"Билимдүү көп - билген аз, күйүмдүү көп - күйгөн аз"
Ошентип жаңы парламенттүү болдук. Кайрадан жаңы багыт, кайрадан жаңы жол. Кайрадан телчигүү, кайрадан аракеттенүү. Эми мындан ары биз парламенттик республика болгондон кийин, жалпы кыргыз элинин бара турган багыты, мурункудай жалгыз президенттин чечимдерине байланыштуу болбой, азыркы Жогорку Кеңешке шайланып келген эл өкүлдөрүнүн кабылдаган мыйзамдарына ылайыктуу болуп калды. Ал жоопкерчиликти биздин депутаттарыбыз канчалык денгээлде сезишерин мезгил көрсөтөөр. Албетте, ушунчалык кыл чайнашкан кармаштарда өзүлөрүнүн күч аракеттерин, миллиондогон каражаттарын коротуп шайланып келишкенден кийин, баары бир айла жоктон бири-бири менен ичтеринен өз ара келише алышпаса дагы сырттарынан эл көзүнө: "ары карап ыйлап, бери карап күлүп" эптеп жаңы өкмөт курамын түзүшөт. Антпесе кайра шайлоо. Ал эми кайра шайлоого барганга азыркы депутаттардын кудурети дагы, каражаты дагы жана эң негизгиси кайрадан элди алууга кадыр-баркы, чама-чаркы чак. Муну жакшы түшүнүшкөндүктөн компромисске барууга аргасыз. Ким эле эптеп жеткен жылуу ордунан кеткиси келсин. Калганын убакыт көрсөтөт.
Жаңы парламент демекчи, курамын байкап көрсөк дагы эле баштагыдай кыргыздын капчыктуулары көпчүлүк орунду же башкача айтканда, 28 - жеке менчик фирмалардын жетекчи жана өкүлдөрү, 13 - мамлекеттик кызматкер, 5 - агартуучу, 1 - медицина кызматкери, ал эми калган көпчүлүгү - убактылуу жумушсуздар экен. Өкүнүчтүүсү, азыркы Жогорку Кеңеште деле медицина кызматкерлери айрыкча, психолог врачтар көбүрөөк болсо ашыкча болбойт эле, кээ бирлерине диагноз коюп, кайнаган кандарын салкындатып, популисттик дарттарынан аз болсо да арылтып дегендей. Дагы бир өтө кейиш менен белгилеп кете турган нерсе - адаттагыдай эле шайланган депутаттардын жаңы курамында билим берүү кызматкерлеринин аздыгы. Пародокс, кандай шайлоо болбосун мектеп мугалимдеринин жардамысыз эч качан өтпөйт. Шайлоонун ысык-суугуна агартуучу кызматкерлердей эч ким күйүп жанбайт. Баары үчүн: үгүт жүргүзгөнгө, комиссиянын ишин алып барганга, шайлоо участкаларын жасалгалаганга, жайнаган текшерүүчүлөрдү сыйлаганга, аягында "чоңдорунун" алдында күнөөлүү болуп тил укканга, же орусча айтканда "козел отпущения" болгонго жападан жалгыз гана агартуучулар жоопкерчиликтүү. Бирөө үчүн жаналекеттенип чуркап жүрүп өзү аягында куру жалак калат. Же тиги мугалимдердин колдоосу аркасында мандатка жеткен кээ бир депутаттарыбыз кийин шайлоо учурунда агартуучулардын сөөгүн агартып "айлыгыңарды көтөрөбүз, билим реформасын жүргүзөбүз, баарыңарды жыргатабыз" деген убадаларынан танып, келээрки шайлоо жакындагыча, көрмөксөнгө салып, салкын саламын эптеп беримиш болуп калышкандыктары жалганбы? Ушундай болуп келген, эми дагы ушундай боло береби?... Качанкыга чейин?...


