"Мектепке кош келиңиздер" конкурсуна

Көркөм өнөр тарбиялайт жана бириктирет
Мына ушундай аталыштагы эки күндүк семинар "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда болуп өттү. Балдарды толеранттуулукка, ак пейилдүүлүккө жана достукту баалоого тарбиялоонун жаңыча ыкмаларын жана усулун издөө максатын камтыган бул семинарга республиканын бардык аймактарындагы мектептердин сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча мугалимдери жана ошондой эле ийрим жетекчилери, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери катышышты.

Семинарды КР Билим берүү жана илим министрлиги "Балажан" РЭТОУБ менен биргеликте уюштурушкан. Ал эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндө катышуучулар өсүп келаткан муундун толеранттуу болуу жөндөмдүүлүгүн калыптандырууга арналган ар кыл аталыштагы докладдарга, иш жүзүндөгү көнүгүүлөргө күбө болушса, экинчисинде, алар үчүн белгилүү кыргыз акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин 100 жылдыгына арналып чыгарылган акындын "Чептен эрдин күчү бек" чыгармасы боюнча тартылган мультфильмдин жана Ж.Бөкөнбаевдин "Менин ырларым" аттуу тандалган ырлар жыйнагынын бет ачары жана ошондой эле "Бул даңктуу Жеңиш күнү" аттуу балдардын эл аралык сүрөт сынагынын жыйынтыгы боюнча чыгарылган каталогдун бет ачары болду.
Уюштуруучулар учурда үстөм-дүк кылып бараткан сабырсыздыктын, баскынчылыктын жана террорчулуктун өсүшүнө толеранттуулук деп аталган жаңы саясий, социалдык жана адеп-ахлактык феномендин киргизилиши каршы тура алат деген ишенимин билдиришти. "ЮНЕСКОнун документтеринде: "Согуштар адамзатынын акылында башталган соң, тынчтыкты жаратуу да адамдардын акылынан башталышы керек" деп белгиленет. Демек, толеранттуу аң-сезимди калыптандырууну балдардын акыл-эсине мектеп босогосунан баштоо керек, анткени, мектеп окуучуларга адамдардын ортосундагы мамиленин социалдык нормасын өздөштүрүүгө шарт түзгөн коомдун бир бөлүгү" дешет алар.
- Көркөм өнөрчүлүк достуктун данакери катары балдардын бири-бири менен достошуусуна көмөктөш болоорун мугалимдер жер-жерлерге барып, балдарга окутуп-үйрөтүшсө деген максатыбыз семинардын өзөгүн түздү. Көркөм өнөр ээси кандай улутта болбосун, ал класска келип, ошондой эле ар түрдүү улуттардан түзүлгөн команда же топтогу балдарды көркөм өнөргө үйрөтөт эмеспи. Мына ошол өнөр, мейли ал сүрөт болобу же кол өнөрчүлүктүн башка түрү болобу, балдар менен биргелешип чогуу бир чоң чыгармачылыкты жаратууга негиз салат. Демек, ал көркөм өнөрчүлүгү аркылуу биримдикке, достукка чакырат. Аны асмандагы ар кыл түскө бөлөнгөн, бирок бири-бири менен ажыратып кароого эч мүмкүн болбогон Асан-Үсөнгө салыштырууга болот. Анткени биз ар түрдүү болсок да, бирдейбиз. Көркөм чыгарманын миссиясы да мына ушундай деп ойлойм, - дейт борбордун директору Дария Мусина.
Борбордун окутуучулары белгилешкендей, агартуу тармагы башынан эле башкача ой жүгүрткөндөргө сабырдуу мамиле жасоого, жаныңдагы адамды түшүнүүгө, өздүк жүрүм-турум нормасын билүүгө үйрөтүү менен биримдик, өзүңдү жана башкаларды таанып-билүү үчүн шарт түзүп келет. Республикабыздын ар кыл аймактарынан келишкен 80ге жакын мугалимдер эки күн ичинде тажрыйба алмашып, балдарды достукту сүйүү, сабырдуулукка жана кечиримдүүлүккө тарбиялоо боюнча окутуунун жаңы усулдарын жана ыкмаларын издөө иштерин жүргүзүштү. Бул иште аларга "Балажандын" тажрыйбалуу адистери көмөк көрсөтүштү. Алардын катарында КРнын билим берүү отличниктери, борбордун жогорку даражадагы мугалимдери: Г.Жекшенова, Н.Малова, А.Мусина, Н.Овчинникова, К.Жолочиева, О.Морозов, Р.Кыдыралиев, О.Дунганова, Р.Ким .ж.б. бар. Семинардын катышуучулары тема боюнча жалаң эле доклад угуу менен чектелишпей, живопись, макеттөө, арт-терапия жана кол өнөрчүлүк чыгармачылыгы боюнча интерактивдүү сабактарга катышышты. Алар үчүн оригами, граттаж ыкмасын колдонуу, открытка, тасма жасоодо монотипияны колдонуу жана ошондой эле кийиз, чий жана жабыштырма материалдар менен иштөө боюнча чеберканалар уюштурулган.
Семинардын катышуучуларынын бири Айчүрөк Исаева Жалал-Абад шаарынан келген. Ал Жалал-Абад областтык Балдардын экология, край таануу жана техникалык чыгармачылык борборунун директорунун орун басары болуп көп жылдан бери үзүрлүү иштеп келүүдө. Ал балдардын дүйнөсүнө көркөм өнөрдү ушундай зор чеберчиликте тартуулоо ыкмасын үйрөтүп жатышкан "Балажандын" окутуучуларына ыраазычылыгын билдирди.
- Табигат тартуулаган нукура буюмдардан эмне деген кереметти жаратууга болоорун көрүп, билип жаткандыгыма кубанып да, ыраазы да болуп жатам. Маселен, жаңгак, мисте, жыгач сыяктуу эң жөнөкөй нерселерден көз кубанткан буюм-тайымдарды жасаса болот экен. Биз мурда билбеген ыкмаларды бул жерден үйрөнүп жатабыз. Баргандан кийин сөзсүз өзүбүздүн борбордун балдарына үйрөтөбүз деп ойлойм. Мына бүгүн биз түстүү жүндөрдүн жардамы менен ар түрдүү оюу-чиймелерди жасоону үйрөндүк. Бир караганда татаал көрүнгөнү менен эң эле жөнөкөй, бирок ушундай кооздукту тартуулаган өнөр экен. Буга таң калбай кое албайсың, - деп көркөм өнөрдүн дагы бир сезимтал өкүлү өзүнүн алган таасири менен бөлүштү. Ага айрыкча арт-терапия жаккандыгын айтат. Анткени арт-терапияда эч кандай ойлонбой, ушул туурабы же туура эмеспи деп кооптонбой туруп колуңду боекторго матырып, ар түрдүү түс-келбеттеги көрүнүштөрдү жаратып кое аласың, бул ыкмада айрыкча жумуштан чарчап келгенде күнү кечке чыңалып турган аң-сезимиңди эс алдыра турган өзгөчө касиет бар дейт ал.





