presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ачык кат

жасалма тоскоолдуктарды жоелу
Урматтуу Президент !
Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары!


Биздин өлкөдөгү социалдык - экономикалык кризистин негизги себептеринин бири калктын бир бөлүгүнүн сабатсыздыгы, билим деңгээлинин төмөндөшү жана базар мамлелеринин шартында ишин алдыга жылдыра албай экономикалык жана юридикалык нуктан өксүк болуп жаткандыгы. Ошондуктан көптөгөн маселелердин орчундуусу билим тутуму жана илим тармагына байланышкан. Кыргыз улуттук билим жана илим системасы базар мамилелеринде өз ордун таап экономикабыздын өсүшүнө өбөлгө боло албады. Азыр билим жана илим тармагына жыл сайын жарыбаган акча каралат. Анткени эл аралык финансы уюмдары ушундай көрсөтмө берген. Ошондуктан жаңы келе турган өкмөт мамлекетте жүрө турган башкаруу тутумундагы реформаларга жараша бул тармакта тез аранын ичинде туура иш алып барып, билим жана илим тармагында жаңы саясат жүргүзүп, бул тармакты каржылоону түп тамырынан бери өзгөртүшү зарыл. Себеби Кыргызстандын келечеги билим жана илим прогрессине, инновациялык экономикага тыгыз байланыштуу. Деградацияланган билим тутуму менен өлкөдө алгылыктуу өнүгүү болушу мүмкүн эмес. Балдарды, кыздарды чет өлкөдөн окутуп келип кризистен чыгабыз деген акылсыздык. Айтмакчы, ушул жылы 24-декарда Казак Республикасынын Мажлиси "Илим тууралуу" мыйзам кабыл алып, анда илимий изилдөө иштерине 2014-жылы өлкөнүн ички дүң продуктусунун 1,0%, андан аркы 5 жыл ичинде мунун үлүшү 2,0% ды камтый тургандыгы көрсөтүлгөн.
Билим тармагын реформалоо үчүн биринчи кезекте бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүмүн өзгөртүп, мамлекеттик чыгымдардын жаңы саясатын жүргүзүү учур талабы. Билим тармагына кете турган мамлекеттик бюджеттин чыгымдары анын жалпы көлөмүнүн 20% нан кем болбошу абзел. Бул үчүн мамлекеттик башкаруу тутумуна жумшалып жаткан чыгымдарды эки эсеге азайтышы керек. Билим тутумун каржылоо мугалимдердин айлык акысын эки эсеге көтөрүү менен чектелип калбоо зарыл болууда. Мектептер менен жогорку окуу жайларына окуу-методикалык жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого жетиштүү каражат бөлүштүрүү келечекте өзүн актайт. Болбосо мечиттерге барган балдардын саны жылдан жылга көбөйүп баратат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Мындайга жол берген мамлекеттин башкаруучуларын эл душманы катары баалап, коркунучтуу кылмышкер катары жоопко тартыш керек.
Азыр көптөгөн келечектеги өлкөнүн командирлери боло турган жаш муундарды тарбиялай турган мектептерде, жогорку окуу жайларында кайрадан эле ошол абалга жеткирген мурунку коррупционер директорлор, ректорлор же алардан да компетентсиз, билимсиз, деңгээли өтө төмөн адамдар келип калганы өтө өкүнүчтүү. Алардын айрымдары сиздин указыңыз менен бекиген. Мындай волюнтаризмден арылуу үчүн демократиянын очогу катары белгилүү болгон жогорку окуу жайларында эле эмес, мектептерде да жетекчилерди ал жерде иштеген окутуучулары шайлап алышы керек. Окуу жайларынын жүз миңдеген мугалимдери сиздерден ошондой чечкиндүү реформалык кадам жасайт деп күтүп жатат. Болбосо алар да митингчилердин катарын толтурууга аргасыз болушат. Бул ультиматум эмес, сунуш.
