presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Интеллектуалдык менчик жөнүндө кеңири

АЛТЫН ДАН ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ ШУУДУРАЙТ?

Дыйкан үчүн өсүмдүктөрдүн түшүмдүү сорттору канчалык чоң мааниге ээ экендиги жөнүндө анчейин деле айтылбайт. Эл оозунда айтылып жүргөн: "Эмнени эксең ошону аласың" деген сөздүн дыйкан үчүн түз мааниси бар. Кургакчылыкка жана башка аба ырайынын кубулмаларына чыдамдуу элиталык үрөндүү болууга жетишүү - демек, өзүңдү түшүм менен камсыз кылганың, жакшы киреше алганың. Муну менен бакытка чөмүлгөн фермер селекциячы өзүнүн бул сортун алууга тажрыйба талаасында жылдар бою өсүмдүктү багуу менен, кырсык артынан кырсыкты башынан өткөрүп, тоо-тоо болгон китептерди барактап отуруп кандай гана күч-аракеттерин жумшагандыгы жөнүндө ойлонгон учуру аз. Ал өзүнүн көп жылдык машакаттуу эмгеги үчүн кандай сый акы алат?
Келечегинде дүйнөгө таанылган генетик-селекциячы Иван Мичурин дайыма жакырчылыкта жашагандыгы маалым. Ал кийинчерээк өзүнүн атактуу жемиш бактарынын сортторун өстүрүп чыгарган жер үлүшүн алууга акча чогултуу үчүн бир нече жыл күнү-түнү талбай эмгектенген. Окумуштуунун жакырчылыктагы жашоо абалын билген анын америкалык кесиптештери Мичуринге өзүнүн атактуу гибриддеринин коллекциясын сатуусун сунуш кылышкан. Бирок илимге өмүрүн арнап койгон бул адам мындай сунушту четке каккан.
Жылдардын өтүшү менен, эл аралык укуктук практикада, анын натыйжасында агрардык сектордо жана мал чарбачылыгында автордук сый акы - роялти төлөп берүү түрүндө селекциялык жетишкендиктерди өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун түзүүчүлөр үчүн киреше табуунун олуттуу булагы болуп кала турган селекциячылардын эмгегинин натыйжасын коргоо системасы пайда болду.
Эл аралык практикада жана биздин өлкөдө селекциялык жетишкендиктерди коргоо иши кандай абалда экендиги жөнүндө Кыргызпатенттин Селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер секторунун башчысы Токтогул Бариевич АЗЫКОВ айтып берет.


"Тибет карлиги" жана башкалар

Бүгүнкү күндө айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүдө адамдарды азык-түлүк продуктылары менен камсыз кылуу үчүн, муну менен курчап турган чөйрөгө зыян келтирбестен, айыл чарба продуктыларынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуунун эң башкы шарты болуп эсептелген жаңы сортту, гибридди алуу улам барган сайын чоң мааниге ээ болууда.
Селекциялык иштин натыйжалуулугунун ачык мисалы катарында эл аралык СИМИТ борборунда (Мексика) 1970-жылдагы дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын ээси, селекциячы Норман Э.Борлауг тарабынан жаратылган буудайдын сортун атоого болот. Бул сортторду бүтүндөй дүйнө боюнча өздөштүрүү буудайдын түшүмдүүлүгүн кыска убакыт аралыгында 5-6 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Эгерде өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн продукцияларынын 1950-жылдагы жана 1998-жылдагы дүйнөлүк өндүрүлүшүн салыштыра турган болсок, анда мурдагы түшүмдүүлүктө мындай өсүштү камсыз кылуу үчүн азыркыдай 600 млн. га эмес андан үч эсе көп үрөн себүүгө туура келмек. Анын ортосунда, бул кошумча 1,2 млрд. айдоо аянттарын издөө өзгөчө калктын жыштыгы өтө жогору келген Азия өлкөлөрүндө иш жүзүндө мүмкүн эмес болмок.
Дагы бир мисал - Краснодар айыл чарба ИИИсинде академик Павел Лукьяненко тарабынан дүйнөлүк селекциянын шедеври - "Кылкансыз1" күздүк буудайынын сортунун жаралышы. Бул сорт мурдагы Советтер Союзунда 5 млн. гектардан ашуун аянтты ээлеген жана азыр дагы кеңири пайдаланылат, бул деген анын ийилгичтиги жана селекциялык иштин жогорку сапаты жөнүндө айтып турат.
Кыргызстандын селекциячылары тарабынан кайчылаштырууда жогорку түшүмдүүлүккө, жогорку сапаттагы данга жана ийилгичтикке ээ болгон узартылган буудай башты, "Тибет карлиги" жана "Кылкансыз 1" буудайларын жана башка сортторду пайдалануу менен буудайдын сейрек кездешүүчү сорттору жаратылды. Азыркы кезде бул сорттор республикадагы буудай айдоонун жарымынан көбүн ээлейт. Ошондой эле буудайдын күздүк формаларынын кургакчылыкка чыдамдуу сорттору, жана азыр чет өлкөлүк адистердин жана тоют өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратып жаткан беденин жана эспарцеттин продуктивдүү сорттору өндүрүлдү.


