Долбоор

материалдарын бир гана сүйлөө жана пикир алышуу зарылдыгына, кептеги кызмат ролуна жараша тандоону, ал убакта баланын жаш өзгөчөлүгүн, өздөштүрүү абалын толук эске алууну унутпоо керек.
в) Окуучулардын эне тилиндеги өзгөчөлүктөрүн эске алуу принциби:
Бул маселенин эки жагы бар. Биринчиден, тилдик материалдарды берүү канчалык деңгээлде үйрөнүүчүлөрдүн эне тилинин фактылары менен салыштырылышы керек? Экинчиден, окутуу процессин уюштуруу ишинде мугалим окуучулардын эне тилин кандай деңгээлде колдонууга тийиш? Ошондой эле окуу куралдарында бул маселе кандай чечилет деген суроолорго жооп бериш керек.
Тилдик фактыларды салыштырып берүүнүн тил үйрөнүүдө оң жагы да, терс жагы да бар. Оң жагы - ар кандай структурадагы тилдерде бир эле тилдик материал ар кандай каражаттар менен туюнтулат, окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүү үчүн алардын өз тилинин фактылары мисалга алынышы керек. Ал эми терс жагы тилдик фактыларды такай салыштыра берүү - окуучуларды алагды кылып, тилди үйрөнүүгө эмес, ал жөнүндөгү илимий материалдар тууралуу ойлонууга алып келет, убакытты алат. Ошондуктан окуучу өз тилинин "туткунунан" бошонгондо гана каалагандай натыйжага жетишерин көңүлдөн чыгарбообуз зарыл.
г) Окутуунун концентрдик принциби жана ага карата коюлуучу талаптар:
I. Баштооч этабы (1-4-класстар). Окуучулар бул этапта кыргыз тилинин фонетикалык, лексикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен таанышат, кыргызча окуу техникасына тил жатыктырышат, эң жөнөкөй лексикалык каражаттарды колдонуп окуу жана турмуштук кырдаалдарда маек жүргүзүүгө көнүгүшөт.
II. Активдештирүү этабы: (5-7-класстар). Окуучулар бул этапта кыргыз тилинин фонетикалык, лексикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрүн тереңдеп өздөштүрүшөт, аларды эне тилинин фактылары менен салыштырып үйрөнүшөт, сүйлөшүү жана монологдук кебинин тематикалары арбыйт, кыргызча кеп этикетин өздөштүрүшөт, окуу материалдарынын тематикаларында кыргыз, орус, өзбек жана тажик улуттарынын улуттук өзгөчөлүктөрүн камтыган окуу мүнөзүндөгү материалда. Анын натыйжасында окутуунун мазмуну да ар тараптуу, бай боло баштайт. Грамматикалык терминдердин маанисин түшүнүшөт.
III. Тереңдетүү этабы: (8-9-класстар). Негизинен, бул этапта кыргыз тилинин грамматикалык, лексикалык табиятын толук өздөштүрүшөт, аларды эне тилиндеги (орус, өзбек, тажик) фактылар менен салыштырып үйрөнүшөт, кыргызча текст курууга түрдүү кырдаалдарда түрдүү тематикада маектеше билүүгө машыгышат. Окуу тексттеринин тематикалары ар түрдүү болуп, тарбиялоочу, таанытуучу кызыкчылыктарына жараша тандалат. Кыргызча иш кагаздарын түзүүгө машыгышат.
9 жылдык билимдерин жыйынтыктоо үчүн жазуу жүзүндөгү жана тандоо аркылуу оозеки түрдө мамлекеттик экзамен тапшыруусу максатка ылайык келет.
IV. Жыйынтыктоочу, жалпылоочу этап: (10-11-класстар)
Окуучулар бул этапта кыргыз тилинин толук курсун өздөштүрүшөт. Буга чейинки өтүлгөн фонетикалык, лексикалык, грамматикалык материалдарды кайрадан жалпылап жыйынтыкташат: түрдүү кырдаалдарда, түрдүү тематикада кыргызча сүйлөшө алууга жетишет, көркөм адабияттарды газета-журналдарды окуп, жөнөкөй радио, телеберүүлөрдү өз алдынча түшүнүп, татаал тексттерди сөздүк менен окуп-билүүгө жарап калышат. Иш кагаздарын өз алдынча түзө алышат.
