presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Мектепке кош келиңиздер" сынагына

"Мен күнүгө эртең менен турганда мекенимде тынчтык, ынтымак болуп, элим аман-эсен, бай турмушта жашаса экен деп тилейм", - дейт өзү орус, бирок жүрөгү Кыргызстан деп соккон, дили кыргыз, тили кыргыз Сергей Вахрамеев.

КЫРГЫЗЧА ТАК СҮЙЛӨП,
КЫРГЫЗ САЛТЫН ЖАКТЫРГАН СЕРГЕЙ
Сергей кыргызча таптак сүйлөгөн, кыргыздын каада-салттарын карманган орус улутунун жигити. Себеби анын киндик каны кыргыз жерине тамып, кыргыз жеринде өсүп-чоңойгон. Анын балачагы Чүй облусундагы Кошой айылында, андан кийин Токмок шаарында өткөн. Айылда жашап жүргөндө кошуна балдардын көбү кыргыздар болгондуктан досторунун көбү кыргыз балдары. Кичине чагында көчөгө чыгып ойногондо да жалаң кыргыздардын арасында жүрчү. Ал кыргыз балдардай эле ботала болуп чүкө ойночу. Балдарды утуп алып, баштык-баштык чүкө топтогон күндөрү көп эле болгон.
- Мен көчөдө балдар менен ойноп жүрүп кыргызча үйрөнгөм. Бирок кийинчерээк эс тарта баштаганда өзүм Кыргызстанда жашап жаткандан кийин эмне үчүн кыргызча сүйлөбөшүм керек, эмне үчүн кыргыздын каада-салттарын карманбашым керек деп ойлоп, толук кандуу кыргызча сүйлөгөнгө өткөм. Айрым учурларда мага орусча сүйлөгөн кыргыздарга кыргызча жооп берип койсом таң калып калышат. Кыргызча так сүйлөгөнүм үчүн алкоо алган учурларым көп эле болот, - дейт Сергей.
Сергейдин бала чагынан бери достошуп жүргөн Самат, Бекназар аттуу жолдоштору бар. Алар менен дайыма кабарлашып, күн алыс жолугушуп, ичиндеги сырларын айтып, чер жазышып турушат. Алар менен жакында эле жолугушуп, бир топко баарлашып отурушкан.
- Мен Сергей менен бала кезимден досмун. Кичинебизде ортобузду бузгандар да, ойноп жатканда кошпой койгон учурлар да болгон. Бирок Кудайга шүгүр, ушул күнгө чейин достугубузду бузуп, сен, мен дешип уруша элекпиз. Бири-бирибизге айтышкан сырларыбызды эч жакка чыгара элекпиз, - дейт Самат.
Самат, Бекназар жана Сергейдин ата-энелери дагы үй-бүлөлөрү менен катышкан жолдоштордон. Алар балдарынын туулган күндөрүн бирге өткөрүүнү салтка айландырып алышкан. Балдары он тогуз жашка чыгып калса дагы ушул күнгө чейин туулган күндөрдө торт жасап, белектерин көтөрүп алып барышат.
- Мен дайыма Сергейдин туулган күнүндө жолдошторун ата-энелери менен дасторкон жайып тосуп алам. Мурда балдарыбыз кичинекей кезинде чогуу отуруп майрамдачубуз. Алар азыр чоңоюп, бой жетип калгандыктан тамагыбызды ичип алып, кафе же дискотекага кетип калышат. Биз болсо андан ары өзүбүзчө калабыз, - дейт Сергейдин апасы Нина.
Сергей өзү орус улутунан болуп, башка динди тутканы менен өзүн дилинде кыргызмын деп эсептейт. Ал бала кезинен кыргыздар менен аралашып калгандыктан, мусулмандардын эң ыйык майрамы болгон - Орозо, Курман айттарда айттаганды жакшы көрөт. Дайыма башка мусулмандардай эле башына ак калпак кийип алып жети үйгө кирип айттайт. Куран окуганды билбесе дагы куран окулгандан кийин бата тилейт. Нооруз майрамында болсо сүмөлөк жегенди жакшы көрөт. Ар дайым сүмөлөк бышырылып жаткан жерге барып, өз ырымын кылып анан сүмөлөк жеп кетет. Ата-энеси болсо өздөрү кыргызча билбегени менен Сергейдин бул мүнөзүн жактырышып, дайыма колдоп турушат.
Сергей учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин экинчи курсунда окуйт. Ал бул жактан дагы ар улуттун өкүлдөрү менен тайпалаш. Анын тайпасында кыргыз, орус, түркмөн жана дунган улутундагы студенттер окушат. Эки жылдан бери ар улуттун балдары менен бирге окуп, студенттик кызыктуу күндөрдү бирге өткөрүп келет. Группалаштары дагы Сергейдин тилинен чаң чыгара кыргызча сүйлөгөнүнө баа беришет.
