Күнсобол

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 14-декабрда Базар-Коргон, Сузак жана Жети-Өгүз райондорунда митинг акциясына чыгып жаткан мугалимдеринин атынан келген өкүлдөр менен жолугушту. Аймактардан келген мугалимдер мектеп турмушунда педагогдордун эмгек акысынан башка дагы толгон-токой көйгөй маселелер бар экенин айтышты.


Мугалимдердин жүрөгүн өйүгөн көйгөй көп
Абдыманап Авасов, Сузак районундагы Т.Темирбаев ат. гимназиянын мугалими:
- Мен гимназия ачканыма 23 жылдын жүзү болду. Гимназия боюнча жаңы жобо иштелип чыккан эмес, бирок талап күчтүү. Ошондуктан Билим берүү министрлиги, биринчиден, ушундай маселелерге көңүл бөлүшү зарыл. Гимназия болгондон кийин, анын Уставы болуш керек, илимий иштер боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы дайындалышы керек, бир сөз менен айтканда, бул маселе кароосуз калган. Экинчиден, жалпы билим берүүчү мектептерде жумасына бир жолу класстык саат өтүлөт. Буга класс жетекчи бир жума бою даярданат, керек болсо, республикалык сынактарга тарбия сааты боюнча катышып жатышпайбы. Бирок бул саатка мугалим бир сом дагы албайт. Үчүнчүдөн, кээ бир учурда бир жылга бөлүштүрүлгөн каражат толугу менен иштелбей калат. Аны бухгалтерлер үнөмдөп туруп, өздөрүнө сыйлык жаздырып алышат. Ушул үнөмдөлгөн каражатты мектепке эле калтырып койсо болоор беле? Чынчыл бухгалтерлер айтышат, мынча каражат калды, жумшагыла керектүү жабдыктарга деп, көбүнчөлөрү өз капчыгын ойлошот. Дагы бир айта турган нерсе, чарба буюмдарына, канцелярдык товарларга жумшалчу каражат түз эле мектепке берилсе. Анткени класстык журнал жана майда-баратты айыл өкмөтү алып бербейт. Ошондуктан ата-энеден тилемчи болуп сурап жатканыбыздын себеби дагы ошол. Эгер ата-эне мектепке жардам бербесе, олтуруп калгандайбыз.
Чынын айталы, мугалимдер эмгек акынын отуз пайызга жогорулашына алымсынбайт. Нааразылык абдан эле көп. Ошондуктан Өкмөткө маселени так коюш керек.
Жакында Маданият министрлиги Сузак району боюнча 150 сыйлык тапшырды. Билим берүү жана илим министрлиги деле иштегендерди кичине карап койсоңор. Мугалимдерге стимул болуш керек. Сыйлык маселесине келгенде жөн эле тепкичтен тепкичке өтүш керек. Маселен, "Эмгек сиңирген мугалим" деген наамды алыш үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алыш керек экен. Документтердин баарын топтогондон кийин, сөзсүз бир тепкичтен өтпөй калабыз. Бул туура эмес. Андан көрө, жалтыратып туруп бир төш белгини тагып койсоңор, мугалимдер өпкөсүн чаап иштешет. Же болбосо новатор мугалим, улуу мугалим, чыгармачыл мугалим деп сыйлык берип койсоңор болобу?
Учурунда сегиз айлап акча албай иштеген күндөр болгон. Азыр, Кудайга шүгүр, эмгек акыбызды убагында алып жатабыз. Караңызчы, бир эле мугалим 300-400 дептер текшерет. Ага алганы он беш сом. Чындыгында мугалимдер кароосуз калдык. Мисалы, мен өз ыктыярым менен методикалык борбор ачып, жетекчилик кылып, мугалимдерди курстардан өткөрдүм. Сертификат бергенге аракет кылдым. Мамлекет окута албаса, бизге окшогондор демилге көтөрүп аракет кылып жатабыз. Методика болбогон жерде эптеп эле күн өткөрмөй.
Мугалимдердин бир ставкасы он сегиз саатты түзөт. Кырк саат бергенде гана беш миң сом айлык аласың деген болбойт. Керек болсо, жыйырма сааттан кийин эле сабак болбой калат. Ал мугалим кирди-чыкты менен алек болот. Анан кайдагы сапат жөнүндө кеп кылабыз? Ошондуктан саатты да төмөндөтүш керек. Дагы бир маселени чечип алалы, мектеп директорлору кадрларды өздөрү жумушка алып, бошотконго укук берсеңер. Ушул маселе ишке ашса, мектеп директорунун кадр маселеси боюнча жоопкерчилиги дагы күчөмөк. Кээ бир учурда айрым мектеп, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери Билим берүү министринин буйругун аткарбай, райондук акимдин айтканын айткандай аткарышат. Аким деген, менимче, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын сунушуна макулдук эле берет. Макул бербеген күнү дагы, бардык маселени районо башчы өзү чечиши керек. Акыркы айтайын дегеним, телевидение аркылуу белгилүү, алдыңкы мугалимдер жөнүндө көрсөтүүлөр жок. Ушу да колго алынса.





