presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Мээнет - дөөлөт

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, академик Бектемир Мурзубраимов 70 жашта
Мугалим коомдун тиреги, мамлекеттин жүзү
Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, академик Бектемир Мурзубраимов эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштап, узак жылдар бою мугалимдерди сапаттуу даярдаган Ош мамлекеттик пединститутунда (ОшМУда) мугалимдик кесипте жана жетекчи кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңеште 15 жылга жакын мөөнөттө депутат болгон мезгилде билим берүү тармагын тейлеп-тескеп, Кыргызстандын дээрлик бардык областтарында мектептердеги абал, мугалимдерге жасалып жаткан мамиле боюнча көчмө жыйындарды, Жогорку Кеңеште болсо парламенттик угууларды байма-бай уюштурган. Бүгүн мугалимдердин күйөрманы Бектемир Мурзубраимов 70 жашка чыгып олтурат. Ушул окуяга байланыштуу агайды кепке тарттык.


- Урматтуу Бектемир Мурзубраимович, кебибизди мугалимдин коомдук орду, кадыр - баркы жөнүндө баштасакпы деп турам. Себеби, кийинки 20 жылдыкта бул кесиптин кадыры болуп көрбөгөндөй түшүп кетти.
- Туура айтасыз. Мугалимге жасаган мамилесине карай тигил же бул коомго, тигил же бул мамлекетке так мүнөздөмө берүүгө болот. Анткени, мугалимге, анын жашоо-турмушуна кам көрүү - бул түпкүлүгүндө алар окутуп, тарбиялап жаткан миңдеген наристелерге кам көрүү болуп саналат деп түшүнүү абзел. Мына ошол мугалимдин сөзүн эң акыркы чындык катары сезип, кызыгып угуп жаткан бүгүнкү жаш муундар эртең эле заманыбыздын белдүү адамдары болуп чыга келет. Улуу педагог Макаренко: "Балдарды туура тарбияласак, бактылуу карылыгыбыз, туура эмес тарбия берсек, арылбас арманыбыз, тыйылбас көз жашыбыз", - деп эң таамай белгилеген.
Жарык дүйнөгө келген ар бир жан бактылуу болгусу келет. Ал эми бакытты ар ким ар кандай түшүнөт, кабылдайт. Бирок, көпчүлүгүбүз бакытты материалдык жактан жакшы камсыз болгон жетиштүү жашоо менен байланыштырабыз. Бардар жашоо үчүн жакшы кесиптин ээси болушубуз керек. Жакшы кесип бул маянасы көп, эл арасында кадыр-барк күтүүгө мүмкүндүк берген кесип экенин эч ким танбайт. Мына ушул чен өлчөмдү көзгө тутуп, жаштар тигил же бул кесипти тандашат.
- Ушул позициядан алганда коомчулукта мугалимдик кесипке болгон мамиле кескин өзгөрдү. Буга сиздин пикириңиз кандай?
- Азыркы жаштар юриспруденцияга, салык, бажы, бизнес-менеджментке, чет тилдерин үйрөнүүгө өзгөчө бой урууда. Мугалимдик кесипке кызыккандар аз. Мугалимчилик экинчи, үчүнчү сорттогу кесиптердин бирине айланып калды. Таланттуу, билимдүү балдар-кыздарыбыз бул кесиптен жаа бою качышууда.
Эмне үчүн андай? Чындыгында мугалимчиликке өтө жөндөмдүү, зээндүү, өтө билимдүү улан-кыздар келиши зарыл да. Анткени ата-энелер мугалимдерге өздөрүнүн тукумун улантуучу көздөй мураскорлорун ишенип тапшырса, мамлекет мугалимдерге өзүнүн келечектеги ээлерин, жаңы заманды куруучу жаңы муунду ишенип тапшырат го. Анткени, мугалим - бул устат, бул - жол көрсөтүүчү, бул - даанышман. Улуу педагог Я.А.Коменский "Күн астында мугалимдиктен башка кесип жок" деп айткандай, бул кесипке эч кандай кесип тең келе албай тургандыгы күмөнсүз чындык, бирок бардык эле пенденин колунан мугалим болуу келе бербесин билүү керек.
