Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына карата

УЛУУ ИНСАН -
УЛУТ СЫЙМЫГЫ
Кыргыз элинин даңктуу атуулдарынын бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, таланттуу жетекчи, чыныгы элдик уул - Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы Кыргыз экономикалык университетинде 2-3-декабрда салтанаттуу белгиленди. Иш-чаранын максаты - студенттерге улуу инсан жөнүндө маалымат берүү, ошол адамдай өз элинин патриоту болууга үндөө болгон. Октябрь айынын аягына чейин студенттерге И.Раззаков тууралуу лекциялар окулуп, алар үй-музейи, эмгектери менен таанышып чыгышкан. Университетке дагы көчмө көргөзмөсү алынып келинген. Андан сырткары И.Раззаковдун эмгегине байланыштуу даректүү видеотасма көрсөтүлүп, жыйынтыгында студенттер эссе, дил баяндарды жазышкан.


"Ак ийилет, бирок сынбайт" деген кептин чындыгы дагы бир жолу тастыкталып, ушул агабыздын тарыхтагы орду менен катар, келечекке багытталган улуу сабактары ар бирибизге дем кошуп, кайрат-күч берүүдө. Деги эле кыргыз эли өз тарыхында жеңил-желпи тагдырга ээ болгон эмес. Дайыма күрөш менен жашап, өмүрдүн эртеңкисине үмүт менен карап, биримдик, ынтымак менен гана аман-соо болорун билген элибиз, ошол Исхак Раззаковдой азаматтарын эш тутуп, ошондой инсандардын акылы жана кайраты менен бардык тоскоолдуктарды жеңип келген. Анда эмесе ушул улуу инсан жөнүндө бирин-экин сөз козгосок.





Өзүнүн кыска, бирок нускалуу өмүрүндө Исхак Раззакович "Сен күйбөсөң, мен күйбөсөм, анда элибиз үчүн ким күйөт?!" деген ураан менен жашап, иштеп, Кыргызстандын эле эмес, башка кошуна мамлекеттердин да элинин эсинде түбөлүк элес калтырды. Мыйзам-ченемдүү түрдө өз заманынын атуулу болгону менен, Исхак Раззаков келечекке кенен ой жүгүртө билген көсөм болгон. Муну баса белгилеп кетпесек болбойт. Ошол кездеги тоталитардык режимдин оош-кыйыш шарттарында өсүп, мамлекетибиздин саясий жана экономикалык жактан өрчүп-өсүшүнө өзүнүн эбегейсиз зор салымын кошкондуктан, элибиз бул адамды аты өчпөс улуттук баатырлардын сабында эстеп келе жатканы бекеринен эмес.
Исхак Раззаков 1910-жылы Баткен областынын Лейлек районундагы Хоросан айылында жарык дүйнөгө келген. Энеси Сайып кызы Жамийладан үч жашынан, атасы Берк уулу Раззактан сегиз жаш курагында томолой жетим калып, 1918-жылы Ходжент шаарындагы балдар үйүндө чоңоет. Кийин ал Ташкенттеги мектеп-интернатта окуп-тарбияланат. 1931-жылы Ташкенттеги педагогика техникумун, 1936-жылы Москвадагы Пландоо институтун бүтүргөн. 1936-жылдан 1941-жылга чейин Өзбекстандын пландоо органдарында иштеп, Өзбек ССРинин Мампланынын төрагасына чейин өскөн. Кыйын кезең жылдарда Исхак Раззакович Өзбек ССРинин экономикасынын, эл чарбасынын, маданиятынын, эл агартуусунун көтөрүлүүсүнө зор салым кошкондуктан, өзбек эли "Биздин сүйүктүү кыргыз уулубуз" деп сыймык менен атаган.

1945-жылдын ноябрында ВКП(б) Борбордук Комитети Исхак Раззаковду Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагалыгына шайлаган. Кийин 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын Биринчи катчысы болуп иштеген. Замандаштарынын айткандарына, угуп-көргөндөрүнө караганда, И.Раззаков бала кезинен эле зээндүү, чыйрак, жолдоштору менен дайыма ынтымакта жашаган экен. Эмгекчилдикке жана адамдарды таң калтырган касиеттерге, сырларга ээ болгон. Өтө уюштургуч, иш билгичтик, чынчылдык, адамга күйүмдүү касиет сапаттарын, билимин жана илимин Ата мекенибиздин өркүндөп-өсүүсүнө багыттап, бардык күчүн жумшады. Кийинки жылдары Кыргызстан башка республикалардай эле көп тармактуу индустриялуу агрардык мамлекетке айланды. Жаңы деңгээлдеги жумушчу табына, өзүнүн улуттук интеллигенциясына ээ болду. Республикада илим-билим өрчүдү, сабатсыз адам калбады. Булардын баарын конкреттүү мисалдар: ондогон жаңы курулган объектилер, окуу жайлар, даярдалган адистердин саны, адабият менен маданиятта болгон өзгөрүштөр жана башка көптөгөн фактыларды келтирип далилдөөгө болот.





