Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Өчпөс элес
Агайыбыз, физика-математика мугалими Анарбек Ибраимов 1991-жылы узак оорудан кийин бул дүйнөдөн кайтып кетти. Ошол жылы 60 жашка чыккан эле. 1998-жылы күз айларында агайдын окуучулары, мектеп жамааты, азыр окуп жаткан окуучулар мектептин алдындагы аянтта бодо мал союшуп, Анарбек агайдын арбагына багыштап куран окуткан элек. Ошондо мектепке Анарбек Ибраимов агайдын аты ыйгарылган.


...Илгертеден Кетмен-Төбө өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабынан жай алган эл он бештен ашык уруу-уруу болуп, сай-сайда, кокту-колоттордо, кыр-кырларда Кара-Кыр-Ата, Камбар-Ата, Запка тоо этектеринде жашап келишкен. Негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылык менен күн көрүшкөн.
Өткөн жылдын 30-жылдарында Кутунай, Борколдой, Жанкарач, Көкүмбай, Черкибай, Сарсеит, Арыктар деген урууларды бириктирип, "Кызыл-Жылдыз" деген колхоз курулуп, жети жылдык мектеп ачылган. Согуш жылдарында, согуш бүткөндөн кийин да Ибраимов Анарбек колхоздун эсепчиси болуп иштеди. Мындан тышкары, мектептин да эсепчиси болуп 50-60 километр алыстагы Үч-Терек районунун мугалимдерине айлык акысын таратып берчү. Ал убакта 13-14 жашта эле. Ошол бала чагынан эле математикага жакын экенин колхозчулар, малчылар билип калышкан. Эмгек акыларын так аныктап жазып турчу.
Согуштун кесепетинен эл жакырчылыкта, көпчүлүгү ачарчылыкта жашашчу. Жумушка жарамдуу эркектер, жаштар согушка кетип, айылда жаш балдар, кары-картаңдар, жетим-жесир аялдар жазында кош айдашты, күзүндө кол менен буудай, жүгөрү орушту, айрымдары чоң арыктарды казышты. Алардын катарында Анарбек да орто мектепти бүткөндөн кийин турмуштун катаалдыгынын айынан ойлогон ой-максатына жетпей жүрдү. 1950-жылы Жалал-Абад шаарында эки жылдык педагогикалык техникум ачылыптыр деген кабарды райондон угуп келди. Ал убакта машина деген жок, эл өгүз же эшек менен гана жол жүрүшкөн, буттарына чокой кийишкен. Анарбек өгүздүн терисинен жасалган чокоюн кийип, эшегине ак койду байлап, соодагер киши Абдракман менен асман тиреген тоолорду аралап, көк муз, ак кардуу Бел-Мончок ашуусун ашып, Жалал-Абадга жөнөдү. Эңсеген Педагогикалык техникумду 1952-жылы бүтүрүп келди. Анарбек агай эмгек жолун Үч-Терек районундагы М.Горький атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. Өзүнүн ишке болгон ынтызарлыгы менен айырмаланып, мектептин окуу бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. Улуу Ата мекендик согуш башталганда балалык зирек сезими менен эл-журттун башына түшкөн мүшкүлдү түшүнө билген. Бир үйдүн жалгыз баласы болгондуктан, энесинин тиричиликтеги түйшүгүн тең тартышып, мектепте мыкты окуган. 1947-жылы ВЛКСМдин мүчөлүгүнө кабыл алынган.
1955-жылы Кызыл-Өзгөрүш айылындагы Өзгөрүш орто мектебине которулат. 1957-жылы Коммунисттик партиянын катарына өтүп, 1961-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна кирип, 1964-жылы математика мугалими кесибине ээ болот. 1966-1969-жылдары Ничке-Сай айылындагы Чапаев атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. 1969-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин Өзгөрүш орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 1973-жылы "Кыргыз ССРинин Билим берүүсүнүн отличниги" наамын алган. Анарбек Ибраимов агай бүткүл өмүрүн мугалимдик кесипке арнады. Кесибин сүйүп жашады. Ошондуктан агайдын колунан билим алган балдар Анарбек агайдын сүйүктүү элесин эстеринен чыгарбай, ыйык тутуп келишет.
Анарбек агай Бел-Мончок ашуусунан ашып барып билим алуу менен бирге айылдаштарына да биринчи болуп билим алууга жол ачты. Ошондон кийин Абдим Бечелов Педагогикалык техникумдун кыргыз-тили, адабияты факультетин бүтүрүп келип көп жыл иштеди. Садике аке, Сулайман аке, Зекир Үтүров, Кадыр Саркошоевдер да Педагогикалык техникумдун биология, география жана математика факультеттерин бүтүрүшүп, көп жылдар бою жаш муундарды татыктуу тарбиялашты. Булардын бардыгын совет өкмөтү тарбиялап өстүргөн.
Анарбек агай бизге: "Математика сабагы - бул акыл-ойдун гимнастикасы" деп күнүгө биринчи сабагын учкай канаттуу сөздөр менен баштачу эле. "Математика сабагын билбей туруп космоско же айга учуп бара албайбыз, деңизде сүзүп жүрө албайбыз, жерден, тоолордон кендерди таба албайбыз, душман менен согуша албайбыз, ГЭСтерди кура албайбыз, инженер болуп иштей албайбыз", - деп бир сабак насаат айтып өтчү эле.
Ибраимов Анарбек агайдын колунан тарбия-таалим, билим алып чыккан окуучулары азыркы кезде Кыргызстандын булуң-бурчунда кызмат өтөп, эмгектенип жүрүшөт.
Аттиң, Анарбек агай өмүрлүк жары Гүлпары эже менен он баланы тарбиялап, эми гана алардын сыйын көрүп, карылык дөөлөтүн сүрөөрдө алтымыш бир жаш курагында шум ажал алып тынды. Бирок анын сүйкүм элеси окуучуларынын, аны көрүп-укандардын, айылдаштарынын, кесиптештеринин эсинде.
Мотурайып, китеп кабын асынып,
Мектебине жөнөп калчу шашылып.
Ат ордуна минип жүргөн чыбыгын,
Там бурчуна коюп кетчү жашырып.

