Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Рух - дүйнө

жетилүүнүн үч баскычы
Кайсы гана эл болбосун, алар кайсы гана жерде жана кандай гана социалдык-экономикалык шартта жашабасын негизги максаты жакшылык жөнүндө, жакшы жашоо жөнүндө болоору кашкайган чындык. Ал үчүн өсүп келе жаткан муундарды ар бир үй-бүлө, ар бир өлкө бактылуу жашоого даярдоо милдети коюлат. Бирок академик Б.Мурзуибраимов белгилегендей, көпчүлүгүбүз бакытты материалдык жактан жакшы камсыз болгон жетиштүү жашоо менен байланыштырабыз. Бул деле туура деңизчи, бирок ал бакыттын зарыл шарты болгону менен жетиштүү шарты боло албайт. Мындай ойду мен эле биринчи айтып отурганым жок. Адамзат тарыхында бул жөнүндө өтө көп айтылган жана жазылган. Ооздон оозго, муундан муунга, элден элге өткөн. Ошондуктан жакшы ойлор, аларды кыска жана так мүнөздөгөн макал-ылакаптар, учкул сөздөр бир элден экинчи элге өтүп, жалпы адамзаттык баалуулукка айланып кеткен. Андай ойлордун мазмуну акыры келип адамдын калыптануусуна, жетилүүсүнө такалат. Ошондуктан жетилген адам деген ким? Жетилүүнүн жолдору, аны ишке ашыруунун шарттары жана каражаттары кайсылар?
Бул маселе боюнча дүйнөдө кандай гана акылмандар, ойчулдар, окумуштуулар, турмуштук тажрыйбасы мол адамдар ойлонушпады. Алардын бардыгын санап чыгуу, андан калса алардын эмгектеринде чагылдырылган асыл ойлорду талдоо өтө татаал иш. Ошондуктан адамдын жетилүүсү жөнүндөгү улуу акын, гуманист, жашоонун диалектикасын үйрөнүүгө негиз салуучу Жалаледдин Руминин окуусуна гана токтолууну туура көрдүк.


Жалаледдин Руми жана жетик адамды калыптандыруу маселеси жөнүндө учкай кеп

Мухаммад Жалаледдин 1207-жылдын 30-сентябрында азыркы Афганистандын аймагындагы Балык деген шаарда насаатчы-аалымдын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Бахаддин Велед 1220-жылы Чынгызхандын Орто Азияга жасаган чабуулу учурунда шаардан үй-бүлөсү менен жашыруун качып чыгып, 1221-жылы Румга, азыркы Түркиянын Караман шаарына келген. 1225-жылы Жалаледдин үй-бүлө куруп, 1228-жылдары сельжук султандарынын борбору Конье шаарына келип, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашаган. Жалаледдин Руми деген фамилияны ошол себептен алган. 34 жашында Мевлана наамын алган. Мевлана араб сөзү, бизче окумуштуулардын окумуштуусу, аалымдардын аалымы дегенди түшүндүрөт.
Мевлана Жалаледдин Руми өзүнүн артына, көпчүлүк изилдөөчүлөр белгилегендей, баалуу поэтикалык мурастарды эле эмес, адамзаттын өсүп-өнүгүшү, алардын өз ара мамилелери жөнүндөгү баа жеткис, методологиялык, философиялык жана педагогикалык мурастарын да калтырган. Алар Мевлананын бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон бир нече китептеринде чагылдырылган. Мисалы, 31 миң ыр саптарын камтыган ("Месневи") "Кош ыр саптары", 44 миң саптан турган 2073 газелди камтыган ("Дивани Кебир") "Улуу Дивани", 4000 саптан турган философиялык жана лирикалык рубаилери жана башкалар.
Биз бүгүнкү билдирүүбүздө Руминин адамдын жетилүүсү жөнүндөгү окууларына токтолобуз. Ал материалдар Москвадагы Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери, 20-30 жыл Руминин чыгармачылыгын изилдеген Радий Фиштин 1987-жылы чыккан "Джалаледдин Руми" деген китебинде толук чагылдырылган. Ал эми анын "Поэма о скрытом смысле" деген китеби Басылбеков Кубанычбек тарабынан кыргыз тилине которулуп, "Дил сыры" деген ат менен басмадан чыгарылган. Анда тарбиялык зор мааниси бар бир нече "притчалар" келтирилген. Ошол поэманы окуп, аларды окуу-тарбия ишинде колдонсок маанилүү жыйынтык берээринде шек жок.