Биз чындыкты моюнга алышыбыз керек, мыкты, чыгармачыл мугалимдер мектептерден кетип жатышат. Булар өз кесиптеринен тажагандыктан, сүйбөгөндүктөн кетип жатышкан жок, көр тиричиликтин айынан сүйүктүү кесиптерин таштоого мажбур болушууда. Анткени, мугалимдик кесип урматталбай жана жакшы бааланбай калды. Ошонун кесепетинен мамлекетибиз да, ата-энелер да, балдар да зыян тартууда. Биз көп нерседен каражат үнөмдөсөк болот, бирок мугалимдик кесиптин эсебинен каражат үнөмдөө - бул биздин элге, өлкөгө кылган кыянатчылыгыбыз. Ошондуктан кыйынчылыкка, тартыштыкка шылтабай кандай жолдор менен болсо да мугалимдин жашоо жагдайын жакшыртып, анын престижин, кадырын көтөрүшүбүз зарыл.
- Мугалимдик кесиптин көйгөйү менен бирге окуу китептеринин тартыштыгы да күн санап өсүүдө. Бул проблеманы канткенде туура чече алабыз деп ойлойсуз?
- Мектеп программасында окулуучу сапаттуу китептер, окуу колдонмолору жетиштүү санда чыгышы зарыл. Окуу китептерине ижара акы төлөөнү кайрадан киргизүү жана аны сатып алууну уюштуруудан китептин баркы көтөрүлөт. Пайдалангандыгы үчүн китепке ижара акы төлөгөн шартта окуучулар китептерди таза, бүтүн бойдон сакташат да, жылдын аягында китептер мектепке кайра толук түрдө кайтарылып берилет. А бул маселени саясатка байланыштырып китеп бекер болсун деген чечим курулай эле популизм. Себеби, өзүңөр ойлоп көргүлөчү: биринчи класска республика боюнча жыл сайын 10 миңге жакын окуучулар барышат. Демек алгачкы сабат ачуучу "Алиппе" китебинен эле 100 миң даана китеп басылып чыгышы керек. Эреже катарында окуу китептери ар 5-6 жылда кайрадан басылып чыгып турушу зарыл. Орто эсеп менен алганда 15тин айланасындагы предметтин окуу китептери окуучуларга берилиши керек. Мындай көп сандагы китептерди чыгарууну биздин азыркы жону жука мамлекетибиз көтөрө албайт. Ошондуктан мектептерде окуу китептер (окуу колдонмолор биякта турсун) абдан эле жетишпейт, мындан ары андай ахыбал улана бериши мүмкүн. Бул жерде өзгөчө белгилей турган нерсе китептерди чыгарууга сөзсүз мектептин тажрыйбалуу мугалимдерин тартып, алардын апробациясы дагы үлгүлүү мектептерде жана педагогикалык окуу жайлардын усулдук кафедраларында ишке ашышы зарыл.
- Азыр бюджеттик тартыштык түзүлгөн кырдаалга байланыштуу каражат бөлүү оор маселеге айланып олтурат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Кырдаалдын оор экендигине шылтоолоп олтура бербей мугалимдердин маянасын кайра кароо керек. Салыштырып көрүңүздөрчү, мамлекеттик кызматкерлер (ак үйдөгү бөлүм башчы эмес жөнөкөй эле кызматкерлер, айыл өкмөттөрү), салык, бажы кызматкерлери 15-20 миңдин айланасында айлык алышат, ал эми "бечара" мугалимдердин республика боюнча орточо айлык акысы 2140 сом, мектепке жаңы баргандагы айлыгы болсо 1170 сом. Карап көрүңүздөрчү, бирдей эле жогорку билимдүү болгон чиновник менен мугалимдин айлыгынын ортосундагы айырмачылык кандай? Тиешелүү мыйзамдардын болгондугуна карабай, мугалимдер эгемендүүлүккө чейинки пайдаланып келген жеңилдиктерден да кур жалак калышууда. Булардын бардыгы жогорудагы факторлорго кошумча болуп, натыйжада республикада 24 миң мугалимдин жакырлардын катарында калып жаткандыгы кандай өкүнүчтүү.
