Кыргызстан көп партиялуу, парламентаризм жолунда
Жакында Кыргызстандын жигердүү журналисттеринин бири, окумуштуу-педагог жана белгилүү коомдук ишмер Б.Орунбековдун "Көп партиялуулук жана парламентаризм келечеги" аттуу илимий жактан кызыктуу, саясий коомчулук үчүн абдан актуалдуу китеби жарык көрдү.


"Саясатты жана футболду талдаганды баары билишет" деген азилди эстегенди журналисттер жакшы көрүшөт. А чынында да Б.Орунбековдун "Көп партиялуулук жана парламентаризм келечеги" аттуу саясат таануу илиминин эң татаал темасына арналган бул китебиндеги көтөрүлгөн илимий-теориялык маселелер, мындай караганда, кечээ эле булардын баары көз алдыңда өткөн окуялар катары сезилет. Ал эми Б.Орунбековдун китебиндеги ийне-жибине чейин иликтеп, мыжыга талдоого алган "илимий лабораториясына" үңүлө караганда, автордун зор эмгек сарптап жатып чыгарган корутундулары менен сенин "футболду талдоого алгандай" ой-пикириңдин ортосундагы айырма асман менен жердей экенине терең ынанасың! Б.Орунбековдун эмгегинин баалуулугу да, мааниси да, маңызы да мына ушунда!
Бир мисал.
Жалгыз партия гана үстөмдүк кылган тоталитардык системанын - коммунисттик партиянын диктатурасынын "жоругун" бүгүнкү 40 жаштан өйдөкүлөр жакшы билишет. Ал эми 40 жашка чейинкилер өлкөбүздүн калкынын алда канча көбүрөөк бөлүгүн түзүшөт. Демек, булар бир партиялуулуктун "коркунучтуу запкысын" билбеген эл-журт. Калкыбыздын ушул бөлүгү Кыргызстанда жаңы саясий турмуштун калыптануу процесстеринин активдүү катышуучулары. Менин оюмча, автордун: "Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары Кыргызстанда түзүлгөн саясий жагдайдын анализи бир партиялуу системаны көп партиялуу система алмаштырып, андан кийин карама-каршы эки партиялуу система: биринчиси - өкмөттүк партиялар, экинчиси - оппозициялык партиялардын уюшулушу менен системанын жогоруда айтылган экинчи моделден биринчи моделге карай эволюциялануусун көрсөттү" (82-бет.) деген ырастоосунда калет жок.
Калп айткан менен болобу бүгүнкү замандагы кемпир-чалдан тартып, бала-бакчадагы бөбөктөргө чейин туташ саясатташкан коомубузда, мындай караганга жөп-жөнөкөй көрүнгөн, демейки көр- тирлик баяны сыяктанган китеп, а чынында соңку 20 жыл ичинде кыргызстандыктарды жайпап өткөн чуулгандуу саясий турмуш илимий терең талдоого алынып, коомчулукка али жетишээрлик түшүнүктүү боло элек, көп жагынан татаал, ошонусу менен бүгүн күн тартибинде өтө курч коюлуп турган көйгөйлөрдүн түпкү себептерине чейин үңүлө иликтөөгө алган олуттуу илимий эмгек болуп саналат.
Баса белгилей кетүүчү нерсе, автор өзүнө эбегейсиз оор жүктү, бүтүндөй бир лабораториянын толук жамааты араң аткара ала турган теманы алып, аны саясат таануунун илиминин теориясынын талаптарына ылайык талдап чыккан. Натыйжада, ондогон, а түгүл жүздөгөн саясий курч маселелер социологиялык-лабораториялык териштирүү анализинен өткөргөн. Баарын мисалга тартууга гезиттин аянты чак келбейт, ошондуктан айрымдарынан "чөп башылап" маалымдоо менен гана чектелели.
Айталык, автор коомдун саясий системасын талдоодо дүйнө өлкөлөрүндө түптөлгөн, калыптанган саясий системаларын, алар дүйнөлүк саясий адабияттарда кандайча чагылдырылганы менен тааныштырып келип, Кыргызстандын тоталитардык режимден чыгып, анын өткөөл мезгилдеги жаңыдан телчиге баштаган кыргыз коомунун саясий системасы менен салыштырып талдоого алышы (алардын баарын санап отуруунун анчалык кажети жоктур) Кыргызстандын саясий турмушунун абалы жана болжолдуу түрдө эртеңкисине көз чаптырууга мүмкүндүк берет.
Одонороок айтканда, өлкөнүн саясий системасы мыйзам же жарлык менен түзүлбөйт, ал үчүн коомубуз бир катар объективдүү этаптарды басуу керектигин айталык, ал үчүн өнөр жайлык, чарбалык, жеке ишкердик ишмердүүлүккө кийлигишүүсүн чектеген саясатты, мамлекеттен ажыратуу (разгосударствление) саясатын, менчиктештирүү этабынан, аны менен кошо өлкөдө экономикалык рынокту түзүү этабынан өтүү, кыргыз коомунда адамдын укуктары мамлекеттин укуктарынан жогору турууга тийиш экенин коомчулуктун кабылдоосу жана ал үчүн күрөштө коомдук кыймылдар жетишкен айрым ийгиликтерге жетишүүсү, кыргыз коомунун олуттуу демократиялашуу этабынан өтүүсү. Өлкөдө саясий демократия түзүлбөй туруп, саясий системанын түзүлүшү мүмкүн эмес.Коомду демократиялаштырууда саясий партиялардын ролу өтө зор.
