Роза Отунбаева:
"Силердин муун жаңы демилгелерди жана инновацияларды колдонууга умтулушу керек"
8-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын окутуучулук курамына, бүтүрүүчүлөрүнө жана студенттерине "Мамлекеттик башкаруу реформасы: Кыргыз Республикасынын саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги" деген темада дарс окуду.


Иш-чаранын башталышында академиянын ректору Алмазбек Акматалиев окуу жайдын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, анда 3938 студент билим алып жаткандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда, академияны модернизациялоо концепциясын ишке ашыруу иштеринин алкагында Дистанттык түрдө окутуу институту, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча кадрларды даярдоочу жогорку окуу жайлардын улуттук ассоциациясы, андан тышкары, Мамлекеттик жана муниципалдык башкарууга байланыштуу изилдөө институту ачылган.
"Мен бүгүн сиздер менен өлкөдөгү мамлекеттик башкаруу тутумунда болуп жаткан реформалар жөнүндө жана саясий, социалдык-экономикалык өнүгүү туурасында өзүмдүн ойлорум жана идеяларым менен бөлүшсөмбү деп турам. Чындыгында, мамлекеттик аппараттын түзүлүшү өлкөнүн түптөлүшү менен тең жүрдү. Биз эң алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөнүп, чет өлкөдөн стажировкалардан өтүп, топтогон билимибизди өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн пайдаланууга аракет кылып келатабыз", - деди Р. Отунбаева аудиторияга кайрылып.
Президент мамлекеттик башкарууда, саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда ийгиликтерге жетиш үчүн натыйжалуу жана транспаренттүү мамлекеттик башкаруу зарыл экендигин айтты. Андыктан, мамлекет башчысы кесипкөй жана компетенттүү мамлекеттик кызматчыларды даярдоодо КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ролу өзгөчө деп белгиледи. "Жаман мыйзамдар жана жакшы чиновниктер менен өлкөнү башкаруу мүмкүн, ал эми жаман чиновниктер менен жакшы мыйзам болсо да натыйжа болбойт" деп белгилүү мамлекеттик ишмер Отто Фон Бисмарктын сөзүн мисал катары келтирди.
Президент Кыргызстандын жыйырма жылдык мамлекет башкаруу тажрыйбасы жана күчтүү президенттик бийлик жакшы натыйжа алып келбегендигин айтты.
"Күчтүү президенттик бийлик Кыргызстандын шартында сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк жана кландык башкарууга алып келүү менен, таптакыр элдин көзөмөлүнөн чыгып, бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту бузуп, чеги жок коррупцияга, криминалга жана тартипсиздикке алып келет. Мындай башкаруу аткаруу бийлигинде "эки баштуу" башкаруу болушун шарттайт, анткени Президенттин администрациясы "бардык маселени чечет, бирок эч нерсеге жооп бербейт", ал эми өкмөт болсо "эч маселени чече албайт, бирок бардыгы үчүн жооп берет".
Мындай учурда, албетте, сот тутуму Президентке көз каранды болуп калат. Мыйзам эмес, Президенттин Администрациясынин пикири сот чечимдерин чыгарууда негиз болуп калат. Бул албетте, социалдык катаклизмдерди жаратпай койбойт. Мындай системада реалдуу саясий оппозицияга жол жок. Оппозиция куугунтукка гана алынып, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болуп, бир катар оппозициядагы саясатчылар тилин тишине катып отурууга мажбур болушат", - деди Роза Отунбаева.
Парламенттик башкаруу тутуму жөнүндө сөз кылууда мамлекет башчы азырынча теориялык гана проекциялар жасалып жаткандыгын айтты.
"Биз азыр жолдун башында гана турабыз, саясий тутумда оппозициянын ролу дагы бекемделген, бирок биз азыр коалициялык көпчүлүк кандай иштеш керек экендигин так аныктап алышыбыз зарыл", - деп белгиледи Роза Отунбаева.
Мамлекет башчысы сот тутумундагы жүрүп жаткан реформаларга да токтолуп кетти. "Соттор акыйкат, таза жана чындык деп иштей турган адамдар болуш керек. Азыр жаңы Конституцияга ылайык, соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча реалдуу уюштуруу, саясий жана түзүмдү оңдоо боюнча көп негиздер түзүлгөн. Президент сотторду тандоо алакасына катышпайт, бул милдет Судьяларды тандоо кеңешине берилген", - деди Президент.
Мамлекет башчысы улут аралык байланышты бекемдөө маселесине токтолуп, өлкөнүн күчү анын көп улуттуулугунда экендигине көңүл бурду.
"Биз бардыгыбыз кыргызстандыкпыз, бир элбиз, ошондуктан улутчулдукту, сепаратизмди түп-тамырынан жоготуу боюнча мамлекеттик деңгээлде чара көрүшүбүз керек. Улут аралык ынтымакты бекемдөөдө 20 жылдык көз карандысыздыктын тарыхында алгач жолу "Этностук саясат жана коомду баш коштуруу концепциясы" иштелип чыгып, бул документ Кыргызстандын элинин Ассамблеясынын курултайында кабыл алынган",- деп белгиледи Роза Отунбаева.
Дарстын соңунда Президент 20 жылдын ичинде Кыргызстан татаал жана оор жолду басып өткөндүгүн айтты.
"Биз Кыргызстанды ийгиликтүү жана өнүккөн өлкө кылуу үчүн көп иш жасап жатабыз. Академиядан алган билимиңер силерге парламенттик өлкөдө алгач кадамдарды жасоого таяныч болот", - деди Р.Отунбаева.
Андан кийин мамлекет башчысы аудиториянын көптөгөн суроолоруна жооп берди, негизинен Президентке жаштар саясатын жүргүзүүгө, мамлекеттик кызматтын тутумун баалоого, сот тутумундагы реформаларга жана өлкөнүн келечегине байланышкан суроолор берилди.
"Биз болбосок, ким өлкөбүздү өнүктүрүү жолуна түшүрөт, мамлекеттик кызматта иштөө - сыймыктуу иш, себеби мамлекеттик кызматчылар өлкөнүн гүлдөшүнө өз салымын кошушат. Жаштар саясаты боюнча бизде көп долбоорлор бар, алар келечектин пайдубалын түзөт жана жаштар үчүн жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Силердин муунуңар жаңы демилгелерди жана инновацияларды колдонууга умтулушу керек", - деди Р.Отунбаева.