Азыр ар кайсы деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылар экономика адистигин даярдаган окуу жайлары көп экендигин белгилеп, алардын санын кескин кыскартуу керектигин айтып келет. Бул негизсиз дилетенттык доомат. Биз бул окуу жайларды жоюп жиберүүнү туура эмес деп ойлойбуз. Тескерисинче аларды дагы көбөйтүш керек. Мындай окуу жайлардын алыскы региондордо ачылышы да базар экономикасынын талабына ылайык. Себеби ал университеттер мамлекеттин бюджетинен эмес, ошол окуп жаткандардын эсебинен каржыланып жатат. Ал эми сапатка койгон доомат, албетте, туура. Бирок, сапат да атаандаштык аркылуу камсыз болот. Атаандашы жок эле сапаттуу билимге жетишебиз деген жөн эле кур жомок.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын начарлашы экономикалык же юридикалык адистикти бүтүргөн жаштардын, илимий ишин жактаган кандидаттар менен докторлордун санына жараша болбойт. Алардын коомдогу ордуна жараша аныкталат. Ошондуктан аларды аз же көп деп талашпай, бул тармакта тиешелүү реформаны билгичтикте, ыкчам жүргүзүү керек.
Азыр башкаруу тутумун кантип жакшыртабыз дегенде негизги маселе дайыма эле ар кайсы адистиктерди бүтүргөн жаш адистер менен илимдин кандидаттары жана докторлорунун саны менен чектелип калып жатат. Математиктер менен физиктер үчүн экономисттер көптөй көрүнсө жалпы республиканын экономикасы үчүн экономист илимпоздордун саны өтө аз. Анын үстүнө алар да карыйт, пенсияга же чет өлкөлөргө кетишет, республиканын ар кайсы деңгээлиндеги кызматтарга кетишет. Докторлордун саны көбөймөк турсун жылдан жылга азаюуда. Окуу жайларында илимдин кандидаттары жетишсиз. Илимдин кандидаты болом деген аспиранттар менен изденүүчүлөрдүн саны базар мамилелеринин шартына ылайык жылдан жылга өсүүдө. Алардын көпчүлүгү өзүлөрү акча төлөп окушат. Бирок акаев-бакиевдин заманында пайда болгон коррупциянын калыптанган жана тамырын жайган негизги куралы жана механизми азыркы жаңылануу, алгалоо заманына ар кандай жасалма тоскоолдуктарды жаратууда. Илимде аты-жыты белгисиз адамдар пара берип же жек-жааттык жолдор менен илимий кеңештерде мүчө же жетекчи болушуп, ошол жасалма тоскоолдуктар аркылуу өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө өтө зор зыян алып келишүүдө.
Врачтар менен экономисттер, юристтер менен инженерлердин көптүгү зыян алып келген өлкөнү уккан эмеспиз. Тескерисинче андай адистерди өнүккөн өлкөлөр кош колдоп тосуп алып жакшы жумуш берип, өздөрүнүн экономикасын өнүктүрүүгө пайдаланышат. Илим тутумундагы экономикалык билимсиздик бизди ушуга алып келүүдө.
Илимдин докторлору менен кандидаттарынын аз көп экенине өз алдынча бушайман болуп кейиген кээ бир примитивдүү дилетанттардын пикири менен экономика жаатындагы илимий диссертациялык кеңештердин иши токтотулуп, жарым жылдан бери көптөгөн изденүүчүлөр стресс абалына кептелип калышты. Ал илимий кеңештин мүчөлөрү коомдук башталышта патриот катары республиканын эки негизги жогорку окуу жайында - бири Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика жана финансы институтундагы, экинчиси Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы диссертациялык кеңештерде ийгиликтүү иштеп жаткан. Коомчулуктан, тиешелүү мекемелерден тигил же бул деңгээлдеги сын-пикир болгон жок. Эч кимге зыян келтирген эмес.
Тилекке каршы Бакиевдин командасынын кийлигишүүсү менен ал диссертациялык кеңештердин ордуна экономиканын бардык тармагы үчүн ведомстволук аралык деген ат менен бир кеңеш ачылган. Анын ырынан чыры көп болуп турат. Диссертациялык кеңештер дүйнөлүк практикада деле, мыйзамда деле атайын адистештирилген окуу жайларынын астында ачылат. Анын үстүнө экономика илимдеринин докторлорунун көбү ушул эки окуу жайында иштейт. Ошондуктан экономика боюнча диссертациялык кеңештер ушул эки окуу жайында болушу мыйзам ченемдүү. Ушундай экендигин илим-билим чөйрөсүнө аралашкан, өзүн ушул замандын жарчысымын деген инсандардын бардыгы эле ырастайт.
