Кыргыз билим берүү академиясы, Мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясы
Окуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окутуунун концепциясы
Окуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окуп-үйрөнүүнүн жалпы маселелери

Кыргыз Республикабыз - көп улуттуу эгемендүү мамлекет. Анда азыркы күндө кырктан ашуун улуттардын өкүлдөрү жашап, эмгектенип жана билим алып жатышат. Мына ушундай шартта түпкү улуттан башка ар бир улуттун өкүлдөрү Конституциялык укуктарына ылайык тил тандоо жана сүйлөө, эне тилин сактоо эркиндигине жана укуктарына ээ, ошону менен бирге, республиканын Мамлекеттик тили - кыргыз тилин окуп үйрөнүүгө да милдеттүү. Анткени КРнын Конституциясынын 5-статьясында да, КРнын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын 1-статьясында да "кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекетик тили болуп саналаары" жана ал башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили экендиги, окутуу расмий же башка тилдерде жүргүзүлгөн билим берүүчү мекемелерде "Мамлекеттик тилди окутуу жана үйрөтүүнү камсыз кылуу" маселелери мыйзам түрүндө белгиленген.
Мына ушундай мыйзамдуу көрсөт-мөлөргө ылайык республиканын орус, өзбек жана тажик мектептеринде окуучуларды кыргыз тили менен адабиятын талаптын деңгээлинде окуп-үйрөнүү, турмуш-тиричиликтин жана коомдук турмуштун тирүү чөйрө-кырдаалдарында кыргызча сүйлөп пикир алышууга көнүктүрүү маселеси күн тартибине коюлган.
Белгилеп кетүүчү нерсе: кыргыз тили кыргыз мектептеринде эне тили катары, ал эми, республиканын орус, өзбек, тажик мектептеринде экинчи тил катары үйрөтүү жүргүзүлөт. Азыркы учурда республикабыздагы 2100гө жакын мектептеринин ичинде 500дөн ашуун орус жана орус-кыргыз кош тилдүү мектептери, 120дай өзбек жана өзбек-кыргыз кош тилдүү мектептер жана 20га жакын тажик тилинде окуган мектептер иштеп жатат. Проблема мына ушул аталган мектептерде алардын тилдик чөйрөлөрүн, учурдагы турмуштук талаптарды, окутуунун келечектүү максаттарын эске алуу менен, кыргыз тили менен адабиятын биргеликте, жарыша окутуу маселелерин чечүү да негизги талаптардын бири болуп саналат.
Орус, өзбек, тажик тилдеринде окуу жүргүзүлгөн мектептер тууралуу сөз кылганда төмөндөгү беш шартты көңүлгө алуубуз зарыл:
1) орус, немец, украин, белорус ж.б. тилдүү балдарга кыргыз тилин үйрөтүү жана алар үчүн окутуу методикасын иштеп чыгуу (тактап айтканда, славян жана роман-герман тилдеринин өкүлдөрүн эске алуу менен);
2) түрк тилдүү, тактап айтканда, кыргыз, казак, өзбек ж.б. улуттун өкүлдөрүнүн балдары окуган класстарда окутуу;
3) тажик улутундагы балдар окуган т.а. фарсы тилинин өкүлдөрү окуган класстарда балдарга кыргыз тилин окутуу методикасын иштеп чыгуу;
4) кыргыз тилдүү чөйрөдө жашаган аймактагы орус, өзбек, тажик мектептеринде окуган балдардын тил үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, окутуу жолдорун иштеп чыгуу;
5) шаар жериндеги орус тили басымдуу чөйрөдө жашаган кыргыз, орус балдарына кыргыз тилин үйрөтүү жолдорун иштеп чыгуу.
Бул шарттарды практикада туура эске алганда гана тилди үйрөтүүнүн натыйжалуу болуусуна жетишмекчи.
Албетте, кыргыз тилин үйрөнүүдө балдардын тил билүү, так айтканда, кыргызча сүйлөй алуу деңгээли эске алынат. Ошого жараша тилди алгач үйрөнүүчүлөр үчүн башталгыч этапта үйрөтүү ыкмалары киргизилет, ал эми кыргыз тилин байланыш-катыштын деңгээлинде билген окуучулар үчүн улантуучу этапта үйрөтүү ишке ашырылмакчы.
Тилди үйрөнүү практикалык негизде, адегендеги биринчи деңгээли - күндөлүк турмуш-тиричиликтин тилин үйрөнүү деңгээли, андан соң, экинчи деңгээли - маданият таанытуучулук маанайда, кыргызча кеп этикетине, сүйлөшүү маданиятына үйрөтүү деңгээлинде жүзөгө ашырылат, т.а. кыргыз тилин үйрөнүү менен бирге балдар улуттардын өз ара маданий, адабий, тарыхый, рухий байланыштарынын жолун үйрөнүшөт, бири-биринин өзгөчөлүктөрүн таанып-билет жана ал аркылуу ошол байланыштарды жүзөгө ашыруучу, алып-жүрүүчү субъектке өсүп жетүүгө тийиш. Окутуунун мындай билим жана тарбия берүүчүлүк мазмуну окуу китептердин мазмунунда чагылдырылат. Тил үйрөтүүнүн үчүнчү деңгээли катары, бала кыргыз тилин үйрөнгөн соң аны өз алдынча билим алуунун куралына айлантуусу, т.а. бала тилди үйрөнгөн соң кыргыз адабиятын, географиясын, тарыхын окуп-билүүсү, келечекте кыргыз тилин курал кылып алуу менен, бул тилде адистик билим алууга бара-бара өтүүсү эске алынмакчы.
