presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Разное

Защита диссертаций
14 января 2011 года в 14.00 часов на заседании Диссертационного совета Д 05.10.405 по защите докторских (кандидатских) диссертаций при Кыргызском государственном техническом университете им. И.Раззакова состоится защита диссертации на соискание ученой степени кандидата технических наук ЖУМАБЕКОВА Кубанычбека Сатаровича на тему: "Разработка и исследование электрогидродинамического комплекса конвейеров тепловых электрических станций" по специальности: 05.14.02 - Электростанции и электроэнергетические системы.
Научный консультант: к.т.н., доц. В.Н. Цой.
Официальные оппоненты: д.т.н., И.Ш. Кадыров; к.т.н., С.С. Кадыркулов.
Ведущая организация: АО "Электрические станции" Министерство энергетики Кыргызской Республики.
Адрес: 720044, г. Бишкек, пр. Мира 66.
С диссертацией можно ознакомиться в библиотеке Кыргызского государственного технического университета им. И.Раззакова.


14 января 2011 года в 16.00 часов на заседании Диссертационного совета Д 05.10.405 по защите докторских (кандидатских) диссертаций при Кыргызском государственном техническом университете им. И.Раззакова состоится защита диссертации на соискание ученой степени кандидата технических наук ИМАНАКУНОВОЙ Женишкуль Сартбаевны на тему: "Моделирование перемежающейся дуги и способ её погашения в сетях 6-35 кВ" по специальности: 05.14.02 - Электростанции и электроэнергетические системы.
Научный руководитель: к.т.н., доцент К.А. Сатаркулов.
Официальные оппоненты: д.т.н., И.Ш. Кадыров; к.т.н. М.А. Суеркулов.
Ведущая организация : ОАО "Северэлектро"
Адрес: 720044, г. Бишкек, пр. Мира, 66.
С диссертацией можно ознакомиться в библиотеке Кыргызского государственного технического университета им. И.Раззакова.


Педагогика илимдери боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы докторлук (кандидаттык) илимий даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.09.382 диссертациялык кеңеши Мурзаибраимова Бибисара Бекмаматовнанын: "Орто мектепте заттардын электромагниттик касиеттерин окутуу методикасы" аттуу темада 13.00.02 - окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (физика) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденүүгө арналган диссертациясы коргоого коюлгандыгын кулактандырат.
Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамбетакунов Э.М.
Расмий оппоненттер: педагогика илимдеринин доктору, профессор Джораев М.Д.; педагогика илимдеринин кандидаты Жуманова М.М.
Жетектөөчү мекеме: К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин: "Жалпы физика жана физиканы окутуу методикасы" кафедрасы.
Диссертациялык коргоо 2010-жылдын 14-январында саат 13.00дө, 720040, Бишкек ш., Эркиндик проспектиси 25 дареги боюнча болот. Диссертация менен Кыргыз билим берүү академиясынын илимий китепканасында таанышууга болот.
Диссертациялык кеңештин төрагасы: педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекбоев И.Б.


Педагогика илимдери боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы докторлук (кандидаттык) илимий даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.09.382 диссертациялык кеңеши Турусбекова Анаркан Эмиловнанын 13.00.01- жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча: "Студенттердин эстетикалык маданиятын колдонмо-жасалга кол өнөрү аркылуу калыптандыруунун педагогикалык шарттары" аттуу темада педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденүүгө диссертациясын койгондугун кулактандырат.
Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Рахимова М.Р.
Расмий оппоненттер: педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Н.А., педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Абышев К.Н.
Жетектөөчү мекеме: К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогика жана психология кафедрасы.
Диссертациялык коргоо 2011-ж. 14-январда, саат 15.00, 720040, Бишкек ш., Эркиндик проспектиси, 25 дареги боюнча болот.
Диссертациялык кеңештин төрагасы: педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекбоев И.Б.