Селекциячыга ызат-сый аздык кылат


Сортту жаратуу боюнча селекциялык иш 15-20 жылдан ашуун убакытты ээлейт. Анын үстүнө бул микроскоп менен лабораторияда иштөө гана эмес, каалаган линияларды тандоодон, себүүдөн баштап түшүм жыйноого чейинки талаа шарттарындагы оор жумуш андан кийин - лабораторияда жана цехте үрөндөрдү тазалашат жана кийинки себүүгө даярдашат. Ал эми селекциячы сорттун туруктуулугуна жана базар талабына ылайыктуулугуна ишенгенден кийин үрөндүн суперэлитасын алуу үчүн дагы беш жыл жумшоо зарыл. Бул ошондой эле талаа жана лаборатория жумуштарына, селекциячылардын, лаборанттардын, талаа жумушчуларынын, механизаторлордун эмгек акысын төлөп берүүгө кеткен чыгымдар.
Ошол эле учурда өсүмдүк- төрдүн жаңы сортторун аларды жаратуучуларды айланып өтүү менен лабораторияда жана фермердик талаада оңой эле көбөйтүүгө, ал эми андан кийин базарда сатып жиберүүгө болот. Андай учурда бүтүндөй пайда өндүрүүчүгө түшөт, ал эми селекциячынын көп жылдар ичиндеги интеллектуалдык эмгеги төлөөсүз калат. Ошондуктан Европанын, АКШнын, Канаданын, Япониянын башка өлкөлөрдүн селекциячыларынын жана агрофирмаларынын, фермерлер ассоциацияларынын жана өкмөттүк уюмдарынын көптөгөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин, алардын ортосунда кандайдыр бир жолдор менен селекциячы-өсүмдүк өстүрүүчүнүн укуктарын коргоо жана эл аралык базарда үрөндөрдүн цивилизациялуу сатылышы үчүн шарттарды түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилген.
1961-жылдын 2-декабрында Парижде болуп өткөн Дипломатиялык конференцияда алар тарабынан эл аралык деңгээлде жаратылган сортко карата селекциячынын укуктарын коргоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошентип, селекциялык жетишкендиктер (үрөн, өсүмдүктөрдүн сортторунун отургузулуучу материалы) ойлоп табуулар, товардык белгилер же адабият жана искусство чыгармаларына автордук укук сыяктуу жалпы кабыл алынган интеллектуалдык менчик объектилеринин катарында эл аралык мыйзамдар менен корголууга тийиш. Ушуга байланыштуу Женевадагы штаб-квартира менен Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык союз (UPOV) түзүлгөн. Союз тарабынан ушул эл аралык уюмга кошулууну каалаган өлкөлөр үчүн моделдик мыйзам иштелип чыккан. Бул жерде коргоп берүүдө жана аны андан ары пайдаланууда Союздун бардык мүчөлөрү сактоого тийиш болгон, жаңы сортту укуктук коргоонун бирдиктүү шарттары белгиленген.
Кыргыз Республикасы 1991-жылы UPOV Конвенциясына кол коюу менен 2000-жылы Союзга мүчө болуп кирген. Азыркы кезде Союздун мүчөлөрү болуп 60тан ашуун өлкөлөр эсептелишет. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен - Россия Федерациясы, Украина, Молдова, Беларусь, Өзбекстан, Азербайжан бар. Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан өлкөлөрү UPOVго кирүү үчүн документтерин даярдашууда жана Союздун Кеңешинин чечимин күтүп жатышат.
Конвенцияга ылайык Союздун жаңы мүчөлөрү 15тен кем эмес өсүмдүктөрдүн тукумдарын жана түрлөрүн, ал эми 10 жыл өткөндөн кийин бардык тукумдарды жана түрлөрдү коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди алууга тийиш. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору республиканын министрликтеринде жана ведомстволорунда талкуудан өтүүдө.
Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун укуктук коргоо боюнча Кыргызпатент иш алып барат. Селекциячылардын укуктарын коргоо боюнча мыйзам жана ченемдик актылар иштелип чыкты. "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамга ылайык Кыргызпатент селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат, укуктук коргоого селекциячылардын арыздарын кабыл алат, алдын ала эксперттөөнү жүргүзөт, "Интеллектуалдык менчик" расмий бюллетенде берилген өтүнмө жана патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялайт, корголуучу селекциялык жетишкендиктерди Мамлекеттик реестрде каттайт. Андан тышкары Кыргызпатент жыл сайын UPOV Союзуна келип түшкөн өтүнмөлөр жана берилген патенттер жөнүндө маалымат берип турат.