Жаш чырпыктай жапжаш эле эселек,
Жашы деле он-он бирден өтө элек.
Каргыш алган согуш чыгып капыстан,
Кайгы-муңга кабылды го жаш жүрөк.

Согуш менен катар өтүп балалык,
Сезиминде сансыз тилек жаралып.
Даамын татып жаш кезинен турмуштун,
Эмгек кылды эгин айдап, мал багып.

Онду бүтүп, он сегиз жаш курагы,
Акыл толуп дал жетилген убагы.
Өмүр шерик кесип тандап өзүнө,
Энесинен "Не кылсам?" деп сурады.

"Оку" деди, окугандан талыкпа,
Эмгек кылгын жарап элдик намыска".
Бата берди жолго узатып тууган эл,
"Аман жүр, деп жүргөн кезде алыста".

Тез түшүнүп турмуштун оор азабын,
Тартып өскөн жетимчилик азабын.
Чымырканып чыдап окуп үйрөндү,
Түк калтырбай институтта сабагын.

Алдырттан карап секин кашын кагып,
Классына кирип келчү эшик ачып.
Жамгыр, Тынычбектей окуучуну,
Окуткан акыл-насаат сөзүн айтып.

Нечен жыл калем кармап, ойду курап,
Эмгектен не бир түшүм алды жыйнап.
Эмгегин анын баалап карапайым,
Отличник төш белгини берди сыйлап.

Өмүрдө эстүү болуп өскөн эле,
Эртелеп турмуш даамын сезген беле?
Жетилип жетимчилик артта калып,
Он бала ордо шаарын курган кезде.

Ошол күн, ошол саат, ошол минут,
Көңүлдөн кете албайт го болуп унут.
Шум ажал тирүүлүктү ыраа көрбөй,
Агайды арабыздан кетти жулуп.

Бел болор уялаштан айрылды деп,
Боздотуп кармап турду Батмаканды.
Өзөктү өрттөп кеткен кошогуна,
Бозоруп аяздуу түн дымын калды.

Сыйынып көктө бийик жылдызына,
Жөнөкөй карапайым турмушуна.
Эмгеги өрнөк болуп унутулгус,
Калыптыр тууган элге, кыргызына.

Кебелбей жай басырык сөлөкөтү,
Көрүнчү көп ичинен көзгө сүрдүү.
Кыска өмүр, өлбөс-өчпөс элесине,
Гүлдесте болуп калсын бул эскерүү.

С.Чолпонбаев,
СССРдин Саламаттык сактоо отличниги, К.Жамалова,
А.Ибраимов атындагы орто мектептин директору, Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.









"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o
Яндекс.Метрика