- Жети-Өгүздө, Базар-Коргондо мугалимдер айлык маяналары жетиштүү өлчөмдө көбөйтүлсүн деген талап менен иш таштайбыз деп жатышат. Муну кандай кабыл алдыңыз?
- Мамлекетибиз өкмөттү түзө албай кыйналып турганда бул өзүнчө бир сокку болду. Алар бүгүн эле кокусунан чыга калышкан жок. Буга дейре тийиштүү жерлердин баарына расмий кайрылып келишкен. Натыйжа чыкпаган соң ушундай кадамга барып жатышат. Мен аларды туура түшүнөм. Маяналары эң эле аз. Мугалимдердин ахывалын оңдомоюнча мамлекетибиздин өнүгүп-өсүп кетиши кыйын деп көп жылдардан бери трибунадан, ММКлардан айтып, талап коюп эле келе жатам. Алардын айлыгын 50 пайыз дебей, эки эсеге көбөйтмөйүнчө, бул маселе чечилбейт. Ошондуктан, президентибиз алар менен ачык сүйлөшүп, республикабызда толук стабилдүүлүк орноп, өкмөт түзүлүп шайма-шай болгон соң, маянаңарды жетиштүү өлчөмдө көбөйтөбүз деп убада берүүсү тийиш. Болбосо, мугалимдердин толкундоосу жок жерден стабилдүүлүккө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
- Мугалим үчүн да, окуучулар үчүн да ашыкча жүктөмдөр жыл сайын көбөйүүдө. Айрыкча, мектеп окуучуларынын жүгү абдан чоң. Буга кандай көз караштасыз?
- Бүгүнкү күндө, Кыргызстандын мектептеринде 23 аталыштагы сабак бар, а дүйнөлүк практикада болсо 15-16 гана. Дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүндө окуучулар жылына 700-800 саат сабак өтсө, Кыргызстанда бул көрсөткүч 1088 саатты түзөт. Ушундан биздин балдардын билим деңгээли жогорулаган болсо Кыргызстан дүйнөлүк аренада 136-орунду ээлебейт эле да. Муну айтып жатканыбыздын себеби, балдарга ашыкча эле түйшүк жүктөй бербеш керек. Алардын мээси "түпсүз" бочка эмес да. Демек, ашыкча окуу предметтеринин санын жана анда берилген керексиз материалдардын көлөмүн да кескин азайтуу зарыл.
- Мектептин кадрдык саясаты жана тарбиялык иштери жөнүндө дагы айта кетсеңиз?
- Өмүр бою, б.а. 20-30 жылдап директор болгондор көп, алардын көпчүлүгү мугалимдердин сабактарына кирип ой-пикир, сунушун айтыша албайт. Кадрдык өсүш болуп турушу үчүн мектеп директорлору 5 жылдык мөөнөт менен эки жолудан ашык шайланышпаса же бекитилбесе деген сунушту айтар элем.
Эгемендикке чейинки учурларда окутуу менен такай эриш-аркак жүргүзүлүүчү инсанды тарбиялоо маселеси азыр экинчи планга сүрүлүп калгандай таасир калтырат. Маселен, мектептерде тарбиялык иштердин аксагандыгынан улам окуучулардын тартипсиздиги күчөп, тарап-тарап болуп мушташуу, уурулук кылуу, майда хулигандык кылуу менен байланышкан бир катар адепсиз иштер көбөйүп жатат. Ушуга байланыштуу мектептерде окуу-тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарларынын жана класс жетекчилеринин ролу жогорулатылып, кошумча акы төлөнүүгө тийиш деп эсептеймин. Бардык класстарда жумасына бир сааттан берилип жаткан "Адеп" сабагын класстык саат менен бирге эле класс жетекчисинин жоопкерчилигине жүктөп койсо туура болоор эле.
