presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Акыл - кеңеш

Мукаш Базаркулов, Кыргызстандын Эл мугалими:
Ачууга эмес, акылга салалы
Кыргызстандын Эл мугалими Мукаш Базаркулов жер-жерлерде мугалимдердин митинг акцияларына көтөрүлүп жатканын угуп, зээни кейип, четте карап тура албай, "Кутбилимге" келип, мугалимдерге жана бийлик өкүлдөрүнө өзүнүн улуулук жана кесиптештик ой-тилегин жеткирүүнү суранды.


- Агартуучулар уюшуп көчөгө чыгып, талаптарын коюп жатканы бизде биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш. Сиз кандай кеп-кеңеш айта аласыз мугалимдерге жана бийлик башчыларына?
- Мугалимдер азыр талаптарын коюп митинге чыкканга жарандык укугу бар. Булар чыдады, күттү, качан өкмөт бизди угат деп. Өкмөттөн жакшылыктуу жооп болбогондон кийин чыгып атат.
Мугалимдердин айлык акылары чыны менен эле абдан төмөн. Мисалы жогорку билимдүу мугалим бир ставкада 7 разряд менен 1300 сом акча алат. Эң жогорку айлык 12 разряд - 1966 сом. Эми ушул азыркы шартта 1300 сом менен 1966 сом менен жашоого болобу? Мына эмгек акынын төмөндүгүнөн, социалдык жактан каралбагандыктан мугалимдердин бүтүндөй бир мууну башка тармакка кетип жатышат. Чет тил мугалимдери котормочу болуп кетип жатышат. Азыр мектептерде айрым предметтер берилбей калды. Башталгыч класстарга атайын билими жок, 10-11-классты бүткөндөр сабак берип калды. Ошондуктан мектепте билим берүүнүн сапаты жылдан жылга төмөндөп жатат.
Мугалимдердин эмгек акыны көбөйтүү талабы менен чыгып жатканы туура, бул эчак бышып жетилген маселе. Мисалы, мугалимдер дептер текшергендиги үчүн 15 сом акча алат. Ушул кеппи. Класс жетекчилик үчүн абдан аз төлөнөт. Кабинеттерди жасалгалап иштеген мугалимдер бар, буларга дагы аз төлөнөт. Ошондуктан азыр мугалимге ставкада каралгандан сырткары ушул класс жетекчилик үчүн, кабинеттик иш үчүн, дептер текшергени үчүн каралган акчаны көбөйтүш керек. Азыр иштеп жаткан мугалимдердин төрттөн бири пенсионерлер. Кээ бирлери кечке иштегенде чарчап, айласы кетип валерианка ичип, анан сабак беришет. Алар балдарды жакшы көргөндүгүнөн, патриоттуулугунан ушул мектептен кетпей жүрүшөт. 30 пайыз мугалим эки ставкага иштейт. Эки ставка иштеген жерде сабактын сапаты да болбой калат. Башка кызматкер иши бүтсө үйүнө келип эс алат, ал эми мугалим болсо кайра иштейт, сабакка да даярданат, дептерлерди, диктанттарды текшерет. Мына ушул жагынан караганда мугалим болуу абдан оор кесип.
Мына азыр эркек мугалимдер кетип калды, аялдар эле калды. Таалим-тарбия бериш аялдардын гана жумушу эмес да. Балдарга жакшы тарбия бериш үчүн үйдө ата-энеси болгондой эле мектепте да эркек мугалим дагы, аял мугалим дагы болуш керек. Азыр феминизациянын доору жүрүп жатат. Бирок жогорку класстын балдары аял мугалимдерди көп укпайт. Азыр рэкет деген күчөдү. Мына ушундай кыйынчылыктарга баш ийбей, тарбия ишин таасирдүү жүргүзүү үчүн мугалимдердин тарбиялык ролун көтөрүш керек.
- Мугалимдер жергиликтүү бийлик органдары дагы жакшы каралашпай жатканына нааразы. Жок дегенде моралдык маанидеги колдоолор да жетишпей жаткансыйт?