Ошентсе да, орус, өзбек, тажик мектептеринде кайсы гана улуттун өкүлдөрү болбосун, кыргыз тилинин жана адабиятынын окутулуш процессинде алардын инсандык кадыр-баркына, улуттук өзгөчөлүктөрүнө, этностук өз алдынчалыгына, эне тилинде сүйлөө эркиндигине жана конституциялык кол тийбестигине эч качан шек келтирбейт жана улут аралык мамиле маданиятына жана ынтымактыкка карама-каршы ой-максат менен жүргүзүлбөйт. Ошону менен бирге, ал мектептерде кыргыз тилинин да өз алдынчалыгына, анын кол тийбестигине да шек келтирүүгө тийиш эмес. Бирок да кыргыз тилине, республиканын мамлекеттик тили катары республиканын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамга ылайык айрым артыкчылыктар берилүүгө тийиш.

Орус, өзбек, тажик мектептеринде кыргыз тилин окутуунун максат-милдеттери, мазмуну жана анын компоненттери тууралуу

Окутуунун өзгөчөлүктөрү, негизги багыты, максаты жана милдеттери

Бардык эле окуу предметтери сыяктуу кыргыз тилин орус, өзбек жана тажик мектептеринде окуп үйрөнүүдө да "Эмне үчүн окуу керек? Эмнени окуп үйрөнүү керек?" анан да, "Кантип окуп үйрөнүү керек?" -деген проблемалуу суроолорду алдыга коебуз. Мына ушул суроолорду туура чечкенде гана окутуунун мазмунун, максатын, окутуу каражаттарын туура аныктайбыз. Анткени "окутуунун максаты - баарына алгачкысы жана анын аныктагычы болуп саналат". Анын алгачкы болгон себеби, ишмердүүлүк дайыма максатты жана "түпкү натыйжаны аныктоодон башталат", б.а. "пикир алышууга үйрөтүү" башкы максат болуу менен бирге, ал окутуунун мазмуну да, максаты да болуп калат.
Андай болсо, аталган мектептерде кыргыз тилин окутуу максаты ал тилде күндөлүк турмуш-тиричиликтин түрдүү чөйрөсүндө сүйлөшө билүүгө ээ кылууга багытталгандыктан, окутуунун практикалык максаты да ошол болмокчу жана ал биринчи планга чыкмакчы.
Кыргыз тилин бул мектептерде окутуунун практикалык максаты жогоруда айтылгандай, бала мектепти бүтүрүп чыкканда жашаган чөйрөсүндө, түрдүү турмуштук кырдаалдарда кыргызча баарлаша билүүгө көнүктүрүү болуп саналат. Сабакта өздөштүргөн ар бир сөз, сүйлөм, грамматикалык каражаттар, окуучунун өз алдынча ой-пикирин билдире алуусунун зарыл каражаттары болушу, а сабактын мазмунун болсо баланын көз карашы, турмушу, ой жоруусу, аларга мүнөздүү иш-аракеттер жөнүндөгү маалыматтар түзүүсү керек. Мындай маалыматтар оозеки да, жазуу түрүндө да берилет, анткени, окуучу бул багыттарда, эркин пикир алышуунун деңгээлинде, кептин 4 түрү (угуу, окуу, сүйлөө, жазуу) боюнча баарлаша билүүгө ээ кылууга багытталат.
Бул иш-аракеттер окутууну коммуникативдик багытта уюштурууну көздөйт. Сабакты коммуникативдик ыкмада уюштуруу аркылуу гана окуучуну турмуштук түрдүү кырдаалдарда сүйлөшө алууга, маектеше билүүгө, анын негизинде кыргызча көп маданиятына көнүктүрүүгө мүмкүн экендигин тил үйрөтүүнү дүйнөлүк практикасы далилдеген.
Коммуникативдүүлүк окутуунун практикалык максатын алдыга коёт. Ал жогоруда айтылгандай, оозеки сүйлөшүүгө үйрөтүүдөн башталмакчы, т.а. бала мектепти аяктаганда кыргыз тилинде өз оюн ачык, так билдире алышы, башка бирөөнүн сөзүн түшүнө алышы, болуп өткөн же боло турган окуя туурасында кыскача монологдук баяндоо түрүндө билдире алууга жетишүүсү - максаттуу иш. Текстти окуганда да окуучу аны туура, так, шар окуй алышы эле жетишсиз. Окуучу ал тексттин мазмунун түшүндүрүп айта билиши өзгөчө бааланат. Эне тилинен кыргыз тилине же тескерисинче, кыргыз тилинен эне тилине сөздүктү пайдалануу менен которо алууга машыктыруу да сабактын практикалык баалуулугунун бир белгиси болору талашсыз. Мындай иш процесси андан ары улантылуу менен, которуу ишин сөздүксүз жүргүзүүгө машыктыруу иштери аткарылмакчы.