Кенедей бир чакан цех же бир станок сатылып кетсе депутаттарыбыз ызы-чуу түшүп жатып калышат да, ошол эле учурда канчалаган бала бакчалар ит бекерге жергиликтүү бийлик тарабынан сатылып кеткенге бирөөнүн дагы кылы кыйшайбай келет. Билим, илим деп какшанганыбыз менен ага чындап жан үрөп, жакындан жардам берели деген бирөө жок. Керек болсо азыр кечээ эле, эптеп жетип алган анча-мынча жетишкендиктерибизден кайрадан кол жууганы турабыз. Өткөндө эле "мектептерди окуу китептери менен мамлекет өзү бекер камсыз кылат" деп окуучулардан окуу китептер үчүн ижара акысын албай кубантышса, бүгүн кайрадан ал маселеге аргасыздан кайрылууга туура келип жаткандай. Бул маселе боюнча билим берүү министринин орун басары Гүлжигит Умарович бекерге кан какшап мектептердеги окуу китептердин абалы боюнча күйүп-бышып жаткан жери жок да. Чын эле миңдеген окуучуларыбыз эскилиги жетип, тарпы чыккан, аты бар заты жок окуу китептери менен окуп жатышкандыгы эч кимге сыр эмес. "Мектептен окуйм" - деп зор кыял, зор кубаныч менен мектеп босогосун жаңы аттаган 1-класстын окуучусунун, жүз жеринен чапталып эскилиги жеткен эзелки Алиппе китебин алгандан кийинки ахыбалын көз алдыңарга элестетип көргүлөчү. Наристе эмес ата-эненин көңүлү канча чөгөт, ал эми күнөөсү жок туруп күнөөлүү болуп, окуучуларынан көзүн ала качкан алгачкы эжейинин абалын айтпай эле коелу. Мындан тышкары окуучуларды бир маал ысык тамак менен камсыздандыруу маселеси дагы кайрадан жакшылап көңүл бурууга арзыйт. Чоң демилге менен башталган бул саамалык азыр жергиликтүү бийлик ээлеринин эсинен такыр эле чыгып калгандай. Бизде кайра-кайра эле текшерип турбаса баары тетирисинен кетээри бышык да. Ал эми мектептердеги предметтик кабинеттердин заман талабына жараша жабдылышы боюнча сөз кылбай эле койсок болот. Деги эле билим берүү көйгөйүн айтып түгөтө албайсың. Мугалимдер ар-бир жаңы түзүлгөн өкмөт курамынан, жаңы шайланган депутаттардан дайыма билим берүүгө чындап көңүл бурулуп, агартуучулар социалдык жактан камкордукка алынат деп зор үмүт менен күтүп келебиз. Бирок натыйжа аз, "эртең менен" анча-мынча көтөрүлгөн айлыгыңды "кечинде" эле инфляция деген балекет кууп жетип, ашып кетип жатпайбы. Ал эми жаңы өкмөт курамы уюшаары менен иш жок калгансып эң биринчи дегенде эле министирликтеги кадырдык өзгөртүүлөрдөн башташат. Мен 1990-жылы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына келгенде раматылык Бакаев Анарбек Курамаевичтен буйрук алдым эле, андан бери далай эле суу акты бирок, министрлерибиз ал суудан алда канча көп агып кетишти окшойт, санап көрсөм колумдун манжалары караандабай калды. Министрлик орун бирөөнүн көңүлүн көтөрүп, экинчисиникин кайра чөгөрүүчү кресло болуп калды окшойт. Жаңысы келип ишти баштай элек жатса, кайра экинчиси келсе, анан бизде кайдагы билим реформасы. Деги эле республикабызда кадрдык саясатты айрыкча, билим берүү системасында аярлык менен жүргүзүү абзел. Ошондуктан жаңы өкмөт түзүлсө эле министрлерди алмаштыра берүүнү токтотуу керек. Негизинен, мамлекетибиздин келечегин ойлосок, адегенде башталгыч билим берүүгө советтик мезгилдегидей олуттуу көңүл бурбаса болбой калды. Реформаны айылдык мектептен баштоо керектиги азыр эч кимге сыр эмес да. Надстройкабыз кандай болсо базисибиз ага жараша болот да. Чечкиндүү кадамдарды жасоо зарыл. Ансыз дагы кечиктик. Мамлекетибиздеги акыркы жылдардагы олуттуу окуялар, окуучуларыбызды мындай кой, баарыбыздын деңгээлибиз төмөндөп маданият, сабырдуулугубузду жоготуп, аздектеген ата салттарыбызды ары түртүп салып алдым-жуттумдукка алдырып, абийир, арды унутуп, "жебеген жердин алдында" деген принцип менен бара жаткандыгыбызды көрсөттү го. Шайлоо учурунда элим деген кээ бир азаматтарыбыздын "бийик" деңгээлдерин жакшы эле көрдүк го, чиркин. Кинодогудай "За державу обидно!" Улуттук кайра жаралуу зарыл!