Жыйынтыгында жазуу жана оозеки түрдөгү мамлекеттик бүтүрүү экзамен тапшырышы максатка ылайыктуу келмек.

Сабак кайсы тилде
жүргүзүлөт?

Бул маселенин негизинде - сабакты өтүүдө кайсы тил басымдуулук кылыш керек деген суроо жатат. Бөтөн тилди окутуунун дүйнөлүк тажрыйбасы айгинелегендей, окуучулардын эне тилин сабакта колдонбоо, колдонсо да эң аз өлчөмдө колдонуу максатка ылайык. Антпесе, реалдуу тилдик кырдаал түзөлбөйт, окуучулар өздөштүргөн материалдарды колдонуп, оюн түшүндүрүүгө зарылдык жаралбайт, окуучулар өз эне тилинде сүйлөй беришет. Ошондуктан мугалим окуучулардын окуу-таануу иш-аракеттерин башкарууда, сабакты түшүндүрүүдө, уюштурууда окуучулардын эне тилин колдонуудан көрөкчө, сабактын көрсөтмөлүүлүгүн арттыруу, адегенде жаңдоо сыяктуу түрдүү кошумча каражаттарды колдонуп, кыймыл сабактарын көбүрөөк уюштуруу, кырдаал түзүп окутуунун эң жөнөкөй методикалык ыкмаларын байытуу талапка ылайык келет.
Грамматикалык түшүнүктөрдү берүүдө балдардын эне тилиндеги билим деңгээлин эске алуу зарыл. Эч качан эне тилинде өздөштүрүлө элек түшүнүктөрдү кыргыз тилинин материалдары менен бирге берүүгө болбойт.
Окуу китептеринде окуучулардын эне тилинин колдонулушу окутуунун этаптарына жараша да болот. Атап айтканда, 1-2-класстардын окуу китептеринде окуучулардын иш-аракеттерин уюштурууда жана айрым темалар менен түшүндүрмөлөрдү берүүдө балдардын эне тилин зарылдыгына жараша колдонсо болот. Ал эми 3-4-класстарда болсо окуу китептериндеги негизги грамматикалык аталыштар менен алардын эрежелери, окуу ишин уюштуруучу, ага багыт берүүчү көрсөтмөлөр, суроолор, тапшырмалар, ж.б. эки тилде (кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик) берилип, салыштырылып үйрөнүлүшүнө шарт түзүлөт.
Бирок бул класстарда сабакты, негизинен, кыргыз тилинде жүргүзүү керек. Окуучулардын мугалим менен окуучунун жекече инсандык мамилелешүүлөрү жана да өз алдынча иштөө убактыларында кыргыз тилинде сүйлөөгө толук багыт берүү, сабакты кыргыз тилинде уюштуруу менен аны кыргызча баарлашууга өстүрүп чыгаруу негизги шарттардын бири. Андыктан класстан баштап, окуучулардын өз алдынча ишин уюштуруучу дидактикалык материалдар да кыргыз тилинде даярдалат. Ошентип бара-бара калган бардык класстар үчүн бүткүл окуу-усулдук комплекс кыргыз тилине көчүрүлөт.

Кыргыз тилин натыйжалуу окутуу үчүн кандай методдорду колдонуу керек?

Кыргыз тилин бөтөн тил катары натыйжалуу окутуу аркылуу турмушта кеңири колдонулушуна жол ачууда ыңгайлуу методдордун ролу чоң. Анткени учурда окуучулардын тилди түшүнүп сүйлөөсүнө эмес, лингвистикалык жөндөмдүүлүгүнө (компетенттүүлүктөрүнө) айрыкча көңүл бөлүнүп, аларды жаттап алууга, айтканды кайталап айтууга басым жасалууда.
Бул проблеманы туура чечүү - кыргыз тилин үйрөтүүнү туура уюштурууга байланышкан бир катар илимий-методикалык маанилүү маселелерди чечүү менен бирге каралууга тийиш. Мисалга алсак, адегенде, сабакты пландаштыруу, анын максатын туура аныктоо, ага жетүү жолдорун издөө, окуучулардын коммуникативдик билгичтиктерин (компетенциясын) өркүндөтүү, сабакка бөлүнгөн убакытты сарамжалдуу пайдалануу, пикир алыша билүүгө үйрөтүү үчүн сабакта пикир алышуу маанайын түзүү, ал үчүн окуу зарылдыгын пайда кылган кырдаалдарды уюштуруу жана багыт берген ачык суроо-тапшырмаларды камтыган көнүгүүлөр системасын түзүү, окуучулардын билимин максаттуу (объективдүү) баалоо, негизинен, кыргыз тилин натыйжалуу окутуунун методикасын (методдорун) иштеп чыгуу зарыл.
