presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Проблема

МУГАЛИМДЕРДИН муң-зарын ким угат?
Эмгек акыны жогорулатууну талап кылып, Базар-Коргон районунун мугалимдери бир жумадан бери митингде турушат. Ал ортодо Жети-Өгүз районунун мугалимдери да 13-декабрда бир күндүк иш таштоого чыгышары тууралуу айтышууда. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков мугалимдердин эмгек акысы Өкмөт карай турган биринчи маселелерден деп билдирди. Учурда министр иш сапары менен Ош облусунда жүрөт.


Чыдамы түгөнгөн агай-эжейлер көчөгө чыгышты


Базар-Коргондогу митингге чыгып жаткан төрт мектептин мугалимдери менен 6-декабрда Президенттик администрациянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Кубанычбек Жороев жана облустун губернаторунун орун басары барып жолукту. Алар мугалимдерге гуманитардык жардам убада кылышты, маселе өкмөттө каралып чечилмейинче митинг акциясынан баш тартууга үндөштү.
"Президенттин өзүнөн канааттандырарлык жооп болмоюнча мугалимдер жөө жүрүшкө чыгуу ниетинен баш тартпайт",- деп билдирди "Азаттыкка" Базар-Коргондогу Атабекова атындагы орто мектептин мугалими Калил Карабаев.
Эмгек акыны көтөрүү жөнүндө талаптар аткарылбаса, 13-декабрда бир күндүк иш таштоого чыга тургандыгын "Азаттыкка" Жети-Өгүз районундагы мугалимдер да билдиришти.
Эмгек акыны көтөрүү жөнүндө талапты мугалимдер ушул жылдын жай айларынан бери эле коюп келатышат. Эгер эмгек акы көтөрүлбөсө, социалдык колдоо чаралары көрүлбөсө, иш таштоого чыгарын эскерткен каттар Президентке, Өкмөткө, Билим берүү жана илим министрлигине бир катар шаар-райондордон толтура келген. Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү жөнүндө өтүнүч менен өз кезегинде Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитети Президентке, Өкмөткө өтүнүч кат жолдошкон.
Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитети базаркоргондук мугалимдер менен таламы бир экенин билдирип, бирок маселени иш таштоого жеткирбей сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырууда.
- Жаш мугалим 950 сом алса, жогорку квалификациялуу мугалим 1900 сом айлык алат. Ушу менен кандай жашоо болот, мугалимдерди билим берүү системасында кандай жол менен кармап кала алабыз деген талаптар акыркы үч жылдан бери коюлуп, бул мугалимдер жедеп аргасы кеткендеги маселе болуп отурат, - деди Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов.


Мугалимдердин талабы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна билим жана илим министри Канат Садыков жооп берди

- Мугалимдер коюп жаткан талаптар канчалык жүйөлүү?
- Быйыл август айында мектептерде 1-сентябрга даярдык жүрүп жаткан учурда Президенттин катышуусу менен Базар-Коргондун өзүндө жана Жалал-Абадда чоң чогулуш болгон. Ошол кезде эле коюлуп жаткан талаптардын ичинде эң биринчи болуп ушул айлык маянасы айтылган.
Бул маселе боюнча Президентке бүт талаптар абдан ачык, так коюлган, ал кырдаалды жакшы билет. Бирок көчөгө чыгып алып тура беребиз, тоңсок өлөбүз, эртең бизге он миң бергиле деген талапты аткаруу мүмкүн эмес.
- Президент баш болуп, өкмөт мүчөлөрү жана парламенттик шайлоонун алдында депутаттыкка талапкерлер мугалимдер менен болгон жолугушууларда алардын айлык маянасын көтөрөбүз деп убада беришкен. Эми ошол убадалар качан жүзөгө ашырыла баштайт?
- Тийиштүү чаралар көрүлө баштады. Бул маселе этабы менен чечилет. Азыр мына техникалык өкмөт кетип атат. Жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөндөн кийин эле бюджеттик талкуулар башталат. Жаңы жылга канча каражат менен кирерибизге жараша кимдин маянасын канчалык көтөрүү мүмкүнчүлүгү каралат.
Жакында эле өкмөт жана Президенттин катышуусунда өткөн бюджет боюнча талкууда биринчи кезекте ошол мугалимдердин айлык маселеси сөзгө алынды. Ага ылайык сунушталган пикирлер менен Каржы министрлиги Жогорку Кеңештин алдында ушул бюджетти жактаганга аракет кылат.
- Базар-Коргондо мугалимдер алган айлыкты Кыргызстандын бардык аймагындагы мугалимдер алат. Анан эми ушундай көрүнүш жер-жерлерде да чыгып кетет деп кооптонбойсуздарбы?
- Бизде мындай кооптонуу 1-сентябрдын алдында да болгон. Талас, Ысык-Көл жана Нарын тараптардан да ошондой сигналдар келип турган. Начар абалда болуп жаткан мугалимдерди биз барган сайын көрүп да, билип да жүргөнбүз.
Жергиликтүү бийликтерден да чындап эле мугалимдердин айлык маянасы аз, абалдары оор деген каттар келип атты. Бул маселени биз өзүбүз деле ачык айтып, бүт республиканын муктаждыгын жакшы билебиз. Анан ошол эле муктаждыктын ичинде биз базаркоргондук мугалимдерибиздин да муктаждыктарын чечкенге аракет кылабыз. Өзүнчө Базар-Коргон үчүн же көлдүктөр үчүн деп чечилбейт.
Мындай акциялардын азыркы учурда кереги да жок. Анткени бул маселе өзүнүн кезеги менен, өз учурунда баары бир бюджеттик угууларда ушул болуп жаткан фактылар менен негизделип, жакталып, мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлөт.