Патент кандайча иштейт?

Мыйзамга ылайык сортко берилген патент түрүндө укуктук коргоо берилген сорт жаңы, башка сорттордон айырмалуу жана андан кийинки муундарда өстүрүүдө бир түрдүү жана чыдамдуу, ошондой эле эрежелерге ылайык сорттук аталышка ээ болууга тийиш.
Патент ээсинин укугу (бул селекциячы, же анын жумуш берүүчүсү, же укук мураскери болушу мүмкүн) жаңы сорттогу үрөндү өндүрүүгө, аны кайра өндүрүүгө, сатууга сунуш кылууга, сатууга жана сатуунун башка түрлөрүнө, экспортко жана импортко жайылтылат. Муну менен башка дагы жагдайлар бар: патент ээсинин укуктары бузулган жок деп эсептелет, эгерде аракеттер жеке жана коммерциялык максаттарда жана башка сортторду түзүү үчүн эксперименттик максаттарда башка адам тарабынан ишке ашса.
Укук ээсинин анын сортун өндүрүүгө жана сатууга карата укугу пайдалануучу менен уруксаттама (лицензиялык) келишим түзүү аркылуу өткөрүлүп берилет. Уруксаттама келишимде үрөндү өстүрүүнүн көлөмү, уруксат алган укуктуу адам өстүрүүгө укуктуу болгон өлкөдөгү аймак, келишимде сүйлөшүлгөн роялтинин (селекциячыга автордук сый акынын) пайызы, роялтини төлөп берүү мөөнөттөрү ж.б. көрсөтүлөт. Келишим Кыргызпатентте катталат. Уруксаттама (лицензиялык) келишимсиз ушул сортко укук өткөрүлүп берилген үрөн чарбасы же фермер (лицензиярлар) Кыргыз Республикасынын "Үрөндөр жөнүндө" Мыйзамына ылайык андан ары үрөндүн сапатынын сертификатын ала алышпайт. Ошондой эле фермер же үрөн чарбасы, агрофирма коргоодо турган сорттун үрөнүн экспортко чыгара же алып кире алышпайт, себеби интеллектуалдык менчикти камтыган товарларга бөгөт коюу боюнча бажы чараларына ылайык мындай уруксатсыз үрөндөр бажы өткөөлдөрүндө кармалышат.
Бизде селекция менен илимий-изилдөө институттары, Улуттук агрардык университет иш алып барат, бирок селекция боюнча өз алдынча жаңы сортторду түзүүчү жеке селекциячылар дагы иш алып барышат.
Биринчи учурда патент ээси болуп, сортту түзүүгө селекциячы менен администрациясы келишим түзгөн ИИИ эсептелет. Келишимде сорттун авторуна пайдалануучудан келип түшүүчү роялтинин пайызы айтылат. Эгерде селекциячы башка ишке өтүп кетсе, мындай учурда, сорт коргоодо турган мезгил ичинде ага ошондой эле айтылган роялтинин пайызы төлөнүп турат. Өсүмдүктөрдүн сортторун коргоонун мөөнөтү 20 жылды түзөт, мөмө-жемиштер жана жүзүм үчүн 25 жыл. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин сорт жалпы коомдук пайдаланууга өтөт.