И.Раззаковдун сунушу боюнча кыргыз аялдарынан адистерди даярдоо маселеси партиянын борбордук комитетинде каралып, тиешелүү органдардын отчеттору угулуп, чечимдери кабыл алынып, керектүү жыйынтыктар чыгарылган. 1950-жылдардын башында кабыл алынган ушундай чечимдердин бирөөндө: "Иштей баштаган мезгилинен тартып Медициналык институтта кыргыз кыздарынан бар болгону 45 гана врач даярдалган, Педагогикалык институтта - 72 мугалим, Айыл чарба институту болгону - 2 гана айыл чарба адисин даярдап чыгарган" - деп жазылган.
И.Р.Раззаковдун ишмердигине, саясий, экономикалык жактан сабаттуулугуна баа берүү үчүн ал кишинин архивде сакталып калган докладдарын орчундуу маселелер боюнча сүйлөгөн сөзүн окуса түшүнүктүү болот. Дагы бир артыкчылыгынан айтсак, И.Раззаков кыргызча, орусча, тажикче, өзбекче да эркин, таза сүйлөгөн. Кийинки кездерде бул сонун сапаттары кеңейип, өрчүп И.Раззаков ар бир кишиге, улутуна карабастан - баарына бирдей мамиле жасаган чыныгы интернационалист инсанга айланат. Кандай маселе менен болбосун аңгемелешкен адамдарды дароо өзүнө тартып алган касиеттүү киши болгон.




Исхак Раззакович КПСС БКнын мүчөсү, КПССтин XIX, XX, XXI - съезддеринин делегаты, СССР Жогорку Советинин депутаты болуп турган. Төрт Ленин орденинин, Эмгек Кызыл Туу ордендеринин жана Кызыл Жылдыз, Биринчи даражадагы Ата мекендик согуш ордендеринин кавалери, союздук көптөгөн медалдардын ээси болгон. Исхак Раззаков жетектеген Кыргызстанда 1941-жылдан 1958-жылга чейин өндүрүштүн дүң продукциясы 20 эсеге өскөн. Ушул жылдарда рес-публика сурьма, сымап өндүрүү боюнча экономикалык жактан чоң көрсөткүчтөргө жетише алган. Ал биздин тоолуу өлкөбүздүн малга ылайыктуу шарттарын эске алуу менен, 60-жылдарда 20 эт консерва заводдорун, 16 сүт комбинаттарын куруу керектигин белгилеп, натыйжада Кыргызстанды тамак-аш жана текстиль жаатындагы өнүккөн инфраструктурасы бар мамлекетке айландырууну көздөгөн. Бул факт - Исхак Раззаковичтин алга озгон ойлордун ээси гана эмес, Кыргызстандагы экономикалык өркүндөөнүн ыйык лидери болгондугун да айгинелеп турат.






Исхак Раззаков Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарын пайдаланууда да чоң кызмат өтөдү. Үч-Коргон ГЭСи 60-жылдардын башындагы эң зор электр кубатынын булагы болгон. Ылдыйкы агымдагы каскаддар - Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр сыяктуу ГЭСтерге илимий негизде мамиле кылуу менен, Исхак Раззакович Тянь-Шань минерал чийки зат ресурстарын өздөштүрүүгө мүмкүн экендигин жакшы түшүнгөн. Бул - эң оболу темир кени, аллюминий алуу үчүн нифелин цианиддерин, магний жана энергия талап кылынуучу башка кендерди өздөштүрүү эле.



Иш билги жетекчи жетектеген жылдарында Кыргызстанда машина куруу, металл иштетүү, электр энергиясы, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, транспорт инфраструктурасын туташ өнүктүрүү аркылуу территориялык өндүрүш комплекси биринчи жолу түзүлгөн. Натыйжада, республиканын өнөр жайынын жумушчуларынын төрттөн бирин түзгөн 21 миңден ашык иш орундары пайда болгон. Айыл чарбасы агрардык-өндүрүш системасына айланган.