Жалаледдин Руми суфизмдин көрүнүктүү өкүлү болгон. Суфийлердин каада-салтында адамдын өзүн-өзү таануусу негизги үч этаптан турат. Биринчи этабы - шариат. Бул биздин тил менен айтканда теориялык билим же болбосо жетилүү жолунун башталышы. Мында, Куранда жана Мухаммед пайгамбардын хадистеринде жазылган жашоо жана адамдардын ортосундагы мамилелер жөнүндөгү закондорду билүү жана аларды кынтыксыз аткарууга даярдануу этабы каралган. Илимий тил менен айтканда, бул этап таанып билүүнүн логикалык этабына туура келет. Бирок Куранда айтылгандар абсолюттуу чындык катары берилгендиктен, аны анализдөөгө жана синтездөөгө эч кимге уруксат берилген эмес. Аны өз башынан ар ким өзү өткөрүшү керек. Бул дагы чындыкка жетүүнүн, жетилүүнүн өзүнчө жолу болуп эсептелет. Булардын маанисин туура талдап, түшүнүп, азыркы учурдун талабына ылайык колдоно билүү биздин педагогдордун ыйык милдети десем жаңылышпайм.

Белгилүү иранист Е.Э.Бертельстин ою боюнча суфийлик шайыктар эксперименталдык психология менен алектенишкен. Өзүн-өзү чектөөнүн, ачык максатка багыт алуунун жана ага жетүүдөгү амал-аракеттерди кынтыксыз аткаруунун натыйжасында алар кыйшайгыс эркке, ажалды күлкү менен тосуп алууга, бирөөнүн жашыруун сырын аңдап түшүнүүгө жетишишкен.
Жетилүүнүн экинчи этабы - тарикат деп аталат, же болбосо ошол жетилүүгө жетүүнүн жолу болуп эсептелет. Ал жолдо суфийлер психоанализдин методикасын өздөштүрүп, аны өз турмушунда колдонушкан жана өз жан дүйнөсүнөн өткөрүшкөн. Бул жолду "Мевлана" наамына ээ болгон Жалаледдин өзүнүн насаатчысынын жетекчилиги менен басып өткөн. Тарикаттын жолу Е.Э. Бертельстин чечмелеши боюнча жети психо-физиологиялык абалдан же болбосо токтомдордон турат.
1. Биринчи, жолдун башталышындагы токтом - бул орусча "покаяние" (арабча "тауба"), бизче айтканда - жашоого тобо кылуу, тирүүлүккө канагаттануу, шүгүрчүлүктө жүрүү дегенди билгизет. Бул токтом адамдын жетилүүгө баруучу, чындыкка жетүүчү жолго чыгууга психологиялык жактан даяр болуу абалын мүнөздөйт.
2. Андан кийинки токтом арабча "вара" деп аталат. Ал жашоодогу тыюу салынгандар менен уруксат берилгендерди ар дайым айырмалап билүүнү жана аларды так, өз орду менен аткарууну, ар дайым кармана билүүнү талап кылат.
3. Үчүнчү токтом арабча "зухд", бизче сук болбоо, каалоонун ишке ашырылышын чектөө дегенди билгизет. Артык дөөлөттөрдөн, ашыкча кийим-кече, тамак-аш, дүр-дүнүйө, өлүк байлыктан баш тартуу, буюрган оокатка тобо кылып өмүр сүрүүнү билгизет жана аны ар бир адам өз башынан өткөрүүнү талап кылат. "Артык дөөлөт баш жарат" деген макал ушунун мисалы болсо керек.
4. Төртүнчү токтом арабча "факр" деп аталып, ал бакырчылыкта жашай билүүгө көнүгүүнү талап кылат. Бул абалда адамдын материалдык бакырчылыгы менен аң-сезиминин байлыгынын ортосундагы көз карандылык биринчи орунга коюлат. Ал биздин "Ашың болбосо да, кашың болсун", "Дүнүйө, байлык колдун кири" жана башка макалдардын мазмуну менен үндөшүп турат.