- Мен мугалим болуп иштедим, министр болуп иштедим 13 жыл. Мугалимдин акыбалын абдан жакшы түшүнөм. Мугалим - абдан боорукер, патриот инсан. Биз согуш мезгилинде окудук. Согуш мезгилинде айлык болгон жок, мугалим бекер иштеген. Бирок бир күн да мектепте сабак токтогон жок. Келалбай калган балдарды мугалим үйүнө барып окутчу. Бала дегенде тикесинен тик турушчу. Мына ушундай камкордук менен иштеп, окуучу балдарды өз баласындай алпештеп тарбиялап окутканы үчүн коом ичинде мугалимдин аброю чоң болгон. Мамлекеттик зор ишенич жана сый-урмат көрсөтүлгөн. Мына совет доору деп атабыз, ошол доордун жакшы жактарын алышыбыз керек. Совет доорунда мугалим сый-урматка бөлөнчү. Кыргызстандын тарыхын алып караганда, 6-7 мугалим СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Он беш-жыйырмасы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Баатырлар чыккан.
Ат-Башыдагы Кызыл-Дыйкан мектебинин мугалими Апыш Койчумановго жана Кочкор районундагы Дөң-Арык орто мектебинин мугалими Көкөбай Мамбеталиевге Социалисттик Эмгектин Баатыры деген бийик наам берилген. СССРдин ордендери, медалдары менен 1992-жылга чейин 1112 мугалим сыйланган. Крупская атындагы медаль менен 13 мугалим сыйланган. 414 агартуучу Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, 457 - СССРдин билим берүү отличниги, 8857 - Кыргызстандын билим берүүсүнүн отличниги болгон. Райондук, облустук айылдык кеңешке депутат болуп мугалимдер көп шайланган. Мугалимдерге материалдык-моралдык колдоо чоң болгон үчүн мектептерде окуу-тарбия процессии сапаттуу жүргөн. Мугалимдин мээнетинин аркасында текши билимдүүлүккө жетишип, экономикасы, айыл чарбасы, өнөр жайы өнүккөн, улуттук маданияты гүлдөгөн республикага айланганбыз.
- Мугалимдердин митинг акциясы бүт өлкөгө жайылып баратканы олуттуу тынчсызданууларды жаратууда. Өкмөттүн казынасында каражат каат болуп жатканда мугалимдердин талабы орундалбаса эмне болот аягы?
- Өлкөнүн өнүгүшү үчүн эң негизги база бул билим берүү. Эгер биз билим берүүнүн базасын жоготуп алсак, анда маданияттан дагы, башкасынан дагы, баарынан кол жууйбуз. Маданиятын, билимин жоготкон эл менен башка өлкө эч качан эсептешпейт. Ошон үчүн парламент талашып-тартышууну токтотуп, эртерээк өкмөттү түзүп, биринчи кезекте мугалимдердин жана мектептин курчуган проблемаларын чечиши керек. Өз кезегинде мен кесиптештериме дагы кайрылып, иш таштоо ниетинен баш тартууга чакырамын. Ар бир областтан, райондон өкүлдөр келип, парламенттин депутаттары менен, Президент, Өкмөт менен жолугуп, арай көз чарай отуруп айтыш керек чындыкты. Бул чоң маселеге айланып баратат. Мектептин мугалимдердин өздөрү көтөрүлүп чыгып чыгышы биздин бийлик башындагы жетекчилик үчүн, жалпы эле коомчулук үчүн эскерткен коңгуроо. Ошон үчүн азыркы парламент, өкмөт мугалимдердин талаптарын чечүү боюнча чечкиндүү чараларды көрүшү керек.
- Шайлоого келгенде, шаар курганга келгенде акча табылат, мугалимдерге келгенде эле жок деп отуруп каласыңар деген нааразылык болуп жатат. Атка минерлердин кассасында миллиондор катылып, энергетикада бир канча миллион-милларддар жоголуп жатканда мугалим кантип ишенет акча жок дегенге?