Бүгүнкү кыргыз коому өзүнүн 20 жылдык тарыхый жолунда саясий системанын демократиялашуусунда бир катар олуттуу кадамдар жасалганын Б.Орунбеков мындайча мүнөздөйт:
1) коммунисттик идеология менен советтик режимден баш тартуу;
2) өлкөбүздөгү коомдук түзүлүштү тынчтык жолу аркылуу жаңылоо, буга коомдун бардык катмарын тартуу;
3) идеологиялык, саясий эркиндикти орнотуу, о. эле көп партиялуулукка жол ачуу;
4) менчиктин ар кандай түрлөрүнө чек койбоо, алардын баарына жол берүү;
5) маалыматтын эркиндигин камсыз кылууга умтулуу;
6) Кыргызстанда "ачык коомго" карай өнүгүүгө шарт түзүү (52-бет.).
Ошентип, Кыргыз коомунда толук кандуу саясий система түзүлүшү жана калыптанышы үчүн натыйжалуу саясий партиялар системасынын түзүлүшү лаазим.
"Партия" түшүнүгү жөнүндө, саясий партиялардын негизги белгилери, алардын түрлөрү (м., либералдык, консервативдүү, социалисттик, социал-демократтык, фашисттик ж.б.): революциячыл (радикалдык, экстремисттик), о.эле башкаруучу - оппозициялык, укуктук жагынан (легалдуу, подпольедеги - булар терроризм, диверсия сыяктуу ыкмаларды колдонушат), саясий спектри боюнча (солчул, центристтик, оңчул), саны боюнча (бир партиялуу, эки партиялуу, көп партиялуу же мультипартиялуу) д.у.с. бөлүнүп-жиктелишин талдайт, аларды ар бири боюнча кеңири иликтөөлөр жүргүзүлгөн, ошондой эле биздин коомубуздун алкагында саясий партияларды институтташтыруу процессине да чоң маани берүү менен изилдейт.
Дагы бир жагдай, булардын ичинен көп партиялуулукка атайын кенен токтолот. Анткени биздин бүгүнкү саясий өнүгүүбүз керектеген кырдаал "Кыргызстанга кандай партиялык система керек - эки партиялуубу, эки уюлдуубу, көп партиялуубу, мамлекеттик үстөмдүк кылуучу партиябы деген бир кыйла курч маселелерди коёт" - дейт Б. Орунбеков.
Жогоруда келтирилген учкай серептөөлөрдүн негизинде китеп боюнча алган таасирлерди белгилей кетейин.
Биринчиден, 20 жыл тарыхта өтө кыска мөөнөт, бирок кыргыз эли бул мезгилдин ичинде укмуштай окуяларга жык толгон аябагандай зор тарыхый этапты басып өткөнүн, айрыкча, саясий процесстердин кылымга тете аралыкты ушунчалык ашкере тез ылдамдык менен басып өткөнүн, автор бул китебинде бөтөнчө ишенимдүү көрсөтө алган. Китеп саясатчылар, саясий күрөшкө аттанган ар атуул үчүн жандан түшпөс окуу китеп болуп бере алат. Китепте кыргыздын кечээки, бүгүнкү жана эртеңки турмуштары боюнча мыкты элес берет, көп ойлор менен куралдандырат.
Экинчиден, китеп саясатчы адистер үчүн! Кызыккандар таанышса, тереңдеп талдап окуса, сөзсүз тийиштүү жаңыча ойлоого, Кыргызстандын саясий турмушундагы бир топ "кыйды" суроолорго омоктуу жооп таба алышат.
Үчүнчүдөн, автор, Бакытбек Орунбеков мурда саясат таанууда жолукпаган, саясат таануучулардын көбүнө тааныш эмес терминди биринчи жолу илимий колдонууга киргизиптир. Ал - "жоопкерчиликсиз оппозиция" деген түшүнүк. Ушундай эң кооптуу көрүнүш биздин кыргыз коомунда гана болушу мүмкүн болсо керек!? Бул түшүнүктү дагы тереңдетип изилдөө талап кылынат окшойт. Бирок менин терең ишенимимде, термин саясат таануудан өз ордун табат деп ойлойм.
Төртүнчүдөн, Б. Орунбеков китебинде партиялык калдрлар маселесинин тегерегинде сөз козгоп баратып, "Саясий рынок" деген түшүнүктү үстүрт гана атап, ал терминди кеңири анализден өткөрбөй, анын логикалык мазмунун ачып бербей тим болуптур. Ал эми "саясий рынок" түшүнүгүнүн дефинициясын берсе, кайда, кайсы учурда, кандай көрүнүштөргө карата колдонулары айтылса, биз "саясий рыноктогу" саясатчы кадрларга болгон суроо-талаптын маңызын алда канча жеңил түшүнгөн болоор элек.
Бешинчиден, акырында, китептин илимий баасын окумуштуулардын сотуна койдум. Теория практикага кызмат кылат. Бул аксиома! Ал эми бул эмгек көптөгөн окурмандарына кеңешчи да, мугалим-устат да болуп, кыргыз коомунун саясий системасы биротоло калыптанып бүткөнгө чейин кызмат өтөй берет. Кыязы, практикалык гана эмес, эмгектин илимий баалуулугу мына ушундабы деп ойлойм.

Тайлак Абдылдабеков,
Кыргыз улуттук энциклопедиясынын философиялык адабияттар боюнча илимий редактору