Чынында Исхак Раззакович акыл калчап, жең түрүп киришпеген бир да жумуш, ал чечпеген бир да маселе болгон эмес. Шаарларды жана айылдарды көрктөндүрүү, маданий агартуу иштери, билим берүү, илим жана дене тарбия, саламаттыкты сактоо сыяктуу иштерди колго алып, тийиштүү адамдарды тийиштүү кызматтарга дайындай билүүнүн өзү - бул адам иштин көзүн тааныган чыныгы жолбашчы болгондугун айгинелеп турат. Ал дайыма келечекти көрө билгендиги, жигердүү жана чечкиндүү жетекчи катары өзүн даана көрсөтө алгандыгы менен көп союздук республикалардын жетекчилеринен айырмаланып турган.





Москвадагы чиновниктердин жанын койбой кайра-кайра маселе коюп атып, республиканын муктаждыктарын далилдүү, ынанымдуу айта билүү менен, улам жаңы чыгып жаткан маселелерди өз убагында чечип кое алган жетекчи эле. Исхак Раззаковичтин кайталангыс талантына байланыштуу, ошол кездеги Кыргызстан башка союздук республикалардан айырмаланып, ыргактуу, демократиялуу, демилгелүү өнүгүүгө койгон республика катары таанылып калган. Байыркы кыргыз эли, кыргыз тили, кыргыз маданияты социалисттик жалпылыкта жоюлуп кетпеши үчүн, мамлекет тарабынан болушунча кам көрүлүп турган мезгил - ушул Исхак Раззаковичтин жетекчилик жылдары болгонун билебиз. Орус тилдүү мектептерге кыргыз тилин киргизип, кыргыз тилин, маданиятын кенен өнүктүрүп, мектеп окуучуларына акысыз тамак уюштуруп бергени үчүн: "улутчулдук сезимге алдырды жана өзүм билемдикке барды" деп күнөөлөшкөн.
Академик Курман-Гали Каракеев мындай деп эскерет: "Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинде Исхак Раззаков менен иштешүү бактысына туш келдим. Бул адам менен иштөө өтө жеңил эле. Ал кимге тапшырма берсе дагы, ошол адамдын пикири менен терең эсептешип, кабыл алынган чечимдерге дайыма туура мамиле жасачу эле. Ал - таланттуу жетекчи, интеллигенттүү, кең пейил адам эле. Өз элин сүйгөн, элине адилет кызмат өтөгөн инсан болгондуктан, зор аброй күткөн болчу".
Бул адам кандай гана иштерди баштабасын, билгичтик жана көрөгөчтүк менен, өз заманынан озуп, кенен ой чабытка ээ болгонун замандаштары сыймыктануу менен айтып келишет. Исхак Раззаков республиканын ар тараптан өнүгүшүнө илимий өңүттөн көз салган адам болгон. Кыргыз улутунун өкүлдөрү илим-билимге ээ болушу үчүн жана рухий өнүгүшү үчүн кам көрүп, улуттун генофондун өстүрүүгө көп эмгек жумшаган. Канчалаган жаштарды Москва, Ленинград, Новосибирск ж.б шаарлардан окуп билим алууга, илимий даражага ээ болууга жиберип, диссертациясын жактап келген адамдарды кубануу менен темир жол вокзалынан өзү жеке тосуп алуучу эле дешет. Азыркы Улуттук илимдер академиясы да Исхак Раззаковдун эмгеги менен 1954-жылы 17-августта СССР Министрлер Советинин чечими менен түзүлгөн. Көптөгөн жогорку окуу жайлары да Раззаковдун тушунда ачылган.







Анын тагдырына кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошуу шыбагасы тийиптир. Ал өзү терең билимдүү инсан болгондуктан, кыргыз маданиятынын, илим жана искусство ишмерлерине чын дилинен кам көрүп келген. Анын атадай камкордугу жөнүндө бүгүн да эл оозунда айтылып келе жатканы бекеринен эмес.






"Бул адамда, - дейт белгилүү окумуштуу Сүйүн Караев, - кыргыздардын даанышмандыгы жана ачык мүнөзү, өзбектердин кичипейилдиги жана мээнеткечтиги, тажиктердин чыдамкайлыгы, орустардын тайманбастыгы жана түздүүлүгү камтылган. Мейли иш жамаатында болсун, досторунун арасында болсун, Исхак Раззакович адамды өзүнө тартып алган жылдыздуулугу жана адамгерчилиги менен айырмаланып турган".