Ал үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүүгө тийиш?
Биринчиден, сабакта кыргызча сүйлөөгө муктаждык түзүлүүсү керек. Муктаждык болбосо, тилди үйрөнүүгө эч ким умтулбайт.
Экинчиден, тилди үйрөнүүгө балдарды кызыктыруу керек. Бул максатта тил үйрөнүүчүнүн жаш курагын, кызыкчылыгын, умтулууларын, билгичтиктеринин ар түрдүү деңгээлдерин эске алуу менен теманы, текстти туура тандоо аркылуу жетишүүгө болот.
Үчүнчүдөн, сабактын натыйжалуулугун жогорулатууга мугалимдин кесиптик чеберчилигин арттыруу, инновациялык методдорго кызыгуу аркылуу жетишүүгө болот. Мазмундуу, окуучулардын ички муктаждыгына, кызыкчылыктарына ылайык тексттерди пайдалансак, аны менен тил үйрөнүүчүлөрдүн жигери, тилге кызыгуусу жогорулайт, өз алдынча ой жүгүртүүгө, сүйлөө практикасын өстүрүп, жекече оюн өз сөзү менен билдирүүгө өбөлгө түзөт.
Тил үйрөнүүнүн азыркы теориясы жана практикасында тилге үйрөтүү методикасы үч мааниде колдонулат:
1) тийиштүү предметти окутуу теориясы жана практикасы боюнча ыкмалардын жыйындысын түзгөн окутуу методикасы;
2) илимий дисциплина катары - тилди окутуу жана үйрөтүү теориясы (же лингводидактика);
3) практикалык жактан алганда - мугалимдин көздөгөн максаттарына жетишүүсүн камсыздай турган ыкмалардын жыйындысы болуп саналуучу "окутуу технологиясы".
Ушул багыттарда алганда, кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу жалпы педагогиканын төмөндөгү: изилдеп үйрөнүү методу, түшүндүрүү методу, аңгеме методу, проблемалык окутуу методдоруна таянылат. Ошону менен бирге, төмөндөгү методикалык системаларды да пайдалануу максатка ылайык келет, атап айтканда, өнүгүүнүн активдүү зонасы (Л.С.Выготский), акыл ишмердүүлүгүн этап менен өнүктүрүү (П.Я.Гальперин), өнүктүрүп окутуу теориясы (Д.Б.Эльконин П.И.Давыдов, В.И.Зинченко ж.б.), таанып-билүү ишмердүүлүгүн башкаруу теориясы (В.Н. Беспалько, Н.Т.Талызина), баланын инсандыгын эске алып окутуу (И.С.Якименская, И.Б.Бекбоев), кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүү теориясы (А. Леонтьев), ден соолукту сактап окутуу ж.б.
Ошентсе да, соңку убакта интерактивдүү методдор практикага жигердүү кирип жатат. Албетте, учурдагы тил үйрөтүү боюнча дүйнөлүк практикада сыналган бул ыкмаларды, анын стратегияларын колдонуу жакшы натыйжаларга жол ачмакчы.
Мисалы, "окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өстүрүү" усулу текст менен иштөөдө жана окуучунун оозеки-жазуу ишмердүүлүгүн өстүрүүгө кеңири жол ачууда. Ушул ишмердүүлүктү андан ары улантуучу ИНСЕРТ усулу да мугалимге эң жакшы жардамга келмекчи. Бул усул окуучулардын тил билүү өзгөчөлүктөрүнө жараша окутууну уюштурууда анын баскычтарын, деңгээлдерин эске алып, элементардык тил билүү (социалдык жана маданий чөйрөлөрдү эске алуу менен), андан ары тилди билим алуунун жана түрдүү маалыматтарды алуунун маанилүү булагына айлантып, ТОFEL деңгээлине өстүрүп чыгарууга туура багыт берет.
