үйрөтүү.
Экинчи багыт.
5-11-класстарда окуучулардын орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулугун иш жүзүндө камсыз кылуу.
Үчүнчү багыт.
Окуучуларды текши дилбаян жаздырууга жетиштирүү.
Төртүнчү багыт.
Тил таанууну мектептик көлөмдө толук кандуу окутуу.
Ал эми ушул төрт багыттын ар бири эки бөлүктөн куралат. Маселен, тил байлыгы аны үйрөнүү менен колдоно билүүдөн, сабаттуулук жазуу эрежелерин өздөштүрүү менен жат жазуудан, дилбаян аны жаза билүү менен талкуулодон, тил илими урунттуу эрежелер менен грамматикалык жана фонетикалык талдоолордон турат. Жалпысынан алганда, кыргыз, кыргыз тилин өзүнчө предмет кылып окутуунун жогорку төрт багыты тең укуктуу жана эриш-аркак колдонууга эгедер бөлүктөр. Жана бул төртөө кыргыз тилинен базалык билим берүүнүн чыныгы негизи жана мазмуну болуп эсептелет. Алар натыйжалуу жана сапаттуу билим берүүнүн базасы катары ар бир классты милдеттүү түрдө камтууга тийиш. Ошону менен катар ар бир багыт тиешелүү программалык сааттар менен бекемделиши зарыл. Мындай сааттарсыз багыттарды белгилөө негизделбеген кургак талап боюнча кала берери айдан ачык. Демек, туура багыттар аны ишке ашырууну камсыз кылуучу программалык сааттар менен күчтүү.
Ошентип, жогорку багыттарды базалык билим берүүнүн чордону, өзөгү, мазмуну катары таанып билүү жана колдонуу кыргыз тили сабагын натыйжалуу окутууга кедерги болгон чоң мүчүлүштүктөрдөн арылтат. Натыйжалуу жана сапаттуу билим берүүгө чыныгы пайдубал болгон багыттарды туура тандап алмайынча жана ошого жараша 5-11-класстарда кыргыз тилине бөлүнгөн багыттар боюнча туура жайгаштырылмайынча, кыргыз тилинен билим берүүнүн эң төмөнкү абалы мындан ары да сактала бермекчи. Экинчиси. Кыргыз тили сабагындагы ийгиликтер менен катар дайыма болуучу кем-карчтарды окуткан мугалимдин мойнуна жүктөп коюу. Башкача айтканда, сапаттуу билим берүү чыгармачылык менен иштеген мугалимдин колунда деп түшүнүү. Мындай көз караш, баалоо жана түшүнүк көп жылдардан бери жашап келет. Чынында, так ушундайча баалоо алгылыктуубу? Жок, тетирисинче, ал билим берүү саясатындагы толгон-токой ири кемчиликтерди жашырып турган өтө ийкемдүү чүмбөт. Себеби ал окуу программаларын, окуу китептерин түзүүчүлөр, окумуштуулар, билим берүү кызматкерлери, усулчулар жогоркудай көз карашка жамынып, баарын мугалимге шылтап коюшат. Демек, баары мугалимдин аракетине байланыштырылат. Сыртынан караганда туурадай көрүнөт. Бирок бул - баарыбызды адаштырган түшүнүк. Биринчиден, бардык мугалимдер чыгармачылык менен иштей алышпайт. Ар бир педжамаатта андай мугалимдер саналуу эле болот. Кааласак да, каалабасак да ар бир мектепте чыгармачылык менен эмес, орточо иштегендер көптүктү түзөт, болжол менен алар 60-70-пайыздын тегерегинде болот. Ошондой эле мектепте орточо окуган окуучулар көп болгон сыяктуу, орточо иштеген мугалимдер да арбын. Ал эми алар иш жүзүндө мектептин чыныгы жүзүн чагылдырып турат. Ошентип, чыгармачылык менен иштеген чыгаан мугалимдер сапаттуу жана натыйжалуу билим берүү боюнча