"Баардыгына бирдей билим берүү үчүн" конкурсуна

Күн баарына тегиз тиет
Өткөн жумада № 21 мектеп-интернатында майыптар күнүнө арналган майрамдык отчеттук концерт болуп өттү. Бул иш-чарага мектептин окуучулары, ата-энелер, мугалимдер жана сырттан келген коноктор катышышты. Албетте мындай иш-чара окуучуларды да, ата-энелерди да толкундатпай койгон жок. Майрамдык концертти даярдоого тикелей катышы бар мугалимдердин жүзүнөн окуучуларынын ийгилигине сыймыктануу көрүнүп турду. Балдардын дирижердун кыймылын карап, анын ишаараты менен бийлеп, айланып жатканы ата-энелеринин суктанып да, ыраазы болуп да көзүнө жаш алганын көрүү түркүн ой-толгоого түртөт.


Дамира Кудайбергенова, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы башкармачылыктын жетекчиси:
- №21 жатак-мектеп угуусу начар жана керең балдардын мектеби. Булар декабр дагы майыптар күнүнө арналган майрамга жакшы отчеттук концерт даярдашыптыр. Бул балдарга мугалимдер да, ата-энелер да, мамлекет да көбүрөөк көңүл бурушу керек. Себеби мугалимдердин иши оор. Ар бир бала менен жекече иштөөнү талап кылат. Мында балага тамга таанытуу, бүгүнкү жашоого аралашып кеткенге көмөктөшүү милдети да бар. Ал эле эмес ырдап-бийлегенди үйрөнүшү абзел. Мунун баары түмөн түйшүктүү жумуш. Мындай жагынан алганда бул коллектив республикадагы эң күчтүү коллектив деп айтаар элем. Эми мындай мектептердин башкы маселесинин бири алар - дефектолог, логопед деген сейрек учураган кесиптерге муктаждыгы.
Бул мекеме биздин Билим берүү министрликтин астындагы мекеме болгондугуна байланыштуу оңдоп-түзөө иштери болобу, же окуу процессине байланыштуу суроолор болобу жардам берип туруудабыз. Себеби бул балдар келечекте ушул эле коомчулукта биз менен аралашып, өзүнүн жолун, тагдырын тандашы, нанын таап кетиши керек. Байкасак булардын бири-бири менен мамилеси да жылуу экен, бири-бирин сыйлап, аяр мамиле кылып турушат. Балдар концерттин жүрүшүндө жакшы жактарын көрсөткөнгө умтулуп жатышты. Окуучулардын коомго жүрөктөрү ачык адамдардан болоору билинип турат.