Кыргыз Республикасынын
Президентинин пресс-кызматы





Өнүгүү стратегиясы: максаттар жана тоскоолдуктар
Бишкекте 14-15-июлда билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясын талкуулаган конференция өттү. Мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, "Кыргызстанда 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын" жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн жакынкы эки жылга эсептелген орто мөөнөттүү программасын талкуулашты. Кыргызстан бюджеттик каражаттардын өп-чап шартында билим берүүнү башкаруу менен каржылоону натыйжалуу жолго салуу аркылуу ачык, ийкемдүү жана заман талабындагы улуттук билим берүү системасын түзүүгө умтулууда.

Аталган стратегияда мамлекет 2020-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, билим берүү программаларын жана аны окутуунун сапатын жакшыртуу, кесиптик билим берүүнү эмгек рыногунун керектөөсүнө шайкеш реформалоо, жогорку билимдин деңгээлин эл аралык нормалар менен стандарттарга жеткирүү сыяктуу маселелерге орчундуу көңүл бурмакчы.
Бирок бюджеттик каражаттардын өп-чап шартында иштөө көп кыйынчылык туудурууда. Мамлекетте мектеп жетишпейт, мектептерде окуу китеп, мугалим, окуу каражаттары жетишпейт. Мисалы, окуу китептерин чыгарууга жылына мамлекеттик казынадан 100 млн. сом бөлүнүп жатат, бирок бул маселени толук чечпей, өгүз-өлбөсүн, араба сынбасын деңгээлинде калып келүүдө. Ошондуктан министрлик окуу китептерин ижарага берүү аркылуу көбүрөөк каражат топтоп, ошол каражатты окуу китептерин чыгарууга жумшоо жөнүндө сунуш менен чыгууда. Мындай ыкма Тажикстан, Азербайжан жана Армения сыяктуу мурдагы советтик республикаларда китеп тартыштыгын убактылуу чечүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Билим берүү акысыз, бирок дүйнөлүк тажрыйбада окуу китептер менен камсыз кылуу ата-эненин мойнундагы милдет экенин унутпоо керек.
- Ачык айтсак, ата-энелердин милдети жөнүндө да ойлонушубуз керек. Ошол эле Россиянын тажрыйбасын карасак, бул көбүнчө ата-энелердин милдети. Балдарга акысыз билим берүү милдети Конституцияда так көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда баланы жакшы кийинтип мектепке алып баруу жана керектүү окуу китеп менен камсыз кылуу ата-эненин милдети. Эгер жетишпеген үй-бүлө болсо анда мамлекет ошондой категорияларга окуу китепти бекер берүү мүмкүнчүлүгүн түзүшү керек, - дейт билим берүү жана илим министри Канат Садыков.
Бир жыл мурда өлкөнүн түштүгүндө болгон кайгылуу окуялар көп улуттуу өлкөнүн калкы ынтымактуу жашашы үчүн ар башка этностор өз казанында эле кайнай бербей, жатыркабай, мектеп партасынан эле аралашып чогуу жашоого үйрөнүшү маанилүү экенин көрсөтүүдө. Ош шаардык билим берүү башкармасынын башчысы Балтабаев Абдивали Оштогу мектептерде балдардын башка маданиятка аралашып өсүшү маанилүү экени жөнүндө коомчулукта түшүнүк көбөйүп жатканын айтты.
- Биз бөлбөстөн, тескерисинче, кошуп аралаштырышыбыз керек экен. Бардык улуттардын өкүлдөрү, кыргыздар, өзбектер жана башкасы деле ушуга азыр ынанып калышты. Кээ бир адамдардын өзүнчө бир саясат жүргүзүп жиберишине жол бербеш керек экен, аралаштырыш керек экен, - дейт А. Балтабаев.
Мамлекеттик казынадан билим берүү тармагына бөлүнүп жаткан каражаттардын иштеши эффективдүү болбой жатканы ар кайсы деңгээлде көп айтылып келатат. Райондук деңгээлдеги билим берүү органдарынын тили тешилген маселе - айыл өкмөттөрү аркылуу каржылоо принцибинин өзүн актабай жатканында. Айыл өкмөттөрү эмгек акыга бөлүнгөн акчаны туура эсептеп берүүгө компетенциясы жетишпей жатканы аз келгенсип, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого таптакыр көңүл бурбай жатышканы бул жыйында да көтөрүлдү.
- Айыл өкмөттөрү бул маселелер менен иши жок. Келечектүү өнүгүү планы деген жок. Жыл өткөн сайын мектептер начарлап келатат. Бирөөнүн чатыры он жылдап жабылбайт, бирөөнүн полу жыйырма жылдан бери жасалбай жатат. Кышында суук маселеси өзүнчө көйгөй болуп жатат, - дейт Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исмаилов.
Жыйындын жүрүшүндө стратегиялык максаттарга жетүүгө дем берген жакшы жаңылык болду. Мамлекетте бюджеттик каражаттардын тартыштыгын эске алып Европалык биримдик Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 20 млн. евро бөлүп бере турганы жарыя айтылды.

К. Чекиров, "КБ"