"Чептен эрдин күчү бек"
Семинардын дагы бир орчундуу бөлүгү - кыргыздын белгилүү инсаны, акын Жоомарт Бөкөнбаевдин 100 жылдыгына карата тартылган "Чептен эрдин күчү бек" мультфильмине арналды. Акындын бул белгилүү чыгармасы бүгүнкү күнгө үндөшүп, өзгөчө актуалдуу болуп жаткандыгы талашсыз. Бул мультфильмди жаратуу жана акындын "Менин ырларым" аттуу тандалган ыр жыйнактарын чыгаруу демилгеси биринчи кезекте кыргыздын чыгаан уулу Жоомарт Бөкөнбаевдин балдарына, КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык фондуна жана КРнын билим берүү жана илим министрлигине таандык. Долбоордун аткаруучусу "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору болду.
КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы достукту чыңдоо, бул мамлекеттердин бирдиктүү билим берүү жана маданият мейкиндигин кайра жаратуу, маданий мурастарды сактоо, жаштардын табитин жогорулатуу аларды Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, согуш маалында жеңиш үчүн кан-жанын аябай өз жеринде эмгектенген ооруктун улуу муунуна урмат-сый менен мамиле жасоого тарбиялоо, жаш муундарды классик акындардын чыгармаларын окууга тартуу жогоруда аталган долбоордун негизги максаттарынан.
Ж.Бөкөнбаевдин уулу, белгилүү коомдук ишмер, профессор Кулубек Бөкөнбаев атасынын чыгармачылыгына мындайча токтолду:
- Быйыл атам Жоомарттын 100 жылдык юбилейи. Тилекке каршы, белгилүү себептер менен бул дата улуттук масштабда белгиленбей калды. Бирок, кудайга шүгүр анын балдары биз, проект жазып, КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен атамдын тандалма ырлары жарык көрдү. Бул китеп эки форматта чыкты - кыргызча жана орусча. Орусчага белгилүү филолог Михаил Александрович Рудов которду. Атамдын ырларынын поэтикасы ушунчалык күчтүү болгондуктан, аны орусчага которуу татаал дешет котормочулар. Жоомарт Бөкөнбаевдин табиятты чебер сүрөттөгөн романтикалык поэзиясын сүйүп окуган күйөрмандары үчүн бул китеп чоң табылга болду деп ойлойм, - деди ал өз сөзүндө.
Кыргыз журтунун поэзиясында жарык жанып, эрте өчкөн улуу акын уулдарынын бири Жоомарт атабыздын келини, белгилүү коомдук ишмер, убагында билим берүү тармагын жетектеп, азыр да коомубузга үзүрлүү эмгек өтөп келаткан, МФГСтин Кыргызстан боюнча кеңешчиси Ишенгүл Болжурованын да бул иш-чараны уюштурууда жана долбоорду ишке ашырууда салымы зор экендигин белгилебей коюуга болбойт.
Дагы бир табылга - жогоруда айтылган "Бул даңктуу Жеңиш күнү" аттуу сүрөт сынагынын жыйынтыгы боюнча чыгарылган каталог болду. Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган бул сүрөт сынакка КМШ өлкөлөрүнөн 11 мамлекеттен 700 бала катышкан. Каталогго 187 сүрөт бирдей аталышта киргизилген. КМШ өлкөлөрүнөн катышкан 50гө жакын балдардын сүрөттөрү сынактын байгелерине ээ болушту. Алар атайын дипломдор, мактоо баракчалары, эстелик белектери жана каталогдор менен сыйланышат. Жаш таланттардын чыгармачылыгынын көргөзмөсү декабрь айында Бишкекте өтмөкчү.

Ч.КИЙИЗбаева, "Кутбилим"