- Бюджет кайда кетип атат, келип аткан кредиттер кайда кетип атат, мына ушул маселелер ачык-айкын болбой жатпайбы мугалимге. Бирок көтөрүлүшкө чыгып жаткан мугалимдер иш таштаганы жакшы эмес. Согуш убагында жабылбаган мектеп азыр жабылып калса өкүнүчтүү иш болот. Жумушчулар заводун таштап кетип калса, ал ошол бойдон тура берет. Ал эми мугалимдер мектепти таштап кетип калса, коомчулук муну кандай түшүнөт, балдар эмне деп ойлошот? Педагогикалык кесиптин гумандуу экендигин эске алып туруп, мугалимдер сабакты токтотуу жолу менен эмес, сүйлөшүү, кеңешүү жолу менен бул маселени чечиш керек.
- Мамлекеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү экендиги көп айтылып жатат. Бирок билим берүү бул жалаң эле мамлекеттин мойнундагы милдет эмес, бул жерде ата-энелердин дагы жоопкерчилиги бар эмеспи. Мугалимди ыйлатып таштап койбой, ата-энелер, коомчулук дагы каралашканы туура эмеспи?
- Ата-энелердин көмөгү дегенде мен окуу китептеринин көйгөйүн айткым келет. Окуу китептерин бекер беребиз деп келдик бир кезде, бирок бул мүмкүн эмес болуп чыкты. Жүз миллион сом бөлүп жатат мамлекеттен, бул маселе чечпейт экен. Биз рыноктун шартында жашап жаткандан кийин окуу китептерди ата-энелер балдарына сатып бергенге өтүшүбүз керек. Сатып алганга такыр мүмкүнчүлүгү жок колунда жок ата-энелер он, он беш пайыз болор, аларга бекер берсе болот. Калганын сатууга өтүш керек. Ошондо министрликтин колунда айландыра турган каражат пайда болот, окуу китептерин пландап чыгарып турганга каражат табылат. Мына азыр төрт бала бир китеп менен окуп жатат, бири-бирине берип, тапшырма аткарып жатышат. Ушул кантип окуу болсун? Окуу деген эң оболу мугалим жана окуу китеби, мына ушул экөө барда гана окуу болот.

Маектешкен К.чекиров





Каныбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
Жетер жерге жеттик


- Каныбек Осмоналиевич, коомубуздагы эң сабырдуу деп келген мугалимдердин нааразылык акцияларына чыгышы билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдүн бышып жетилгенин ашкерелеп жаткан жокпу?
- Ошондой го деп турам, анткени бизде билим берүү системасы тууралуу сөз жүргөндө эле дароо анын натыйжалары тууралуу кеп козгойбуз. Кокуй, Базар-Коргондо мугалимдер иш таштап жатат, окуу китептери жетишпейт, мектептердин окуу-материалдык базасы начар дейбиз. Анткенибиз менен өзүбүз билим берүү системасына бир да жаңылык киргизген жокпуз. СССРден энчилеп калган системабызды толук талкаладык. Жаңысын түзө албадык. СССР учурунда калыптанган окуу системасынын инерциясы менен келе жатабыз. Ал системабыздын формасы базар экономикасында болгону менен мазмуну ошол эле бойдон. Кыскасы, бүгүнкү күндө азыркы замандын талаптарына жооп берген бир да иш кылбадык. Окуу технологиясы, предметтерди окутуу методикасы, жалпы дидактика, педагогика, деги кайсы бирин албайлы, баары өзгөрүүсүз калып келүүдө. Очойгон илим-изилдөө борборлорубуз, чыгармачыл илимпоз-методисттерибиз бар дейбиз, бирок ушу күнгө дейре азыркы замандын чакырыктарына туура келген бир да алдыңкы технологияларды сунуш кыла элекпиз. Ушунун баары чогулуп келип мектепте иштеген мугалимдин аянычтуу абалынан көрүнүүдө. Азыр эгемен өлкөбүздө мугалим өзүнүн