Жогорку билим

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ТАРЫХЫ ЖАЗЫЛДЫ
Кыргыз журналистикасынын түптөлүшүнө салымын кошкон, белгилүү журналист Станбек Усуповдун "Кыргыз журналистикасынын тарыхы" жана "Мезгилим жана мекендештерим" аттуу китептеринин бет ачары 26-ноябрда Бишкек гуманитардык университетинде болуп өттү. Салтанат "Жогорку окуу жайлардагы журналисттик кадрларды даярдоодо теория менен практиканын биримдигин камсыз кылуунун көйгөйлөрү" деген темадагы тегерек үстөл менен коштолду. Ага автордун кесиптештери, мекендештери жана жогорку окуу жайлардагы журналистика факультеттеринин декандары, окутуучулары жана белгилүү журналисттер катышты.

Станбек Усуповдун "Кыргыз журналистикасынын тарыхы" китеби 2007-жылы жарык көргөн. Автор бул китепке кыргыз журналистикасынын түптөлүшүнүн алгачкы күнүнөн тарта бүгүнкү күндөгү абалына чейин илимий талдоо жүргүзүп, анын түптөлүшүнө салымын кошуп, кышын кынашкан белгилүү агартуучулар, алгачкы журналисттерди дагы камтыган. Быйыл жарык көргөн, алты жүз беттен турган "Мезгилим жана мекендештерим" аттуу китебинде болсо өзүнүн замандаштары, калемдештери, кесиптештери тууралуу жазып, алардын ар бирине кыялына, кесибине жараша мүнөздөмө берип, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон замандаштарынын аттарын китеби аркылуу тарыхта калтыруу максатын көздөгөн. Бул китепти чыныгы маани-маңызында кыргыз журналистикасы боюнча практикалык каражат-хрестоматия деп баалоого татыктуу. Анда журналисттик публицистиканын дээрлик баардык жанрлары камтылган. Автор өз китебинде теориялык талаптардын негизинде ар түрдүү жанрлар боюнча журналисттик чыгармаларды жазуунун үлгүсүн берүүдө далалаттангандай таасир калтырат.
Салтанаттын катышуучулары болочок журналисттерди даярдоодо окуу куралдары жетишсиз болуп турган кезде мындай чоң тарыхты камтыган илимий окуу китептердин жарык көрүшү журналисттер үчүн эң чоң белек экендигин баса белгилешти.
- Кыргыз журналистикасын окутуп-үйрөтүүдө окуу куралдары тартыш болуп турган кезде бул китептердин чыгышы баардыгыбызга жемиштүү болду. Ушундай күндө журналистиканын өнүгүшүнө жана журналисттердин даярдалып чыгышына чоң салымын кошуп жаткан адамдын эмгегине кандай баа берсең дагы жарашат. Алты жүз беттен турган китеп жазыштын өзү эле канчалаган эмгекти, изденүүнү, убакытты талап кылат. Ошондуктан бала кезинен ой багып, сөз тапкан Станбек Усуповго тизе бүгүп таазим кылышыбыз керек, - деди өз сөзүндө Тилектеш Ишенкулов.
Автордун жогоруда айтылган эмгектерине баа берүү үчүн келген кесиптештеринин ар бири Станбек Усуповдун кыргыз журналистикасына кошкон салымына токтолушуп, анын дарегине карата омоктуу сөздөрдү айтышты. Бир кездерде Станбек агай менен бирге иштешкен Жамиля Кочкорбаева аны азыркы күнгө чейин өзүнүн устаты катары эсептээрин билдирип, артта калган күндөрүнө токтолду.
- Мен "Ленинчил жаш" газетасынын каттар бөлүмүнө жаңы келип, журналисттик чөйрөгө жаңы аралаша баштаганда Станбек Усупов мага көп жардам берди. Бир жолу жазып келген макалама тема кое албай аябай кыйналып жатсам бир кесиптешим келип, биздин энциклопедия ордунда отурат, кыйналбай эле ошого барбайсыңбы деп калды. Мен болсо жаңы келгендиктен энциклопедия ким экенин дагы билчү эмесмин. Көрсө ошол кезде Станбек агайды кесиптештери "биздин энциклопедия" деп аташчу экен. Ал кандай макала болбосун теманы тез эле жараштыра коюп салчу. Минтип эле жазып койбойсуңарбы деп бир теманы коюп койсо эле макалага жарашып жатып калчу. Мен анын ушул сапатына баа берип, суктанчумун, - дейт Жамиля Кочкорбаева.
Станбек Усупов жогоруда кесиптештери баа бергендей, кыргыз журналистикасында өз орду бар, мыкты журналисттердин бири. Ал өз учурунда республикалык жаштар гезити "Ленинчил жашта" адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орун басары, редактор катары кызмат аткарган. 1967-1970-жылдарда Москвадагы КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын журналистика боюнча аспирантурасында окуп, тарых илимдеринин кандидаттык даражасына диссертация коргогон.
1971-1974-жылдарда "Ысык-Көл правдасы" гезитинин редактору, 1974-1976-жылдарда республикалык "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакторунун орун басары, 1976-1986-жылдарда "Кыргызстан коммунисти" журналынын башкы редактору, 1986-1992-жылдарда Кыргыз телеграф агенттигинин (Кыргыз ТАГдын) директору болуп иштеген. 2000-жылдан бери К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинде профессордук милдетти аткарууда.
Өзүнүн ишмердүүлүгүндө С.Усупов илимий жана чыгармачылык изденүү аракеттерге ар дайым олуттуу көңүл бурат. Ал гезит-журналдардагы, радио жана телеберүүлөрдөгү көп сандаган очерктерден, публицистикалык макалалардан башка да "Адам жашаган", "Ата Мекен" "Жаркын элестер", "Жүрөктө жүргөндөр", "Турмуш-тиричиликтин маданияты" (Асанбек Табалдиев менен авторлошуп) деген көркөм-публицистикалык жыйнактардын автору. 2007-жылы "Кыргыз журналистикасынын тарыхы" аттуу окуу китеби басмадан чыккан. Анын котормосунда орус жазуучуларынын жана журналисттеринин төрт китеби кыргыз тилинде жарык көргөн.
Калемгер Фрунзе шаардык, Ысык-Көл облустук кеңештеринин депутаты, Кыргызстан ЛКСМ БКнын, анын бюросунун, партиянын Ысык-Көл ОБКОМунун, Кыргызстан Компартиясынын Текшерүү комиссиясынын, республикалык журналисттер союзунун Секретариатынын мүчөсү болуп шайланган. Көп жылдык журналистикалык жана коомдук үзүрлүү иш-аракеттери үчүн ал "Ардак белгиси" ордени, "Даңк" медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары, "Кыргызстандын элге билим берүүсүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйланган. БГУнун К.Карасаев атындагы сыйлыгынын лауреаты, ага "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген журналисти" ардактуу наамы ыйгарылган.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, "Кутбилим"