мектептин чыныгы жүзү боло алышпайт. Алар өтө азчылыкты түзүү менен орточо иштеген мугалимдердин далдасында кала беришет. Экинчиден, чыгармачыл мугалимдер өтө аз санда болсо да, алар мектепте, райондо, облуста үлгүлүү иштөөнүн мисалы, шыктандыруунун куралы катары колдонулат. Сыйлык, наамдарга ээ болуп даңкталат. Үчүнчүдөн, чыгармачыл мугалим болуп иштөөнүн өзүнчө эмгекке каниет кылган өзгөчө жыргалы, түмөн түйшүктү көтөргөн кууралы да бар. Чыгармачыл болгон себеби окутуу турмушундагы окуучунун түпкү мүдөөсүнө кыйгач келген, бирок көнүмүш катары туурадай көрүнгөн жолдорду ашкерелеп, нечен талдоолорду жүргүзүп, салыштырып изденип, натыйжа берерлик багыттарды таап, ошого ылайык окутуу ишмердигин куруп чыккандыгында. Ошентсе да, көңүлдүн чордонунда орточо иштейт деген мугалимдер турууга тийиш, алардын колуна натыйжалуу окутуунун алтын ачкычтары берилиши керек. Анткени бүткүл окутуу системасын алга тартып кетүүчү зор күч ошолор. Алардын колунда Ата Мекендин, элдин жүгүн тайсалдабай көтөрүп кетүүчү окуучулардын зор армиясы бар. Билим берүү тармагы жана мугалим күчүн олимпиадага катышкан таланттуу тандалма окуучулардын чакан тобуна эмес, жүз миңдеген окуучулардын сапаттуу жана натыйжалуу билим алышын уюштурууга жумшашы керек.
Ошондуктан мектеп окуучулардын олимпиадасында, "Жыл мугалими" сынагында канчанчы орунду ээлегендиги менен эмес, жана да мындай косметикалык боёкторго азгырылбай, көпчүлүктү түзгөн мугалимдердин класстагы бардык окуучуларга сапаттуу жана натыйжалуу билим бере алгандыгы менен бааланышы зарыл. Ырас, "мектептин намысы үчүн" деп атайы даярдалбаса деле, окуучулардын арасында табигый дээри жана зээни күчтүү таланттуулардын болушу бештен белгилүү, алардын жолун тоспостон, тетирисинче, олимпиадага, кароолго, таймаштарга, ар кандай сынактарга катыштыруу менен багын ачуу керек, бул өзүнчө иш, бирок жүздөгөн, миңдеген окуучуларды алардын көлөкөсүндө калтырбай, же "азыркы балдар окубай калды" деп таштап койбой, аларга туура окутуу багыттарын тутунуу менен жана жемиштүү усулдук ыкмалар менен сабак берсе, андай балдардын ичинен жогорку өзгөчө делген окуучулар менен тең таймаша алуучу, оболу, алардан ашып түшүүчү ондогон, жүздөгөн окуучулардын чыгарына ишенемин. Анан да сапаттуу жана натыйжалуу билим берүүгө чыныгы мүмкүнчүлүктөр бар. Бир мисал, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен Базистик окуу планындагы (2011-жыл, 5-июль, №491-1-буйрук) 2011-2012- окуу жылы үчүн түзүлгөн окуу планында кыргыз тили сабагынын 5-11-класстарга тиешелүү жумалык 21 сааттык жүктөмү биз талап кылып жаткан сапаттуу жана натыйжалуу билим берүүгө байланыштуу максат-мүдөөлөрдү орундатууга чыныгы шартты түзүп бере алат. Бирок ошол шарт негизги багыттарды туура белгилеген окуу программалары менен байланышкан. Анткени жалпы окуучулардын билим алуу ийгилигин камсыз кылган массалуулукту алдыңкы планга алып чыгуучу бирден-бир каражат - окуу программалары. Ал окуу китебин түзүүдө жана окутуу практикасында теңдешсиз милдетти