5. Бакырчылыкта жашоо жана ар кандай ашык дөөлөттөрдөн баш тартуу инсанды бешинчи токтомго алып келет. Ал арабча "сабр" деп аталып, бизче сабырдуулук дегенди билгизет. Бул жашоодо кездешүүчү ар кандай кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңе билүүгө үндөйт жана аны аткарууну талап кылат. "Сабырдын түбү сары алтын", "Сабыр муратка жеткирет", "Сабырдуу болсоң осорсуң, сабырсыз болсоң осолсуң" деген макалдар жөн жеринен чыкпаганы ушундан билинет. Белгилүү суфий Джунайд "сабырдуулук бул ачууну сыр билгизбей жутуп коюу" менен барабар деп белгилеген. Сабырдуулук - адамдын бардык ишмердүүлүгүндө кездешүүчү жана аны ийгиликке жеткирүүчү сапаттардын негизгилеринин бири болуп эсептелет. Сабырдуу адам ар дайым өзү менен өзү кеңешип (кабыргасы менен кеңешип), тийиштүү жыйынтыкты чыгарып турат. Ал жыйынтыктын тууралыгына ишенген адам жетилүүнүн кийинки баскычына келет.
6. Жетилүүнүн тарикат жолундагы алтынчы токтом арабча "таваккул" деп аталат. Ал бизче тобокел, тобокелдикке баруу дегенди билгизет. Мында жашоо түшүнүгү күнүмдүк окуя, же болбосо бир көз ирмемдеги болуп өткөндөр менен байланыштырылат. Өткөн күн өттү, келээр күн алдыда деп учурдагы көз ирмемде жакшынын үрөнүн сээп калуу өтө баалуу экендигин эскертет. Бул маселе боюнча америкалык ишкер Дейл Карнеги: "бүгүнкү күн менен жашай билүүгө үйрөнүү - адамдын асыл сапаты", - деп айткан. Биздин элде да "Тобокел тоо", "Тобокел ишке кайгы жок", "Тобокелчил эр экен, Топко тийчү неме экен" (Казыбек) деген макалдар бар. Албетте, адам тобокелге жөн эле эмне болсо ошол болсун деп барбастан, ар тараптуу акыл калчоонун, окуяларды, алардын жыйынтыктарын бири-бири менен салыштыруунун натыйжасында алынган ишенимдин негизинде баруу керектигин Д.Руми өзүнүн башынан өткөргөн.
7. Акыркы эки токтом жетилүү жолундагы адамды тарикаттын акыркы токтому болгон "ридага" алып келет. Ал биздин тилде "жандын жай алуусу", "берилүү", "тандаган ишине ак пейилден мамиле кылуу", "адал эмгек жасоо", "алынган жыйынтыкка кайгыруунун же сүйүнүүнүн чегин билүү" дегенди билгизет. Мисалы, "Өкүнбөйүн өткөнгө, кейибейин кеткенге. Мен ыраазы болоюн, эл журтуму көргөнгө", - деген Токтогулдун баласы өлгөндөгү жыйынтыгы тарикаттын тар жолун басып өтүп жетилген адамдын оюн туюндурат. Мындай даражага жеткен адам ишенимге жетип, мээнетти кайтаруу, үмүттү орундатуу, жакшылыкка-жакшылык менен жооп берүү, ишке жарап берүү касиеттерге ээ болот. Өзүнүн ишине, жетишкен ийгиликтерине каниет кылат.
У
шуну менен тарикаттын тар жолун басып өтүү токтолот да, жетилүүнүн акыркы этабы "хакикат" же болбосо акыйкатка жетүү башталат. Акыйкат - чындыкка, адилеттикке негизделген тууралык, чындык, адилеттүүлүк дегенди билгизет. Мындай даражага жеткен адамды суфийлер ариф, аалым деп аташкан. Алар чындыктын маңызына интуитивдүү жол менен жетишет, бирок алардын психологиялык абалы, өзүнүн аң-сезими үйрөнүлүүчү объектинин мазмуну менен дал келип тургандай деңгээлде болот. Бул жетилүүнүн же болбосо чындыкка жетүүнүн натыйжасын көргөзөт.
Жетилүүнүн биз карап өткөн үч баскычы - шариат, тарикат жана хакикат - таанып билүүнүн үч баскычы менен дал келет. Биринчиси - "ишенимдүү билим" деп аталат. Анын маанисин төмөнкүчө аныкташкан: "Мага уунун уулантаарын, оттун күйгүзөөрүн бир нече жолу далилдешкен, аны өзүм да билем. Бирок мен аны өзүм эч качан башыман өткөргөн эмесмин". Бул таанып билүүнүн деңгээли кадимки теориялык жатталган билимге туура келет. Адамдын билими болгону менен ал адам үчүн объективдүү чындык боло албайт. Экинчиси - толук ишенимдүү билим. Анын маанисин суфийлер төмөнкүчө аныкташкан: "Уу ичкен адамдын ууланганын, отко түшкөн адамдын күйгөнүн өз көзүм менен көрдүм. Ага толук ишендим". Бул болсо башка тажрыйбадан алынган гана билим.