коомдогу статусу боюнча эң төмөнкү орунга түштү. Бүгүнкү күнгө чейин мугалимдерге айлык төлөөдө СССР тушундагы бирдиктүү тариф сеткасы колдонуп келүүдө. Анын актуалдуулугу СССР менен кошо жок болгонуна карабастан, Каржы министрлиги көшөкөрлүк менен таңуулаганы таң калыштуу. Ушундай көңүлкош мамиледен улам, учурда Кыргызстандагы мугалимдердин орточо айлыгы 2782 сомду түзөт. Ал эми "Мугалимдин статусу" жөнүндөгү мыйзамда мугалимдердин эмгек акысы республика боюнча орточо эмгек акыдан төмөн болбошу керек деген талап бар. Ошол эле мыйзамда жергиликтүү бийлик органдары жаңы барган мугалимге жашай турган үй берүүсү же болбосо бир жолу 10 минималдык эмгек акысын телөөгө милдеттүүлүгү айтылган. Аны аткарган бир да айыл өкмөтү жок. Ошол эле убакта мугалимдин үстүнөн башкармалар көп. Жумушта директор, завучтан баштап акимдин орун басары, аким, айыл өкмөтү - баары мугалимди кыңк эттирбей жумшап турушат. А үйүндө болсо "кедейчилик", "жетишпестик" деген башкармалар бар. Шайлоолордо болсо мугалимдерди малай катары бекер ишке тартышат. Чыдоонун да чеги болушу керек! Ошон үчүн мына бүгүн мугалимдер айласы куруп, аргасыздан иш таштоого барып жатышат. Кыскасын айтканда, жетер жерге жеттик.
- Макул, мына өзүңүз жөнөкөй мектеп мугалиминен министрге чейинки бардык тепкичтерди басып өтүпсүз, өзүңүз министр болуп иштеп турганда ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн кандай аракеттерди жасадыңыз?...
- Бул суроону абдан туура бердиң, антпесең башкалар ушундай ойдо калмак. Буга кыскача жооп берейин. Бүгүнкү күндө бизде билим берүү системасына болгон мамиле кандай? Билим берүү жана илим министрлигинин орду канчалык? Мен айтаар элем, Кыргызстандагы бардык тармактардын ичинен эң укугу төмөн министр билим берүү жана илим министри. Ишенбесеңиз, өкмөттүн курамындагы министрлердин реестрин (катар тизмесин) караңыз, көч башында Каржы, экономикалык турукташтыруу министрлери, эң аягында маданият жана билим берүү министрлери турат. Каржылоо маселесине келсек , акыркы 15 жылда билим берүү системасы калдык принцибине дуушар болуп келген. Министрдин абалы жогоркудай болсо, каржылоо тигиндей болсо, анда жөнөкөй мугалимдин абалы кандай болору өзүнөн-өзү түшүнүктүү го дейм. Министрдин артында беш жылдык мөөнөткө кол тийбес болуп шайланып келген статс-секретарь отурат, эки орун басарынын бири Президенттин, экинчиси Премьер-министрдин кишиси. Анан кантип, министр чыгармачылык менен ээн-эркин иштей алат? Ошон үчүн бизде билим берүү министри бир жыл, эки жылда алмашып турат. Мен министр болуп 9 ай иштедим. Ушул кыска аралыкта, 2007-жылдын 9-октябрында, мугалимдердин экинчи курултайын өткөрдүк. Ошондо мугалимдердин эмгек акысын, окуучулардын окуу китептерин жана мектептерди материалдык-техникалык жактан жабдуу маселелерин приоритеттүү деп белгиленип, ал турсун билим берүү тармагы өлкөнүн приоритети деп таанылган. Курултайдын материалдары ушул эле "Кутбилим" гезитине жарыяланган. Бир айдан кийин мен себепсиз жумуштан кеттим, курултайда каралган маселелер ошол бойдон калды. Ушундай эле тагдыр менден кийинки министрлерде болду.
- Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун ачык-айкын жолдору барбы?