аткарган уюштургуч. Эгер ал начар түзүлсө, окутуунун түпкү максаттарына жооп бербесе, анда мугалим менен окуучулардын шору, базалык окуу программасы жана окуу китеби делген менен окуучулар шар жана жеткиликтүү сүйлөй албайт, тил таанууда талдоолорду жүргүзгөндү билбейт, дилбаян жазууда сабатсыз, жат жазуудан жайнаган каталарды кетиришет. Ушундай абал акыркы жылдарда эле эмес, өлкөбүздө көп жылдардан бери өкүм сүрүүдө. Ырас, билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары, окутуу стратегиясы жакшы эле өңүттө келет да, окуу программаларын түзүүдөн баштап тескери багытка ооп кеткени жашыруун эмес. Демек, окутуудагы ири кемчиликтердин башаты - окуу программаларында. Ал эми ушундай олуттуу өксүктөрдү чететтүү, аларды натыйжалуу билим берүү нугуна которуу үчүн Билим министрлиги, Билим берүү академиясы, билим берүү уюмдары, усулчу окумуштуулар, мугалимдер чечкиндүү жана тез аракеттерди көрүшү зарыл. Антпесе, жогорку кемчиликтер эч качан жоюлбайт. Анткени алар кулакка үйүр алып, көнүмүш алган "Азыркы балдар окубайт", "Мугалимдер иштебейт", "Билим берүү тармагы кризисте" деген сыяктуу тыянактар мектептин этегине эрмешип, жакасына жармашып, окуу жылынан окуу жылына көчүп жүрө бериши мүмкүн.
Ал эми моюнга ала билүү керек, жогоркудай ири кемчиликтерди жаратууда биздин - мугалимдердин салымы да аз эмес. Дагы бир жолу байкап көрүү үчүн, сырттан келген башка бирөөнүн катышуусусуз, жеке өзүңүз каалаган эле бир класска кирип, дилбаян жаздырыңыз. Же төл жана бөтөн сөз, диалог катышкан чакан жат жазуу жаздырып көрүңүз.Укмуштай жагдайга туш болосуз.Төбө чачыңыз тик турат. Анан жабылуу аяк жабылуу боюнча калышын каалайсыз.Текшерүүчүнүн көзүнө чалдыкпоого аракет кыласыз. Чала-чарпыт чалдыксаңыз, ичтен азап жеп, эки-үч мугалим бириге коюп, элдик меймандостукка жамынып, чай-чамек алып берип кутуласыз. Кыскасы, ошондой кемчиликтерди билип турсак да, жашырабыз, андай кырдаалды чететтүүнүн жолун издеп, андан чыгып кетүүгө шашылбайбыз. Маселени дыкат талдап, кемчиликтин чыныгы өзөгү кайдан пайда болгонуна кызыкпайбыз. Тиешелүү жерде тиешелүү маселени койгондон качабыз. Моюн жар бербейт.Чыгынбайбыз. "Чыгынганда, кимден колдоо табат элек, айтылып-айтылып кала берет да" деген түшүнүк көкүрөгүбүздө турат. Ошентип, элестүү туюндурсак, окуучулар менен мугалим бир арабада отурабыз, өйдө тартса, өгүз өлөт, ылдый тартса , араба сынат. Бала - келечек ээси, биздин жолубузду, өмүрүбүздү улантуучу бала арабада канчага чейин арабөк отурушу керек. Баса белгилей кетели, натыйжалуу жана сапаттуу билим берүүдө өксүккө кабылган жалгыз эле кыргыз тилчиси эмес, бир да окуучусу маселе чыгара албай, туюкка кептелип, акырында аны өзү араң чыгарып, абалын жеңилдеткен математиктер бар, ушундай эле абалдан физиктер, химиктер да алыс эмес, окуучуларын шар жана аң-сезимдүү окуу, шыр жазуу менен куралдандыра албаган, ошону менен бүткүл мектепке көлөкөсүн түшүргөн башталгыч класс мугалими аз бекен. Демек, козголуп жаткан көйгөй баарыбызга тиешелүү.