Мындагы текстти түшүнүп окууда анын төмөндөгү "кадамдары": чакыруу, түшүнүү, ойлонуу, салыштырып ой бөлүшүү жана жыйынтыктоо баскычы сөзсүз эске алынууга тийиш:
Окуучулардын кыргыз тилин өздөштүрүүсүнө туура стимул болууда алардын практикалык көндүмдөрүн акыйкат баалоо көңүлгө айрыкча алынууга тийиш. Бул багытта америкалык психолог, педагог Бенджамин Блумдун таксономиясы (таанып-билүүчүлүк системасы) жакшы жардам берет.
Тактап айтканда, анын деңгээлдери: билүү, түшүнүү, колдонуу - төмөнкү деңгээлдеги тилдик жана сүйлөшө алуу көндүмдөрүн камтыса, экинчи деңгээли - талдоо, синтездөө, баалоо - жогорку деңгээлдеги билгичтиктер болуп саналат. Б.Блумдун бул таксономиясы окуучулардын иштөө, сүйлөө процесси менен түздөн-түз байланыштуу жана алардын: билүү; түшүнүү; колдонуу; талдоо (анализ); топтоо (синтез) жана баалоо процесстерин туура аныктоого жол көрсөтөт.
Ошону менен бирге окуу стандартына ылайык окуучулардын теориялык-практикалык компетенттүүлүктөрүн эске алып баалоодо жана мониторингин чыгарууда сөзсүз түрдө куррикулумдун талаптарын, баалоонун формативдүү жолун пайдалануу мезгил талабына ылайык келет.

Орус, өзбек жана тажик мектептериндеги кыргыз тили мугалими, анын педагогикалык-психологиялык жана толеранттык ролу тууралуу

Мугалим ар качан сабактагы борбордук жана жетектөөчү адам бойдон кала берет. Ошону менен бирге жаңы билим алууну, турмуштук түрдүү чөйрөдө сүйлөшүүгө үйрөнүүнү ырааттуу уюштуруучу да, ишке ашыруучу да катары мугалимдин милдеттери чоң. Андыктан, мугалим өзүнө жүктөлгөн жооптуу милдеттерди ишке ашырууда ага адистик да, методикалык да, атуулдук да жактан өзү даяр болуусу шарт. Ал үчүн өзүнүн предметтик билими зарыл өлчөмдө бар болуусу керектиги мындай турсун, үйрөтүп жаткан тилде эркин сүйлөй билүүсү, ал тилде сабаттуу сүйлөө маданиятына ээ болуусу, ошол тилдин ээси болгон кыргыз элинин үрп-адатын, салтын, тарыхы менен адабиятын, биологиялык-географиялык ж.б. жаратылышын талаптагыдай билиш зарыл. Ошонун баары анын сөзү аркылуу башка улуттун өкүлүнө өтөт, сөзү аркылуу тааныштырат.
Ал үчүн мугалим ошого тете инсандык, педагогикалык-психологиялык жана интернационалдык-толеранттык сапаттарга ээ болууга тийиш.
Өткөн жылдарда улуттук тилдер жана аны үйрөтүү жөнүндөгү маселенин тегерегинде сөз болгондо, ага саясий гана баа берип келгенбиз. А тил үйрөнүү бир жактуу саясий маселе эмес, рухий керектөө, турмуштук зарылдык жана адамдын коомдогу толеранттык-интернационалдык тарбиянын бир канаты болуп калууга тийиш. Эгер кимде-ким башка улуттук тилди үйрөнүүнү кааласа, ал тилдин ээси болгон элге урматтоо менен мамиле кылса, муну интернационалдык тарбиянын алиппеси - деп түшүнсөк, а аны мектепсиз, мектепте окутуусуз элестетүү мүмкүн эмес. А ал тилде окууга үйрөтүү, аны сүйүүгө тарбиялоо педагогикалык процессте ишке ашмакчы.
Демек, биз дагы орус, өзбек, тажик тилинде окуган мектептерде кыргыз тилин окутууга саясий гана эмес, педагогикалык да, рухий да көз караш менен карашыбыз зарыл. Анткени окутууда саясатка ашкере алагдылануу, балдарды жаштайынан ошол саясий оюнга тартуу педагогикалык процесстин, т.а. окутуу менен билим берүүнүн жана аны атуул кылып тарбиялоонун алдындагы негизги максаты болбошу керек.
