presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

талаптар чоң, талапкер аз
Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру аяктап, жыйынтыгы чыгарылды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 1-турда окуу жайларга бөлүнгөн бюджеттик орундардын 38% гана толду. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу өтө төмөн.


План боюнча республикадагы 21 жогорку окуу жайына жалпы 4922 гранттык орундар бөлүнгөн. 1-турда болгону 1863 абитуриент кабыл алынып, 2-турга 2889 орун калып калды.
Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Евгения Чубукованын айтымында, быйылкы кабыл алуу өнөктүгү активдүү эмес:
- Быйылкы кабыл алуу мурунку жылдардан айырмалангандыктан абитуриенттер аз тапшырууда. Айрымдарынын негизги тестинин баллы жеткени менен предметтик тесттеринин баллы жетпей калууда. 2010-2011-окуу жылына кабыл алууда өлкөдө түзүлгөн кыйын кырдаалга карабастан 1-турда эле бюджеттик орундардын 52% толгон.
Окуу жайлардын арасынан абитуриенттер эң аз тапшырган Кыргыз улуттук агрардык университети болду. Бул окуу жайга жалпы 260 бюджеттик орун бөлүнсө, биринчи турда болгону 49 абитуриент кабыл алынган. Ош техникалык жана Талас мамлекеттик университеттеринде дагы абал ушундай. ОшТУга бөлүнгөн 280 орунга 43 бала гана кабыл алынса, Талас мамлекеттик университетинде 110 орунга болгону 18 абитуриент кабыл алынган. Кыргыз мамлекеттик курулуш-транспорт жана архитектура университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттеринде дагы кабыл алуу ушундай нукта болгон.
Биринчи турдун ушундай жыйынтыгынан кийин ата-энелердин жана окуу жайлардын кабыл алуу комиссияларынын көптөгөн кайрылууларын эске алган Билим берүү жана илим министрлиги экинчи жана үчүнчү турда жана контракттык бөлүмдөргө кабыл алууда предметтик тесттерди алып салуу чечимин чыгарды. Эми кошумча тарых, физика, химия, биология предметтери боюнча тесттин жыйынтыгын талап кылган адистиктерге (медициналык адистиктерден сырткары) абитуриенттер негизги тест менен тапшыра алышат. Негизи талап боюнча
Гранттык орундарга:
- Негизги тесттен - 110 балл;
- Англис тилинен - 65 балл;
- химиядан - 65 балл;
- биологиядан - 65 балл;
- физикадан - 60 балл;
- тарыхтан - 65 балл.
Күндүзгү контракттык бөлүмгө:
- негизги тесттен - 100 балл;
- англис тилинен - 65 балл;
- химиядан - 65 балл;
- биологиядан - 65 балл;
- физикадан - 60 балл;
- тарыхтан - 65 балл топтогондор гана сынакка катышмак.
Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 22 миң абитуриент бюджеттик жана контракттык бөлүмдөргө тапшыруу укугуна ээ болушкан.





Медакадемия менен ИИМ Академиясында ажиотаж

Бул жылы да жылдагыдай эле абитуриенттер Кыргыз медициналык академиясын көздөй агылышууда. Бул окуу жайга бөлүнгөн 220 гранттык орундун 198 биринчи турда эле толуп, экинчи турга болгону 22 орун калган. Андан кийинки орунда ИИМ Академиясы турат. Бул окуу жай биринчи турда эле планды 66% аткарды. Региондордогу окуу жайлардын ичинен алдыга Ысык-Көл мамлекеттик университети озуп чыкты. Бул окуу жайда бөлүнгөн 185 орундун 65 гана толбой калган. Кыргыз-Орус Славян университетин тандаган абитуриенттердин дагы саны көп. Аталган окуу жай 87 орундун 51 толтурууга жетишкен.
Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Евгения Чубукованын айтымында, мурдагыдай эле абитуриенттердин көпчүлүгү медициналык, экономикалык, юридикалык адистиктерди тандашууда. Педагогикалык адистиктерге абитуриенттердин аз барып жатканын 1-турдун жыйынтыгынан көрүүгө болот. Анткени бул адистиктердин көпчүлүгү региондордогу окуу жайларга бөлүнгөн. 1-турдун жыйынтыгы көрсөткөндөй региондордогу окуу жайлардын ичинен Ысык-Көл мамлекеттик университетинен бөлөк бир-эки окуу жайда гана план 20% араң аткарылбаса, көбүндө көрсөткүч 15-16% гана түзөт.






"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o