Ушунун баарына - дароо олуттуу мамиле жасап, ага министрден тартып мугалимге чейин катышып, чечүүнү талап кылган №1 зарылдык. Жалаң текшерүү, жазалоо, тапшырма берүү, аткарылган иштер жөнүндө маалымат топтоо ж.б. менен чектелбей, республиканын аймагында мугалимдердин натыйжалуу жана сапаттуу иштешин уюштуруу зарыл жана да ошого ылайык иликтеп-изилдөөчү, мугалимдерди педагогикалык алдыңкы идеялар, тажрыйбалар менен жабдуучу усулдук лаборатория иштеши керек, (Эгемендүүлүккө чейин Билим министрлигинин алдында мындай мекеме бар болчу, анан алар каржылык тартыштыктын саатынан жоюлуп кеткен), натыйжалуу иштөөгө тике кол кабыш кылуучу элеттик мектеп академияларын, көчмө усулкана борборлорун, бүтүндөй аймактарды камтыган алдыңкы тажрыйба мектептерин түзүү зарыл. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборлору жалаң дарс окулуучу жай болбостон, натыйжа берүүчү ачык сабактарды уюштурган, адистик чеберчиликке машыктырган чыныгы сабак майданына айландырылышы абзел.
Ооба, туура окутуу багыттары менен куралданган педагогикалык ишмердикти, практикалык аракеттерди, усулдук каражаттарды натыйжалуу окутууга баш ийдирүү зарылдыгы күн тартибинде турат.

2. НАТЫЙЖАЛУУ
ОКУТУУНУН ТАЯНЫЧТАРЫ

Ата Мекендик билим берүү тармагында, кудайга шүгүр, терең жана сапаттуу окутууга кириптер кылган каражаттардан куру кол эмеспиз, жалпыбыз таяна ала турган таектер бар. Ошолордун бири - кыргыз тили сабагынын мисалында сунушталып жаткан натыйжалуу окутуу деген педагогикалык иш-тажрыйбалардын топтому. Ал беш тирөөчкө бекем таянат. Бешөө тең, кыргыз тили боюнча базалык билим берүү деген түшүнүктүн чыныгы өзөгүн түзөт жана окуучуларга натыйжалуу кызмат көрсөтөт. Алар бөлөк-салак эмес, чогуу-чаран, эриш-аркак, бирин-бири табигый түрдө толуктап турган окутуу курамы (системасы). Бешөө тең билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын талаптарына жооп берүү менен Базистик окуу планына кирген сааттардын негизинде бир нече класс эмес, бир класстын өзүндө да окутуудан тиешелүү натыйжа алууга мүмкүндүк берет.

Биринчи тирөөч

Бул - жалпы билим берүүчү мектепте 45 жыл бою кыргыз тилинен сабак берген мугалимдик эмгектин жемиши. Мектепте алгач мугалим болуп иштей баштаганда эле байкаганым окуучулардын алган "4" , "5" деген баалары күнүмдүк эле көрүнүш, 3-4 жумадан кийин төрт-беш окуучудан башкасында билим түгүл анын жугу да калбай турганын ачып түшүндүм. Аларды кайра кайталап окутсаң, башка программалык сааттарга залакасын тийгизет экен.
Ошентип, мамлекеттик программада бөлүнгөн сааттардын чегинде окуу материалдарын орун которуп, топтоштуруп пайдалануу, аларды түпкү кызыкчылыкка төп келтирип, натыйжалуу колдонуу идеялары жаралып, бышып жетиле да берди жана окутуу практикасында жекече сынактан өткөрүлүп, талданып турулду. Кыскасы, 45 жылдык артынан сая түшүп кылган эмгек талаага кеткен жок, өз түшүмүн берди. Аларды үстүртөн эле санап койсом болот.
1. 1966- жылдан баштап республикалык педокууларга, конференцияларга, курултайларга, кээде союздук, эл аралык курултайларга катышып, өз тажрыйбам жөнүндө айтып берүүгө мүмкүнчүлүк алдым.
2. Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечими менен иш- тажрыйбаларымды жайылтууга татыктуу болуп, С.Үсөналиевдин мага арналган "Окутуп тарбиялоо" деген китеби жарыяланган.