Азыркы дүйнөдө роялти төлөп берүүнүн ар түрдүү системалары бар. Ошентип айрым өлкөлөрдө роялтинин пайызы үрөндүн наркына киргизилген, башка бир агрофирмаларда же селекциячылардын Ассоциацияларында сатылган үрөндөрдөн роялти төлөнүп берилет, же селекциячы ушул чөйрөдө иштеген жана үрөндү пайдалануучулардан роялти чогултуу боюнча иш алып барган юридикалык компания менен келишим түзөт.
Кыргыз Республикасында мыйзам тарабынан патент ээсинин селекциялык ишти кайра өндүрүү үчүн роялти - сый акы алуусу үчүн жана сортту жараткандыгы үчүн селекциячыга төлөп берүүсү үчүн шарттар түзүлгөн. Бирок, финансылык кыйын абалда турган ИИИлер селекцияны өнүктүрүү, жаш окумуштууларды тартуу үчүн бюджеттен тышкаркы кошумча каражаттарды алуу мүмкүндүгүнө ээ эмес. ИИИлер өзүнүн жаңы сортторун мыйзам менен коргоого шашылышпайт. Ал эми патент менен корголгон сорттор мыйзамда жазылып тургандай, пайдалануучуларга өткөрүлүп берилбейт.
Мисалга алсак, СИМИТ эл аралык борбору селекцияга жана өзүлөрүнүн сортторунун үрөнчүлүгүнө жүз миллиондогон АКШ долларларын салуу менен андан кийин АКШнын миллиарддаган долларларын алышат. Краснодар ИИИси жыл сайын өлкөдөгү институт келишим түзгөн патент менен корголгон сорттордун фирмаларынан роялти түрүндө эле 1,5 млн жана андан көп рублдерди алат.


Селекциядан - азык-түлүк коопсуздугуна карай

Кээ бир адистер үрөндү чет өлкөдөн сатып алууга мүмкүн болгондон кийин ИИИни кармоого мындай акчаларды коротуунун зарылдыгы жок деп айтышат. Бирок кандайдыр бир себептер менен (анын ичинде саясий дагы) үрөндөргө жетүү мүмкүн болбой калуу же биздин фермерлер үчүн рентабелдүүлүгү жок болуп калуу коркунучу бар, ал эми бул болсо - биздин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн чыныгы коркунуч.
Кыргызпатент ИИИнин селекциячыларына, Айыл чарба министрлигинин адистерине дайыма усулдук жардам көрсөтүп келет, дарс окуй тургандарды - UPOV Эл аралык Союзунун мүчө өлкөлөрүнөн адистерди чакыруу менен тегерек столдорду уюштуруп, улуттук семинарларды өткөрүп турат.
Биз селекциялык жетишкендиктердин цивилизациялуу базарына канчалык тезирээк өтсөк, ата мекендик үрөнчүлүк, ал эми аны менен кошо агрардык секторубуз ошончолук тез жана натыйжалуу өнүгө баштайт. Ал эми ата мекендик селекциячылар өз эмгеги үчүн калыс сый акыларды алып баштаса, анда акырындык менен үрөнчүлүктү маанилүү мамлекеттик колдоо зарылдыгы өзүнөн өзү жоюлуп кетмек, анын үстүнө бул максаттарга республикалык бюджетте акча жок болуп келген жана азыр деле жок эмеспи.


Даярдаган М.Токторов







"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o