Диссертационный совет Д. 14. 09. 378 при Кыргызской Государственной медицинской академии им. И.К. Ахунбаева объявляет о проведении защиты кандидатской диссертации Тюлюлюевой А.К. на тему: "Состояние сурфактанта легких, оксидативного статуса и электролитного баланса у кроликов при применении физиотерапевтических методов" по специальности: 03.00.13-физиология, представленной на соискание ученой степени кандидата биологических наук.
Научный руководитель: д.м.н. профессор Белов Г.В.
Официальные оппоненты: доктор биологических наук, профессор Каркабатов Хасан Джолдубаевич, кандидат биологических наук, доцент Шаршеева Бакен Кенешбековна.
Ведущая организация: Институт биотехнологий НАН Кыргызской Республики.
Защита диссертации состоится "10" января 2011 года 14.00 ч. на заседании Диссертационного совета Д. 14. 09. 378 при КГМА им. И.К. Ахунбаева по адресу: 720020, г.Бишкек, ул. Ахунбаева 92.
С диссертацией можно ознакомиться в библиотеке КГМА имени И.К. Ахунбаева (720020, г.Бишкек, ул. Ахунбаева 92).





Торколуу тоюңуз кут болсун, апаке!

"Эне - ордолуу шаар", "Мугалим - мөмөлүү дарак" деп адилет айтылгандай, Исаева Шайлообүбү балдарынын, окуучуларынын маңдайында мөмөлүү дарактай тамыры кеңири жайылган, айыл ичинде кадыр-барк күткөн ардагер мугалим.
Ал Тоң районундагы Комсомол айылынын мектебинде 36 жыл үзүрлүү эмгектенген. Исаева Шайлообүбү орто мектепти аяктаган соң он сегиз жашында эле Ат-Башы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн атайын талабы менен адистер жетишпегендигине байланыштуу Нарын областынын Кара-Cуу айылында орус тили сабагы боюнча мугалим болуп, эки жылы башталгыч класстарга билим берген. Эмгек чыйырын дурус баштаган жаш адисти ал кездеги райком комсомолунун атайын жолдомосу менен Каракол Педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетине билимин жогорулатуу үчүн жиберилген. Аталган Пединституттун беш жылдык билимин алган соң, алыскы Аксы районуна өз демилгеси менен барып, 1975-80-жылдары орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун уланткан.
Аялзатына ардактуу кесипке ээ болуудан да артык - бала жытына кумарланып эне болуу, баш кошкон жубайына жагымдуу жар болуу зор бакыт эмеспи. Асыл апабыз Шайлообүбү Кадырбердиевна атабыз Шейшеканов Намазакун менен Каракол пединститутунда бирге окуп жүргөндө таанышып, баш кошушуп, 30 жыл бою бирге өмүр сүрүп келишти. Экөө тең элге билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, эки уул, эки кыздын, тогуз неберенин түмөн түйшүгүн аркалап, талыкпай тарбия-таалим беришти. Атаганат, "бири кем дүйнө" демекчи, атабыз Шейшеканов Намазакунду ажал алып кетпегенде, биздин үй-бүлөнүн бактысы мындан да толугураак, мындан да бакубат болбойт беле?! Канчалык кыйын болсо да, бардык түйшүктү башынан кечирип келе жаткан, атанын да эненин да милдетин муюбай аркалап, ар бир баласына акыл-насаатын айтып, туугандардын арасында биздин үй-бүлөнүн баркын көтөрүп келе жаткан апабызга миң мертебе ыраазыбыз.
Ылайым, апабыздын өмүрү узак болсун! "Мугалим - мөмөлүү дарак" дегендей, апабыздан таалим-тарбия, билим алган окуучуларынын алды элүү жашка келип калышты. Ушундан эле апабыз Исаева Шайлообүбү үйдүн куту болгон эне эле эмес, 36 жылдык педагогикалык эмгек жолунда жаш муундарга жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган ардактуу адис экендиги айкын сезилет.
Апабыз ушул жылы алтымыш жаш торколуу тоюн белгилегени турат. Апабызга узун өмүр, ден соолук каалоо менен ушул деминен жазбай, балдарынын кашында аман болушуна, жаш муундарга таалим-тарбия берип жүрө беришине тилектешпиз.