Эркингүл
Сатыбалдиева,
№ 21 жатак-мектебинин директору:
- Бул майрамга карата өткөрүлүп жаткан көркөм чыгармачылык сынактарга бир ай бою катышып жатабыз. Өткөндө райондун атынан концерт берип келдик эле, кечээ жакында бизге сүйүнүчтүү кабар билгизишти. Бардык номинация боюнча биринчи орунга чыгыптырбыз. "Ийгилик" бий ансамбли да, прикладдык көркөм өнөр боюнча да окуучуларыбыз диплом, грамота, баалуу белектерди алышты. Мына бул күндөрү да кайра даярданып, ата-энелерди, конокторду чакырып концерт тартууладык. Майрамга мугалимдердин, окуучулардын баары катышты.
- Жакынкы арадагы жетишкен кандай ийгиликтериңиз бар?
- Ал жагынан алганда мектебибизге жалпы ремонт жасап, терезелерибизди оңдоп алдык. Каалгаларды алмаштырдык. Эми мектебибиз жылуу, көрктүү. Андан тышкары биз окутуп чыгарган окуучуларыбыздын баары тең техникалык лицейлерге окууга киришти. Бир да бала сыртта калган жок. Бүгүнкү күнү болсо негизги ишибиз - балдарды спортко, эмгекке, адеп-ахлакка, эстетикалык табитин ойготууга тарбиялоо менен алпурушуудабыз. Буюрса ойлогон ойлорумдун баары эле ишке ашып келе жатканына ыраазымын. Мындан ары деле кемчиликтер бар деп отура бербей, жашоо агымынан сыртта калбай иштейбиз. Дагы бир максатым - жатак-мектепте балдар жөн эле орто билим албастан, кесип да алып чыгышса жакшы болоор эле. Мектептен аттестат гана албастан кесиптик сертификат алып чыгышса, булардын келечегине ишеничибиз дагы да бекемделмек. Азыр биз ошол эле максатта лицейлерге жайгаштырып жатпайбызбы. Ал эми кесип бергенибизде бала мектептин көнүмүш дубалдарынан эле убакытын коротуп отурбай кесибин ала бермек да, нанын тезирээк таап, бутуна да тезирээк туруп кетмек. Мисалга алганда кыздарга кийим тигүүчүнүн, эркек балдарга жыгач устанын, слесардын кесибин берсек ылайыктуу болмок эле. Буга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Дагы бир түйшүгүбүз - мектепте мончобуз жок. Мен азыр ушул маселени чечүү боюнча ой калчап жатам. Буюрса бул да чечилип калаар.
- Жаш мугалимдер, тарбиячылар келип жатышабы?
- Жок. Бул жагынан кадр маселеси оорураак. Себеби маянабыз аз экени баарына белгилүү эмеспи. Бүгүнкү жашоонун талабы башка. Ошондой эле бизде жашап-окуган аялуу балдарга бөтөнчө мамиле кылуу керек. Ар бир баланын өзгөчөлүгүн эске алуу абзел. Буга чыдамкайлык, ишине берилгендик касиеттери талап кылынат. Бизге тарбиялоонун заманбап амалдарын билген таланттуу педагогдор келишсе жакшы болмок.
- Сиздердин окуу жайына демөөрчүлүк кылгандар да бардыр?
- Ооба. Көргөн жакшылыкка, алган жардамга ыраазычылык билгизип коюу адамдык парз. Демөөрчүлөргө токтоло кетсем жакшы болот. Германиялык Эрвин Шутте деген демөөрчүбүз ремонттук иштерге жардам берип кетти. Кыздардын тигүүчү бөлмөсүн жабдып берди. Эми эркек балдар иштей турган устакананы: столярдык жана слесардык жабдыктар менен жабдууну ойлонуштуруп жатат. Эрвин боорукер, ак пейил адам экен.
Экинчи демөөрчүбүз жөнүндө сөз кылсак, ал америкалык Дженис Кембс 72 жаштагы аял. Дженис кулакты диагноздоо боюнча жакшы адис. Өткөн жылы келип, өзүнүн аппараты менен 50 баланын кулагын текшерип кеткен. Бул окуу жылынын башында ошол текшерүүдөн өткөрүп кеткен окуучуларыбызга 50 уктуруучу аппарат алып келип берди. Андай аппараттардын бир даанасы 300 доллардан турат. Биздин окуучулар жөнүндө кам көрүү Дженистин көп убактын алса да ал чын ниети менен колунан келген жардамын берип келүүдө. Анын аракетин баалаган балдарыбыз келээрин абдан күтүп, сүйүнүч менен тосуп алышууда.
Ал эми өкмөтүбүздөн да ушул жылга 48064 сом каралган эле. Ошол акчаларды бөлүштүрө келгенде ар бир окуучуга күнүнө 133 сомдон тиет. Майрам сайын "Куликовский торт" деген ишкана да балдарга торт алып келип калат.

Лариса Санталова, орус тили жана адабияты мугалими:
- Мектебибизде эки спорттук: футбол жана баскетбол секциялары бар, ийримдерден:"Чоң эненин сандыгынан", "Ууз колдор", шуру менен иштөө ийрими бар. Кыздар ал жерден колунан жасаган жасалгалар менен бийге кийчү кийимдерин шөкөттөшөт. "Ийгилик" бий ансамблибиз жакшы иштейт. Ал эми шуру менен иштөөдө Наталья Дегтярик деген мугалимибиз табактарды, кийимдерди, уруна турган буюмдарды жасалгалоону үйрөтүүдө. Кандай жаңы материалдар, буюмдар чыкса ошого ыңгайын келтирип бир нерсе тигип, токуп же сүрөт тартып көркүнө чыгарышат. Шурудан галстуктарды жасашып жатышат. Жада калса балмуздактын кашыктарынан үй кынапташат. Ленталарга атайын гүлдөрдү жасашууда. Жүрөкчөлөрдү жасаганды жакшы көрүшөт. Алар жасаган буюмдарын күркөлөргө тапшырып, сатканга аракет кылышууда.

Валентина Безвинная,
география, мекен таануу сабагынын мугалими:
- Бул мектепте мен 35 жыл бою иштеп жатам. Менин балам да ушул мектепте окуп, азыр эл катарында иштеп жатат. Ошондуктан аялуу балдардын жан дүйнөсүн да, алардын ата-энесинин түйшүгүн да жакшы түшүнөм. Биздин мектеп балдардын социалдашуусуна көңүлүн кунт койгондугу менен жакшы дээр элем. Анткени менин балам бул жерде окуп бүтүп, азыр иштеп жүрөт. Мунун баары биздин педагогикалык коллективге байланыштуу. Мен да өз салымымды кошуп балдардын сөздүк корун кеңейткенге көңүл буруп турам. Балдардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү жагын улам кеңитип турганга аракеттенем. Алардын эли-жери алдында укук-милдеттери бар экендигин, коомго керектигин сездиргенге аракеттенем.