3. Ошол 45 жылдын ичинде иш-тажрыйбамдан алынган 250дөн ашык макалам, 41 китебим жарыяланды, ошолордун үчтөн бири кыргыз тили сабагын окутууга тиешелүү.
4. 1989-жылы менин СССРдин эл депутаты болуп шайланышыма мектепте окуп жаткан окуучуларымдан Талас шаарынын мектептеринде тикеден-тике чыгармачыл сабактарды өткөрүшү себеп болгон. Чоңдор эмес, окуучулардын мугалиминин үлгүсүндө сабак өтүшү шаардагы шайлоочуларга күчтүү таасир этип, алардын 80ден ашык пайызы мугалимге добуш берген.
5. Арал орто мектебинде менин жетекчилигим менин уюштурган "Чабыт" аттуу жаш мугалимдер мектеби Союздагы алдыңкы тажрыйба катары эсептелип, тиешелүү фото материалдар Москвада Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө алты ай бою көрсөтүлүп турган.
6. 1989-жылы Билим министрлигинин алдындагы алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу лабораториясы "Бектур агайдын республикалык алдыңкы тажрыйба мектеби" деген мектепти биринчи жолу уюштуруу менен өлкөнүн чар тарабынан мугалимдер келип андан окуп кете башташкан. Бул ишти уюштурууга министрликте иштеген С.Жороева, К.Абдыкалиева деген усулчулар катышкан. Эки усулдук китепче чыгарылган. Кийин ал лабораториянын өзү жоюлуп кетти да, республикалык алдыңкы тажрыйба мектеби ишин токтотту.
7. Элеттик мектеп академиясын түзүп, анын "Көчмө усулкана" факультети көчүп жүрүп мугалимдерге алдыңкы тажрыйбаны үйрөтө баштаган. Бирок түзүлгөн шарттын жоктугунан бул иш толук кандуу иштей алган жок.
8. 2008-2009-окуу жылында Талас облусунун жүз мектебинде "Бектур агай" жылы облустук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен уюштурулуп, 6 окуу телефильми таратылып, 12 усулдук иштелме түрүндөгү китептер чыгарылып, мектептерге таратылды.
Эң башкысы, натыйжалуу окутуу, жекече мүнөздө болсо да, ишке ашырылды.Тактап айтканда, класстагы окуучулар текши катасыз жазууга жетише алышты, ар бир окуучу өз оюн кагазга сабаттуу түшүрө алууга үйрөндү, балдар текши грамматикалык жана фонетикалык талдоо жүргүзө алууга көнүктү. Ар бир окуучу өз ой-пикирин башкаларга тез, таасирдүү жана жеткиликтүү сүйлөй билүүгө жетишти. Мунун баары окутуу багыттарын туура тутунуунун негизинде ишке ашырылды. Демек, кыргыз тилинде базалык билим берүүдө натыйжалуу окутуунун зор артыкчылыгы далилденди. Ошону менен катар өтө орчундуу маселе окуу программасын, окуу китептерин, усулдук колдонмолор менен усулдук иштелмелерди түзүүнүн жана аларды окуу куралдары катары мугалимге жана окуучуга, аз санда болсо да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Демек, натыйжалуу окутуу системасы мектептин чордонунда жаралды.

ЭКИНЧИ ТИРӨӨЧ

Бул натыйжалуу окутууга укук берген мамлекеттик документ "5-11-класстар үчүн альтернативдүү окуу программасы " деп аталат. Анын жазылышына тикеден-тике демилгечи болгондор Билим берүү академиясынын кызматкерлери Советбек Байгазиев менен Венера Мусаева эле. Бул окуу программасы Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен 1993-жылы өзүнчө китепче жөнүндө жарыяланган министрликтин коллегиясынын №7-3 чечими менен 1994-жылдан 13-сентябрында бекитилген. Катардагы жөнөкөй мугалимдин иш тажрыйбасынын негизинде жаралган мындай окуу программасын колдоп, коллегияда бекитип беришкендиги үчүн Билим берүү академиясы менен Билим берүү жана илим министрлигине ыраазымын. Бул окуу программасы 1999-жылы 26-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уюштурган "Китеп - билим булагы, китеп - илим чырагы" деген улуттук конкурста жеңүүчү деп табылган. Ошондон бери бул окуу программасы колдонулууда, жакында анын үчүнчү басылышы ББАнын окумуштуусу С.Жаанбаевдин редакциясы менен жарык көрмөкчү.