Уул-кыздары: Шейшеканова Айжан, Асел, Уран, келини Нурзат, неберелери






Түрк дүйнөсү:
Якутиядан тартып Жер Ортолук деңизинин жээктерине чейин Кыргызстан аркылуу
Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Республикалык компьютердик гимназия жана Түрк маданиятын биргелешип өнүктүрүү боюнча "Түрксой" эл аралык уюму менен биргеликте 2011-жылдын 25-26-мартында Бишкек шаарында мектеп окуучуларынын: "Түрк дүйнөсү: Якутиядан тартып Жер Ортолук деңизинин жээктерине чейин Кыргызстан аркылуу" деген темадагы эл аралык түркологиялык илимий-практикалык конференциясын өткөрөт.


Уюштуруу комитети кызыкдар жаш илим изилдөөчүлөрдү, илимий кызматкерлерди жана чыгармачылык менен эмгектенген педагогдорду илимий-практикалык конференциянын ишине катышууга чакырат.
Илимий-практикалык конференциянын багыттары:
o Орток түрк бейнеси (түрк тилдүү элдердин өзөгү тууралуу тарыхнаамалык изилдөө);
o Түрк дүйнөсүнүн өнүгүү тарыхы;
o КМШ өлкөлөрүндөгү түрк тилдүү элдердин интеграцияланган тарыхы (советтик жана постсоветтик мезгилдер);
o Түрк дүйнөсү боюнча тарыхый билим берүү: реалдуулук жана жаңылануу методологиясы.
Каалоочулар конференцияга катышуу үчүн сурамды жана докладдардын электрондук варианттарын (кыргыз, орус жана англис тилдеринде). Уюштуруу комитетинин дарегине жиберүүлөрү керек.
Сурамдын формасы:
1. Катышуучунун аты-жөнү;
2. Окуган/иштеген жери;
3. Классы/адистиги;
4. Окумуштуулук даражасы жана наамы;
5. Телефону, факсы, электрондук почтасы;
6. Докладынын темасы жана секциясы.
Конференцияга катышуу үчүн сурамдар жана докладдардын тексттери 2011-жылдын 1-февралына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 720000, Эркиндик бульвары, 25, 12-кабинет жана e-mail: aigulelebesova@mail.ru
Конференцияда окулган докладдар: "Түрк дүйнөсү: Якутиядан тартып Жер Ортолук деңизинин жээктерине чейин Кыргызстан аркылуу" деген аталыштагы жыйнакка басылып чыгат жана мыкты илимий макалалар: "Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары" журналына сунушталат. Бир макаланын төлөмү: окуучулар үчүн - 400 сом, илимий кызматкерлер жана педагогдор үчүн - 500 сом.
Докладды даярдоонун шарты: макаланын көлөмү - окуучулар үчүн - 3 бет, илимий кызматкерлер жана педагогдор үчүн - 5-8 бет, адабиятка шилтемеси менен. Форматы - А4. Шрифти - Times New Roman, өлчөмү - 12, саптардын аралыгы - 1,5 интервал, четки аралыктары - 2.5 мм. (ичкиси), калгандары - 1,5 мм.
Тексттин башынын оң жагына автордун аты-жөнү, иштеген/окуган жери, классы, андан кийин ортосуна макаланын аталышы жазылат, аннотациясы кыргыз, орус жана англис тилдеринде болушу керек, адабияттардын тизмеси макаланын аягына негизги тексттен 1,5 см. аралыкта жазылат.
Конференцияга катышууну каалагандар 2011-жылдын 1-январына чейин билдирип коюуга тийиш.
Байланыш телефондору:
(0312) 62-23-53 (иш);
(0550) 23-18-03 (мобилдик)
Уюштуруу комитети







"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o