Тарыхый татаал шарттарда жашап, эл үчүн өмүрүн сайган көп кырдуу талант И.Раззаков - иш билгичтигин, уюштуруучулук сапаттарын даана көргөзө билген, өзүнө да, алдында иштегендерге да талап коё билүү артыкчылыгына ээ болгон адам катары белгилүү. Анын басып өткөн жолу жана тагдыры аркылуу биз ошондой сейрек кездешүүчү инсандардын тарыхтагы ордун ого бетер тереңдеп түшүнөбүз. И.Раззаковдой кыргыздарды бир уруу, бир эл деп эсептеп, алардын биримдүүлүгүн көздүн карегиндей сактайлы, трайбализмчилерге жол бербейли. И.Раззаков адабиятты, искусствону, жалпы маданиятка тиешелүү проблемаларды да терең билгендиги, аларга дайыма кызыгып, көңүлүнүн борборунда кармагандыгы тууралуу жазылган эскермелерден окуп, байкаса болот. Кайсы проблеманы албайлы, экономика болобу, саясий мамлекеттик иштерби, адабият жана искусство болобу, тартиптүүлүктү, принципиалдуулукту, адамгерчиликти сактай билүүдөбү, акылдын тунуктугубу же сөзгө чечендигиби, элди башкаруудабы, жаштарды тарбиялоодобу, кадрларга, жалпы эле адамдарга күйүмдүүлүгү, кең пейилдиги, сабаттуулугу, маданияттуулугу жагынанбы, айтор, адам баласынын турмушунда кездешүүчү маселелерди жакшы түшүнгөн бийик киши болгон.







Улуу инсаныбызды тирүүсүндө кадырлап, барктай албадык. Көп жылдар бою эсибизден чыгарып койдук. Республиканын орчундуу юбилейлик майрамдарына же болбосо учурунда элине келип эс алып кетүүгө чакырууга жарабадык. 19 жыл жашап туруп, өз мекенине бир гана жолу келип кете алды. Бул биздин эбегейсиз чоң кемчиликтерибизге кошулат. Арийне, Исхак Раззакович бир чети замандын идеологиясынын, бир чети эки жүздүү саясий оюндардын курмандыгы болду. Күчкө толуп, тажрыйбасы өрчүп турганда, 1961-жылдын 9-майында Кыргызстандын КПБКсынын пленимунун чечимине ылайык "Республиканын партиялык уюмундагы каталыктары жана кемчиликтери үчүн" деген айып менен Исхак Раззакович бардык партиялык, мамлекеттик кызматтардан четтетилген. Эми ошол кезде ал өзүнүн башына келген соккуну бийик намыс менен көтөрдү, аны замандаштары, жалпы эл жакшы билет. Албетте, Исхак Раззаковду Москва унуткан эмес. Ал 1961-жылдын августунан баштап, Союздук экономикалык Кеңешке мүчө болуп пенсияга кеткиче, 1977-жылга чейин эс алууга кеткиче иштеген. Исхак Раззакович 1979-жылдын 18-мартында Москвада көз жумган. Маркумдун туугандарынын уруксаты менен 2000-жылы анын сөөгү Бишкекке алып келинип "Ала-Арча" көрүстөнүнө чоң сый-урмат менен коюлду. Бул да кыргыз эли өзүнүн чыгаан уулуна кеч да болсо көрсөткөн баш ийүү таазими эле.






Исхак Раззаков кыргыз элинин эң таланттуу, саясий мамлекеттик ишмерлеринин көрүнүктүүлөрүнө кошулат жана алардын катарын баштап турат десек адилеттүүлүккө жатат. Кыргыздын улуу инсаны И.Раззаковдун ысымын, арбагын сыйлап, ал киши жөнүндө жүрөктө сакталып калган жылуу жана кымбат ой-пикирлерин, эскермелерин чын дилибизден жүрөккө сактап, эсибизден чыгарбоо ар бир жарандын милдети деп эсептейм. Сөзүмдүн акырында өзү айтып кеткендей, "Коом - сен жана мен. Эгерде сен ак болсоң, мен ак болом, ошондо коом да таза болот" - деген сөзүн ар бирибиз, өзгөчө жаштар туу тутуп, алдыга карай жылалы деп аяктагым келет.

Назира Жапаралиева,
КЭУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин
кандидаты, доцент