Азыркы Президенттин алдындагы Кыргыз улуттук аттестациялык комиссиясы эл алдында өз милдетин толук аткара албай бюрократияга батып, илимий наам менен даража берүүдө жасалма тоскоолдуктарды жасоонун устатына айланып калгандыгы өкүнүчтүү.
Кандидаттык наамды коргош үчүн 7 макала, анын бирөө чет өлкөдөн, докторлук наам үчүн 25 макала, анын үчөө чет өлкөдөн жана башка толгон токой тоскоолдуктар изденүүчүлөрдү тирүүлөй кыйнайт, материалдык жактан аябай оор. Мисалы, техникалык экспертиза жана башка тоскоолдуктар даяр диссертациялык иштин коргоо мезгилин 6 айдан бир жылга чейин жөн эле жасалма түрдө созот. Бул процессти Россияныкындай кылып жөнөкөйлөштүрсө болот.
Анын үстүнө өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып иштеп жаткан мурунку эки диссертациялык кеңешти бириктирип эч бир окуу жайына баш ийбеген бир кеңеш ачып коюшту. Бул коррупцияны күчөтүп, илимий иштерди өркүндөтүүгө тоскоол болуп жатат. Ошондуктан илимий даражасын коргоо үчүн изденүүчүлөр азыркы эмгек мигранттарына окшоп чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болууда. Изденүүчүлөрдүн узун кезеги пайда болуп, жасалма коррупциялык механизм түзүлдү. Экономикада либералдаштыруу саясаты жүрүп жатса илимде борборлоштуруу жана бюрократия саясаты күчөп жатат. Айтмакчы, ушул тапта Казакстанда экономика боюнча 11 докторлук кеңеш иштеп жатат. Тажикстанда дагы бир нече докторлук кеңеш бар.
Эгерде окумуштуулук наам менен даражаны жактоочу илимий кеңештерди ар бир чоң адистештирилген окуу жайынын өзүнө берсек анда азыркыдай борбордошкон бир экономика же юридика боюнча диссертациялык кеңеш эмес, кошумча жаңы кеңештер ачылат. Алардын иши мамлекеттик деңгээлдеги көзөмөлдөн чыгып калбоо үчүн Билим жана илим министрлиги тейлеш керек. Улуттук аттестация комиссиясын министрликтин департаменти кылуу бардык жагынан учур талабына жооп берет. Анын үстүнө жакын арада Болон системасына өтүү каралып жатат. Анда ар бир окуу жайынын өзүнүн Пейджи Докторлук кеңештерин ачуу керек. Андай кеңештерди ачуу үчүн дагы жогорку деңгээлдеги, сапаттуу окумуштуулар зарыл.
Дагы кайталайбыз, азыркы илимдин кандидаттары менен докторлору өлкөбүздүн жалпы керектөөсүн толук камсыз кыла албайт.
Биздин оюбузча Кыргыз улуттук университети менен Кыргыз экономикалык университетиндеги мурунку эки илимий кеңешти бириктирмек турсун, аларга бир жагынан көбүрөөк эркиндик жана экинчи жагынан жоопкерчилик жүктөш керек. Республиканын илимге умтулган бардык жарандарына анын ээлеген кызматына, ишине, жашына жана жынысына карабай мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Ошондо кана демократиялык типтеги базар мамилелерине дал келген экономика боюнча илим саясаты ишке ашып жатат деп айтууга болот.
Айтмакчы, чакан республиканын экономикасына шайкеш келбеген, эч кандай продукциясы жок, бюджеттин акчасын ыксыз көп коротуп жаткан илимдер академиясынын түзүмүн кайра карап чыгып, аны Казакстандагыдай коомдук илимдер академиясына айлантса болот. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын институттарын жогорку окуу жайларына бекитип берүү учур талабына, иштин илгерилешине толук жооп берет. Муну менен бир топ илимий жана финансылык маселелерди чечсе болот.
Козголгон маселени демократиянын шарданына салып иликтөө соңунан "волокитасы" жок акыйкат чечилерине ишенебиз.

Сиздерди терең урматтоо менен

Т.К.Камчыбеков,
Кыргыз экономикалык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген ишмери,
А.Сарыбаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Экономика жана финансы институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор








"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o