Педагогдорго эмгек акы төлөө системасын реформалоо керек

Базар-Коргондогу митингге чыгып жаткан мугалимдер менен буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Гүлжигит Соронкулов жолугуп, алардын талабын угуп, сүйлөшүп келген. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков "Азаттыкка" айткан сөзүндө мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү өкмөттүн күн тартибинде биринчи турган маселе экенин белгилеп, митинг акцияларына чыгуудан мугалимдерди баш тартууга чакырган.
Кыргызстанда жалпысынан 70 миңдин айланасында мугалим эмгектенет. Аларга эмгек акы республикалык бирдиктүү тариф сеткасы менен төлөнөт. Бирок ушул бирдиктүү тариф менен эмгек акы төлөө мугалимдердин мээнетин актабай жатканы кийинки учурда көп айтылууда.
Ошондуктан эл аралык уюмдардын колдоосу менен мугалимдерге эмгек акы төлөө системасына реформа жүргүзүү боюнча талкуулар уюштурулуп, бир катар сунуштар иштелип чыккан, эми бийлик органдарынын кароосуна коюлганы турат.


Мугалимдерге жергиликтүү бийлик каралашпайт

"Билим берүү мекемелеринин союзу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гайша Ибрагимова азыркы учурда түштүк жергесин кыдырып, мугалимдердин жашоо-турмушу менен таанышып жүрөт. Ал "Азаттык" менен байланышка чыгып, мугалимдердин митингге чыгууга аргасыз кылган маселе жалаң гана эмгек акынын төмөндүгү эместигин белгиледи. Түштүк жериндеги мугалимдер эмгек акысы эки миң сомго жетпей жатканы аз келгенсип, жергиликтүү бийлик органдары жер бөлүп бергенде, гуманитардык жардам бөлүштүргөндө мугалимдерди четте калтырып коюп жатканын айтты.
- Ар бир айылда жашаган адамдарга жер берип жатышат, бирок мугалимдерге бербейт. Мүмкүнчүлүк бар жерде башкаларга беш сотых, мугалимдерге бир сотых берет. Сураса сиз мугалимсиз, акча алып атасыз дейт. Базарда отуруп эң аз дегенде беш миң сом таап отурган аялдарга жумушсуз деп пособие берип жатышат, а мугалимдерге, алардын балдарына пособие бербейт. Кеңеш айылында гуманитардык жардам таратышып, мугалимдерге айлык алып атасың деп бербей коюшту, - дейт Гайша Ибрагимова.
Совет заманында мугалимдерге мамлекет отун-суудан жеңилдик берип, көмүр түшүрүп, каралашып турган. Эгемендик жылдары мындай жеңилдик милиция кызматкерлеринде сакталып калган, ал эми мугалимдерден алынып салынган.
"Мугалимдин статусу жөнүндөгү" Мыйзамда мугалимдердин социалдык маселелерин чечүүгө көмөктөшүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери так белгиленген. Бирок, Гайша Ибрагимованын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары мугалимдерге кам көрүү милдеттерин жакшы аткарбай келатышат.


Кубат Чекиров







"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o