Таанып-билүүнүн үчүнчү баскычы - чыныгы ишеним болуп эсептелет. Суфийлер аны мындайча тастыктайт: "Ууну өзүм ичип көрүп, анын ууландыруучу касиетин сездим. Отко түшүп өзүм күйдүм. Бул мен үчүн даана чындык болду". Мындай абалда адам чыныгы акыйкатка жетип, объект менен субъект бир бүтүндүккө биригет, байкоочу менен байкалуучу бири-бири менен жуурулушат. Тарикаттын тар жолунан өтүүгө башын байлаган суфизмдин өкүлдөрү илим менен этиканын, ой-жүгүртүү менен аң-сезимдин, чындык менен акыйкаттуулуктун ортосундагы логикалык көз карандылыкты аныкташкан.
Таанып билүүнүн жогорку үч баскычынын мазмуну "билүү, көрүү жана болуу" деген этиштердин мааниси менен дал келет. Билгеним же көргөнүм аркылуу чындыкка жеттим деп айтуу жетишсиз. Чындыкка жетүү үчүн ошонун өзү болушуң керек. Ж.Руми адамдардын сапаты жөнүндө төмөнкү насаатын айткан: Дайыма бейиште болгуң келсе, бардык жаратылгандар менен дос бол. Эч кимге кек сактаба. Дары мом жана шам сыяктуу жумшак бол, ийне сыяктуу катуу болбо. Эч кимдин сага жамандык кылышын каалабасаң, сен да жаман ойлуу болбо.
Жоомарттык жана жардам берүүдө, Агын суу сыяктуу бол. Мээримдүүлүк жана кайрымдуулукта, Күн сыяктуу бол. Ката жана кемчиликтерди жабууда, Түн сыяктуу бол. Каар жана ачууланууда, Өлүк сыяктуу бол. Жөнөкөйлүк жана карапайымдыкта, Топурак сыяктуу бол. Сүйүү жана кечиримдүүлүктө, Деңиз сыяктуу бол. Же болгонуңдай көрүн же көрүнгөнүңдөй бол!
Жалаледдин Руми жогоруда белгиленген тарикаттын токтомдорун өз башынан өткөзгөн. Адамдын өзүн-өзү таанып-билүүсү, өз алдынча жетилүүсү жөнүндө таң калаарлык тажрыйбалардан өткөн. Аларды азыркы күндөгү таалим-тарбия ишине колдонуу өзүнүн оң натыйжасын берээринде эч кандай күмөнчүлүк жок. Ошондуктан бул маселени атайын изилдөөгө алуу - келечектин иши.











"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o