Эгер "окутуу белгилүү бир көз караштарга, ишенимдерге, инсандык сапаттарга тарбиялай турган белгилүү бир максатка багытталган жана коомдук мааниси бар процесске алып келет" деген методикалык жобого таянсак, кыргыз тилин окутуунун тарбия берүүчүлүк максаты булар менен белгиленет:
"Канча тил билсем мен ошончо кишимин" деген накыл кептин маанисин түшүнүү кыйын деле эмес. Чындыгында, адам канча тил билсе, ошончо элдин өкүлдөрү менен баарлашып, рухий дүйнөсү байып, көз карашы кеңейет, бири-биринин тилин сыйлайт, дилин түшүнөт, маданиятын урматтайт, сүйлөшүү жана жүрүм-турум маданияты калыптанат. Натыйжада балдар толеранттуулукка үйрөнөт. Булар аркылуу улуттар жакындашат, улут аралык ынтымак бекемделет. Анткени "улут аралык баарлашуу маданияты - жалпы эле баарлашуу маданиятынын калыптанышынын өзгөчө бир формасы болуп саналат. Бөтөн тилдеги окуу техникасына, көрктүү окууга үйрөнүү дагы баланын окуу маданиятын жогорулатат. Ошону менен бирге, эки тилдеги тапшырмаларды аткаруу (окуу, жазуу, которуу ж.б.) да балдарды эмгекчилдикке үндөсө, класста жупташып, топтошуп же жалпы баары биргелешип тапшырмаларды аткаруу менен, балдарды бири-бири менен ынтымакташып, коллективдүү иштөө маданиятына чакырат.
Кыргыз тили кабинетинин улуттук мазмунда жана эстетикалык жактан жарашыктуу жасалгаланышы да балдарды эмоционалдык жактан сезим-туюмдарын активдештирет.
Жогоруда айтылгандар сыяктуу, кыргыз тили сабагынын билим берүүчүлүк кызматы да өзгөчө бааланмакчы. Өз эне тилинен башка кыргыз тилин да сүйлөшүү каражаты катары өздөштүрөт, аны колдонуп, түрдүү көрүнүштөрдүн, заттардын, предметтердин атын атап үйрөнүшөт, тилдик фактыларды, ал тилдеги балдарга ылайык мыкты адабий үлгүлөрдү окуп үйрөнүшөт.
Кыргыз тилинин фонетикалык өзгө-чөлүктөрүн үйрөнүүдө өзгөчө тыбыштардын ( ө, ү, к, г, жана созулма үндүүлөрдүн) айтылышы, кыргызча сүйлөм курулушу, сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби менен таанышат. Сөз жасоонун түрдүү жолдорун өздөштүрүшөт, аларды талдап үйрөнүү менен, өз эне тилиндеги фактылар менен салыштырат. Атап айтканда, буга: сөз өзгөртүүчү жана сөз жасоочу мүчөлөрдүн улануусу менен кандай сөздөр жасаларын мисалга тартса болот (мисалы: суу, суучул, суудай, сууну, суунун ж.б.). Орус тилинен кирип, кыргыз, өзбек жана тажик тилинде активдүү лексикага айланган, бул тилдерде бирдей кызмат аткарган сөздөрдүн тобу менен кездешишет. Бул алардын билим деңгээлинин артышына жардам берет, улам кийинки таануу иш-аракеттерине пайдубал болот.
Кыргыз тилин окуп-үйрөтүүнүн өстүрүүчүлүк максаты да ушул билим берүүчүлүк жагы менен тыгыз байланыштуу. Анда баланын тилди үйрөнүү процесси аркылуу акыл-эс ишкердүүлүгү менен коомдук активдүүлүгүнүн деңгээли жогорулоосуна негиз болору шексиз.
Натыйжада, жогорудагы максаттарга ылайык мына бул милдеттер чечилүүгө тийиш:
- кыргызча учураша жана коштошо билүүгө, бирөө менен таанышып же өзүн тааныштыра алууга, куттуктоого, бир нерсе сурап алууга, бирөөгө өтүнүү менен кайрылууга, бир маалыматты сурап билүүгө, болуп өткөн же боло турган окуяны баяндап билүүгө, бирөөнүн көңүлүн буруп, кыймыл-аракетке тартып, буюра билүүгө, кыргызча кеп каадасын өздөштүрүүгө (б.а. кечирим сурай билүү, макул же каршы, же ыраазы же нааразы экендигин), кайда жашап жана окуп жаткандыгын, буюмдарды сүрөттөп, пикирин билдире алууга, өзү, үй-бүлөсү, жашаган аймагы, окуган китеби, көргөн киносу тууралуу өз пикирин далилдеп бере билүү ж.б. сыяктуу иш-аракеттердин системасына ээ болуусу тийиш.