- Мен биринчи курска 1-сентябрда жаңы келгенде группамда орус бала да бар экен, эми аны менен кантип сүйлөшөм деп ичимден кабатырланып жатсам, бир убакта Сергей кыргызча сүйлөп кирсе оозум ачылып эле калды. Бир чети таң калсам, бир чети сүйүнүп кеттим. Ал анча-мынча кыргызча билбеген "киргиздерге" караганда кыргызча жүз эсе жогору сүйлөйт. Кээде түшүбүздү айтып берип, жоруп берчи деп тамашалап да калабыз, - дейт группалашы Урмат.
Сергей университеттен чогуу окуган түркмөн улутундагы Шаберди, кыргыз досу Урмат менен дагы жакшы мамиледе. Эки жылдан бери Түркмөнстандан келген Шабердиге кыргыз тилин үйрөтүп келет.
- 1-курска жаңы келгенде эле Шабердиге кыргызча үйрөтөм деп чечкем. Анткени ал аябай кыйналды. Ошондон бери аны менен жалаң кыргыз тилинде сүйлөшөм. өзүңөр көргөндөй, ал кыргызча жакшы сүйлөп калды, - дейт эмгеги текке кетпегинине сүйүнгөн Сергей.
Бирок Сергей башка улуттагыларды кыргызча сүйлөгөндү үйрөтүп жатканы менен мектептен дагы, университеттен дагы кыргыз тили сабагынан беш албаганына кабатырланат. Мунун себебин ал кыргыз тилинин грамматикасын жакшы өздөштүрө албай жатканынан көрөт. Себеби оозеки сүйлөө менен жазуунун ортосунда чоң айырма бар. Анткен менен Сергей өзүнүн бул кемчилигин бара-бара жеңем деп ишенет. Анткени ал өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстанда болуп, кыргыз элине кызмат кылам деп тилектенет. Ал тургай анын ата-энеси өздөрүнүн мекени - Россияга кетели дегенде ал жакка баруудан баш тартып койгон. Ата-энеси айласы жок жалгыз уулун таштап кете албай Кыргызстанда калып, Токмоктон Бишкекке көчүп келишкен.
- Мен эч качан Кыргызстандан башка жакка кетпейм. Кыргызстан ушунчалык кооз мамлекет. Анан мен кантип киндик каным тамган кыргыз жеримди, сүйүктүү Бишкегимди таштап кетем?! - дейт патриот Сергей.
Келечегин Кыргызстандан гана көргөн Сергей учурда уйгур кызы менен сүйлөшөт. Эгерде ал кыз Сергейге турмушка чыгууга даяр болсо, өмүр бою экөө бирге өмүр сүрө алаарына көздөрү жетсе уйгур кызына үйлөнүүгө да даяр.
- Негизи мен маңдайыма кимди жазса ошого үйлөнөм. Мусулман кызды сүйүп калсам ага деле үйлөнө берем. Биринчи өзүбүздүн салт боюнча той өткөрүп, андан кийин кайсы улуттан үйлөнсөм, ошолордун салты боюнча ырым-жырымын да жасаймын. Анткени кыргыздарда канча калың бериш керектигин жана турмушка чыгып жаткан кызды кандайча узатаарын билем. Мага бул салт абдан жагат. Уйгурлардын тою дагы аябай жакшы өтөт. Андай тойлорго аралашып эле жүрөм, - дейт Сергей.
Дини бөлөк, бирок өзүн кыргызмын деп эсептеген Сергей менен баарлашкан ар бир адам анын кыргызча так, даана сүйлөгөнүнө суктанбай койбойт болушу керек. Анткени ал кыргызча сүйлөп жатканда бир дагы орусча сөз кошпой жана айрым зарыл болгон учурларда макал-лакаптарды дагы аралаштырып коет экен. Ал тургай биз менен маектешип жатканда өзүнүн "папасын" "атам" дегенде ага ыраазы болдук. Азыр орус эмес чанда кыргыз атасын ата дебесе, көпчүлүгү "папа" дешет эмеспи. Шаарда өсүп, орусча билим алган "киргиздер" жана кыргызча эки сөздүн башын кошо албагандар Сергейден үлгү алса кыргыз тилинин, кыргыз каада-салттарынын келечеги кең болмок.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, "Кутбилим"




"Кутбилим", жањы саны... o кыргызча... o