Бул окуу программасы эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Баарынан мурда, ал кыргыз тили сабагынан базалык билим берүүнүн төрт багытын туу тутат жана аталган предмет боюнча натыйжалуу билим берүүгө жол ачат. Ал биринчи багытка - кыргыз тилин оозеки сүйлөшүү куралы катары тутунуп, шар, тез, таасирдүү жана жеткиликтүү сүйлөп машыгууга 5-11-класстарда 107 саат, экинчи багытка-сабат санжырасы менен жат жазуу жазып машыгууга 5-11- класстар үчүн 153 саат, үчүнчү багытка - грамматика менен фонетиканы үйрөтүүгө жана аталган багыт боюнча талдоолорду жүргүзүп көнүгүүгө 273 саат, төртүнчү багытка - дилбаян жазып машыгууга жана аны талдоо аркылуу үйрөнүүгө 106 саат бөлөт. Мында мугалимдин жеке ыктыярына калтырылган, билим берүүдөгү бөксөлүктү толтурууга жумшалуучу 24 саат да бар. Бардыгы 5-11-класстарда 663 саат. Ал эми 2011-2012-окуу жылынынын Базистик окуу планында 6-класска 1 саат кошулган, аны кошуп эсептегенде, 5-11-класстарда жылдык жүктөм 697 саат болот.
Ооба, альтернативалуу программада камтылган төрт багыт окуучунун түпкү мүдөөсүнө сабат маданиятын түзүүгө, натыйжалуу билим алууга иш жүзүндө кенен мүмкүнчүлүк берет. Ал эми ар бир багыт үйрөтүүчү жана иштеп машыгуучу убакыт-сааттар менен бекемделип, ал мугалимди да, окуучуну да ар бир класста чыныгы жана өтө керектүү окуу иши менен жабдыйт. Бул жагдай ириде окутуу практикасынын натыйжалуу болушун камсыз кылат, анткени "казанда болсо, чөмүчкө илинет" да, анан казанда эч нерсе жок болсо, андан азык сузуп алам деш апендинин иши эмеспи. Демек, мугалимди жоопкер кылып мойнуна үйө берген толгон-токой кургак талаптар кыскарат да, баланы чыныгы жана максаттуу окуу эмгеги менен жабдуу ишке ашат. Бул окутуу ишинин массалык түрдө ийгиликтүү болушуна алып келет. Себеби бала "казанда бар нерсе менен"-келечекте түпкү мүдөөсүнө төп келген багыттар менен алектенет. Ошентип, окуу программасы сапаттуу жана окутуудан натыйжа алууга ийкемдүү окуу китептерин жаратууга өбөк болот.
Ошону менен катар альтернативдүү, бирок базалык билим берүүнү аркалаган окуу программасында окутуудан натыйжа алууга кириптер кылуучу кошумча жол-жосундар чагылдырылган. Алар: кайталанмалуулук, колдонуучулуулук, машыккандык, татаалды жөнөкөйгө айландыруу, текшилик, жыштык, топтомчулук, нускалуулук жана үзүрдүүлүк усулдары. Алар бир эле окуу китебинде эмес, алардын негизинде жазылган усулдук колдонмолордо да, иштелмелерде да багыт берүүчүлүк милдетти аркалайт.
Ошентип, мындай окутуу программасы мугалимди да, окуучуну да үйрөтүү, үйрөнүү, иштеп машыгуу, өз алдынча колодонуу, калыптануу майданына алып чыгып, натыйжалуу окутуу ишмердигин бекем тирөөч катары тиреп турат.