Мына ушундай себептерден улам мугалим элдердин, этностордун ортосундагы элчи-көпүрө кызматын аткарууга, окуучу болсо мугалимдин буйругун гана аткаруучу болбостон, сүйлөшүп пикир алышуучу эки элдин өкүлү катары эсептелинүүсү тийиш.
Балдар тилди бир жактуу гана үйрөнбөсүн, тил менен катар ал элдин жан дүйнөсүн, рухун билсин, баарыдан мурда, экинчи, үчүнчү тилди үйрөнүүнүн мааниси, ролу, кызматы жөнүндө түшүнүп, алар дагы көп тилде, мисалы, анын ичинде кыргызча сүйлөшө алууга да мүмкүнчүлүгү бар экенин, өз тилинен башка тилди үйрөнүү алар үчүн эч качан ашыкча жүк болбостугун, бул анын ийгилиги, ички рухий жана акыл-эсинин жетилгендиги, жашаган жеринин тилин, үрп-адат, салттарын билүүнү өзүнүн патриоттук парзы катары алуусу пайдалуу. Мунун баары балага мугалимдин сөзү, ыйманы, жан дүйнөсү аркылуу өтмөкчү.
Мектептин жана мамлекеттик тил каанасынын жасалгасы кандай болушу керек?
Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн "Мамлекеттик тил" предметинен атайын кабинет түзүлүшү зарыл. Ага сабакка керектүү дидактикалык материалдар: кыргыз тилинин грамматикасына жана кыргыз адабиятына тиешелүү түрдүү көрсөтмө куралдар, кыргыз элинин улуттук колоритин, тарыхын чагылдырган түстүү сүрөттөр, түрдүү буюмдар (боз үй, калпак, элечек, шөкүлө, комуз, көөкөр ж.б.), аудио жана видеотасмалар, дисктер, кыргыз акын-жазуучу, ойчулдарынын фотолору, иллюстрациялык-сүрөттөр, көркөм-адабий жана документалдык тексттердин электрондук варианттары, портреттер, альбомдор, кыргыз ыр-күүлөрүнүн фонохрестоматиялары, магнитофондор, диктофондор ж.б. коюлат. Бөтөн тилдүү аудиторияда кыргыз тили, адабияты сабактары лингафондук кабинеттерде же компьютердик класстарда өтүлгөнү натыйжалуу болот. Ар бир окуучу хрестоматия-окуу китеби, көркөм тексттер менен, ар бир мугалим окуу программасы жана кошумча адабияттар, методикалык куралдар менен камсыз болушу керек.
Ал эми мектепте кыргыз маданиятына, тарыхына, адабиятына арналган атайын зал жасалгаланышы керек. Анда кыргыз элинин маданиятына таандык (үрп-адат, каада салттар, түстүү иллюстрациялар, маданиятка эмгеги сиңген инсандардын портреттери жана алар тууралуу маалыматтар ж.б.), кыргыз тарыхын чагылдырган (кыргыз элинин жашоо тиричилиги, буюм-тайымдары, тарыхый инсандардын портреттери жана алар тууралуу чакан маалыматтар ж.б.), адабияты боюнча ("Манас" эпосу баштаган элдик оозеки чыгармалары, жазма адабияты, алардын көрүнүктүү өкүлдөрү ж.б.) материалдар пайдаланылышы керек.
Мамлекеттик тил боюнча мектептен жана класстан тышкаркы иштерди, тактап айтканда, адабий кече, адабий-музыкалык кече, жолугушуу, диспут, викториналар, КВН, сахналык оюндарды коюу сыяктуу иш-чаралары уюштурулуп туруусу да окуучулардын тил үйрөнүүсүнө оң таасирин тийгизет. Албетте, бул иш-чараларды өткөрүүдө мамлекеттик тилде таза, туура, так, эркин, көркөм сүйлөөнүн, үлгүлүү деңгээлине жетишүү керек. Ошону менен бирге кыргыз тилинин ээси болгон кыргыз элинин каада-салт, үрп-адат, улуттук майрамдарын пайдалануу да максатка ылайык келет.

Концепцияны иштеп чыккандар:
С. Рысбаев, п.и.д. профессор,
К. Добаев, п.и.д., профессор,
Б. Абдухамидова, п.и.к.