Кенен, таза бөлмөлөр, класстар, уктоочу жайларын аралап жүрдүк. Класстардан окуучулардын бейкапар күлкүсү чыгып жатты. Кол жаңсоолору, көз караштары менен бир толкундоосун билгизип, дене тили менен сүйүнүп, таңыркап, убайым тарткан кыз-балдар алдымда турушат. Биз эртең буларды кантип күтүп алабыз? Дүйнөнү кулагы менен эмес, сезими, көзү, жүрөгү менен кабыл алып жашаган жарандарыбызга бул дүйнөдө жашоо ыңгайлуу болсо экен...

"Чыке, Сизди сагындык!.."

Декабарь айы Кыргыз элинин улуу жазуучусу, залкар инсаны Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган эскерүү кечелерине, илимий-конференцияга бай болууда. Мына ошондой иш-чара Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратынын чоң азем залында болуп өттү.
Илимий-чыгармачылык кечени Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин деканы Абдыганы Халилов ачып, сөздү Университеттин ректору, профессор Аалыбек Акуновго берди. Ректор Чынгыз Төрөкуловичтин чыгармачылыгына, анын адамдык, атуулдук сапат-касиеттерине токтолуп, ошондой эле бүгүнкү күндүн жаштарын улуу жазуучунун жолун жолдошун, накыл кебин, мурастарын өздөштүрүүсүн, билим алууда болобу, жашоодо болобу, ак пейил, чынчыл болуусун айта кетти.
Жазуучу Кеңеш Жусупов, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаева, драматург Мырзабек Тойбаевдердин Айтматов жөнүндө эскерүүсүндө студенттерге, угармандарга жазуучунун өзү, чыгармалары менен жолугушуулары, чыгармаларынын алардын өмүрүнө таасири жана кыргыз элинде эле эмес, дүйнө жүзүндө, адабиятында, философиясында, кино тармагында орду, берген таасири жөнүндө ойлорун ортого бөлүштү. Ошондой эле кечеде окуу жайдын студенттери жазуучунун: "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндүнү аткарып беришти. Ал эми КУУнун журналистика факультетинин профессору, жазуучу, журналист Абдиламит Матисаков Ч.Айтматовдун публицистикасына кайрылып жатып жазуучунун Кыргызстанда жарыяланган макалаларынын кайра СССРдин деңгээлиндеги басылмаларда кайра басылганын, жазуучунун өрнөктүү өмүрүнүн урунттуу жерлерине токтолуп кетти. Орошон жазуучунун чыгармаларын окуган университеттин таланттуу жаштары калеминен жаралган ырларын окуп беришип, кеченин чыгармачылык маанайда өтүшүнө өз сүртүмдөрүн кошушту.

Английский станет доступным

В библиотеке им. Баялинова 3 декабря, прошло торжественное мероприятие, посвященное началу второго этапа программы поддержки английского языка "English Access Microscholarship Program" (ACCESS).
Эта программа проводится Посольством США в КР и Ассоциацией учителей английского языка "Форум". В рамках программы на конкурсной основе были отобраны двадцать пять учителей английского языка, для которых был проведен тренинг Ассоциацией "Форум" с 1 по 3 декабря этого года. А на нынешнем мероприятии эти учителя получили сертификаты от Посольства. Их также поздравили Пресс - Атташе Посольства США в КР - Кристиан Райт и президент Ассоциации учителей английского языка "Форум" - Гульнара Акунова.
Цель программы состоит в том, чтобы предоставить ученикам 14-16 лет из социально-необеспеченных семей, возможность изучать английский язык с опытными и специально подготовленными преподавателями в течение 2010-2012 учебных годов. В программе участвуют 240 детей, отобранных по результатам проведенных собеседований и анкетирования.
Осуществляться программа будет в Иссыкульской, Нарынской, Баткенской, Чуйской, Ошской, Таласской и Жалал-Абадских областях на базе Американского уголка в городах Каракол, Кант и Джалал-Абад, Американского центра в г. Нарын, Баткен и Талас, также на базе центра Американистики в г. Ош и TOEFL центра Токмок в г. Токмок.

Б. Токоева


Ишенкуль Болжурова подарила книги из личной библиотеки Чон-Арыкской средней школе

Экс-министр образования и науки Ишенкуль Болжурова передала книги из своей личной библиотеки Чон-Арыкской средней школе. Этот дар был осуществлен в поддержку инициативы Президента Кыргызской Республики Розы Отунбаевой о передаче книг школьным библиотекам.
Переданные книги из личной библиотеки Ишенкуль Болжуровой - это самая разнообразная по своему содержанию литература: художественная литература, учебно-методические пособия, научная и педагогическая литература. Всего в школьную библиотеку Чон-Арыкской средней школы передано более 200 наименований книг.

Соб.инф.