Бул сыяктуу милдеттер окутуунун жүрүшүндө окуу материалдарын өздөштүрүү процессинде конкреттүү коммуникативдик тапшырмаларды аткарууда, башкача айтканда, кырдаалдык көнүгүүлөрдү иштөөдө, окуганын, укканын кайталап айтууга, түрдүү мазмундагы маалымдоолорду жасоодо жүзөгө ашырылмакчы.

Кыргыз тилин орус, өзбек, тажик мектептеринде окутуунун мазмуну жана анын компоненттери кандай болууга тийиш?

Дүйнөлүк тил үйрөнүү практикасын эске алсак, кыргыз тилин да башка улуттун өкүлдөрүнө үйрөтүүдө окутуунун мазмуну катарында лингвистикалык (тилдик жана речтик), лексикалык, өлкө таанытуучулук жана тематикалык компоненттерин сунуш кылууга болот.
Андай болсо, кыргыз тилин орус, өзбек жана тажик мектептеринде окутуудагы билим берүүнүн мазмунунун негизги бөлүгүн анын лингвистикалык компоненти түзөрү анык. Себеби кайсы окуу материалын эмне үчүн, кандай максатта окуп үйрөнүү керек деген суроого мына ушул компонент менен жооп берүүгө болот. Билим берүүнүн бул компоненти кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн, лексикалык каражаттарын, грамматикалык формаларын, акырында, кыргыз графикасын өзүнө камтыйт. Себеби кыргыз тилин окутууда фонетика эң башкы орундардын бирин "ээлеп" турары жана ага өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгы айтпаса да түшүнүктүү.
Фонетикалык материалдар кыргыздын өзгөчө тыбыштарына тил жатыктырып, сүйлөмдө кыргызча интонацияга көнүктүрүүгө кызмат кылса, лексикалык материалдар заттардын кыргызча аттарын, кыймыл-аракетин жана алардын ар кандай абалын айтып үйрөтүүгө, кырдаалдык даяр фразаларды өздөштүрүп, аны таяныч кылып сүйлөп көндүрүүгө багытталат. Ал эми грамматикалык материалдар кыргыз тилинин грамматикалык өзгөчө формаларын, структурасын, типтүү фразаларын б.а. речтик үлгүлөрүн үйрөнүүгө кызмат кылса, кыргыздын өзгөчө тамгаларын үйрөнүү тилдин графикалык жагын өздөштүрүүгө багытталат.
Чындыганда, башка чет тилдерди үйрөтүүдөгүдөй эле, кыргыз тилин орус класстарында окутуп үйрөтүүдө да лингвистикага биринчи иретте кайрылбай коюга болбойт. Анткени тилдик каражаттарды колдонбой сүйлөшүүгө, пикир алышууга мүмкүн эмес да. Демек, тил менен речти ушундай себептен улам бири-биринен бөлүп кароого болбойт. Тил менен речь бир эле көрүнүштүн эки жагы, эки сапаты.
Мына ушул жерден мындай суроо туулат: Биз бүткүл иш-аракеттерди эң алды менен эмнеден баштайбыз? Эң алды менен баланы эмнеге үйрөтөбүз? Тилгеби, кепкеби? Тактап айтканда, ишти лексиканы же тилдик системаны үйрөтүүдөнбү же коммуникативдик максатта кыргыз тилинде түздөн-түз сүйлөшүүдөн баштоо керекпи?
Албетте, аталган мектептерде кыргыз тилин окутуудагы максат сүйлөшүүгө үйрөтүү болгондуктан, ага тез жана оңой жетүүнүн ыңгайлуу жолу - үйрөнүп жаткан тилдик жана речтик материалдардын функционалдык кызматын түшүндүрүү, андан ары коммуникацияга өтүү болмокчу.
Мында тилдик материалдардын минимуму, атап айтканда, фонетикалык, лексикалык, грамматикалык минимумдар так болушу, ошондой эле, кырдаалдык-тематикалык минимумдар да туура иштелип чыгышы зарыл. Демек, тилди үйрөнүүнүн лексикалык компоненти негизги ролду ойнойт.
Кыргыз тилин үйрөтүүдө лингвоөл-көтаануучулук компоненти чоң роль ойнойт. Ал төмөндөгүлөр менен белгиленет: тилди үйрөнүү ал тилди алып жүрүүчү кыргыз улутунун салт-саанасы, тарыхы, географиясы, маданияты ж.б. улуттук белгилер менен тыгыз байланышта жүрөт. Мына ушундан улам экинчи тилди үйрөтүүнүн лингвоөлкөтаануучулук принциби иштелип чыгууга тийиш.