- Кечээ Билим берүү жана илим министри нааразылык акциясына чыккан мугалимдер менен жолугуп, 2011-жылдын 1-январынан тартып педагогдордун маянасын 30%га көтөрүүгө убада берип келди. А бүгүн, 14-декабрь күнү, Каржы министри Жогорку Кеңешке келип, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүгө каражат жок деп айтты. Ортодо билим берүү министри ыңгайсыз абалда калып жаткандай. Кыжыры кайнап турган мугалимдерге чындыкты айтууга тийишпиз. Жөн эле сындай бербей, каржы табуунун мүмкүн болгон бир нече булактарын атап өтөйүн. Биринчиден, билим берүү тармагына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары иштиктүү каржылык колдоо көрсөтүшү зарыл. Бизде мындай практика аз болсо да бар. Бишкек, Ош шаарларында, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунун айрым айыл округдарында мугалимдердин айлыгына кошумча сумма жергиликтүү бюджеттен берилип жүрөт. Экинчиден, эмне үчүн билим берүү салыгын киргизүүгө болбосун, өзгөчө кырдаалдарга, жолго салыктар бар эмеспи? Мындай нерсе дүйнөлүк практикада да учурайт. Өлкөбүздүн азыркы абалын эске алып, билим берүүгө 1 пайыздык салыкты киргизип алсак, тармактагы канчалаган көйгөйлүү маселелерди чечип алмакбыз. Албетте, бул салык биротоло эмес, бутубузга турганга чейин бизге өбөк болмок. Үчүнчүдөн, биз билим берүү тармагына келген эл аралык долбоорлорду максаттуу иштетүүнү үйрөнүшүбүз бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ болуп отурат. Азыр бизде ЮСАИДдин "Сапаттуу билим", Бүткүл Дүйнөлүк Банктын "Айылдык билим берүү", Азия өнүктүрүү банкынын биринчи жана экинчи долбоорлору, ГТЦ өңдүү беш-он миллион долларлык долбоорлор иштеп жатат. Алардын айрымдары миңдеген суммаларды мектеп мугалимине же мектепке эмес, эл аралык консультанттарга, эксперттерге, улуттук тренерлерге деп чыгымдашат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги эң бир фэшенебелдүү отелдерге огеле көп адамды жыйнап алып, он-он беш күн курулай сөз өстүрүү менен алек болушат. Кээде үч күндүк тренингге жыйырма-жыйырма беш миң доллар сарпташканынан тикелей инвестиция катары келген акчалар кантип талаага чачылганын билүүгө болот.
- Билим берүү системасынын нормативдик-укуктук базасы кандай болууга тийиш?
- Дүйнө жүзүндө билим берүүгө байланышкан бир жакшы принцип бар. Орусча "принцип непрерывности" деп айтылат, бизче үзгүлтүксүздүк принциби деп айтылат. Бул эмне деген принцип жана анын билим берүү ишин уюштуруудагы орду канчалык? Өлкөдө бала бакчадан тартып, мектеп, жогорку окуу жайларга чейин администрациялоо иши бир министрликтин колунда болушу шарт. А бизде кандай? Эмнегедир кесипчилик-техникалык билим берүү башка ведомтствонун карамагында келе жатат. Бул көрүнүш КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз тоолуу аймагыбызда орун алып келет. Чындыгында кандай болушу керек? Бала бакчадан кийин балдарыбыз жалпы билим берүүчү орто мектепке барып, андан соң өздөрүнүн жөндөмүнө жараша баштапкы, ортоңку же жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларына тапшырып, окуусун улантышы керек. Дагы бир маанилүү маселе - Кыргызстандын билим берүү системасын тейлөөгө чакырылган, бири-бирине байланышпаган, өз-өзүнчө аракеттеги мыйзамдардын баарынын башын бириктирген Билим берүү кодекси болууга тийиш. Буга диний билим берүү туурасындагы мыйзам актыларын кошуу зарыл деп ойлойм.

Маектешкен: А.Алибеков,
"Кутбилим"



"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o