Кыргызстан -
ыйык мекеним

Кыргыз Республикасынын Жаштар министрлиги менен бирдикте "Теңир-Тоо" продюсердик борбору "Кыргызстан - ыйык мекеним" аттуу телесынак уюштуруп, ал 25-ноябрда цирктин аренасында өттү. Бул иш-чарага Кыргыз медициналык академиясы, И.Раззаков атындагы КТУ, Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы (ЭБУФБА), Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети жана Ички иштер академиясы күч сынашты. Сынакта студенттердин билими, таланты, сулуулугу жана улуттук кийимде өзүн алып жүрүүсү бааланды. Калыстар тобунун чечими менен ЭБУФБАнын студенттери мыктынын мыктысы деп табылды.
Сынактын ар бир катышуучусу бир ай бою даярданган өнөрүн, т.а. талантын, мекендин тарыхын жана мекенчил, чыныгы келечектин ээлери экендигин толук көрсөтө алганга жетишти. Айрым катышуучулар сынакка "Лимузин" автоунаасы менен келсе, ЭБУФБАнын катышуучулары чыныгы мекенчилдигин билгизип, аргымак минип келип, күйөрмандардын купулуна толду.
Катышуучулардын өнөрлөрүн баалоо калыстардын чеберчилигин талап кылды. Элибизде "ат адамдын канаты" деген накыл кеп бар эмеспи. Мына ошол ат менен келген кериле тарткан кер мурут жигит Белеков Эмилди жана айдай сулуу Кожокмат кызы Наргизаны калыстар тобу бир добуштан мыктынын мыктысы деп табышты. Калыстар тобунун төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ибраимов Азимжан ЭБУФБАсынын тарбия иштери боюнча проректору Р.Смайыловго диплом тапшырып, мындан ары ушундай ийгиликтерди каалап, улуттук комиссиянын атынан сөздүктөрдү, усулдук колдонмо жана башка көптөгөн китептерди академиянын студенттерине белек кылды. Ал эми калыстар тобунун дагы бир мүчөсү З.Молдошева айдай сулуу Кожокмат кызы Наргизага өзүнүн сулуулук салонуна бир ай бою акысыз кызматынан пайдалануу сертификатын тапшырды.

Камчыбек Ажыбаев





Колдонмо математика жана механика

Өткөн аптада И.Раззаков атындагы КМТУда "Колдонмо математика жана механика: көйгөйү жана келечеги" аттуу эл аралык илимий-техникалык конференция болуп өттү.
Бул конференцияда колдонмо математиканын, механиканын жана информатиканын келечектери тууралуу докладдар окулуп жана талкууланды. Аталган иш-чарага алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген белгилүү окумуштуулар менен катар И.Раззаков атындагы окуу жайдын окумуштуулары, аспиранттары, ошондой эле студенттери активдүү катышты.
Окуу жайдын ректору, профессор Б.Дүйшөналиевдин айтымында, негизинен докладдар тоодогу жолдордун селге, жер көчкүгө туруштук берүүсү, анын курулушу тууралуу теориялык жактан изилдөөгө арналган. Аталган изилдөөлөр тоолуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин конференцияда окуу жайдын ректору баса белгиледи.

Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим"




"ОРУС МАМАЛАГЫ", АНАН "БРИТАН БАЛТЕГИ"
Жакында орус тили боюнча эл аралык "Орус мамалагы" конкурсу болду. КМШ айдыңында кеңири таанылган бул мелдеш Кыргызстанда беш жылдан бери өткөрүлүп келет.
Анын аймактык өкүлү "BLM" коомдук фондунун президенти, БААУ доценти жана Кыргызстандын математика боюнча окуучуларынын курама командасынын жетекчиси Бурас Болжиев билдиргендей, быйыл жарышка бизден (Бишкек, Караколдон, Токмоктон жана аларга жакын айрым айылдардан) катышкандар эки миңге чукулдап барыптыр.
"Мамалактан" калышпаган англис тили боюнча "Бритиш бульдог" конкурсу 17-декабрда болот.
Б.Болжиев окуучулардын төмөнкүдөй эл аралык мелдештеринин да аймактык өкүлү экендигин айта кетели: "Бритиш бульдог", "Алтын көрпө" (дүйнө тарыхы жана көркөм өнөр боюнча), "Кенгуру", "Бүтүрүүчүлөрдүн кенгурусу" (экөө тең математика боюнча), "КИТ" (компьютер, маалымат технологиялары боюнча), АРМО (Азия-тынч океан математика олимпиадасы).
Өз кабарчы.