Ал аркылуу балдар кыргызча сүйлөшүүгө гана көнүкпөстөн, кыргыз элинин рухун, улуттук салт-санаасын, маданияты менен тарыхын, географиясы менен жаныбарлар дүйнөсүн, белгилүү адамдарын жана алардын эмгеги менен өмүрүн жана башкаларды үйрөтүшөт. Алар окутуунун мазмунун ар тарабынан тереңдетет жана байытат.
Кыргыз тил аркылуу орус, өзбек жана тажик балдары кыргыз элинин улуттук псохологиясын, менталитетин, улуттук атрибуттарын, белгилүү тарыхый даталуу күндөрүн, жан дүйнөсүн үйрөнүшөт. Мындай зарыл маалыматтар, орус класстарында окуп жатышкан кыргыз улутунун балдары үчүн да өзгөчө зарыл экендиги айтпаса деле түшүнүктүү.
Окутуунун мазмунун бай, ар тараптуу тарбиялык жана билим берүүчүлүк мүмкүнчүлүгүнүн кенен болушу үчүн кыргыз тили сабагында окуу материалдарынын тематикаларын класстардын, балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык аныктоо, анда тематикалык минимумдун так болушу, алар баланын кызыкчылыктарын эске алып да атайы көрсөтүлүүгө тийиш.
Окуу материалдарынын тематикалары төмөндөгүчө болуусу талапка ылайык келет:
- окуучунун өзү жөнүндө, ата-энеси, мектеби, классы, окуу куралдары, баланын үйү, үй буюмдары, жашаган жери, кийим-кечеси, күндөлүк үй турмушу;
- класстагы окуу эмгеги, окуу куралдары;
- үй жаныбарлары, жапайы айбандар, тамак-аш, идиш-аяк, тамактануу;
- нерсенин эмне экенин, адамдын ким экендигин, бир нерсени сурап алуу, сурап билүү, заттын санын, иретин, кыймыл-аракетин, өңү-түсүн айтып үйрөтүү;
- улуттук майрамдар, туулган күн, белгилүү адамдар, кыргыз жери, улуттук салттар, улуттук кийимдер, буюмдар, тоолору, суулары, көлдөрү, жаныбарлары ж.б.
Бул тематикалар окуучунун кыргыз эли, жери менен таанышуу аркылуу кыргызча кебин калыптандыруучу кызматты аткарат. Класс жогорулаган сайын мындай тематикалар дагы да байыйт, тереңдейт.

Кыргыз тилин окутууда окуучулар сүйлөшүүгө багыт берүүчү коммуникативдик компетенциянын негизги талаптары төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Заттын ким же эмне экендигин сурап билүү; заттын бир жакка таандык экендигин билдирүү; заттын турган ордун айтуу; заттын санын, аз же көп экендигин айтып билдирүү; заттын бар же жок экенин сурап билүү; заттын иретин айтып билдирүү; жумалык күн аттары кандай айтыларын үйрөтүү, алдыда боло турган иш-аракеттерди сурап билүү; заттын кандай экенин айтып үйрөнүү; ким кайда бара жатканын сурап билүү; ким кайда жашаарын айтуу, кантип таанышууга болот? билбеген нерсе тууралуу кантип маалымат алууга болот? нерсенин кайда экенин сурап билет? ким кайда окуйт? ким кайда жашайт? буюмдун кимдики экенин сурап билүү, керек болгон буюмду кантип сурап алууга болот? буюмдун кимде экендигин сурап билүү; буйруу иретинде кайрылуу; кимдин эмне кылгандыгын айтуу; ким, качан, кайда болду?
Ким кайда кетти? мезгилди айга, күнгө бөлүштүрүп айтып берүү; кимге эмне жагаарын, эмне керектигин сурап билүү; уруксат суроого үйрөнүү; ким кайдан келгенин айтуу; ким качан келгенин айтуу; буюмду кимден алганын айтып берүү; буюмдун канча турарын сурап билүү; сатып алууга үйрөнүү, ким кайдан келатат? убакыттын канча болгондугун айтуу; буюмду кимден алганын айтуу; буюмду кайдан алгандыгын айтуу; кечирим суроо; өтүнүү; телефондо сүйлөшүү; телефонго чакыруу; ким канча жашта? ким эмнени алып жатат? ким эмнени берип жатат? жумушту эмне менен аткарып жаткандыгын айтуу, кыймыл-аракеттин ким менен бирге аткарылгандыгын айтуу; ким кимге жардам бергенин айтуу; заттын айлана-тегерегин атап айтуу, аралыкты билдирүү; ким ким менен кайда барат? ким качан эмне кылгандыгын маалымдоо; буюмдун кайда турганын сурап билүү; бирөөдөн бир нерсени алып берүүсүн өтүнүү, ким кимди же эмнени күтүп турат? ким эмнени сатып алат? бирөөнүн сунушуна макул же каршы экендигин билдирүү; бирөөнүн сураганын берерин же бербей турганын билдирүү. Күндү кандай өткөрөрүн айта билүү; бир нерсени өзү аткарарын айта билүү; заттын өңү-түсүн жана даам белгилерин айтууга үйрөнүү; сен келечекте ким болгуң келет? бир жакка кантип баруу керектигин сурап билүү; ким кайдан, кантип келгендигин айтуу; кыймыл-аракеттин себебин түшүндүрүү; ким жана эмне жөнүндө сөз болгондугун маалымдоо; заттардын форма, көлөм жана башка белгилерин салыштырып үйрөнүү; заттын болжолдуу эсебин кантип айтабыз? убакытты күн белгилерине карай кантип айтабыз? кубанууну же өкүнүүнү билдирүү; заттын түрдүү белгилерин салыштырып айтып үйрөнүү; заттын айлана-тегерегинде эмне бар экендигин айтып үйрөнүү; кимге кайсы кесип жагат? жакын адамын бирөөгө тааныштыруу; окшоштуруп, салыштырып айтуу; эмне кылгысы келгенин айтуу; айлана-чөйрөдө эмне болуп жатканын маалымдоо.