Акматкарып Чакибашов,
Жети-Өгүз районундагы Чабалдаев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими:
- Илгери мектептин өзүнүн бухгалтери, кассири боло турган эле. Мына ошого кайра барышыбыз керек. Мурда канча жыл иштегени, эмнеге кошумча каражат төлөнөөрү баары жазылчу. Азыр болсо бир барак алып келет да, кол кой дейт. "Ой жүз сом жетпей калды" десек, "бар эсептешип ал" деп кетип калат. Коррупция тамырлашып кеткен. Облустан районго, райондон финансы бөлүмүнө, айыл өкмөтүнө, ага эптеп жеткенде, ал тойго кетип калат. Мына биздин жашообуз. Эмгек акы банк аркылуу мектепке түшкөндөй болсо. Ошондо ызы-чуунун баары акырындык менен чечилмек.
Экинчиден, массалык маалымат каражаттарынын берген маалыматтары туура эмес. Мугалимдер төрт жарым миң сом алышат дешет. Айыл менен шаар жерин салыштырбаш керек. Шаардык мэрия мугалимдерге 1000 сом кошуп берет экен, мындан тышкары ата-энелерден алышат. Айыл жеринде абал башка. Ата-энеден акча алалбайбыз, анан жергиликтүү бийлик өзүбүздүн айлыгыбызды тим бербей жатса, кайдагы кошумча бермек эле. Ушундай туура эмес нерселер ызы-чууну баштап жатат.
Дагы бир маселе, эмгекке катышуу коэффициенти боюнча. Бул системаны же оңдош керек, же биротоло жоюп салуу керек.


Гүлмира Акматова,
Жети-Өгүз районундагы Ленин
атындагы мектептин мугалими:
- Окуу китептери абдан эски. Илгери советтик системада окуган китептер, жыртылган, бир барагы болсо экинчиси жок китептер менен балдар билим алып жатышат. Айылда бардык нерселер бар, бирок китеп дүкөнү жок. Жаш адис келип бир маалымат алайын десе же китепканада керектүү китеп, окуу методикасы жок, сатып алайын десе дүкөн жок.
Эң башкысы, мугалимдердин ден соолугу тууралуу эч ким маселе көтөргөн жок. Эмне үчүн Билим берүү министрлигинин карамагында мугалимдердин ден соолугун чыңдоочу пансионат жок? Мугалимдер карызга батышат, бирок ден соолугун карашпайт. Мына жакында бир мугалимибиз инсульт болду. Мугалимдер жүз сомдон чогултуп бардык. Бул мугалимдин эмне үчүн инсульт болгону менен жетекчилердин иши жок. Керек болсо, басып келип сурап коюшкан жок. Мисалы, мен Оренбургда иштеп жүргөндө дарыгерлер артыман жүрчү: "Сиздин кариесиңиз бар экен" ж.б. ооруларды айтып. Эмне үчүн бизде андай эмес?


Гүлайым Топчубаева,
Базар-Коргон районундагы №30 мектебинин мугалими:
- Окуучулардын олимпиадасын өткөргөндө, айылдык жана шаардык деп бөлүнсө. Анткени кайсы олимпиада болбосун шаардыктар жеңишке жетишет, айылдыктар калып калышат. Анан окуучулардын кызыгуусу да жоголот. Чындыгында, айылдык менен шаардык мектепти салыштырып болбойт. Мугалимдер телефон аркылуу байланышып жатышат, кечээ телевизордон Каржы министри "мугалимдерге эмгек акысын көбөйтүү үчүн мамлекетте каражат жок" деп айтып жатса, башка каналдан "мамлекеттик кызматкерлерге эл аралык уюмдар тарабынан айлыгын көтөрөт" деп маалымат берилиптир. Ошондуктан массалык маалымат каражаттары так жана туура маалыматтарды элге жеткиришсе. Ушундай нерселер дагы элдин нааразычылыгын күчөтүп жатат. Райондук билим берүү бөлүмдөрүндө экиден методист болсо. Анан дагы, ОРТдагыдай "Умники и умницы" дегендей көрсөтүү КТРКда берилсе жакшы болмок. Балдардын билими даана көрүнүп, бул дагы коррупцияга жол бербөөнүн бир ыкмасы болмок.


Канат Садыков:
"Бизге мугалимдердин ишеними жана колдоосу керек"

Министр жер-жерлер-ден келген мугалимдердин арыз-дооматтарын кунт коюп угуп чыгып, алардын коюп жаткан талаптарын чечүү боюнча өкмөттө чукул чаралар көрүлүп жатканын жана бул маселе Президенттин көзөмөлүндө турганын билдирди. Министрдин айтымында, январь айынан тарта мугалимдердин эмгек акысын 30 пайызга көтөрүү каралып жатат, андан кийин эмгек акыны көтөрүү этап-этап менен жүргүзүлмөкчү. Бирдиктүү тариф сеткасынан баш тартып, анын ордуна бюджеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилмекчи. Бирок буга жетишүү үчүн өлкө экономикасында беш пайыздан кем эмес өнүгүү болуп турганы маанилүү.
- Азыр мугалимдер коюп жаткан талаптардын үстүнөн иштеп жатабыз. Бир гана сураныч, бизге мугалимдер тарабынан колдоо жана ишеним керек, - деп өтүндү министр. - Бизди ар кандай толкундоолор менен алаксытпай, иштегенге мүмкүнчүлүк берсеңиздер. Сиздер тажрыйбалуу педагог катары, менимче, жер-жерлерге барганда өкмөттө, бизде болгон жолугушууларды жакшы түшүндүрүп бересиздер деген ишеничтебиз. Жергиликтүү бийлик жетекчилери мугалимдердин көйгөйлөрүнө көз жумбай, жеринде чечсе болоор эле. Эгерде иштегенди билишпесе, анда кызмат ордун иштегендерге бошотуп беришсин. Мына айтып коеюн, бухгалтерияны айыл өкмөтүнөн райондук билим берүү бөлүмүнө которуу боюнча сунуш болду, буга эч ким каршы чыккан жок.


Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"