ҮЧҮНЧҮ ТИРӨӨЧ

Бул окуу китептерине тиешелүү.Экинчи тирөөчтөгү альтернативдүү окуу программасынын базалык жана натыйжалуу билим берүү талабына ылайык Билим берүү жана илим министрлигинин бекитүүсү менен төмөндөгү окуу китептери жарыяланды.
1. Б.Исаков, "Кыргыз тили" окуу китеби, 5-6-класстар үчүн. Бишкек-2000, "Мектеп" басмасы, нускасы - 15 000.
2. Б.Исаков, "Кыргыз тили" окуу китеби, 7-9-класстар үчүн, 2003-жыл, "Педагогика" басмасы, нускасы 22 000.
3. Б.Исаков, "Кыргыз тили" окуу китеби, 10-11-класстар үчүн. 2006-жылы жазылган. Ошол жылдын 26 -майында Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин талкуусунан өтүп, №5 токтому менен жактырылган жана басмага сунуш кылынган. Жарыяланышы күтүлүүдө.
Бул китептердин нускасын көбөйтүү жана 10-11-класстардын "Кыргыз тили" окуу китебин басып чыгаруу боюнча мугалимдердин өтүнүчтөрү байма-бай болуп келүүдө. Алар Билим берүү министрлигине ушундай өтүнүч менен кайрылуу жолдошсо, нусканы көбөйтүү жана 10-11-класстын "Кыргыз тилин" басып чыгаруу министрликтин көзөмөлүндө экендигин мурдагы Билим берүү министринин орун басары Ү.Тыналиева кат аркылуу кабарлаган экен. Бул маселе дагы деле күн тартибинде турат. Мисалы, мурунку окуу жылында бир класста бир эле окуу китеби болгондугуна карабастан, Талас шаарындагы №6 мектептин кыргыз тилчилери ири натыйжа алуунун жаратуучулары болушкан жана алардын ийгиликтери атайын чыгарылган окуу телефильмде чагылдырылыган эле.
Демек, үчүнчү тирөөч окуучуларга натыйжалуу жана базалык билим берүү тажрыйбалары окуу китебине таяна тургандыгын, алар жазылып бүтүп, аз санда болсо да, колдонулуп жатканынан кабар берет. 2008-2009-окуу жылында Талас облусунун мектептеринде өткөрүлгөн "Бектур агай" жылында көпчүлүк педагогикалык жамааттарда 7-9-класстар үчүн "Кыргыз тили" окуу китебинин эки-үчөө эле болгондугуна карабастан мугалимдер укмуштуудай ийгиликтерди жарата алышты, алардын айрымдары телетасмага түшүрүлүп алынды. Жыйырма мугалим тай баштаган тогуз байгелүү орунга жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Кыскасы, окуу китептери альтернативдүү окуу программасындагы олуттуу багыттарды жана идеяларады ишке ашырып, натыйжалуу жана базалык билим берүүдө бекем таянтычтын милдетин өтөп отурат.

ТӨРТҮНЧҮ ТИРӨӨЧ

Буга жызылып бүтүп, мугалимдер үчүн жарыяланган усулдук колдонмолор кирет. Алар төмөнкүлөр.
1. Б.Исаков, "Окуучулардын турмуштук активдүү позициясын калыптандыруу", Фрунзе - 1985-ж.
2. Б.Исаков, "Окутуунун комплекстүү чежиреси," Фрунзе 1990-ж
3. Б.Исаков, "Сабат санжырасы", 1993-жыл.
