presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Мектепке кош келиңиздер" сынагына

Иса Өмүркулов Бишкек шаарындагы №40 орто мектепте 11-класста окуйт. Ал болгону 15 жашта. Окууну мыкты өздөштүргөнү үчүн, 9-класстан кийин эле 11-класска олтурду. Ал биринчи кезекке окууну коюп, анан гана ыр дүйнөсүнө аралашат. Жакында Япония мамлекетине барып, өзүнүн патриоттук ырларын ырдап, япондордун купулуна толуп, көптөгөн чакырууларды алды.

Кыргыздын Лучано Павароттиси - Иса Өмүркулов
Окуу, окуу жана окуу

Исанын айтымында, ал эч убакта сабакты калтырбайт. Анткени билимсиз келечек жок экенин жакшы түшүнөт. Канча кеч жатса да эртең менен сөзсүз биринчи сабакка келет. Айрым учурда сабакта уктап кеткен күндөрү да болот. Бирок жаш ырчыны мугалимдер түшүнүү менен карашат.
- Мен сабактан келип эле келээрки күнгө берилген үй тапшырмаларды аткарам. Андан соң гана чакырылган тойлорго же кандайдыр бир иш-чараларга ырдап бергени барам, - дейт Иса. - Айрым учурларда түнкү саат он эки же бирлерде келем. Бирок эртең менен сөзсүз кечикпей сабакка барам. Анткени быйыл мен бүтүрүүчүмүн. Ошондуктан кандай гана учур болбосун мен биринчи кезекте мектепти мыкты аяктап, анан келечекте экономист же юрист болсом деген тилегим бар. Өмүр бою ырчы боло албайм да.
Иса Өмүркулов тарых, биология, география сабактарын абдан жакшы көрөт. Өзгөчө чет өлкөлөргө чыкканда кыргыз тарыхын, маданиятын, жашаган жеринин кооздугун айткандан тажабайт. Бирок канча кооз мамлекеттерге барбасын, Кыргызстанга бир да мамлекет жетпегенин дайыма белгилеп келет. Ал чыныгы кыргыз элинин уулу экенин өзүнүн ырлары менен тастыктайт. Бул үлгүлүү окуучу фортепьянодо ойнойт. Учурда музыка жазып жатат. Үйүнө чакан студия да ачып алган.
Исанын жаштайынан белгилүү ырчы болуп калганы анын адамгерчилик сапатына терс таасирин тийгизген жок. Кичинекей кезинде кандай жөнөкөй бала болсо, азыр деле ошондой. "Мен жылдызмын" деп текеберленбейт, же "мен мыкты окуучумун" деп акылдуусунбайт. Бул жакшы сапаттарга энеси Лира Жаналиева тарбиялап келет.


Япониядан алган таасирлери

Иса жакында Кавасаки шаарындагы "Эл аралык маданий кызматташтык жарандык кеңешинин уюмунун" чакыруусу менен "Шаттык" элдик үлгүлүү бий ансамбли менен Япония мамлекетине барып келди. Анын айтымында, япондор өтө эле таза келишет. Өзгөчө мектебинин тазалыгы, окуучулардын бири-бирине болгон мамилеси, катуу сүйлөбөгөндөрү, текеберленбегени ж.б.у.с. бир топ жакшы сапаттары абдан таасир калтырган.
- Биздин мектептерде деле ушундай мамиле болсо. Мектепте семичке чагышпайт экен. Мугалимдери окуучуларынан жаш көрүнүшөт. Алардын көпчүлүгү эркек педагогдор экен. Көрсө, Японияда аялзаты көбүнчө үйдө олтуруп, балдарынын таалим-тарбиясы менен алектенишет экен. - дейт жаш ырчы. - Мага жакканы окуучулар башына "Мен эч нерседен коркпоймун" деген камикадзе тагынып алышат экен. Бул деген экзаменге киргенде да кандайдыр бир өзүнө ишеним пайда болуп, билген билимин мугалимге коркпой-үркпөй айтып берет. Анан дагы бул позитивдүү аффирмация сөзсүз түрдө жашоодо чоң ролду ойнойт. Мен дагы сатып алдым.