Демек, окутуунун жүрүшүндө сүйлөөгө багыт берүүнүн мазмунун аныктаган жогорудагыдай лексикалык, лингвистикалык, өлкө таануучулук, коммуникативдик жана тематикалык компетенциялары кыргыз тилин үйрөнүүдө сөзсүз аткарылууга тийиш болгон маанилүү милдеттер болуп саналмакчы.

Кыргыз тилин натыйжалуу окутууда эске алынуучу уюштуруу, педагогикалык жана дидактикалык талаптар туурасында

Орус тилине өзгөчө маани берип, анын коомдук ролун айрыкча жогорулатуунун натыйжасында шаар аймактарындагы мектептерде бүткүл иш кагаздары, түрдүү көрнөктөр, окуучулардын жана мугалимдердин ар кандай жыйындарды, күндөлүк уюштуруу иш-чаралар, илимий-методикалык, чарбалык-экономикалык бардык аталыштар (терминдер) орус тилинде гана жүргүзүлүп келген. Ал аймакта жашап, окуп эмгектенген түпкү калктын өкүлдөрүнүн айрым бир бөлүгү өз эне тилинде окууга жана сүйлөөгө болгон сезим-туюмунан ажыраган. А бул - кыргыз улутунун улуттук генофондунун бузулушуна, улуттук аң-сезиминин деградацияга учурашына, айрым элдик салт-санаалардын унутулушуна таасир эткен.
Мындай орчундуу кемчиликтерди тарыхый жактан калыбына келтирүү максатында 1988-жылдан баштап, орус, өзбек жана тажик мектебинде кыргыз тилин окутуу, адегенде кош тилдүүлүктү калыптандыруу ишин баштап, атайын программа жазылып, окуу китеби даярдоого киргизилген. 1989-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам бул ишти андан ары улантууга шарт түзгөн. Ошону менен бирге, бул тараптан тажрыйбасы жок кыргыз педагогикалык коомчулугу орус, өзбек, тажик мектептеринде кыргыз тил сабагын окутууга кандай мамиле кылынууга тийиш деген суроону алдыга койгон.
Биринчиден, мыйзамдык негизде, бул сабак мектепте милдеттүү түрдө өздөштүрүлүүчү окуу предметтин бири катары эсептелүүгө тийиш. Ал бара-бара республикабыздагы түрдүү элдердин өз ара байланышын, пикир алышуусун жүзөгө ашыруучу, анын рухун жакындаштыруучу негизги каражат, тактап айтканда, улуттардын өз ара макулдашуусунун данакери, интернационалдык сезим-туюмдардын алиппеси болор өзгөчө сабак катары каралуусу керек.
Экинчиден, мектепте ар жуманын бир күнү кыргыз тили күнү деп жарыялануусу, ар жылдын бир күнү б.а. кыргыз тилине мамлекеттик укук берилген 23-сентябрь күнү улуттук майрам катары белгиленүүсү, бул үчүн мектепте гана эмес, жалпы эле республикабызда мамлекеттик деңгээлдеги зарыл шарттар түзүлүүсү талапка ылайык келмек.
Үчүнчүдөн, бүгүнкү окуу планы төмөнкүдөй кайра түзүлүүсү керек: 1-класста жумасына 3, 2-4-класстарда, 5-7-класстарда 3, 9-11-класстарда 2 сааттан окутуу, ал эми кыргыз адабиятын 5-класстан баштап 11-класска чейин жумасына 2 сааттан (анын бир саатын мектеп компонентинин эсебинен) киргизүү, улуттук адабиятыбыздын негизги үлгүлөрү менен кенен тааныштыруу пайдалуу болмок.