4. Б.Исаков, "Кыргыз тилин орто мектептин 5-11-класстарында натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмо", Бишкек-2011
Бул усулдук колдонмолордун ичинде көлөмдүү эмгек катары 191 беттен турган "Сабат санжырасы" деген китепти эсептөөгө болот. Ал эми быйылкы окуу жылында жарыяланган жогорку усулдук колдонмо 24 басма табак көлөмүндө. Бардыгы 4 бап, 142 параграф, 4 тиркемеден турат. Бул эмгек 45 жылга созулган мектепте кыргыз тили мугалими болуп иштеген ишмердикти, натыйжалуу окутуунун кантип жаралышын, окуу программаларын милдетин, окуу китептеринин мазмунун чагылдырат. Бул колдонмо мугалимдердин өтүнүчү жана тапшырмасы боюнча жазылган. Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин 2009-жылдагы №2 токтому менен жактырылып, басмага сунуш кылынган. Усулдук колдонмолор кыргыз тилин натыйжалуу , базалык билим берүүнүн негизинде окутуу боюнча бекем тирөөчтүн милдетин аткарат. Ошону менен бирге мындай үзүрлүү окутууга кол кабыш кылуучу, мугалимдер үчүн окуу куралы катары кызмат көрсөтүүчү усулдук колдонмолор менен усулдук иштелмелердин жарыяланышына жана мектептерге таратылышына министрликтин жардам көрсөтүшү зарыл. Булар жөнүндө кам көрбөй, өзүнчө таштап койгон жарабайт. Эгер усулдук колдонмо менен иштелмелерди каржылоого каражат табылбаса, автордун каржылоосу менен чыгарылган жогоркудай эмгектерди мугалимдердин сатып алып пайдаланышын уюштурууга неге болбосун. Мунун коркунучтуу жагы жок. Себеби мындай натыйжалуу аракеттерди колдоого министрлик да кызыкдар болушу зарыл. Ошондуктан министрликтин алдында өтө керектүү, зарыл окуу китептерин, усулдук колдонмолорду, усулдук иштелмелерди иликтеп-изилдөөчү, тез аракет менен мектептерде жайылтуучу, сатып өткөрүүчү адистешкен илимий - усулдук лабораторияны же бөлүмдү ачып, кечиктирбестен аны ишке киргизүүнү сунуш кылар элем.


БЕШИНЧИ ТИРӨӨЧ

Бул - усулдук иштелмелер. Алар Билим берүү академиясынын изденүүчүсү Асыл Озекеева тарабынан жазылып жана жарыяланып, Талас облусундагы көптөгөн мектептерине колдонулуу үчүн таратылган. Алар сегиз китептен турат: 1) "Нусканын натыйжалуу окутуудагы мааниси, 2) "Окутуунун топтом тажрыйбасы", 3) "Тажрыйбанын жаралыш сыры", 4) "Кыргыз тилин окутуудагы төрт багыт жана усулдук жол-жосундар" 5) "Жыштык, текшилик жана татаалды жөнөкөйгө айландыруу- натыйжалуу окутуунун усулдук тетиктери" 6) "Сабат санжырасы - сабаттуулук туткасы", 7) "Дилбаян - көчүрүп алынбаган чыгармачыл эмгек", 8) "Билим өзөгү - тил таанымы".
Булар Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши талкуулап жактырган Б.Исаковдун "Кыргыз тилин орто мектептин 5-11-класстарында натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмонун" негизинде 2008-2010-жылдарда жарыяланган. Ал сегиз китеп тең эки багытты көздөйт. Биринчиси - Б.Исаковдун аталган колдонмосунун республиканын билим берүү, педагогика тармагында ордун аныктоо, иликтөө-изилдөө жумуштары, экинчиси - натыйжалуу окутуу боюнча кыргыз тили мугалимдерине усулдук жардам берүү. Жакында Бишкек шаарынын бир катар мугалимдери тарабынан усулдук иштелмелер боюнча суроо-талап келип түштү. Бул өтүнүчтү ишке ашыруу үчүн А.Озекеева усулдук иштелмелерин топтоп "Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаков" деген 364 бет көлөмүндөгү эмгегин жарыялады.
Ооба, жогоруда жондотуп баяндалган беш тирөөч - кыргыз тилин 5-11-класстарда натыйыжалуу окутуу боюнча курамды, тажрыйбалар топтомун тиреп турган, өз ара ийиндешип биримдикти түзгөн бакубат педагогикалык каражаттар.
Айтмак бизден, аңдап таанып билүү, чечимге келүү Сизден.








"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o