- Мугалимдердин эң түйшүктүү жана жооптуу эмгеги ушу кезге чейин татыктуу бааланбай келе жаткандыгы ичти ачыштырбай койбойт экен.
- Албетте,100 миңге жакын агартуу кызматкерлеринин бири дагы ушул мезгилге чейин мамлекетибиздин эң жогорку сыйлыгы болгон Эл Баатыры наамына татый элек. Бул да эске алып коюуну талап кылган, эчак бышып жетилген маселе. Анан калса, ушундай чоң армиянын б.а. мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин ушул мезгилге чейин тиешелүү пансионаты же эс алуу жайы жок.
Апрель революциясынан кийин мурдагы бийликке тиешелүү болгон 34 объект улутташтырылыптыр. Алардын айрымдары Президенттин иш башкармалыгына, Башкы прокуратурага, каржы, маданият, мүлк министрликтерине тийиптир. Алардын арасында пансионаттар да бар экен. Жүз миңдин тегерегиндеги адамдарды камтыган Эл агартуу кызматкерлерине ошолордун бирөөсү ыйгарылса жаман болбойт эле. Себеби, жыл бою окуу-тарбиялык иш менен алектенип, акыл-эсти талап кылган, нервин кетирген мугалимдердин, балдар бакчаларынын ж.б. кызматкерлеринин эмгеги кандай оор. Эми да болсо убакыт, мүмкүнчүлүк бар.
- Бектемир Мурзубраимович, 70 жашка чыгып, юбилейиңизди коомчулук белгилеп турган шартта сиз менен маек куруп олтурабыз. 70 жашыңыз кут болсун! Эми ушул курактын саресебинде кандай ой-санаа, тилек, максаттарга кабылып турасыз?
- Ушунча жыл топтогон тажрыйбамды өзүмө сактабай элге жумшасам деген бир топ изги тилектер бар. Мисалы, экономикада, илимде, саясий турмушта кризистен чыгуунун жолдорун конкреттүү изилдеген, анализдеген китептерди, макалаларды сунуш кылсам деп турганда өлкөбүздөгү апрель, июнь айындагы түзүлгөн кырдаал жолдон чыгарып, ойду будуң-чаң кылып салды. Жогорку Кеңеште биринчи аракетте коалициянын түзүлбөй калышы ынтымагыбыздын жок экендигин дагы бир ирет далилдеди. Мамлекеттин келечеги үчүн мурда болгон карама-каршылыктарды, таарынычтарды, жеке амбицияларды таштоого тийиш элек. Мурдагы бийликке акыйкат үчүн 17-18 жыл төш тоскон "Ата-Мекен", СДПК партиялары эл башына келиш керек эле. Бул тилекке каршы ишке ашпай, элдин үмүтү аткарылбай, кыйналып турушат. Кыргызстандын келечеги үчүн ким күйүп-бышып туура жолго баштап кете алат деп тынчыбыз кетип турат. Бирок, оптимист болушубуз керек. Алдыда дагы деле болсо жакшы коалиция түзүлүп, өнүгүү жолуна түшө алабыз деген ишенич жылоолойт.
- Ушул куттуу 70 жаш куракка келгенге чейин эл-журт үчүн талбай ак кызмат өтөп, илимде, коомдук турмушта түмөн-түйшүк тартып келдиңиз. Ага сиздин инсандык дараметиңиз да бап келип турат. Ушундай деңгээлге жетишиңизге эмнелер себеп болду деген суроо туулууда.