Төртүнчүдөн, окуучулар мектепте кыргыз тили сабагында эмнелерге машыгышат: алгачкы күндөн тартып мектепти аяктаганга чейин кыргызча эң жөнөкөй түшүнүктөрдөн тартып, турмуштук ар кандай кырдаалдарда пикир алышууга үйрөнүүгө, учурашып таанышууга көнүгүүдөн тартып, өз оюн эркин билдирүүгө, түрдүү чөйрөдө маектешүүгө машыгуудан коомдук турмушта кыргыз тилин эркин сүйлөшүү куралына айландыруу көндүмдөрүнө чейин улантылат. Демек, сабак балдардын турмуштук талаптарын канааттандырууга багытталмакчы.
Бешинчиден, окутуу ар дайым бала жашаган тилдик чөйрө менен тыгыз байланышта болорун унутпоо зарыл. Мында төмөндөгүдөй жагдайлар эске алынууга тийиш, атап айтканда, кыргыз калкы жашаган аймактагы орус, өзбек, тажик класстарында кыргыз тилин окуп-үйрөнүү анча татаал проблемаларды туудурбайт. Анын үстүнө, бул аймактарда ал улуттардын өкүлдөрү кыргызча түшүнүшөт, айрымдары эркин сүйлөшө да алышат. Мындай учурда алар тил үйрөнүүнүн алгачкы этабы болгон кыргыз лексикасынын үйрөнүү этабынан өйдө көтөрүлгөнүн, ага таянып сөз маданиятына машыктырууга өтүүгө тийиш экенин эске тутуу пайдалуу.
А орусча, тажикче жана өзбекче сүйлөшүү чөйрөсү басымдуу болгон айыл жана шаар аймагындагы мектептердин окуучуларына кыргыз тилин үйрөнүү үчүн өзгөчө көңүл бөлүп иш жасоого туура келет. Анткени алар ишти кыргыз тилиндеги эң жөнөкөй түшүнүктөрдү жаңыдан таануудан б.а. кыргыз тыбыштарына, лексикасына тил жатыктырууга жаңыдан ээ болушат, андыктан, тил үйрөнүү ишин баштооч тайпаларды уюштуруудан, тактап айтканда, окутуунун алгачкы этабынан баштоо зарыл.
Демек, ушул сыяктуу көрүнүштөргө ылайык сабактын методикалык мазмуну, уюштурулушу, сабактагы таанып-билүү иш-аракеттер да дифференцияланган мамилени жана да вариативдүү окуу программаларын, ага ылайык түрдүү баскычтагы атаандаш окуу-усулдук адабияттардын даярдалышын талап кылат.
Айрым кыргызча сүйлөшүү чөйрөсү бар аймактардагы орус жана өзбек мектептерде кыргыз тилин тереңдетип окуу класстарын 5-класстан тартып киргизүү, ал үчүн өз алдынча окуу программаларын жана окуу-усулдук комплекстерин түзүү талапка ылайык келмек. Антпеген учурда кыргыз тилин жаңы өздөштүрүп жаткан класстардын окуучулары менен ал тилди билген окуучуларын теңеп мамиле кылуу каталык гана болбостон, аларга тилди андан ары сапаттуу үйрөтүүгө жана тил маданиятына калыптандыруу ишине тостоолдук да болмокчу.
Орус мектебинде кыргыз тилин окутуунун келечеги айрым мектептерде тереңдетип окутуучу класстарды ачуу менен гана чектелбейт. Орус, өзбек, тажик класстарында аларды окутуунун өзү келечектүү иш катары каралууга тийиш. Анткени жогоруда айтылгандай, кыргыз тили - суверендүү мамлекеттин улуттук тили. Ошондуктан бүгүнкү күндө кыргыз мектептеринде орус тилине жана адабиятына канчалык маани берилип, негизги окуу предмети катары бааланса, кыргыз тили менен адабиятына да орус мектептеринде ошондой орун берилүүсү мыйзам -ченемдүү көрүнүш катары каралышы керек.

Орус мектептеринде кыргыз тилин окутуунун негизги принциптери, окуу процессин башкаруу жана уюштуруу маселелери

Учурда орус мектебинде кыргыз тилин окутуунун абалы ар тарабынан эле ийгиликтүү жүрүп жатат дешке болбойт. Мугалимдер окуу китебиндеги материалдарды окутуп, жаздырып жана жаттатуу менен кыргыз тилин окутууну ал тилдин грамматикасы окуп-үйрөтүү менен гана чектеп отурушат. Мунун өзү башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүүдөгү негизги кедергилердин бири катары туюлат. Ошондуктан кыргыз тилин окутуунун усулдук мазмунун түп-тамырынан тарта өзгөртүү, сабакты кыргыз тилинде пикирлешүүнүн, сүйлөшүп баарлашуунун бирден-бир чөйрөсүнө айлантуу, кыргыз сөздөрүн угуп жатыгуудан - аны колдонуп түрдүү турмуштук кырдаалдарда ой-пикирин билдире алууга жатыгууга жетишүү, б.а. сабакта чет тилдерди окутуунун ыңгайлуу усулдук принциптеринин болуп саналган окутуунун коммуникативдүүлүгү, окуу материалдарына функционалдык мамиле жасоо жана эне тилинин өзгөчөлүгүн эсепке алуу сыяктуу ыкмаларды, өлкө таанытуучулук багыттарды көңүлдүн борборуна алуубуз зарыл.

Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун дидактикалык жана методикалык принциптери

Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда жалпы дидактиканын принциптерине таянат, тактап айтканда, алар: аң сезимдүүлүк, илимийлүүлүк, окутуунун турмуш практикасы менен байланыштуулугу, көрсөтмөлүүлүк, тарбиялап окутуу, окуучунун жекече жана курактык өзгөчөлөктөрүн эске алып окутуу, дифференциациялап окутуу жана да оптимизациялап окутуу.
Ошону менен бирге, кыргыз тилин окутуунун жекече принциптери да эске алынат. Алар: кеп өстүрүүчүлүк, этномаданият таанытуучулук, этнопсихологияга таянуу, этнолингвистиканы эске алуу, грамматикалык эрежелер менен байланыштуу кеп өстүрүү, тилдик материалдардын уланмалуулугу, көркөм адабият менен бирге кеп өстүрүү, кепти окуучунун логикалык ойлоосу менен бирге өстүрүү, кепти жазуу иштери менен бирдикте жүргүзүү, сөздүк ишин жүргүзүү менен биргеликте кеп өстүрүү.
Албетте, бул принциптер тилди эне тили катары окутууда таянуучу принциптер экендиги талашсыз. Ушулар менен бирге, кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда сөзсүз түрдө тилдерди окутуунун дүйнөлүк практикасында сыналган методикалык принциптерге да таянабыз.
Алар-төмөңдөгүлөр:
а) окутуунун коммуникативдүүлүгү:
Окуутунун бул принцибин анын пикир алышууга багыт берүүчүлүгү деп түшүнгөн оң. Ошондуктан сабакта турмуштук түрдүү кырдаалдарды жана аларда пикир алышып, бааралашууну элестеткен, жасалма түрдө болсо да, белгилүү өлчөмдө тилдик чөйрөнү түзүп, анда сүйлөшүү зарылдыгын туудуруу пайдалуу.
Окуу материалдарынын мазмунунун негизинде маектешүүнүн түрдүү үлгүлөрү, алардын топтомдору, биз жашаган чөйрөнүн түрдүү жагдайларын өзүнө камтып, сүйлөшүп, пикир алышууга түрткү берген, окуучунун сүйлөшүү керектөөсү чагылдырылган психологиялык түрдүү мотивдерди сиңирген кырдаалдар, алардын бир катар сериялары түзөт. Мындай мүнөздөгү окуу материалдары бүтүндөй окуу китептеринин окуу-усулдук каражаттарынын жана күндөлүк сабактардын өзөгүн аралап өтүп турат. Ошондо да алар таанытуучулук мүнөзүндөгү башка материалдардан өз алдынча бөлүнүп калбайт. Ал принцип тилдик, грамматикалык материалдарды өздөштүрүү жана ал тилде сүйлөшүүнүн аралыгында турган данакердин илдетин аткарат.
Окутуунун негизги мүнөзү лексикалык-грамматикалык материалдарды жаттап үйрөтүүдөн - пикир алышып баарлашууга гана эмес, тетирисинче, пикир алышып баарлашуудан - лексикалык-грамматикалык материалдарды кепте колдонуп сүйлөп машыгууга багытталат.
б) Тилдик материалдарды тандоого жана аны берүүгө функционалдык мамиле жасоо принциби:
Тилди традициялык ыкмада системалуу окутуудан айырмаланып, бөтөн тилдүү аудиторияда тилге функционалдык мамиле жасап окутууну колго алуу чоң натыйжа берет. Анын маңызы - сүйлөөнүн эң кичине бирдиги катары тыбыш, сөз же сөз айкашы эмес, сүйлөм алынганында. Окуучу биринчи эле сабакта түздөн-түз пикир алышууга катышат. Типтүү кырдаалдардагы типтүү сүйлөмдөр аркылуу бөтөн тилде сүйлөө жөндөмүн калыптандырат. Сүйлөмдүн тутумундагы лексика жана грамматикалык каражаттар эмне кызмат аткарат - мына ошолор чечмеленет, түшүндүрүлөт.
Азыркы биз окуп жаткан окуу китептерибиз дагы мыйзам-ченемдүү лексикалык минимумсуз түзүлүп, чаржайыт сөздөрдүн жана тилдик материалдардын чогундусун эсептетип турат. Алгачкы сабактан баштап эч кандай зарылдыгысыз, турмуштук керектөөсүз эле фонетикалык, грамматикалык белгилерине жараша гана тандалган сөздөр жана жасалма сүйлөмдөр экинчи тилди үйрөтүү процессине кедерги болбой койбойт.
Ошондуктан окуу программа менен окуу китептерди кайра түзүүдө дал ушул - окуу материалдарын тандоодо жана аны берүүдө сөз каражаты менен грамматикалык