Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлигинин №677/1 2010-жылдын 3-ноябрындагы
буйругу

2010-2011-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде жана "Мектеп окуучуларынын жалпы билим берүү сабактары боюнча Республикалык олимпиадасы жөнүндөгү" Жобосуна ылайык
буйрук кылам:
1. Мектеп окуучуларынын математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты, англис, немис, француз тилдеринен жана "Адам жана коом" курсунан Республикалык олимпиаданы өткөрүүнүн төмөндөгүдөй мөөнөттөрү:
I - (мектептик) этабы 2010 - жылдын ноябрь айына;
II - (райондук, шаардык) этабы 2010 - жылдын декабрь айына;
III - (регионалдык, Бишкек жана Ош шаардык) этабы 2011-жылдын февраль айына;
IV - (республикалык) этабы 2011 - жылдын март айына белгиленсин.
2. Республикалык олимпиаданын Уюштуруу Комитетинин курамы бекитилсин (тиркеме 1).
3. Республикалык олимпиаданын IV - этабынын командаларынын сан курамы бекитилсин (тиркеме 2).
4. Республикалык олимпиаданын I - III - этаптарын Уюштуруу комитеттери:
- олимпиаданын сапаттуу жана ачык-айкын өткөрүлүшүн;
- информатика, физика, химия, биология, география жана башка сабактар боюнча практикалык турларына зарыл болгон жабдууларын, приборлорун жана химиялык реактивдерин;
- IV - этабынын катышуучуларынын паспортторун;
- Олимпиаданы өткөрүүгө демөөрчүлөрдүн, фонддордун, коомдук жана башка уюмдардын демөөрчүлүк жардамдарын табууну;
- 2011-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары Билим берүү Башкармалыгына олимпиаданын I, II, III - этаптарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү камсыз кылсын.
5. Республикалык олимпиаданын бардык этаптарын уюштуруу жана өткөрүү жоопкерчилиги регионалдык координация борборлорунун, билим берүү округдарынын, Бишкек жана Ош шаардык, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Г.У.Соронкуловго тапшырылсын.

О проведении Республиканской олимпиады школьников
2010-2011- учебного года

В рамках реализации Закона Кыргызской Республики "Об образовании" и в соответствии с Положением о Республиканской олимпиаде школьников по общеобразовательным предметам
приказываю:
1. Определить следующие сроки проведения Республиканской олимпиады школьников по математике, информатике, физике, химии, биологии, географии, истории, кыргызскому языку и литературе, русскому языку и литературе, узбекскому языку и литературе, английскому, немецкому, французскому языкам и курсу "Человек и общество":
I - этап (школьный) - ноябрь 2010 года;
II - этап (районный, городской) - декабрь 2010 года;
III - этап (региональный, Бишкекская и Ошская городские) - февраль 2011 года;
IV - этап (республиканский) - март 2011 года;
2. Утвердить состав Оргкомитета Республиканской олимпиады школьников (приложение 1).




3. Утвердить численный состав команд школьников IV-этапа Республиканской олимпиады (приложение 2).
4. Оргкомитетам I - III- этапов Республиканской олимпиады обеспечить:
- качественное и прозрачное проведение олимпиады;
- для практических туров олимпиады по информатике, физике, химии, биологии, географии и другим предметам необходимым учебным оборудованием, приборами и химическими реактивами;
- участников IV - этапа олимпиады паспортами;
- привлечение денежных средств спонсоров, фондов, общественных и других организаций на проведение олимпиады;
- предоставление информации об итогах I, II, III- этапов олимпиады в срок до 1 марта 2011 года в Управление дошкольного, школьного и внешкольного образования Министерства образования и науки Кыргызской Республики.
5. Ответственность за организацию подготовки и проведения всех этапов Республиканской олимпиады школьников возложить на руководителей координационных центров и образовательных округов в регионах республики, Бишкекского и Ошского городских управлений образованием, заведующих районными (городскими) отделами образования и директоров общеобразовательных организаций.
6. Контроль над исполнением настоящего приказа возложить на заместителя министра Г.У.Соронкулова.


Министр К.Садыков