- Эң биринчиден, эл айтып жүргөндөй эле ак эмгек, аракет. Тынбаган эмгек болсо каалаган, көздөгөн максатка жетсе болот экен. Кызматта өзүң менен иштей турган адамдар компетенттүү болуш керек. Менин негизги принцибим - тууган-урукка, жердешчиликке бөлүнбөө болуп эсептелет. Кайсы жумушта болбоюн өзүмдүн жакындарымды ишке тарткан жокмун. Эң негизгиси өзүң таза, үлгү болууга тийишсиң. Себеби, сени менен чогуу иштеген кызматкерлер эмне жасап жаткандыгыңды көрүп турат. Ушуга толук ишендим. Мурда ашык дүнүйө баш жарбайт дешчү эле. Андай болбой эле, ашык дүнүйө баш жарат экен. Турмуш өзү көрсөтүп жатат. Байлыгына чиренип бийликке умтулуп, колунан келбеген ишти жасап жаткан айрым адамдарды көрүп өкүнөсүң.

Аңгемелешкен Майрамбек Токторов,
"Кутбилим"

Маектештин өмүр-таржымалынан кыскача маалымат

Педагог, окумуштуу, коомдук ишмер Бектемир Мурзубраимов 1940-жылы 12-декабрда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Ничкесай айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн. 1965-жылы химия илиминин кандидаттык даражасын, ал эми 1984-жылы Химия илимдеринин докторлук наамына диссертациясын коргогон. Профессорлук наамды 1987-жылы алган.
Эмгек жолун 1962-жылы Өзгөн районунун А.С.Макаренко атындагы мектебинде химия боюнча мугалими жана окуу бөлүмүнүн башчылык кызматында баштаган. 1965-1993-жылдары ОшПИде ага мугалим, доцент, кафедра башчысы, декан, проректор, парткомдун катчысы, 1993-2005-жылдары ОшМУнун жана ОшТУнун ректору, Жогорку Кеңештин үч жолку (1995, 2000, 205-жылдардагы) чакырылышынын депутаты, 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде социалдык саясат, илим жана билим комитетинин төрагасы кызматтарын аркалаган. 2008-жылдан баштап УИАнын химия жана химиялык технология институтунда лаборатория башчысы, 2009-жылдан тарта аталган институттун директору болуп эмгектенип келатат.
Б.Мурзубраимов 300дөн ашык илимий окуу методикалык эмгектердин автору. Алардын ичинен 17си монография, жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептер жана методикалык колдонмолор. Илимий эмгектеринин дээрлик көпчүлүгү борбордук илимий журналдардан жарык көргөн, алты ойлоп табуунун автору.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү, академиги, Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын корреспондент мүчөсү жана академиги, Эл аралык инженердик академянын академиги. Кыргыз Техникалык Университетинин, Ош технологиялык университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык экономика институтунун, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ардактуу профессору.
СССРдин эл агартуусунун, Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн, СССРдин Жогорку билим берүүсүнүн, Кыргызстан билим, илим профсоюзунун отличниги төш белгилеринин, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкеринин ээси.
Каармандык эмгеги үчүн медаль, III даражадагы "Манас" орденин, II класстагы мамлекеттик кеңешчи, "Руханият" эл аралык сыйлыгынын лауреатынын, парламент аралык (ЕАС) Ассамблеясынын медалынын жана орденинин, Гирне Америкалык университетинин "Сапат жана белги" медалынын, Япониядагы Сока университетинин ардактуу сыйлыгынын, Америкадагы биографиялык справочникте жылдын мыкты адамы наамынын ээси.
Өзгөн районунун жана райондогу "Зергер" айыл өкмөтүнүн, Сүлүктү шаарынын ардактуу атуулу. Өзү уюштурган Өзгөн шаарындагы Өзгөн билим берүү жана технология институтуна анын ысымы ыйгарылган.

P.S. Академик Б. Мурзубраимов интервьюсунда козгогон сунуштар боюнча мугалимдерден ой-пикирлерди күтөөрүн белгилей кеткибиз келет. Эгерде өз сунушуңуз болсо редакцияга кат жазыңыз.







"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o