"Балам жети жашынан баштап
бизди бакты"

- Исаны мен 1995-жылы төрөдүм. Ошол төрөт үйүнөн чыгаарда биздин гана палатага гуманитардык жардам берилип калды. Ишенесизби, мен Иса менен төрөт үйүнөн чыкканда 5 кг. шекер, 5 кг. күрүч, 5 кг. май, 5 кг. ун, 5 кг. буурчак, бир сөз менен айтканда толгон-токой азык-түлүк менен чыкканмын. Бул балам ырыскылуу. Анан дагы "5" деген сан өзү эле жакшы төлгө эмеспи. Кудайым бекеринен өнөр бербесе керек. Анан атын коердо, ошол кездеги муфтий Кимсанбай ажы: "Бул балага пайгамбардын атын коюш керек" деп мага бир китепти берди. Карасам көп эле ат бар экен, бирок мага Иса жаккан.
"Карга да баласын аппагым" дейт дегендей, Иса башка балдарыман өзгөчө. Мага жакын, боорукер, кандай гана тапшырма бербейин так аткарат. Кичинекей кезинен эле түйшүк тартты. Бир жарым жашынан баштап ырдачу. Мен көп көңүл бөлчү эмесмин. "Великий двор" тобунда иштеп жүргөн кошуна бала Исаны ээрчитип кетип, элдердин арасында ырдатчу экен. Бир күнү жоготуп жиберип, ошол жерден таап келгем. Ошондон кийин гана борбор калаадагы №4 музыкалык мектепке фортепьяно бөлүмүнө киргизип койдум. Музыкалык мектепте да жакшы окуду. Кийин "Ачык көңүл балдарбыз", "Волшебная страна" деген сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетишти. Андан соң, чоң иш-чараларга чакырыла баштады. Мисалы, "Жылдын адамы" сынагына чакырылып, Ф.Шуберттин Аве Мариясын ырдап чыкты. Ал жерде мен мыктымын деген белгилүү ырчылардын баары болду. Ошол "Хаят" мейманканасында өткөн иш-чарада залкар жазуучу, ыраматылык Чыңгыз Айтматов да сыйлык алган. Ал кетип баратканда, коридордо турган Исанын чекесинен өөп, келечекте кыргыз элинин Лучано Павароттиси болот деп батасын берген.
Исанын мектепте жакшы окуганына Екатерина Ивановна деген репетиторунун ролу чоң. Ал киши алган 1500 сомун актап, Иса мектептен келгенден баштап эле сабакка үңүлтүп, керээли кечке окутчу эле. Албетте, музыкага да ошол сабакка даярдаган мугалими алып барчу. Ал кезде мен иштечүмүн. Исанын белгилүү болушуна таенесинин да салымы бар. Апам укук коргоо органында көп жыл иштегендиктен, темирдей тартипти биринчи кезекте талап кылчу. Ушул эки тажрыйбалуу улуу адамдардын колунан Иса мыкты таалим-тарбия алды. Ошондуктан коомчулукта өзүн алып жүргөндү билет. Өтө сабырдуу, ыймандуу бала болуп өстү. Ушул калыбынан жазбаса экен деп тилеймин.
Эң башкысы, ал кичинекей кезинен эле үй-бүлөнү бакты. Мен иштебей калгандан баштап, ар кандай тойлорго, иш-чараларга катышып, Кудай таалам берген өнөрү менен каражат таба баштады. Баарыбыз Исанын көзүн карачубуз. Акыркы эки жыл ырдабай калганда, кадимкидей кыйналдык. Эми Кудайга шүгүр, улуу балдарым иштеп калышты. Анан дагы Иса кайрадан ырдап, сахнаны багындыра баштады. Мына Кыргызстанда өткөн чоң кампанияга катышып (шайлоого), беш миң доллар тапты. Ага өзүнө автоунаа сатып алып, айдап жүрөт. Балам эмгектенгенден дегеле тажабайт. Менимче, ушунун баарысы мектептен туура билим алып, үйдөн туура тарбия алганга байланыштуу болсо керек, - деди сыймыктануу менен апасы Лира.


Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"







"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o